Маалыматтык согушта канткенде курмандык болбоо керек?

15:38, 23 Сентября 2014

«Маалыматтык согуш – бул жогорку пилотаж»,

-  деп эсептейт Дмитрий Орлов, «Стратегия Восток-Запад» аналитикалык борборунун Башкы директору.

-  Маалыматтык согуштун мааниси эмнеде?

- Маалыматтык согуштун негизги мааниси – биздин бир нерсе туурасында пикирибизге таасир этүү. Маалыматтык согуштун максаты — «кызуу» согуштай эле — чоочун жерди, ресурстарды  тартып алуу. Бирок , маалыматтык согуш - бул жогорку пилотаж. Анткени ал ийгиликке жеткен кезде душмандарың сага баалуулук жараткандын  баарын өздөрү алып келип беришет.

Тактап айтканда, маалыматтык согуш   —  бул биздин мезгилдин ойлоп тапканы эмес. Ал мурда да болгон, дайыма боло берет.  «Муздак согуштун» убагында СССР менен АКШнын үгүт машиналары  да бири-бирине каршы  идеологиялык талаада активдүү күрөш жүргүзүшкөн.  Азыр да, бизге – мурдагы совет элине – 25 жылдан бери активдүү түрдө толук кандуу эместик сезимин сиңирүүгө аракет кылып келишет, бул да маалыматтык согуштун элементи болуп саналат. Ушунчалык таасирдүү болгондуктан, айрымдар буга ишенип да алышкан.

Маалыматтык согуштун негизги  объектиси — биздин сезимдер, мен буга адамзаттын жалкоолугун да кошуп коймокмун. Анткени, адам бир-нерсени ойлонуудан да эринип калды, ал болгону  башкалардын  «Фейсбук» же «Твиттерде» жазган гана пикирлерин окуйт, жана муну акыркы инстанциядагы чындык деп эсептейт.  Анын азыркы образын алсак, бул мурдагылардан, азыркы маалыматтык согуштун жоокерлери – ар бирибиз болгондугу менен гана айырмаланат.  Сен муну каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мааниге ээ эмес.  Жада калса сен кимдир бирөөнүн саясий темасына  “лайк” койсоң дагы – бүттү:  сен “оюндасың”.

- Кимге ишенсе болот?

- Азыр жада калса өзүңө да ишенгенге болбойт. Талкууларда ким болбосун бирөөнү,  дагы бирөөнүн: Москванын, Вашингтондун, Тель-Авивдин же Лондондун тыңчысы деп атап жаткандыгы дайыма күлкүлүү сезилет. Кимдир бирөөнү жогоруда аталган борборлордун биринин тыңчысы деп атаардан мурда , өзүңдөн  “А мен тыңчы эмесминби?” деген суроо ашыктык кылбайт.

Албетте, бул сөздөрдөн кийин көп окурмандар нааразы болушат. Анткени ар биринин сезимине же кандайдыр бир артыкчылык берген нерсесин козгоо менен, кимдир бирөөнү “байкатпастан” колдонуп коюштары да ыктымал. Ага сөзсүз төлөөнүн кереги жок, ал бардыгын жан дили менен, акысыз жасап берет. Эгер бул интервьюдан кийин  бул туурасында ойлонуп баштаса, анда бул маек текке кеткен жок деп эсептесек болот.  Аны менен бирге, соорото кетейин:  эгер адам өзүнө-өзү  аны алдап кетсе болоорун мойнуна алса, демек – ал анчалык деле ишенимсиз эмес. 

- Маалыматтык согушта колдонулган ыкмалар кандай?

-Тизме өтө эле чоң. Мисалы, «Чагылыштыруу»деген ыкма бар. Б.а. өзүң жасаган нерсени башкага шылтап коюу. Крымдын Россияга кошулгандагы мисалда бул даана көрүндү. Америкалык чайкоочулар жана алардын ыктыярдуу, же акы төлөнгөн жардамчылары Россияны агрессияга күнөөлөп чыгышты. Американын Вьетнамга, Гватемалага, Гренадага, Афганистан жана  Иракка баскынчылык кылып кирип баргандыгын билгендер үчүн мындай айыптоолор, о.э. «эл аралык укукка» шилтемелери күлкүлүү көрүнөт. Анын бардык ыкмалары атайы адабиятта эбак эле сүрөттөлгөн. Мисалы, украиналык ММКлар – бийликтин соккусунан  аймактык бүтүндүктү сактап калуу туурасында талкуулашат. Алар өз жарандарына бомба ташташууда. Эл көп жашаган райондорду максаттуу бомбалап жатышат. Аны ушул эле украиналык ММКлардын документалдык тасмаларынан көрсө болот.  Мунун бардыгы – Россия менен боштондукка чыгуучу  согуш катары берилип жатат. Буга чындап ишенген адамдар да бар да. Алар Чыгыш Украинаны террорчулар басып  алды деп эсептеп жатышат. Ал эми элдин арасындагы курмандыктар – жөн эле, чыгымдар. ӨЗ ӨЛКӨСҮНҮН АРМИЯСЫ ТАРАБЫНАН өлтүрүлгөн балдар, кош бойлуу аялдар – чыгымдар. Мына, маалыматтык согуштун таасири.

- Манипуляцияны кантип таануу керек?

-Бардык манипуляциялык материал — бул баарынан мурда, сезимдерге болгон сокку. Эгер кандайдыр бир макалада сезимдерге басым жасоо болсо – анда ага ишенбөө менен мамиле кылууга  себеп бар.

-  Канткенде жөнөкөй адам манипуляциянын курмандыгы болбойт?

-Бул темага кеңештер менен бүт  Интернет толгон. Бирок, айткандардын баарына ишене бергендердин саны азайбагандыгын карап туруп, бул кеңештердин баары – пайдасыз экендигин байкайсың. Ошондуктан, эл ойлонгусу да, издегиси да келбейт. Ойлонуу жана издөө – манипуляциянын курмандыгы болбоонун негизги эки куралы ушулар. 

«Биз эбак маалыматтык согуштун курмандыгы болгонбуз»,

- деп эсептейт Нарын Идинов, белгилүү журналист, публицист.

- Бүгүнкү күнү маалыматтык согуштар ким тарабынан жүргүзүлүп жатат?

- Маалыматтык согуш ар дайым, ар ким тарабынан жүргүзүлүп келген. Болгону, алар украиналык окуяларга чейин мындай интенсивдүү эмес болчу. Кадимки эле үгүт – бул да жумшак маалыматтык согуш.  Бул жаатта  Кыргызстан кошуналарынан абдан артта калган, анын бардык маалыматтык мейкиндиги – россияныкы, ал россиялык басма сөзгө, россия телевидениесине, россиялык интернетке толгон. 

Украинадагы окуяларга байланыштуу үгүт  ушунчалык күчөгөндүктөн, Кыргызстандын көпчүлүк калкы, Киев азыр Донецк менен Луганск областына каршы  жазалоочу операция жүргүзүп жатат деп эсептейт. Анткени, Украина өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоп жатат, бул бардык өкмөттүн эң биринчи милдети болуп саналат. Карапайым калктын арасында курмандыктар бар, албетте, өкүнүчтүү, бирок Украина менен Россиянын ортосунда көзөмөлдөнбөгөн чек ара болууда,  ал аркылуу аскерлер, курал-жаракчандар, үгүтчүлөр өтүп жатышат.  Мунун бири да ачыкка чыккан жок, ал эми айрым окуялар бул контексттен сырткары сүрөттөлүүдө  – бул максаттуу багытталган маалыматтык таасир. Украиналык же батыш ММКлары үгүттөөдөн же бир жактуулуктан куру калган деп айтууга болбойт, алар да бул процесске тартылган, албетте, сүттөн ак эч ким жок,  бирок чет элдик (Россия менен Украинадан тышкары) маалымат каражаттарында обьективдүүлүк маалыматы көбүрөөк. 

- Кандай ыкмалар жана жолдор колдонулат?

- Жалпы калкка тигил же бул топко пайдалуу болгон маалымат аркылуу гана жалпы таасир этүү жүргүзүлөт, жаңжал чыгаргандардын бир тарабына жана  карама каршы маалымат булактарына тескери жарлыктар тагылып, текшерилбеген маалыматты колдонуу башталат, башкаларга өз максаттарын жана баалуулуктарын таңуулоо башталат. Кээде алдын ала даярдалган эксперттер, кээде «күбөлөр» да пайдаланылат, айрымдары  кээ бир фактыларды же статистикалык  маалыматтарды атайылап жашырып коюшат. 

Буга кошумча катары,  Орусияда же коңшу  Казакстан менен Өзбекстанда квалификациялуу эксперттер жана саясатчылар өтө көр (Кыргызстанга караганда көбүрөөк), кээде алар маалыматтын түз эместигин дагы күчөтүп, айрым бир тарап үчүн пайдалуу болгон комментарийлерди оперативдүү түрдө жарыялап коюшат. Сыртынан нейтралдуу көрүнгөн, бирок толук эмес жана бир жактуу берилген комментарийлер да абдан коркунучтуу.

- Бул эмне себептен жасалат?

- СССР кулагандан кийин дүйнөдө, азыр көбүнө жакпай калган бир жактуу тартип орноду, анткени дүйнөлүк лидерди эч ким кармабаса, Иракка кол салууга окшогон күтүлбөгөн окуялар болуп кетет. Ошондуктан, дүйнө азыр  көп  жактуулукка умтула баштады, жана жаңы полюс болуп, АКШ жана доллар менен катар, мисалга ЕС евро менен жана Кытай юан менен чыгышы мүмкүн. Аалам бурчунун бирине талапкер болуп  өзүнүн рублу менен Россия да чыгат, бирок буга жетишүү үчүн, Москва жалгыз болбошу керек – анын жанында керектүү жерде, керектүү убакта жанында болуп, тиешелүү түрдө добуш бере калган шериктештери болушу керек. 

Буга  бирдиктүү валюта менен Бажы жана Евразия союздарынын түзүлүшү да байланыштуу, буга Украина үчүн согушту да байланыштырса болот, ал мурдагы СССРдеги Орусия Федерациясынан кийинки  калкы жагынан да, аймагы жагынан да, илимий-экономикалык потенциалы жагынан да экинчи республика болгон. 

- Кайсы маалыматка же кайсы булакка ишенүү керек экендигин жөнөкөй адам кантип аныктай алат?

- Эгер материал  кимдики экендиги жазылбаса же кайсы булактан алынгандыгы көргөзүлбөсө, ага сактык менен кароо керек. Өзүнүн олуттуу орду бар  жана коммерциялык жана мамлекеттик курамдарга байланбаган кызыкдар эмес жана кадыр барктуу авторлорду жана агенттиктердин маалыматтарын  окуганга аракет кылуу керек. Өз беделин жана атын урматтаган адам шектүү материалдын алдына кол койбойт. Ар кайсы булактардын маалыматын колдонуу керек, фактыларды көз караштардан бөлүп карап, аларды салыштырууга, атаандаш көз караштарды табууга, мурдагы жана азыркы билдирүүлөрдү салыштырууга аракет кылуу керек. 

- Кыргызстандыктар канткенде маалыматтын курмандыгы болбойт?

- Биз эбак  маалыматтык согуштардын курмандыгы болгонбуз, акыркы жылдары эки жолу: 2010-жылы каргашалуу июнь окуяларынын убагында, жана азыр, өлкөнүн бүт калкы Украинадагы окуялардын бардыгын орус журналисттеринин көз карашы менен гана көрүп жана түшүнүп калган убакта. 

Ар бири өзүнө суроо салышы керек: Буга окшогон окуя Кыргызстанда же Казакстанда болсо, эмне болот? Буга окшогон сунушталган окуялар менин өлкөмдүн көз карандысыздыгына кандай таасир берет? Өз пикирин айтуудан коркпош керек,  өз алдынча ойлоно билген адамдарды тарбиялап, өстүрүп алышыбыз керек, ачык талкууларды өткөрүшүбүз керек. 

Мектептер менен институттар жөн гана адистерди даярдабастан, өз пикири бар жана аны аргументтештирип коргой ала турган, болуп жаткан окуяларды талдай билген жооптуу жарандарды да даярдап чыгарышы керек. Азыр бизде бүт коом нан менен тамашадан башка нерсенин кереги жоктон бетер,  тойлор менен мааракелерге чөмүлүп, чыкпай калды (бул азыркы жакырчылыктын тушунда),  ал эми маалыматка болгон мамиле- чайнабай жута турган нандай эле болуп калды.

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине