Жээнбековдун Түркияга жана Бельгияга ийгиликтүү сапары

11:38, 17 Апреля 2018

Жакында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун түрктөрдун борбору Анкарага жана Евробиримдиктин борбору Брюсселге расмий сапар менен барып келди. Сапары жолугушууларга жык жана жемиштүү болду.

Түрк Республикасына расмий сапары 9-10 апрель күндөрү болду. Анын алкагында Реджеп Тайип Эрдоган менен тар жана кенен форматта жолугушуулары болуп, эки өлкөнүн кызматташуусуна байланыштуу көп маанилүү маселелер талкууланды.

Сапардын жыйынтыгында спорт, айыл чарба тармактарындагы кызматташуу, инвестицияларга көмөктөшүү жана аларды коргоо боюнча макулдашуулар, социалдык камсыздоо боюнча келишим (бул документ боюнча өзүнчө макала даярдалат) жана басма сөз жана маалымат тармагында кызматташуу протоколу сыяктуу көп документтерге кол коюлду. Адистердин пикиринде, алардын ичинен эң манилүүсү – социалдык камсыздоо боюнча келишим.

Расмий сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуттук Улуу жыйынынын спикери Исмаил Кахраман, премьер-министри Бинали Йылдырым жана да бир катар жогорку даражадагы мамлекеттик ишмерлер менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу жазуучунун бюстуна гүл койду. Андан соң Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул жолугушуу өтө жандуу өттү.

КР президентинин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков Түркияга расмий сапардын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып, бул визит бир-бирин түшүнүүчүлүк жана ишеним көрсөтүү шартында өтүп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жана эл аралык маанилүү маселелерди ачык талкуулашты. Сүйлөшүүлөр учурунда Кыргыз Республикасы менен Түрк Республикасынын Стратегиялык Кызматташуусунун Жогорку Кеңешинин жыйынын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин кезектеги Саммитин өткөрүү мөөнөттөрү талкууланды.

Кыргызстандын башчысы Анкарадан андан ары Брюсселге (Бельгия) жөнөдү. 11-12-апрелдерде Сооронбай Жээнбеков Европа биримдигинин (ЕБ) институттарында иш сапары менен болду. Бул сапарында ал Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни жана Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушту.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуп, анын жыйынтыгы боюнча прессага билдирүү жасашты.

Жан-Клод Юнкер Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңиши жана жалпы регионго жакшы мисал боло алган саясий процесстер менен куттуктады. Кыргызстандын Президентин коррупцияга каршы күрөштү, адам укуктарын, эркиндиктерин, сөз эркиндигин коргоо ишин күчөтүүгө чакырды.

“Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен мен Кыргызстанга барып, бул кереметтүү өлкөнү өз көзүм менен көрөйүн деген ниеттемин. Мен Кыргызстандагы процесстерге көптөн бери көз салып жүрөм, бул өлкөдөн үйрөнчү нерселер бар экендигине терең ишенем”, - деп белгиледи Жан-Клод Юнкер.

Ал Кыргызстан элине карата жеке жакшы мамилеси бар экендигин баса белгиледи. “Кыргызстан эли – улуу улут. Европа ар дайым Кыргызстандын жана анын элинин бардык демилгелерине колдоо көрсөтөт”, - деп билдирди Жан-Клод Юнкер. Ошондой эле ал ЕБ Кыргыз Республикасы менен экономикалык кызматташууну өнүктүрөөрүн баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн билдирүүсүндө Европа биримдигинин институттарына визити Кыргызстан Европа биримдиги менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берээрин ырастап тургандыгын белгиледи. “Биз Европа биримдигин туруктуу өнүктүрүү максатындагы маанилүү өнөктөшүбүз деп эсептейбиз жана өз ара тыгызыраак аракеттенүүгө даярбыз”, - деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы Европа биримдигинин жетекчилиги менен олуттуу сүйлөшүүлөр жана пайдалуу жолугушуулар, өз ара кызыкчылыктарга тийешеси бар маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана конструктивдүү сөз болгонун белгиледи.

“Биз Европа биримдиги менен көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктарбыз. Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө жогору маани беребиз”, - деп билдирди мамлекет башчысы.

Евробиримдик-Кыргызстан жаңы Макулдашуусу боюнча Сооронбай Жээнбеков ал саясий диалогду чыңдоодо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө, алдыңкы европалык инвестицияларды тартууда жана туруктуу өнүгүү, тышкы саясат жана регионалдык коопсуздук жаатында кызматташууну өркүндөтүүдө олуттуу экенин, ошондой эле демократияны, негизги эркиндиктерди жана укук үстөмдүгүн бекемдөөгө кызмат кылаарын белгиледи.

"Биз ошондой эле регионалдык интеграция жана коопсуздук маселелерине да өзгөчө көңүл бөлдүк. Күчөп бараткан чакырыктарга жана коркунучтарга байланыштуу бул актуалдуу. Жалпысынан биздин диалог абдан ачык маанайда, бири-бирибизге ишенгендиктин жана достук кырдаалда өтүп жатат. Кызматташтыктын көпчүлүк багыттары боюнча биз алга жылдык жана биздин өз ара аракеттенүүбүздү туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгын түшүнүшүүгө жетиштик”, - деп жыйынтыктады Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусунун приоритеттүү багыттары, демократия принциптерин бекемдөө, адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо боюнча өз ара иштешүү, жана ошондой эле Европанын алдыңкы инвестцияларын Кыргызстандын артыкчылыкка ээ тармактарын өнүктүрүүгө тартылышы талкууланды.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков андан сырткары Улуу Урматтуу принц Карим Ага-Хан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Россия жана Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору Наталья Ханженкова менен жолугушту. Аймактардын өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштүктүн жолдору талкууланды. Адистердин билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөр жемиштүү болду. Мамлекет башчыбыз бийик даражалуу европалык кесиптештерди кайсы убакта болбосун өздөрү үчүн ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келүүгө чакырылганын билдирди.

Данияр Сыдыков Брюсселде өткөн жолугушууладын жыйынтыктарына токтолуп, “бардык жолугушуулар негизинен ачык жана өз ара ишенгендик нукта өттү, тараптар өз ара толук түшүнүшүүгө жетишти”, - деди. КР президентинин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси мамлекет башчынын эмки сапары Россияга (майдын ортосу) жана Кытайга (июнь) болоорун айтты.

Мамлекет башчынын басма-сөз кызматынын билдирүүлөрү боюнча даярдалды

Султан Досалиевдин фотосүрөттөрү 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине