Сооронбай Жээнбеков: “Мени саткын деп айтышат. Бирок мен өлкөнүн кызыкчылыктарын сатпайм»

21:27, 20 Декабря 2018

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү. Иш-чара мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында болду. Бул президент Жээнбековдун журналисстер менен болгон алгачкы жолугушуусу. Бир жыл  мурун ал ММК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн, бирок ал жабык түрдө өткөн.

Өлкө башчынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аны менен жолугушууга 86 ММКдан 175 журналист келген. Жолугушуу 3 саат 15 мүнөткө созулду. Биз окурмандарыбызга маалымат жыйындагы кээ бир учурларды комментарийсиз цитаталар түрүндө  сунуштайбыз.

Күн тартиби жана уй-бүлө тууралуу

«7.30да жумушка барам. Мен көптөн бери жумушту таң эрте баштап келем. Аппараттын кызматкерлери жумушка келгиче иштеп баштайм же китеп окуйм. Жумуштан кеч чыгам, үйгө барып маалымат алып, кайра иштейм. Чынын айтканда, азыр үй-бүлөгө убакыт жок. Биз учурашып, бири-бирибиздиен абал-жайыбызды сурайбыз. Үйгө келип кечки тамакты ичием, эртең менен таңкы тамакты ичип алып жумушка кетем. Убакыт жетишпенендиктен майрамдык иш-чараларга катышпайм.

«Элдер эки революцияны башынан өткөрүп, эми менин ага-инилеримден дагы кооптонуп турушат. Ачык айтпасам туура эмес болот. Биз үй-бүлөдө 11 бир тууганбыз, азыр сегизөөбүз калдык.

Улуу агам Кантөрө – илимдер доктору, 24 жыл бою ректор болуп иштеген.

Улуу эжем – математик жана физик, азыр пенсияда.

Дагы бир эжем – медик, ал борбордук поликлиникада иштейт.

Кийинки агам – Жусупбек – элчи. Мен президент болгондон кийин ал Кыргызстанга келүүдөн кооптонуп жүрөт.

Дагы бир агам эрте эле каза болуп калган.

Дагы бир эжем – дипломаттардын үй-бүлөсүнүн келини.

Андан кийин Асылбек Жээнбеков.

Дагы бир эжем үйдө чакан бизнес иштетип, үй-бүлөсүн багып келет.

Эң кичүү иним айылда атамдын чарбасын иштетет.

Кыргыздарда кудалар менен сый мамиледе болуу керек. Биз балдар тууралуу айтып жатабыз. Кудамдын тууганы MegaComго дайындалыптыр. Ал аны билгенде кызматтан кетти. Биздин коом күчтүү, жана ал мындай нерсеге жол бербеши керек»

Журналисттер ошондой эле КР ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугунун мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Кумар Исаков өзүн өлкө башчынын өкүл баласы деп, ветеринардык дарыгерлерди кызматтан алып жаткандыгын айтышты. “Президент болгондо көптөгөн туугандар пайда боло баштайт. Ал менин өкүл балам эмес. Ал тууганбы же жокпу, сурап, тактоо керек. Менин аппаратымдан сурап көрсөңөр болот».

Дин, Орусия жана АКШ менен кызматташуу жөнүндө

«Көпчүлүк мени динчил деп эсептейт. Бирок Жараткан Кудайга ишенүү мени жамандыктардан сактап, мыйзамдан аттап өтүүдөн алыс кармап турат. Эгерде коом Кудайдан корксо, анда Конституциянын деле кереги жок болмок.»

«Экинчи россиялык база жөнүндө эч кандай сөз болгон эмес. Владимир Владимирович бул маселеге өзгөчө көңүл бурат. Азыр «Кант» базасы бекемделүүдө. Менимче, азырынча бир база жетиштүү»

«ЕАЭБдин бирдиктүү валютасы жөнүндө. Сом- эң бекем валюта жана азыр биридиктүү валютага муктаждык жок. Бул келечекте болушу мүмкүн. Азырынча бул тууралуу сөз боло элек жана менимче, жакынкы убакта  болбойт.»

«АКШ менен мамилени биз жандандырабыз. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Албетте, республиканын кызыкчылыктары үчүн.»

«Өзүнүн келечектеги пландары, Бабанов менен Текебаев жөнүндө»

Менин башкы маселем – таза шайлоону камсыздоо (2020-жылкы парламенттик шайлоо, - ред.). Бирок партиялар дагы тазаланып, демократиянын принциптерин алып чыгышы керек,  тизменин сапатынан парламенттин ишинин сапаты дагы көз каранды. Биз парламенттик демократияны курабыз».

«Бабановду акыркы жолу мен президенттик шайлоо учурунда көргөм. Бул кылмыш ишинин деталдарын мен дагы бир жолу тактайм. Бабановду мен өзүмдүн саясий каршылашым деп эсептебейм. Жана 2023-жылдан кийин катардагы жаран болгум келет. Адамдар шайлоо учурунда гана каршылаш болушат, ал эми мен президенттик мөөнөтүм аяктагандан кийин шайлоого кайра барбайм. Менден кийин эси-дарты таза адам келет деп ишенем. Мен ага акыл үйрөтпөйм».

«Текебаевдин иши бардык соттук инстанциялардан өттү. Мен ал чечимдерди буза албайм. Алар мага мыйзамга жана амнистияга ылайык кайрыла алышат» .

Соотор жана чуулгандуу иштер жөнүндө

«Соттор жөнүндө. Бул бийликтин узурпацияланышы деп айтышат, бирок мен президент катары шайланган адаммын. Эгерде кызмат адамдары мыйзам бузуп жатса, мен жөн отура албайм. Эгерде аким же министр мыйзам бузса, мен бул маселени сөзсүз көтөрп чыгам. Жана мен эч нерсеге карабайм».

«Сот бийлигинин ишине жогорудан эч ким кийлигишпейт. Эгерде алар мыйзамды бузушса, өздөрү жооп бериши керек. Бизде мынтип айтышат: Эгерде сот туура чечим кабыл алса –Жээнбеков жакшы, эгерде туура эмес болсо – демек Жээнбеков жаман».

«Сегиз жыл бою Матраимовго көңүл бурушкан эмес, ал эми  мен президенттин постунда иштеп баштаганда аны дароо менин тарапташым деп айтып киришти. Ал мага чейин эле иштеп келген, жакында кызматтан алынышы боюнча соттошуп, утту. Эми болсо бул чечимди мага жазып жатышат. Матримовдор 15 жыл бою КСДПга ак эмгеги менен иштеп келишкен. Райым Матраимов жакшы болчу, ал эми качан ал иштеп баштаганда, жаман болуп калды. Бул логикага жатабы?»

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле 50 миң доллар пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевге карата да пикир айтты. «Алар бардыгы кылган иштери үчүн жооп беришет, ар бири кылган кылмышы үчүн жазаланат. Азимкан Жусубалиевди мен өкмөттүн башчысы болуп турганда дайындаганбыз. Эгерде ал пара аларын билсем, мен аны бул кызматка коймок эмесмин. Эми бул иш боюнча соттук териштирүү жүрүп, сот чечим чыгарат. Күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алышат».

Атамбаев, оппозиция жана экс-президентти кол тийбестиктен ажырату жөнүндө 

«Мен Атамбаев менен күрөш жүргүзбөйм, жөн гана иштейм. Менин максатым – элдин жана өлкөнүн бакубаты үчүн иштөө. Мен өз жолум менен кетем. Элге  берген убадаларымды, Кудай буюрса, аткарам».

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылына менин тиешем жок. Мен КСДПнын мүчөсү, анын лидери болгом. Бул күчтүү партия. Менин аларга тиешем жок, душмандарды башка жерден издешсин»

«Мени саткын деп айтышат. Бирок мен бир адамдын же бир топтун кызыкчылыктарын коргобойм. Мен өлкөнүн президентимин. Эгерде мени бир топтун саткыны дешсе дей беришсин. Бирок Кудай көрүп турат, мен өлкөнүн кызыкчылыктарын сатпайм. Мен эки революциянын күбөсү болгом жана алардын себебин билем. Андан кийин мен эч качан бул жол менен кетпейм».

«Экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө. Эгерде мыйзам долбоор жалгыз Атамбаевге тиешелүү болсо, мен каршы болмокмун.Бирок кол тийбестик Конституцияга дал келбейт. Мыйзам алдында баардык адамдар бирдей. Ар бир адам кылган ишинин кесепеттери үчүн жооп бериши керек, анын ичинде президент дагы. Мага атам айтчу: бийликтин колу узун болот деп. Мен эч кимди жоопкерчиликке тартпайм. Муну мыйзам жана укук коргоочу органдар кылат».

«Оппозиция керек, бирок ал мыйзамдуу иштеши керек, ал жетишсиздик жана каталарды көрсөтүп, так программасы болушу керек. Бизде оппозиция көп, жада калса ММК дагы өз алдынча оппозиция».

Кыргызстан ММКнын материалдары боюнча  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине