Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда гендердик теңдик жана аял укуктары боюнча коомдук талкуунун толеранттуу жана кастык тилинен арылган түрүн өнүктүрүүгө чакырат

13:58, 4 Декабря 2019

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасы гендердик зомбулукка каршы багытталган бүткүл дүйнөлүк 16 күндүк кампания учурунда өлкөдө өтүп жаткан гендердик теңдик маселелери айланасындагы коомдук талкууларга байкоо салууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жетекчилиги алдында жана БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин колдоосу менен бул кампания коомчулуктун гендердик теңдик жана гендердик зомбулук - адам укуктарынын негизги көйгөйү катары түшүнүктү арттырууга багытталган.

Ушул негизде, БУУ Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейиндеги «Феминнале» көргөзмөсүнүн ачылышынан кийин орун алган толерантсыздык, кастык тилин колдонуу жана зомбулукка үндөө учурлары тууралуу тынчсыздануусун билдирет. Бул көркөм иш-чара коомчулукта ача пикирлерди жаратып, тилекке каршы сүрөтчүлөргө, активист аялдарга жана укук коргоочуларга карата  басынтуулардын жана алардын өмүрүнө карата коркутуулардын деңгээлине чейин алып келди.

«Бардык социалдык маселелер боюнча болгон коомдук дебаттар заманбап мамлекеттердин өсүп өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан. Мамлекеттер ушундай коомдук дебаттарда жек көрүүнү курчутууга бөгөт коюп, аялдарга жана коомчулуктун бардык топторуна карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүү», - деп Кыргызстандагы БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело билдирди. 

Акыркы бир нече жылдын ичинде гендердик теңдикти алдыга жылдырууда мыйзам жаатында маанилүү кадамдар жасалганын белгилөө менен, Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасын дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка түрткү берүүнүн алдын алуу жана андай аракеттерге тыюу салуу боюнча эл аралык милдеттенмелерге жана өлкө мыйзамдарына ылайык бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырат. Бул милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасы аялдарга жана аярлуу топторго өз көйгөйлөрүн айтууга, коомдук чөйрөгө эркин катышууга жана ой-пикирлерин билдирүү укугун колдонууга коопсуз шарт түзүү аракетин көрүүсү керек.

Бириккен Улуттар Уюму эч кимди артта калтырбоо максатында, бардык коом мүчөлөрүнүн тең катышуусун колдоо жана коргоого алуу боюнча өкмөттүн аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр.

  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине