«Бир бол» өкмөттөгү өкүлдөрүн биринин артынан бирин жоготту. Адегенде мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ага карата козголгон кылмыш иши жөнүндө билген соң, Америкага качып кетти. Андан көп өтпөй интернеттеги хайптын айынан Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Океандын ары жагына өтүп алгандан кийин Аскарбек Шадиев депутаттык статусун алып калмакчы болуп партиялаштары жана Борбордук шайлоо комитети менен мышык-чычкан сыяктуу ойноп кирди. Эсиңерде болсо, Жогорку Кеңеш, бул дүйнөдө бүт нерсе убактылуу гана деген принципке таянып, өкмөттүн курамына өткөндөрдүн депутаттык мандатынан ажыратпоо жөнүндө мыйзамды кабыл алган. Аскарбек Шадиев ага козголгон кылмыш ишине карабай Жогорку Кеңештин сырттагы депутаты болом деп ойлосо керек. Эске салсак ага бир топ олуттуу айыптар тагылган. Бирок, биздин өлкө партиялык түзүмдө негизделген парламенттик республика болсо дагы, эмнегедир аталган партия өкмөттөгү өкүлдөрүнүн чыр чатактуу иш аракеттери жөнүндө пикир да берген жок, эч кандай жоопкерчиликке да тартылган жок.
Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматтардын жаңылануусунун узактыгына көз чаптырсак, бул партияда азыр эч кандай иш жүрбөй жаткан сыяктуу, анткени акыркы жаңылануу 2017-жылы болуптур. Анда партиянын өкүлдөрү Ала-Букада болгон шамаалдан запкы жеген жарандар менен жолугушуптур.
Ал эми өтө маанилүү болуп эсептелген «жарандардан келген каттар менен иштөө» бөлүмүндө дээрлик маалымат жок. Балким «бирболчулардын» шайлоочуларына айтаар сөзү жок, же бул парламенттин эл менен иш жүргүгүзүүсүндөгү жаңы ыкмасы окшойт.
Биринчи караганда, Жогорку Кеңеш сайтын жаңылап, көптөгөн жаңы рубрикаларды кошту. Бирок алардын дээрлик бардыгында маалымат же такыр жок, же аз гана!!! Ал жерде болгону күн тартиптери жана расмий иш чаралардын отчеттору гана жазылган! Фракциялардын дээрлик жарымында жарандардан келген каттар менен иштөө боюнча статистикасы жок. Алардын катарына «Бир бол» дагы кирет. Маалыматтар менен камсыздоо дагы кечигүү менен жүрүп жатат. Жаңылыктарда мүчүлүштүктөр өтө көп. Аларда Жогорку Кеңештин жасаган иштери боюнча тараган маалыматтарды тактоочу же четке кагуучу деталдар жок. Мындай учурларда эгерде сен парламенттин корреспонденти эмес,жөнөкөй жаран болсоң, маалымат чындыкка жатканын кантип билесиң?! Анын үстүнө азыр парламентке кирүү өзүнчө маселе, анткени «эл өкүлдөрү» өздөрүн эч ким өткүс темир каша менен тороп алганы аз келгенсип, совет доорунан мурас болуп калган дыкат текшерүүчү өткөрмө кызматын жана сөзсүз негиздеги дресс-кодду дагы коюп алышкан.
Чолпон Жакупова менен Лунара Мамытова кеткенден кийин «Бир болдун» курамы толугу менен эркек кишилерден турат. Анда кимдер калды? Башка фракцияларга караганда, бул партияда көптөгөн мурунку аткаминерлер бар.
Өзүңүздөр карагыла, фракциянын лидеринин орун басарынын кызматында мурунку ички иштер министри Бакирдин Субанбеков отурат, ал «жоо казын» революциясында укук коргоо органдарын жетектеп турган. Фракциянын курамында 2002-2005-жылдардагы Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, 2005-2006-жылдадагы президенттин иштерин башкаруучусу Алмаз Акматов, 2009-2012-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган Жаныбек Бакчиев, КР мурунку каржы министри Акылбек Жапаров, мурунку премьер-министр жана Жалал-Абад облусунун губернатору Кубанычбек Жумалиев, парламенттин «Ак Жол» партиясынын мурунку лидери Улугбек Ормонов, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку жетекчиси Дүйшөн Төрөкулов жана «Кыргызнефтгаз» ишканасынын мурунку жетекчиси Исхак Пирматов. Шадиевдин ордуна Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Айтибай Тагаевдин иниси Эрмамат Тагаев келди. Фракцияда ошондой эле мурунку премьер-министр Игорь Чудинов бар эле, бирок ал соттун чечими боюнча мандатын өткөрүп берди.
«Бир болдун» өкүлдөрүнүн көпчүлүгү парламенттин «Пирамдасынын» камераларына түшүүдөн качышат. Алар журналисттердин суроолорун укмаксан болуп жыйындар залына тезирээк кирип кетүүгө аракет кылышат. Ал эми журналисттер алдында сүйлөгөндөн корпогондордун арасында Алтынбек Сулайманов,Акылбек Жапаров жана Мыктыбек Абдылдаевдер гана бар. Башкалар болсо мындай иштерден алыс. Мурун фракцияга өзгөчө шаң берип турган укук коргоочу Чолпон Жакупова бар эле, ал кээде партиянын лидери Алтынбек Сулаймановду дагы артта калтырчы.
Өзүнүн «башкача» сунуштары менен фракциянын дагы бир мүчөсү – Акылбек Жапаров өзгөчөлөнүп, элдин кызыгуусун арттырат. Жакында эле ал терс жаңылыктарды эч ким түшүнө албашы үчүн жалаң кыргыз тилинде, ал эми жакшы жаңылыктарды орус тилинде чыгарууну сунуш кылды. Бул кадамы менен депутат туризм тармагын өнүктүрөт экен. Башка жоругу, Каржы министрлигинин сырткы мамлекеттик карызды тейлөө боюнча ишин талкуулап жатып, «Кыргызстан макоолугунан жана акылсыздыгынан башка бүт нерсеге акча төлөйт» деп билдирген эле. Ошондой эле ага «Кыргызстанда баңгибарондордон тышкары энергетика жана бажы барондору дагы пайда пайда болду!» деген сөз таандык.
Эмоцияналдуулук жагынан Алтынбек Сулайманов дагы эч кимди алдына салдырбайт. Ал парламенттин трибунасынан эч кимге карабай туруп чынын чындай айтат. Сулайманов төрага Дастан Жумабековду көп сынга алат. Процессуалдык тартип бузуулардын айынан ал төраганы кызматтан алуу жөнүндө демилгесин бир нече жолу көтөрүп чыкты эле. Апрель айында ал адилеттүүлүк орнотуу үчүн Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга чакырган. Ал эми мурунку премьер-министр Темир Сариевди болсо тескеринче жоопкерчиликке тартууну сунуштаган, анткени, эл өкүлүнүн айтуусунда, Сариев өкмөт башчы болуп турганда өлкө ЕАЭБге киргенде экономика бир топ солгундай түшкөн.
Бирок шайлоочулардын ишенимине татып, чыныгы саясий партия негиздөөгө бул жетишсиз. Мындай карасаң, Алтынбек Сулайманов жылдыздуу инсан, бирок анын лидерлик сапаттары жетишсиз экени анык. Ал артында күчтүү каржылык колдоосу жок кийинки парламенттик шайлоого катыша алабы?
Акыркы шайлоо убагында «Бир бол» эң көп каражат короткон 3 партиянын катарына кирген. Алар артисттерге, кагаз-баннерлерге жана митингдерге акча коротуудан аянышкан эмес. Эл Алтынбек Сулаймановду өзүнчө саясатчы катары тааныйт, бирок «Бир бол» жөнүндө жөнөкөй жарандар эмне билишет? Эчнерсе. Мындай кырдаал дээрлик бардык партияларга тааныш. Алар лидеринин эсебинен гана партия болуп тургандай. Лидери жок – партия да жок. «Ар-Намыс» же «Эркин Кыргызстан» партиялары эсиңердеби?!
«Бир бол» - бул саясий партия эмес, бул тезирээк ар кандай колибрдеги саясий ишмерлердин жана ишкерлердин бирикмеси. Ал ушул эле курамы менен 2020-жылкы парламенттик шайлоого катыша алабы? Бул суроого эч ким жооп бере албайт. «Бир болго» Бакиев менен Акаевдин администрациясынын эң белгилүү аткаминерлери чогулуп алгандай. Аларды партиянын идеологиясы эмес, депутаттык орун бириктиргендей. Алтынбек Сулаймановдо эмдиги шайлоого чейин партиянын ичин инвертаризациялап, экинчи Шадиев менен Мамытовага туш болбош үчүн туура адамдарды табууга убакыт бар. Ошондой эле аталган партия өзүнүн өкүлдөрү жана демилгелери үчүн жоопкерчилик алганды үйрөнсө жакшы болмок.
Марат Пашаев