Уялганыңда

17:21, 22 Мая 2018

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги орусиянын борборундагы айрым мекендештерге (алардын ысымдары аталган эмес, бирок элчиликтин сайтында бир нече фотосүрөттөр жарыяланган) кайрылуу менен алардан учурда жашап жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын жана жүрүм-турум эрежелерин сактоону көптөн-көп суранган. Дипломаттар мекендештерине жүрүм-турумдун жөнөкөй эрежелерин сактоону эстеткенин биринчи жолу көрүп жатабыз.

Кыргыз дипломаттарынын билдирүүсүндө, алар мындай кайрылуу кылганга аргасыз болушкан – КР жарандары “Добрынинская” метро станциясына жакын жердеги көчөлөрдөгү мекендештеринин адепсиз жүрүм-турумдарына даттанышкан.

“15-20 чакты жаш жигиттердин авиабилет, дагы башка документтерди алууну (негизинен жасалма документтер) көшөрө, адамдын артынан ээрчип алуу менен сунушташып, эртеден кечке метронун чыга беришинде, Большая Ордынка көчөсүндө айланчыктап басып жүргөндөрү белгиленүүдө. Жогоруда белгиленген жарандар ошол жерден күн сайын өтүп турган азият түспөлүндөгү жаш кыздарга үзгүлтүксүз тийишип, тоскоолдуктарды жараткандарын күнүгө байкалууда”, - деп айтылат дипломаттардын билдирүүсүндө.

Москванын бул байыркы кварталында жашаган тургундар да кыргыз жарандарына нааразычылыктарын билдиришкен. Алардын арасында станцияга жакын жердеги мектепте окуган балдардын ата-энелери да бар. Биздин дипломаттар “жигиттерибиздин” “эрдиктери” тууралуу айтып жатып, жаралган нааразычылыкты бир аз жумшартууга аракеттенишкен: “Добрынинская” метро районундагы жашоочулар, мектеп окучуларынын ата-энелери өздөрүн өтө эле эркин алып жүрүшкөн, ошол эле жерде күрөш ыкмаларын көрсөтүп, ыплас сөздөр менен сөгүнүп, турган жеринде түкүрүнүп, таштандаларды таштап, тартипсиз адаттарын көрсөтүп турушкан кыргыз жарандарына карата тынчсыздануу менен, арызданышып кайрылышууда”. Дароо эле шаарларыбыздын түкүрүктөргө толтура бакзарларын жана көчөлөрүн элестетесиң. Коомдук жерлерде чимкиринбегенге, түкүрүнбөгөнгө жарандарыбызды кантип үйрөталабыз?! Бул жерде, өзүбүздө, нааразы болсок да мындай жүрүм-турумга көнүп калгандай болдук, ал эми чет жерде ал өөн көрүнөт.

Элчиликтин кайрылуусунда сөз болгон жаштар алардын сунуштарынан баш тарткандарды сөгүп кагышат экен. Бул фактылардын бардыгы, дипломаттардын пикиринде, орусиялыктардын, өзгөчө москвалыктардын Кыргызстан тууралуу жаман ойдо болушуна шарт түзөт.

КР Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, 710 миң кыргызстандык акча издеп чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт (2017-жылдын маалыматы), алардын 616 миңи Орусияда, башкача айтканда, мигранттардын 90% орусиялык шаарларда иштеп, жашап келишет. Алардын басымдуу бөлүгү алгач Москвага келишет, расмий статус алышкандан кийин башка шаарларга жөнөй башташат. Ошондуктан Москванын Чоң Ордынкасында жайгашкан Кыргызстандын элчилигинин айланасында ар-түрдүү күмөн кызматтарды сунуштаган ар-түрдүү “фирмалар жана компаниялар” менен катар жеке адамдар толтура. А эгерде бирөө алардын кызматынан баш тартса, аны кагып-сөгүп, уруша башташат.

Мигранттардын чаттарында жана форумдарында “мигранттардын кафелеринде” жана “түнкү клубдарында” өзүн адепсиз алып жүргөн мекендештерибиз тууралуу толтура окуяларды кезиктирсе болот. “Биздин балдар менен кыздар Москвага келээри менен уят-сыйыт дегенди унутуп калгандай сезилет. Алар үйлөрүндө өзүлөрүн башкача алып жүрүшөөрүнө ишенем. Мындай жерлерде алар өзүлөрүн кандай алып жүргөнүн көрсөңөр. Жаштарыбыз үчүн уяласың. Ошондуктан мигранттардын, өзгөчө кыздардын “оор жашоолору” тууралуу сөздөргө көп ишене бербейбиз. Билесиңерби, мындан бир нече жыл мурун кыздарды “тарбиялаган патриоттор” тууралуу жазышты эле? Биз ошолорго окшош кыздарды билебиз, өзүлөрүн кантип алып жүрөөрүн көргөнбүз. Аларды көрүп башкалардын алдында уялабыз. Чет жерге чыккандан кийин, сен окуганы бардыңбы, же иштегениби, же эс алганбы, сени карап өлкөбүз тууралуу бир бүтүмгө келээрин унутпашыбыз керек”, - деди он жылдан ашык Подмосковьеде жашап, иштеген кыргызстандык Алтынай Дыйканова.

Биз гана эмес дагы көптөгөн башка өлкөлөрдүн жарандары мекендештиринин айрым кылыктары үчүн жаман уялышат. Алар да бизге окшоп бул темага расмий билдирүүлөрдү кылгыларды келишпейт, өз ара бейрасмий түрдө маселелерди чечкенге аракет кылышат. Мекендештериң чет жерде өзүн адепесиз алып жүргөнүн ким моюнга алгысы келет?

Акыркы бир нече жылда КЭРдин Тышкы иштер министрлиги бир нече жолу кытай жарандарына кайрылып, чет жерде өзүлөрүн адептүү алып жүрүүсүн өтүнгөн. Кытайлыктардын уятсыздыктары кытай бийлигинин жинине тийүүдө. Алар какырынып, түкүрүнүп, катуу сүйлөшүшөт, музейлерде жана театрларда бардык тыюуларга карабай бардыгын видеого тартышат.

Айрым кытай туристтери музейлерде экспонаттарды колдору менен кармалап, тыюуларга көңүл бурбай сэлфи кылышат. Кытай бийлиги мекендештерин башка элдердин салтын урматоого чакырды. Быйыл Кытайда атайын формуляр чыгарышты, анда кытай жараны чет жерге чыкканда эмнени кылса болот, а эмнеге тыюу салынганы бардыгы так жазылган.

Биздин жарандар да чет элдик музейлерде ыңгайсыз абалга көп туш болушат. Өткөн жылы кыргызстандык жигит Нуртилек Бакиров АКШдагы Авраам Линкольдун мемориалдык эстелигине өз атын чийип жазып койгон. Мындай жосун үчүн 10 жылга чейин түрмөгө отургузуу жана 25 миң долларлык айып тагуу каралган. Ал жаман ишин жасап жатканда өзүн кыйын сезип, аны эч ким байкабай калат деп ойлосо крек. Бирок бардыгы ойлогонунан тескери болду, эми биздин Нуртилекти Кошмо Штаттарда жакшы билип калышты.

Франция менен Хорватиянын айрым курорттук шаарларында көчөлөрдө сууга түшүүчү кийим менен жүрүүгө тыюу салынды. Адатынча ушинтип жүргөндү британдыктар, норвегиялыктар жана шведдер жакшы көрүшөт, алар сууга түшүүчү кийимдери менен шаардды кыдырып жүрө беришет. Жергиликтүү калк муну жактыра бербейт, ошондуктан бийлик бул эрежени бузгандарга 600 евро өлчөмүндөгү айып пулду караштырды.

Бир нече испан шаарларында, мас туристтерден, өзгөчө мас британдыктар менен ирландыктардан тажагандыктан, батирлерди туристтерге суткалап берүүгө тыю салышты.

Бирок Европада бардыгынан орустарды жаман көрүшөт. Ал эмес өткөн жылы Францияда орустардын өзүн алып жүрүүлөрүн шылдыңдаган антироссиялык роликти тартышкан. Роликти орустар кыжырлануу менен кабыл алышты. Анткени анда орустар кемчонтой, акчаны оңго-солго чачкан, аракеч жана орой киши катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле Түркия менен Египетте дагы орустарга мамиле өтө деле жакшы эмес – бул алардын чогулуп арак ичкен кечелери үчүн. Азыр айрым орустар башка орустарды кезиктирүүгө болбогон өлкөлөрдө иштегенге же эс алганга аракет кыла башташты.

Биз дагы өз мамлекетибиз тууралуу имиджди ушундай жол менен калыптандырбасак болду экен. Ойлонуп, тыянак чыгарганга дагы кеч эмес.

Алмаз Исманов

Иллюстрациялык сүрөт 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине