«Биз мультимиллионерлер эмеспиз!» - Атамбаев менен «Апрель» телеканалына каршы доо арыз

16:43, 16 Февраля 2019

15-февральда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Кыргызстандын экс-президенти, «КСДП» партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы доо арыз боюнча экинчи соттук отурум болуп өттү.

Доочулар Ахматбек Келдибеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаровдун пикиринде,  Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде аталган саясатчылар революцияга чейин чуркап андан тамекиге карызга акча алып жүрүп, ал эми революциядан кийин мультимиллионерлерге айланган деп билдирип, алардын кадыр-баркына чоң шек келтирген.

Соттук отурумдун жүрүшүндө телеканалдын жана экс-президенттин жактоочулары лингвистикалык анализ өткөрүү тууралуу арыз менен чыгышты. Юристтер анализ доо-арыздын негиздүүлүгүн түшүнүү үчүн керек экендигин түшүндүрүштү. Доочулар каршылыгын билдиришти. Жыйынтыгында сот арызды ачык калтырды.

Андан ары доочу Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн дарегине алар апрель революциясынан кийин байыгандыгы тууралуу айткан айыптарын далилдеши керек деп билдирди.

«Биз 20 жыл чогуу болгонбуз, дос болчубуз. Мен канчалык бай экенимди ал билет. Ал мени байыган деп айтып келет, бирок бул калп экендигин билбейт. Атамбаев менин Островский көчөсүндө батирим бар деп айтат... Ооба, бар. Менин унаам бар деп айтышат. Ооба, бар болчу, мен аны сатып жибергеем. Эгерде сен өзүңө жада калса бир автоунаа сатып ала албасаң, сен кимсиң, кандай адамсың? «Нур Суфра» кафеси жөнүндө айтып жатышат, ал  90-жылдардан бери турат. Ал (Атамбаев. – 24.kg)  депутат Алмамбет Шыкмаматов ага тамеки үчүн чуркап жүргөн деп айтат. Баардык нерсенин чеги болушу керек. Ооба, мен аны президент катары кылган иштери үчүн сындагам, бирок жеке  кадыр баркына тийген эмесмин»,- деди Азимбек Бекназаров.

Мурунку башкы прокурор эгерде Алмазбек Атамбаев сотко келип, айткан сөздөрүн далилдеп берсе, анда ага болгон нааразычылыктарын артка кайтарып аларын билдирди.

«Мен Алмазбек Атамбаевди 20 жылдан бери билем жана бизди көп нерсе байланыштырып турат. Эгерде мен ал жөнүндө айта баштасам, эч ким отуруп бербейт. Жөн жерден эле калпты жаза бербеш керек. Атамбаев революциядан кийин Нышанов акча өндүрүүнү токтоткон эмес деп айткан"-деп билдирди Азимбек Бекназаров.

Экинчи дооматчы Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаев сотко келип, «Апрель» телеканалына берген маегиндеги сөздөрүн кайталашы керек деп билдирди. Кеңешбек Дүйшөбаевди Алмазбек Атамбаевдин ал өз кезинде экс-президенттен тамеки атып жүргөн деп айткан сөздөрү нааразы кылган.

«Мен офицермин жана өз наамымды сыймыктануу менен алып жүрөм. Мен эч качан экимден эч нерсе сурабайм, шүгүр, менде баары бар. Эмне үчүн ал жок нерсени айтып жатат? Мени менен тааныш адамдар мен тамеки чекперимди билишет. Ал бизди мультимиллионерлер деп айтып жатат. Урматтуу сот, сиз Каржы полициясына, Башкы Пркуратурага, УКМКга сурак жөнөтсөңүз болот. Бул органдар баардыгын текшерип чыгышсын. Эгерде биз балдардын канынан байыган мародерлор болсок, эмне үчүн Алмазбек Атамаев өз учурунда бизди камап, кылмыш ишин козгогон жок»,-деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиевдин белгилөөсүндө, Алмазбек Атамбаевдин 2018-жылдын 10-декабрында  «Апрель» телеканалына берген маегинде дооматчылардын дарегине эч кандай туура эмес фактылар же жалган жалаа сөздөр айтылган эмес, демек, алардын кадыр-баркына шек келтирилген деген сөздөрдү айтууга негиз жок.

Өз сөздөрүн тасыктоо катары жактоочулар Атамбаевдин маегине чейин эле массалык маалымат каражат булактарында тараган А. Кедибеков, К. Дүйшөбаев жана А. Бекназаровдун  чоң мүлкү тууралуу материалдарды окуду.

«Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адамдар мынча байлыкты кантип топтой алышкан? Албетте, топтой алышмак эмес. Эгерде жарыяланган материалдар калп болсо, алар эмне үчүн басылмаларды сотко беришкен жок? Алар алардын материалдык мүлкү тууралуу жазган бир дагы ММКны сотко берип, өздөрүнүн акыйкаттыгын далилдеген жок. Алар  мультимиллионерлер эместигин далилдеп, сотторду уткандан кийин гана Алмазбек Атамбаевди сотко беришсе болмок»,- деп билдирип, экс-президент буга чейин прессада пайда болгон маалыматты гана кайталагандыгын кошумчалады.

Ошондой эле, жактоочунун айтымында, дооматчыларда Атамбаевдин берген маегинен кийин алардын кадыр-баркына шек келтирилген деп айтууга негиз жок.

«Тескеринче, жөнөкөй адамдар менен баарлашып жүргөн адам катары, мен аларда жогото турчу кадыр-баркы деле жок болчу деп айта алам»,- деп жыйынтыктады Кантемир Турдалиев.

А. Келдибеков, К. Дүйшөбаев жана А. Бекназаровдун экс-президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы доо-арызы боюнча кийинки соттук отурум 26-февралга белгиленди.

24.кг маалымат агенттигинин жана КСДПнын басма сөз кызматынын материалдары боюнча

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине