Уят, дагы уят

12:56, 9 Декабря 2020

Кыргызстандын бийлигин жаңы басып алгандар эл аралык аренада акырына чейин уят болууну чечишти. «Акча берсеңер, силерге да, өзүбүзгө да бийлеп беребиз» деген маскарапоз-саясатчылар. Бир жумага жетпеген убакытта биздин сырткы саясаттын жүзү бир нече жолу жер карады.

Үйрөткөндү коюп, материалдык жактан жардам бергиле!

Мурунку жумада АКШнын элчиси Дональд Лу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ортосунда болуп өткөн видеоконференциядан кийин Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы сууп калган мамилелери бир топ жылый түшкөндөй көрүндү эле. Эки мамлекет арасындагы экономикалык кызматташтык талкууланган. АКШнын элчисинин башкы билдирүүсү АКШ Кыргызстанга уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендиги тууралуу болгон.

«АКШнын укук коргоо органдары уюшулган кылмыштуулуктун чоң фигураларын иликтөөдө жана аларды соттук куугунтуктоодо жардам берүүгө, ошондой эле эл аралык кылмыштуу тармактарды ликвидациялоодо жана жок кылууда колдоо көрсөтүүгө даяр»,-деген Дональд Лу.

Элчи мырза бул сөздөрүн «Интерньюска» «Талпынуу» премиясын берип жаткан учурда айткан билдирүүсүндө бекиткен.

Дональд Лу Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды криминалдык боевикке теңеп, журналисттердин Матраимовдордун криминалдык кланы тууралуу жарыялаган материалын жылдын окусы деп атаган.

«Кыргызстандын коомчулугу бул криминалдык кландын арамдыгы, мыйзамсыздыгы жана канкордугуна өтө нааразы болгондугун билдирген. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомундагы кылмыштуулукту канчалык күчөтүп жаткандыгын көргөн. Мурдагы УКМК менен Жогорку Кеңештин комиссиясы иликтөө жүргүзүп, бирок эч нерсе тапкан эмес. Мурдагы бийликтин мезгилинде бир катар журналисттер ур-токмокко алынып, коркутуп-үркүтүлүп, же түрмөгө отургузулган. Ошондой эле былтыркы жылы Райым-миллион ММКлардын бирине жалаа жапкандыгы үчүн сотко доо арыз менен кайрылып, анда анын активдерин тоңдурууга аркет жасаган.  Андан кийин жок жерден «Мекеним Кыргызстан» бийликке көтөрүлүп чыгып, төртүнчү октябрьда өткөн шайлоодо жалпы добуштардын 24 пайызын алып, парламенттен дээрлик кырк орунду алган...»- АКШ элчисинин сөзүнөн алынган цитата.

Андан ары массалык митингдерден кийинки окуялар төмөнкүдөй сүрөттөлгөн:

«Уюшулган кылмыштуулуктун Садыр Жапаровдун убактылуу өкмөтүнүн чечимдерине таасир берүү аракеттери башталган. Алар интернет-троллдорду, көчөө бандиттерин жана Кыргызстандын лидерлерине карата коркутуп-үркүтүүлөр менен зомбулук көрсөтүүнү колдонушкан».

Элчи өз билдирүүсүндө АКШ криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун камалышын колдоорун айткан. Жана «сот Райым Матраимовду өкмөткө эки миллиард сом төлөп бериши үчүн үй камагына чыгаргандыгына карабастан, бул кадамдар- башталышы гана»,-деген.

Эң кызыктуусу, Дональд Лу кийинки окуяларды көзү ачыктай эле айткандыгы болду:

«Өкмөт кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартат. Ал аларды сотко өткөрүп, айып тагат. Ал алардын кылмыштуу тармактарына кыргыз элинин байлыгын уурдатууга жол бербейт.  Өкмөт кылмышкерлерге силердин балдарыңарды баңгизатка уулоого жол бербейт. Бирок ал бул иш аракеттерди аларга каршы эр жүрөк адамдар аттанып чыккан учурда гана аткара алат. Бул журналисттердин, активисттердин, жарандык коомдун жана бул мамлекеттин тайманбас лидерлеринин иши. Жана бул максатка карай жолдо Кыргызстанды анын эл аралык шериктештери, алардын ичинде Америка Кошмо Штаттары толугу менен колдойт». Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чет элдик элчи өлкөнү укуктук талаага алып келүү керектиги тууралуу коомго түз айтып жатат. Достук мамиледе болуп, жардам алып тургуңар келеби, анда, криминалдын расмий саясатка кийлигишүүсүн жоюп, журналисттер ачыктап берген коррупция фактыларын иликтеп, саясатчыларды, журналисттерди жана бизнесмендерди коркутканды токтоткула.

Бул билдирүүнү кыргызстандыктар үмүт жана дем күч менен кабыл алышты, анткени бүгүнкү күндө көпчүлүктүн жүрөгүндө өлкөнү уюшкан кылмыштуулук башкарып жаткандыгы, алар чоң саясатчылар менен бизнесмендерди коркутуп алгандыгы ал эми жөнөкөй жарандарды жөн эле жок кылып кое алат деген коркунуч бар. Алп мамлекетке биздин кичинекей тоолуу өлкөбүздө эмне болуп жаткандыгына баары бир эмес экендиги, жана 8-октябрда аянтта Садыр Жапаровдун криминал менен күрөшүп, паркорлор, алардын ичинде Райым Матраимов камакка алынат деген сөздөрү аткарылат деген ишеним сезими жаралган.

Бирок кыргыз мамлекетинде баары андай оңой эмес. Өлкөбүздүн Тышкы иштер министрлиги оңой эместигин көрсөтүп, элчи мырза өз сөзүндө атап өткөн жарандарыбызды, Матраимов менен Көлбаевди коргоого алган.

7-декабрьга караган түнү ата-мекендик басылмалар «Твиттерде» төмөнкүдөй таарынган постту жайылтышкан: «АКШнын Бишкектеги элчилигине АКШнын элчиси Дональд Лунун ММКларга жайгаштырылган видеокайрылуусунда ички иштерге кийлигишүү жана тергөөгө басым көрсөтүү элементтери көрсөтүлгөн. Эл аралык мамилелердин дагы, улуттук мыйзам чыгаруунун дагы бул принциптери канчалык жакшы ниеттер болгон күндө дагы бузулбашы керек», деп жазышкан ТИМдин өкүлдөрү слциалдык тармактарда.

Тагыраак айтканда биздин сырткы саясат «Бизди эмне кылышты үйрөткөндү коюп, материалдык жактан жардам бергиле!» деген негизде курулган.

«Бул эмне деген уят!»

Кыргыз делегациясынын Москвадагы жолугушуусун ушундай сөздөр менен мүнөздөөгө болот. Эске сала кетсем, азыркы учурда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жапаров жана Ташиев менен бирге мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракети үчүн соттолгон Талант Мамытов Кремльге келген. Айта кетсек, соттун чечими жокко чыгарылганы менен, ал эстн кете элек. Жана бул үч дос 2012-жылы Кумтөрдү элге кайтаруу ураанын жамынып алып, кашаны аттап өткөнү, бийликти түшүрүүнүн маанисиз аракети бойдон бир элес болуп кала берген. Баса, ал кезде үчөө тең Жогорку Кеңештин депутаттары болушкан. Анда алар бул «эрдиги» менен митингдегилерди ак үйдү басып алууга үндөөгө аркет кылышкан, бирок алы жетпей калган. Үчөө тең камакка алынып, соттолушкан.

Сүрөттө: Талант Мамытовдун демилгеси менен Жогорку Кеңештин айланасындагы каша алынган.

Ошентип, Талант Мамытов Алтынбаштууга өлкө башчынын милдетин аткаруучусунун улуу даражасы менен, кол башчыларынын коштоосунда келди, алардын ичинен Интернетти көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөө аркылуу кара күчтөр- фейктерге каршы башкы күрөшүүчүсү аталган депутат Гүлшат Асылбагева аттын кашкасындай болуп даана көзгө урунат.

Социалдык тармактарда жолугушуулардын биринен алынган тасма кеңири тарап жатат. Бир тарапта кабыл алып жаткан тарап, же кожоюндар отурушса, экинчи жагында – кыргыз делегациясы- коноктор отурушат.

Ошентип Мамытов баштаган биздин делегация таш балбалдардын жүздөрү менен отуруп алып, Вячеслав Володиндин сөздөрүн угушууда.

«Келечек- интеграцияда, жана ар кандай факторлорду эске алуу менен кайсы мамлекеттер менен болгон интеграция прторитеттүүрөөк экендигине көз салуу керек»,-деп билдирди Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Володин. Ал кээ бир өлкөлөрдөгү саясатчылар интеграция десе эле «дароо АКШ тарапты карап, ал эми качан кыйналышканда Орусиядан жардам сурагандыгын» белгиледи.

«Европа канчалык меймандос болсо дагы, КМШ мамлекеттерине кирген өлкөлөрдүн жарандарын кучак жаюуу менен тосуп алууга эч ким шашылбайт»,-деп жыйынтыктады Володин.

А биздики эмне, «паркурщиктердин» үчтүгүнүн үчүнчүсүбү?

«Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен көп жылдык достук жана кызматташтыктын негизинде ишенимдүү өнөктөшү болуп келет. Кыргыз Республикасы баардык эл аралык милдеттерин так аткарууга жана буга чейин бекиткен эки тараптык жана көп тараптык келишимдерин аткарууга толугу менен кызыктар»,-деп билдирди Мамытов.

Сүрөттө: Т. Мамытов менен В. Володин

Башкача айтканда, элестетип жатасызбы: катуу мугалим тентек кылган жаш баланы тилдеп жатат, ал болсо, уялганынан кызарып, экинчи андай кылбай, мындан ары жакшы бала болоорун убада кылууда.

Бул эмне деген уят?! Кыргызстандын сырткы саясатынын деңгээли ушулбу?! Эгерде биздин псевдоэлиталарга ушундай мамиле жасалып жатса, анда биздин жөнөкөй жарандар, мигранттарыбызга кандай мамиле болот? Алардын укуктарын ким коргойт?

Кыргызстан- четте калган өлкө

Биз бул атка Курманбек Бакиевдин маалында конгонбуз. Курманбек Бакиев менен анын ач көз уулу Максим кылымдын келишимин жасоого аракет кылышкан: АКШнын авиабазасын чыгаргандыгы үчүн Орусиядан жүздөгөн миллиондорду алып, аларды сатып кетип, океан артындагы өнөктөштөр менен кайра келишим бекитип, кыргыздарды сөзүнө турбаган эл катары көрсөткүсү келген. Атамбаев Орусия менен болгон мамилелерди жакшыртуунун аракетин көрүп, АКШнын авиабазасын чыгарган, бирок кесепеттери баары бир катуу болгон. Иш кызматташуу тууралуу келишимдин жокко чыгарылышына чейин барган. Ал кезден бери  5 жыл өтсө дагы, жаңы кызматташуу тууралуу бир дагы келишим түзүлө элек, ал эми натыйжасында жөнөкөй жарандар жапа чегүүдө.

Атамбаев Казакстандын эл башы Нурсултан Назарбаевдин дарегине сын пикир айтып, кырдаалды ого бетер курчуткан, натыйжасында, кыргыз-казак чек арасында биздин жарандарды кыйын күнгө салган кырдаал түзүлгөн, айта кетсек, ал азыр деле жөнгө салына элек.

Андан ары, Сооронбай Жээнбеков кытайлык подрядчик толугу менен ишке ашырган ЖЭБди модернизациялоо боюнча ишинде эки өкмөт башчы менен бир катар көрүнүктүү аткаминерлерди соттоп, чоң долбоорду күмөнгө койгон. Жыйынтыгында Кыргызстандын Улуу кошунасы менен башкы насыя берүүчүсү карызды төлөө боюнча мөөнөттөрдү жылдырууга эч мүмкүндүк берген жери жок. Жана эң жакынкы учурда 1 млрд 700 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды кайтаруу маселеси кабыргасынан коюлат.

Ал эми жалпы сүрөткө жаңы түстөрдү кыргыз бийлигин басып алган Садыр Жапаров кошту. Ал өзүн колуна граната кармаган маймыл сыяктуу өтө кооптуу жана күтүүсүз алып жүрөт: андан эмнени күтүүнү жана ал кайсы жерден жарылаарын такыр билейсиң. Укуктуулуктун нугуна кирип, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүүнүн ордуна ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, президенттик шайлоо өткөрмөкчү болду.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча баардык өнүккөн демократиялык институттар пикирин билдирип, анын ичинде Венеция комиссиясы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап бараткан парламент эч кандай радикалдуу чечимдерди кабыл ала албастыгын, өзгөчө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе албастыгын билдирген.

Окумуштуулар, юристтер менен катар коомдук ишмерлер менен депутаттар кирген конституциялык отурум орус тилин расмий тил статусунан ажыратууну сунуштай калабыз деп бүтүндөй дүйнө жүзүнө уят болууга жетишти. Орус ММКларында көтөрүлгөн ызы-чуудан кийин учурдагы бийлик бир нече деңгээлде бул маселе тууралуу эч кандай оңдоолор болбой тургандыгын билдирүүгө аргасыз болду.

Бир сөз менен айиканда, Садыр Жпаров жана ал койгон адамдардын бийлиги- достору, тарапташтары менен туугандары күн сайын Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджин түшүрүп жатат. Ал эми президенттик шайлоодон кийин эмне болоорун бир дагы саясий комедиялардын, драмалардын же жада калса боевиктердин сценаристи айта албайт.

Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине