Биз курултай өткөрдүк, жакпай калса- чыгып кет!

10:33, 29 Ноября 2018

Кыргыз МБУнун мүчөлөрү (мынтип акылдуулар Мурунку Башкармалар Уюмун атап коюшкан) Бишкекте «Кыргызстан кэчее, бүгүн жана эртең» аттуу дагы көпкө эске  калаарлык курултайды өткөрүштү. «Кечеки», ар дайым эле «эртеңкиге» башын тыга бергендер эмнени көздөшүүдө?

Революциянынын поллюциялары

Кыргыз драмтеатрынын залы көптөн бери мындай аншлагты көрө элек эле! 150 ар түрдүү партиялардын, 300 бей өкмөттүк уюмдардын жана көптөгөн жарандык активисттердин катышуусунда чыныгы шоу болуп өттү. Өлкөнүн бут региондорунан келчү 700 адам күтүлгөн, бирок ал жерге чогулгандардын эле катышуусу чоң резонанс жарата алды. Албетте, кантсе дагы эң башкы драйвер болуп «революциянын булдозери», ызы чуу менен ажырашпаган Азимбек Бекназаров болду, ал болсо шоу уюштурганды билетта!

Чогулуштун себеби- 24-ноябрь, президент Сооронбай Жээнбековдун бул кызматка келгенине бир жыл толгону себеп болду. Эми, президенттин бир жылдык ишмердүүлугүнө баа берүү болду.  Бирок чогулгандар такыр башкага- Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына тиштерин кайрап келишкен.

Сахнадан кимдер арышын кенен таштап, мурунку президенттин дарегине таштарды ыргытты? Ооба, ооба, кечээ эле аны менен бирге жакшынакай иштеп жүрүп, бирок оюндан четтеп калып, эми калкка өзүнүн эрдигин көрсөткүсү келгендер.

Айтор, курултайга келгендердин көбүнчөсү эле өзү жөнүндө «мен али бармын» дегенсип элге көргүнгөнү келгендей эле сезилди.

Чынында эле, азыркы саясий активдүүлүк биздин «реформа локомотивдеринин» бир жерине кирип кеткен тикенектей болуп эле тынч жашоо бербей жаткансыйт.

Курултайдын дээрлик бүт катышуучуларын карап отуруп «апей, сен дагы эле бар белең?!»деп кыйкырып жиберип,  же «баарыңар кайдан чыга калгансыңар?» деп сурагың келди.

Тоону тоңкоро турган дөң

Дайымкыдай эле, тарыхка кайрылбай коюу болгон жок. «Мындай курултай жыл сайын өткөрүлүп турушу керек... Ормон хандын убагында ушундай салт болгон, биз аны улантышыбыз керек», деп билдирген эси ообогон Турсунбек Акун, 19-кылымдын үрп-адаттарын эске салып.

Баарынан дагы, курултайга өң-түстү күрөшкө тойбогон Азимбек Бекназаров берип жатты. Ал кандай бийлик болбосун, ар дайым оппозициянын желегин желбиретип, бийликти катуу сындап, бирок ар бир башкаруучу менен тил табышып кеткенди билет. Ишенем, анын бул феноменалдуу өнөрүн кийин мектептерде дагы кичине балдар окуйт...

КР Убактылуу өкмөтүнүн күч түзүмдөрүнүн мурунку жетекчиси аны өлкөдөгү коррупция жана аткаминерлерди акча үчүн жада калса Мекенди дагы сатууга даяр кылган  «саясий сойкулук» жана «алтын башка өлкөгө кетип жатканы» катуу тынчсыздандырганын билдирди.

Албетте, Centerra Gold Inc. алтынды уурдап жаткандыгы жөнүндө тема “псевдооппозициянынын” дээрлик ар бир митинингде айтылат.

А бирок 2018-жылдын тогуз ай ичнде Кумтөрдө 9, 532,2 килограмм алтын чыккан, бул аркылуу компания өлкөнүн казынасына салык түрүндө 5,66 миллиард сомдон ашуун каражат киргизген. Бул болсо реалдуу акча, чыныгы талыкпас эмгектин мээнети. Ал эми курултайдын уюштуруучу комитетинин өзөктөрү өлкө бюджетине канча каражат салды экен? Бекназаров жана анын жанында отургандар суу жана нан менен отурбаарын элдин баары эле билетта!

Мисалы, сахнадан Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоону кайра сунуштаган Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков “Tazabek” басылмасы жазган рейтинг боюнча өлкөнүнүн эң бай 100 адамдын катарына бир топ жылдан бери кирип келет. Ал тизмеде Азимбек Анаркуловичтин өзу дагы, курултайдын башка катышуучулары, мисалы Ысык-Көлдүн мурунку губернатору Эмилбек Каптагаев,мурунку депутат Равшан Жээнбеков, мурунку мэр Нариман Түлеев, камакта отурган Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдор дагы киришет.

Ойлонуп көрсөң төбө чачың тик турат, алтын кенди улутташтыруудан кийин биздин “энтузиасттардын” колуна берсек эмне болот?! Алар мындай таттуу бөлүктү адегенде “жепалыштыруу”, андан кийин банкрот кылып, кайра сатып жиберүүдөн башка эч нерсе кылбайт, анткени аларда жеп-жулуп, бөлүп кетүүдөн башка эч кандай тажрыйба жок. Мисал керекпи? Айлананы карап көргүлө- жада калса мурун соонун иштеп турган өндүрүш секторун сактай албай калышты. Анда таттуу алтын токочтун бөлүгүн ишенип тапшыруу жөнүндө сөз кылуу керекпи?!

“Биз баарылап ойлондук, анан мен чечми кабыл алдым...”

Курултай жалпы журттун оюна кулак салуу максатында уюштурулганына карабастан, иш жүзүндө ал жөн гана жеке жарандардын съездиндей эле көрүндү, ал жерде катышуучулар өздөрүн тим эле дүйнөнүн тагдырын чеччү адамдардай элестетип алышканычы... Алар өлкөдөгу кырдаалды кызуу талкуулап, учурдагы мамлекеттик кызматкерлерге катуу баа берип, күч органдарын сындап,бийликти трансформациялоого активдүү сунуштарды берип, расмий түзүмдөргө кеңештерди берип, эми алар курултайдын делегаттарынын каалоолорун аткарышы керектигин айтышты. Жада калса алар өздөрүнө “курултайдын кеңештерин өкмөт аткарганын көзөмөлдөө” укугун берип жиберишти. Ал эми ИИМдин мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев алар тарабынан негизделген аткаруучу комитет жарым жылдын ичинде курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюциянын ар бир пункту аткарылышын көзөмөлдөгөн бир жооптуу жак дайындаларын айткан. Кыскасында, бардыгы чечилди!

Трибунадан ошондой эле 1993-жылдын Конституциясын кайтарып, же Негизги мыйзамды такыр өзгөртүш керектиги жөнүндө, Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип,соттук системаны жана прокуратура органдарын жакшылап аңтаруу жөнүндө сунуштар угулду. Курултайдын модераторлору мурун өлкө башында тургандарын эстеп, алардын бул гениалдуу долбоорлорун ишке ашырууга ким каршы болду эле?деп ойлоносуң. Ар бирөөңөр мурун чоң кызматтарда турганда айтып жаткан “сүйүктүү” Мекениңерди өнүктүрүү үчүн бул реформаларды эмнеге жасаган жоксуңар?

Кызууга баткан курултайдын катышуучулары жыйынтыгында бир катар чечимдерди кабыл алышты. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө айкөлдүк менен “канааттандыраарлык” деген бааны берип, мурунку президентти болсо “узурпатор” деп аташты. “Башкы Прокуратура менен Жогорку Кеңешке мурунку президенттин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берип, аны кол тийбестигинен ажыратуу” жөнүндө тапшырма беришти. “Бажы кызматына Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетпешине жол бербөө” жана “Алмазбек Атамбаевдин байлык жана каржы булактарын текшерүү үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө” тапшырмалар берилди.

Айта кетсек, кийинки курултай 2019-жылдын 7-апрелине белгиленди. Show must go on?

Алмаз Карашев

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине