Кадыр Токтогулов: «Саясатта баары эле уятсыз эмес жана бардыгы эле өз чөнтөгүн кампайтууну ойлошпойт!»

16:51, 5 Февраля 2015

34-жаштагы  Кадыр Токтогуловду жаңы үлгүдөгү адам деп коркпостон айта берсе болот. Ийгиликтүү, өзүнө жана өз күчүнө ишенген, жетиштүү. Ош шаарындагы кадимки жалпы билим берүүчү мектепте окуган, ал эми жогорку класстарды кыргыз-түрк лицейинде бүтүргөн. Ошондой эле АУЦАны ийгиликтүү бүтүрүп, ири эл аралык  «Ассошиэйтед Пресс» жана «Доу Джонс» маалымат агенттиктеринде кабарчы болуп иштеген. Ал кыйын кырдаал кыйын болуп турган 2010-жылы мамлекетке жардам берүүнү каалап, мамлекеттик кызматка барган адистердин бири. Акыркы жылдары Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеди. Декабрдын аягында Токтогуловду АКШдагы Кыргызстандын элчиси кылып  дайындоо тууралуу указ жарык көрдү .

Басма сөз катчысы болуп тургандагы өз иштеринин натыйжасы туурасында, жана өзүнүн жаңы кызматындагы өз милдетин кандай элестетип жатканы туурасында биздин  Кадыр Токтогулов менен болгон интервьюбузда.

- Сенин карьераңдагы мындай кескин бурулуш көбүн таң калтырды. Сени ушул кызматка карай максаттуу келе жаткан деп айтууга болобу?

-  Өзүм туурасында мен буга татыктуумун жана ушул кызмат мен үчүн деп айтуу бир аз аша чапкандык болот го. Бирок, Президент мага ишенип, ушундай жоопкерчиликтүү кызматка жиберип жаткандан кийин, биздин өлкөнүн элчисинин алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн менде күч, тажрыйба жана кубаттуулук жетет деп ойлойм. Ал эми элчинин милдети – өзү Кыргызстандын атынан барып жаткан  мамлекет менен мамилени, кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө.  Менин билимим, менин иш тажрыйбам кийинки жылдарда Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп, майнаптуу иштөөгө жетишээрлик даярдык берди деп ойлойм. Жана, башында премьер министр Атамбаев, андан кийин президент Атамбаев менен иштегендеги тажрыйбам –  чоң мектеп болуп калды. Ал абдан маанилүү жана баалуу болду. Мен Вашингтондо биздин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн майнаптуу жана сапаттуу иштеп бере алам деп ойлойм.  Америка ири экономикасы, эң заманбап маалыматтык инновациялары менен, жогорку билим берүүнүн мыкты тутуму дана эң өнүккөн медицинасы менен абдан чоң мамлекет. Эгер  физика, химия, экономика тармагындагы Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын санына көз чаптырсак, АКШда баарынан көп алгандыгын көрөбүз. Ошондуктан, биз бул мамлекет менен болгон мамилебизди Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында өнүктүрүшүбүз керек. 

- Сенин мурдагы кызматың туурасында бир аз кеп кылып өтпөйсүңбү? Президенттин басма сөз катчысы болуп 4 жыл иштедиң. Бул жылдар сен үчүн кандай болду?

- Президенттин басма сөз катчысы болуп 3 жыл иштедим,буга чейин бир жыл өкмөт аппаратынын маалыматтык саясатынын бөлүм башчысы болчумун, ал кезде Алмазбек Шаршенович премьер-министр болуп турган. Бул төрт жыл өтө каныккан жылдар болуп калды. Мен үчүн профессионалдык планда чыныгы сыноо болду. Ал гана эмес, адамдык планда да бекемдикке сыноо болду. Буга чейин мен ишенип келе жаткан жана ишенип жүргөн идеалдарымды сыноо жылдары болду десем жаңылбайм. Жана, бул сынактан өтүп кеткениме ишенем, анткени 4 жылда адам бойдон калуу, өз идеалдарын ошол бойдон туу тутуу жана биринчи кезекте, кайрымдуулук жана акыйкаттыктын көбүрөөк болушу үчүн иштөө. Мамлекеттик кызматта жаркын идеалдары жок иштөөгө мүмкүн эмес. Ал жакта чөйрө өзү ушундай, адам экинчи даражадагы нерселерге көңүл бура баштайт, эми өзүнүн кандай маанилүү адам экенине өзү ишенип алып, өзүн өзү алдай баштайт. Туугандарыңдын, тааныштарыңдын, досторуңдун сага карата боло баштаган мамилеси  сени азгырып, башка тарапка алып кетиши мүмкүн. Эң маанилүүсү, өзүң бойдон калуу жана сен эмне үчүн ошол жакка келген нерсеге ишенүү.

- А сен эмне үчүн келдиң?

- Биздин өлкөбүздүн өнүгүш-өсүшү үчүн, эртеңки күн баарыбыз үчүн жакшы болсун үчүн.

- Казакстан боюнча кабарчы болуп турган «Доу Джонстон» кийин сен мамлекеттик кызматка отурганда, бул журналисттин карьерасы үчүн күтүүсүз болду, анткени бизде, чыгаан батыш агентигинде иштөө мамлекеттик кызматка караганда кадырлуу жана каражат жагынан да пайдалуу деп эсептелет. Анан, мен сени Атамбаевдин кишиси деп атамак эмесмин, анткени аны менен эң башынан бери, анын оппозициялык ишмердүүлүгүнөн бери чогуу келаткан жоксуң. Сени өз командасына иштөөгө кантип көндүрдү?

- Алмазбек Шаршенович менен мен маектешүү учурунда, Алматыдан келгенден кийин тааныштым. Анткени, мага мамлекеттик кызматка иштөөгө сунушу түшкөндөн кийин мен «Доу Джонстон» кеттим, жаңы Кыргызстанды куруу процессине катышкым келди. Бул апрель жана июнь окуяларынан кийин болчу,. Жаңы эле парламенттик шайлоо бүткөн. Анан мен үчүн биринчи коалициялык өкмөттүн ийгиликтүү иштеши маанилүү болчу. Ошол мезгилде элдин үмүтү абдан чоң эле, мен да ушул үмүттөр акталса экен деп тилегем. Б.а. мен жеке инсан үчүн эмес, идея үчүн келгем. Бирок, Алмазбек Шаршенович менен 4 жыл чогуу иштегениме абдан ыраазымын. Мен биринчи  жолу саясаттагылардын баары эле уятсыз эмес экенине жана баары эле чөнтөктөрүн кампайтууну көздөбөй турганына катуу ишендим.

- Ишенимиң акталдыбы?

- Ооба. Ушул 4 жылда мен президенттин ишиндеги принципиалуулукту көрдүм. Биз ар кандай маселелерди: кризистик, татаал маселелерди талкуулап жаттык. Ал мен ишенген идеалдарга каршы келген бир да чечим кабыл алган жок. Булар – эркиндик, демократиялык өнүгүү, акыйкаттык, сөз эркиндиги.  Билем, кээде ал журналисттердин иштерин өтө кескин баалаган учурлары бар, бирок бул анын Кыргызстандын ММКсына тынчсызданып жатканын айтып турат. Ал албетте,журналисттердин ишинде көбүрөөк обьективдүүлүк, тең салмак жана жоопкерчилик болсо дейт. А булар, мен  «Ассошиэйтед Пресс» жана  «Доу Джонсто» кабарчы болуп иштеп турганда менин алдыма коюлган биринчи талаптар.

- Сынчылар сени өтө күчтүү эмес басма сөз катчысы дешет. А сен кандай ойлойсуң, өз милдеттериңди так аткара алдыңбы?

- Менин жумушум журналисттерге жагуу эмес. Президенттин басма сөз катчысынын милдети ал эмес. Президент менин ишимди өзү баалайт. Басма сөз катчысынын милдети – элге, журналисттерге президент жасап жаткан иштерди, ал кабыл алган чечимдерди жеткирүү.  Мен, 4 жылдын ичинде көп жумуш жасалды деп эсептейм. Биз эч качан алдаган жокпуз, эч нерсени жашырган жокпуз. Мамлекеттин тарыхында биринчи жолу, президент операция жасатуу үчүн эмгек өргүүсүн алганын билдирдик.  Биз, 2007-жылы уулануудан кийин  Президент дарыгерлерге көрүнүп, ден соолугун чыңдаганы кеткенин ачык айттык. Буга чейин, эмнегедир президенттер менен башка жогорку кызматтагы чиновниктердин ден соолугу, алардын абалы жашырылып келген. Бүгүн президент башка жакка акырын кетип калган учур болбойт. Президенттин, премьердин жана спикердин жоктугу дароо билинет. Бир нерсени жашыруу, президент Геркулес, ал эч качан оорубайт жана чүчкүрбөйт деп түр көргөзүү оюбузда да жок. Менин оюмча, акыркы 4 жылда бийлик коомчулук  алдында  ачык иш жүргүздү жана отчет берип турду. Биз тараптан жетишкен ушул ийгиликти өз ишимдин жакшы көрсөткүчү деп атайм.

Бул, албетте, жасала тургандардын жеткен чеги эмес. Бирок, бийлик менен ММКнын ортосунда жакшы мамилелер өнүгүп келаткандай. Бүгүнкү күнү журналисттерге эмне туурасында жана кантип жазууга эч ким буйрук бере албайт, бул мүмкүн эмес. 

- Журналисттер  менен болгон кызматташууну кандай баалайсың, сен алар менен диалог түзө алдыңбы?

- Кээде биз өз милдеттерибизди ар кандай көрчүбүз. Журналисттин милдети- көбүрөөк билүү, ал эми басма сөз катчысыныкы – маалыматты керектүү багытта берүүгө аракет кылуу. Ал эми анын баарын текшерип, баарынын ушундай экенин тактап берүү – журналисттин иши. Мен, биздин журналисттерден эч нерсе жашыра албастыгымды жана аларды алдай албастыгымды жакшы билчүмүн. Ошондуктан, өз ишимди болушунча ачык жүргүздүм.

- Жергиликтүү журналисттердин ишинде кандай кемчиликтерди белгилей алдың?

- Бул субьективдүү баа, анткени мен аларды өзүм иштеп келген жана тутуму жылдап курулган  эл аралык агенттиктердин деңгээлинде карап жатам. Кыргыз журналистикасында публикациялардын авторунун жеке пикири көп. Эл аралык ММКларда буга жол берилбейт. Андан сырткары, бийликтин жана колунда барлардын бийлиги басым кылгандыгы байкалат. Бирок бул демократиялык процесстин бир бөлүгү. Жалпысынан, биз сыймыктанчу нерселер бар.  

- Эмне менен сыймыктана алабыз?

- Бизде оңой эмес суроолорду берген, көп нерсени ийне-жибине чейин билүүгө аракет кылган агрессивдүү журналисттер көп, алар өздөрүнө айткан маалыматка ыраазы болуп калышпайт, тактап, президентке өз көз караштарын айтышат. Бул – бизде өз суроосуна жооп талап кылган коом бар экенин айтып турат. Бул өлкөнүн өнүгүүсүнө пайда алып келет. Биздин газеталарды, медиа-ресурстарды  карап туруп, бизде коом эркин деп айта аласың. Биздин журналистика да коом менен бирге мындан ары да өнүгө берет деп ойлойм. 

- Президент көп учурда даярдыксыз чыгат деп, көпчүлүгү нааразы. Эмнеге?

- Бул жалган таасир. Бул даярдыксыз чыгуу эмес, ал бардык чыгууларына ар дайым даярданат. Бардыгы тең, президент аларга жаккандай болуп чыгышы керек деп эсептешет. Мурдагы президенттер ушундай болчу, алар элге жагууга аракет кылчу, бирок айткандарын аткарышчу эмес. Биздин президент өзү чындап ойлонуп жана өзү ишенген нерсесин гана айтат. Менин оюмча, муну баалай билүү керек, калп эле чындыкка коошпогон кооз сөздөрдү сүйлөөнү талап кылгандан көрө. Баардыгы эле көркөмдөп сүйлөгөндү билет. Бирок, бул сөздөр өлкөнүн кызыкчылыгына көп учурда ылайык келбей калат.

- Өзүң иштеп жатканда сен Президентке сын айта алат белең?

- Президент дайыма идеяларга, сунуштарга жана ар кандай бааларга ачык. Бирок, мунун баары негиздүү болушу маанилүү. Президент менен иштөөнүн жоопкерчилиги абдан бийик, баарынан мурда кандайдыр бир сунуш айтып же өз пикириңди билдирүүдөн мурда аппараттагылардын бардыгы жүз жолу ойлонушат жана өз айткандарынын туура экенине ишенгенден кийин гана айтышат. Анткени, суроонун баасы өтө бийик. Атамбаев дайыма ачык,  эгер бул пикир  тиешелүү  материалдар менен негизделген жана такталган болсо- ал адамдын эмне айтып жатканын уга билет.

- Эгер Президенттин айткан сөздөрүнө кандайдыр бир терс баа болсо, ага айтып барасыңарбы?

- Президенттен эч нерсени жашырууга мүмкүн эмес. Бирок, анын сөздөрүнө терс баа көп деп айтмак эмесмин. Биз социология аркылуу коомдогу  температураны тез-тез ченеп турабыз, жана кыргызстандыктардын көбү президенттин сөзүн жакшы кабыл алаарын билебиз. Андан сырткары, президент Атамбаевдин сөздөрү калктын эң кеңири чөйрөсүндө ишин улантат. 

Ал дайыма ачык жана түз сүйлөйт. Анын ишмердүүлүгүндө элге каршы эч нерсе жок. Ал кылганын баарын элдин кызыкчылыгы үчүн жасайт. Жөн гана көп учурда айрым инсандар саясий максатта терс көрүнүштү ашыра чаап, өз тарабына жакшы сөз  укпай калганы үчүн сындап жатып калышат. Ал эми сындаганын болсо, бизде эркин коом болгону үчүн ачык сындашат. 

- Президент кайсы ММКны көп окуйт?

- Ал бардык негизги медиаресурстардын баарын карап чыгат. Анткени, жалгыз гана өз аппаратынын маалыматын алса, анда бир жактуу болуп, көрүнүштү толук ала албай калат. Ошондуктан, ал маалыматтын бардык каналдарын өзү үчүн ачык калтырган.

- Сен өтө эле кыйын мезгилде АКШга элчи болуп баратасың. Бүгүнкү күнү биздин мамлекеттин  Евразия экономикалык биримдигине киргени үчүн мамилелердин солгундаганы байкалууда. Бул кырдаалды кантип баалайт элең?

- Биз аскердик максатта иштеген Транзиттик борбордон чыккан жаңы чындыктын учурундабыз.  База ачылган мезгилде анын болгон кылган кызматы эки тараптууу кызматташуунун негизги факторлорунун бири болгон. Келишим бүттү. Эми биз аскердик кызматташууга басым коюлбаган  тең салмактуу мамиле курууга аракет кылып жатабыз. Орусия, Кытай, АКШ сыяктуу мамлекеттер менен кызматташуу мамлекеттин кызыкчылыгында болгудай иш алып баруу керек. Биз бул державалардын ортосунда каршылаштыкка өзүбүздү тарттырып жибербешибиз керек. Анткени биз көз карандысыз мамлекетбиз, бизге негизги  өнөктөш мамлекеттер менен мамилебизди өркүндөткөнүбүз маанилүү. 

- Биз өзүбүз тартылбайбыз, бирок бизди тартууга аракет кылышат.

- Биз дайыма кызматташуунун эки тараптуу күн тартиби туурасында сүйлөшүбүз маанилүү. Анан биз чоочун оюндарга аралашпайбыз. Биздин өз мамлекетибиз, өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыз, өз милдеттерибиз бар.  Бул башкысы.

- Өзүңдүн элчи катары болочок жумушуңда эмнеге басым коесуң?

- Бардык тармактардагы кызматташууну бекемдөө, Кыргызстан менен АКШ бирин-бири аралыкка карабай жакшылап түшүнүшсө, ошондо эки жактуу кызматташууну өнүктүрүү оңоюраак болот.

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине