Кыргызстан геосаясий уюлдун ортосунда

08:44, 14 Ноября 2014

Дүйнө өзгөрүүдө. Жаңы чындыктар, түндүк-атлантикалык блоктун бир талаалуу таасиринин бүтүшү, дүйнөлүк экономиканы кайра түзүү, башка алааматтар... Анан Кыргызстандын дүйнөлүк үч дөөнүн: Орусия, Кытай жана Евробиримдиги менен АКШ нын ортосундагы саясий жана экономикалык согуштун, геосаясий уюлдун так ортосунда калганын карабайсыңарбы...

Дүйнөнүн чегин сүрөттөп отуруунун кажети жок, бүгүнкү күнү ар бир окурман дүйнөлүк аренада эмне болуп жатканынан аздыр-көптүр кабары бар.

Өзүнүн Евразия Экономикалык Биримдигине жакында кире тургандыгын жарыялап, кыргыз бийлиги «ыңгайлуулук аймагынан» чыгып, алдыңкы маалыматтык, экономикалык жана геосаясий согушка дуушар болушту. Бул геосаясий чындыктын баары биздин өлкөнүн жашоосуна кандай таасир берет? Кандай коркунучтар жана болжолдор бар? Эксперттик коомчулук  ММКнын катышуусу менен болгон кезектеги маекти баштайт. Азыркы этапта көйгөйлүү жерлер жана тоскоолдуктар абдан көп.

Батыш чегинеби? Чыгыш жардам бере алабы?

Саясатчы  Марс Сариев биздин мамлекеттин туруктуулугунда тышкы коркунучтарды көрөт: «Принцибинде, Кыргызстандын тандоосу анча деле көп эмес. Биз же Евразия бирикмесине киребиз же Кытайга кошулабыз же Афганистан менен Пакистанга окшогон туруксуздук аймагына айланабыз. Бирок, иш эмнеде? Кыргызстан, мурдагы Борбордук Азиянын башка мамлекеттериндей эле, Афганистанга каршы операция жүргүзүү убагында батыштын «Чоң Борборук Азия» долбоорунун бир бөлүгү болуп калган. Өлкөдөн НАТОнун жоокерлерин чыгарып кеткенине карабай, алар бул долбоордон оңой эле баш тарта коюшпайт. Аны ишке ашыруу үчүн өлкөнүн ичиндеги каршылыктардын, факт жүзүндөгү автономиянын болушун, о.э. ар кандай саясий процесстерди  колдонулушу толук мүмкүн. 

Батыш, Украинадан каалаган натыйжасын ала албагандан кийин, экинчи фронтту түзүүгө багыт алды. Ошондуктан, АКШнын кырдаалды олку-солку кылууга багытталган фокусу Орто Азиянын уруу-уруу жашоочуларына жумшалат. Азыр Борбордук Азияга бир гана АКШ эмес, Европа тараптан тутумдуу басып алуу  жүрүп жатат».

Эксперттер радикалдык агымдардын күчөшүнөн да чочулашууда.

«Сириядагы согуштан кайтып келген КР жарандары мамлекетте жалгыз жүргөн жихадчылык сыяктуу көрүнүштү пайда кылышы мүмкүн. Алар өлкөсүнө ошол жактан бир чемодан билими менен келишет. Ошолор өздөрүн кандай алып жүрүшөт, белгисиз. Алар тараптан кандайдыр бир коркутуучу акциялар болушу мүмкүн, кырдаалды туруксуздаштырууга, дин аралык кастыкты жаратууга аракет кылышы мүмкүн. Мунун баары мамлекет үчүн да, жалпы аймак үчүн да коопсуздук коркунуч жаратат», - деп эсептейт  КР стратегиялык изилдөөлөрдүн Улуттук Институтунун директорунун орун басары  Чынара Эсенгул.

Өнөктөштөр эмес, атаандаштар

Геосаясий кызыкчылыктар экономикалык жагы менен  тыгыз байланыштуу экендиги жашыруун эмес. «Борбордук Азия энергоресурстарга бай, демек, аймак үчүн күрөш күчөйт. БА мамлекеттери өнөктөштөр эмес, атаандаштар, саммиттерде  кол коюлган келишимдер жана макулдашуулар аткарылбайт же кош көңүл аткарылат. Интеграция борбору жок. Мындай борбордун пайда болушу үчүн жок дегенде 50 миллиондон аз эмес калкы болушу керек. Ошондуктан, интегратор болуп Орусия, кытай же түрк тилдүү дүйнө чыгууда. Бизде БА мамлекеттеринин ичинен эң аз ИДП – 3 миллиард  АКШ доллары. Бири-бири менен макулдашууга мажбур кыла турган жалпы көйгөй жок, жада калса баңгитрафик жана суу да мындай болгон эмес», - деди  КРСУнун профессору Зайнидин Курманов.

Кайрадан маалыматтык согуштар туурасында

Кыргызстандын элине глобалдуу геосаясий жылышуунун жана маалыматтык согуштун убагында  коркунуч жараткан көйгөйлөрдүн бири катары, эксперттер барган сайын бурмаланып бараткан дүйнөнүн маалыматтык картасын эсептешет.

Жаштар барган сайын сын көз караштан качып, көнүмүш штамптар менен уламыштарга ык коюшууда. Анан калса, тигил же бул активисттер ким тарабында чыгаары да маанилүү эмес. Эң башкысы, жаштарды «батыш баалуулуктары», «орусиялык өнөктөштөр», «исламдык руханий жаралуу» үчүн  ойлонулбаган «күрөшкө» түртө салуу маанилүү, дагы кандай идеялар пайда болот анын мааниси деле жок. Анан мындай «күрөштүн» натыйжасын ким каалаган пайдалана берет.

Саясатчы  Денис Бердаков, бул жаңы көйгөй эмес деп эсептейт, бирок ал коркунучтуу масштабга жетти жана азыркыга гана таандык айрым  белгиге ээ болду: «Негизи, социалдашкан жаш жигит инсандык өсүү стадиясынан өтөт. Өз кызыкчылыгын түшүнөт, кызыкчылыктан баалуулукка өтөт, баалуулуктан жашоонун маанисин түшүнүп билүүгө аракет кылат. 

Жаңы дүйнө таануунун спецификалык мүнөзү, аң сезим принципиалдык түрдө обьектини жана өзүнүн ал туурасындагы түшүнүгүн ажырата албаганында турат.

Бүгүнкү маданият жана массалык коммуникациялар өнүмдөрдү жаратууда. алар формасы жагынан заманбап, бирок жомоктогу маңызды чагылдырат. Чындыкка жатпаган. Үгүт, ушактар менен калыптанган.... Өз каалоосунан көз карандысыз, жаштарды «мифтин тили» менен сүйлөөнү үйрөтүшөт, бирок баарынан коркунучтуусу, заманбаптыктын шартында, бул -  жаштарды тутумдуу үйрөтүп жаткан жалгыз тил».

Бирок, бурмаланган аң-сезим өнүгүшү үчүн, аны үчүн «азыктандыруучу чөйрө» зарыл.

Жомоктор кайсы жерде оңой жашашат? Албетте, толук кандуу маалымат жетишпеген жерде. Эксперттер тынчсызданышууда: «Бизде акылдуу процесстерди колдогон мамлекеттик же корпоративдик маалыматтык саясаттын жетишсиздигинин кандайдыр бир көйгөйү түзүлө баштады. Адекваттуу эксперттердин  тигил же бул процесстер кайдан «өсүп чыккандыгынан» шеги жок, бирок калктын кеңири катмарында, мунун баары эмнени түшүндүрөөрү туурасында мурдагыдай эле түшүнүк толук эмес».

Үмүтэлитанын алмашуусундабы?

Анда ички экономикалык көйгөйлөр, миграция маселеси, өзүнчө сүйлөшүү зарылдыгы бар коррупция маселеси кайда калат?  Марс Сариев чечимди элитанын алмашуусунан көрөт.

«Мамлекеттин эң алсыз бөлүгү - анын элитасы. Биринчи президент Акаевди карагылачы. Илимпоз саясатчы боло албайт же ал толугу менен өзгөрүшү керек. Бакиев туурасында таптакыр үн катпайм. Аң-сезимдердин мифтешип кеткендигин белгилей кетүү маанилүү болуп турат, ага  түштүктүктөр көбүрөөк таасирденет. Түштүктүн өкүлдөрү «Миң бир түн» жомогунда өсүшкөн, аларда бийликке келүү  бул кыялынын туу чокусу. Мамлекетти кантип башкаруу керек экенин эйфория абалында сезбей да калышат.

Бүгүн, бийлик курамдарын ажыратуу катуу жүрүп жатат, ал эми мамлекет концептуалдык борборго да ээ эмес.  Бул чакырыктардын баары элита алмашмайынча аткарылмак тургай, түшүнүксүз бойдон калат. Тилекке каршы, биздин элита алардын ордуна келе турган жаш адистерди даярдоо боюнча максаттуу иш алып барышкан эмес. Формалдуу түрдө 21-кылымдын адистери бар болчу, жаштарды чет мамлекеттерге жиберишти, бирок алар кайтып келгенден кийин, бул кландык башкаруу тутумуна кире албай калышты. Анда таптакыр башка механизмдер иштеп жаткан, башка сапаттар керек болгон. Ошондо көпчүлүгү өкмөттүк эмес секторго өтүүгө же чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушту. Алар бүгүн да  баш көтөрүшкөн жок.  

Акыркы төрт жылдан бери басылбаган Бакиевдин тушунда болгон маалыматтык террордон жана социалдык чыңалуудан улам, жаш адистер бийликке абдан баалабастык менен мамиле кыла башташты. Алар өкмөттүк эмес уюмдарга кетүүгө аракет кылышууда,  ал жакта айлыгы көп же болбосо таптакыр башка мамлекетке кетүүнү көздөп калышты.  

Максаттуу мамлекеттик саясат жок эле, ошондуктан көптөгөн жаштар элдик саясий сыноодон өтө алышкан жок. Мунун баары туугандарынан, төмөнкү айлык акыдан, барксыздыктан коркконунан болду. Аларды кадимкидей колго чаап турушкан.  

Менин оюмча, латенттүү абалдагы жаш,таланттуу адамдар азыр Кыргызстанда да, чет өлкөдө да абдан көп. Бирок алар тааныла элек, элдин сынагынан өтө элек. Буга көп себеп бар – мамлекеттик мафиоздук курам да, бюрократиядлык аппараттын ички мамилеси дагы. Алар «ыплас» иштегилери да келген  жок.  Азыр аларды кайра тартып келүүгө  болот. Алар өтө көп. Бирок аларды издөө, табуу, алга чыгаруу керек”»– дейт эксперт.

Айгуль Токобаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине