Сооронбай Жээнбеков: «Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек»

16:11, 12 Февраля 2018

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков борбор калаада өткөн Коопсуздук кеңеште кызмат ордуларына жана беделине карабай коррупция менен күрөшө тургандыгын айтып, укугу бузулуп жаткан бардык жарандарга жардам бере тургандыгын билдирди.

Жаңы мамлекет башчынын жетекчилигинде өткөн биринчи жыйындын өзөгүн коррупцияга жана криминалга каршы мамлекеттик саясат түздү. “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” маселени бийлик эң орчундуу маселе деп эсептейт.

“Коррупция менен күрөшүү – өзгөчө маанилүү маселе. Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш - мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете”, - деди президент.

Кеңештин жыйынында прокуратуранын, улуттук коопсуздук, соттук, күч түзүмдөр органдарынын ишмердүүлүгүнө басым кылынды. Так ушулар өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө милдеттүү органдар болуп эсептелет.

Бирок, тилекке каршы, мамлекет башчы белгилегендей, өлкөгө коркунуч жараткан бул бузуку көрүнүш менен күрөшө турган түзүмдөр өзүлөрү коорупцияга белчесинен батып, өз милдеттерин жакшы аткаралбай жатышат. Өлкөлөрдөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Трансперенси интернейшнел» эл аралык уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан 176 өлкөнүн арасында 136-орунда турат. Оң жакка карай айрым жылыштарга карабай, биздин эл аралык рейтингибиз али да төмөн болуп эсептелет. Биздин көрсөткүчтү негизинен соттор, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары түшүрүүдө.

“Мен өлкөнү түрө кыдырдым, дээрлик бардык аймактарда калайык-журтум менен жолуктум. Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат.

Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек.Өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек.

Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Бул күрөштө эң башкы күч - Президенттин саясий эрки, деп эсептейт мамлекет башчы. Анын айтымында, мындай саясий эрк анда бар жана ал мамлекет башчынын ишиндеги эң приоритеттүү маселе болмокчу.

Бул багытта жасалган биринчи кадам – бул укук коргоо органдарынын кызматкерлери тууралуу кам көрүү иштери күчөтүлдү. Жарым жартылай ток, үй-жайлары жок адамдардан жан аябай иштөөсүн талап калуу мүмкүн эместигин бийлик жакшы билет. Үч жыл аралыгында укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн 25 үй курулуп, 1418 кызматкердин үй-бүлөсү жаңы жайлуу болушту. Жакынкы убакта дагы 646 батирлүү 10 үйдүн курулушу аягына чыгат. Кызматкерлердин айлык акылары, пенсиялары жогорулап жатат. Булардын көлөмү башка мамлекеттик кызматтарга караганда бир кыйла жогору. 2016-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин колдоо, аларга бюджеттен стимул берүү системасы иштей баштады. Бирок абалдын жакшырышына дагы да көп бар.

“Мага эл аралык уюмдар өлкөбүздө өткөргөн акыркы социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгын беришти. Жумушсуздук жана коррупция көйгөйлөрү - коомду өзгөчө түйшөлткөн маселе болуп калды. Тилекке каршы, сурамжылоо бышыктап тургандай, элдин ою боюнча, коррупциядан тазалоо иши коомчулук күткөн натыйжага жете элек. Мамлекеттин өзөгү болгон сот органдарында, прокуратурада, финансы полициясында, улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында коррупциянын орун алганы - өтө кооптуу.

Чоӊ кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогору эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды деген кайрылуулар менин дарегиме келип жатат”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Күч түзүмдөрү коррупцияны жараткан факторлор менен эмес, негизинен алардан чыккан кесепеттер менен күрөшүүдө, деген оюн билдирди мамлекет башчы. Коррупцияны жаратып жаткан себептер жоюлбаса, ал кайра эле кайталана берет, күрөштүн жыйынтыгы чыкпайт.

“Азыркы учурда укук коргоо органдары жакшы натыйжага жетпей, коомчулукту кыжалат кылып жаткан айрым орчундуу чөйрөлөрдү белгилеп кетейин. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби – коррупция. Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жетти. Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы - укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт.

Наркокоррупцияны өзүнчө белгилөө керек. Коррупциялык кирешелердин экинчи чоӊ бөлүгү наркобизнес менен байланыштуу. Түндүк транзит маршрутунун” бар экенин эч ким тана албайт. Ири өлчөмдөгү баӊгизаттар, чоӊ суммадагы акча каражаттары айланып, көптөгөн адамдар аралашып жатканы маалым, - деди президент.

Мамлекет башчынын сөзү боюнча, баӊгизаттарды көзөмөлдөө кызматын Ички иштер министрлигине өткөрүп берип, күчөтүлгөнүнө карабай, бул багыттагы иш начарлап кеткен. Укук коргоо органдары 2016-жылы 166 килограмм героин кармалды десе, өткөн жылы болгону 101 килограмм героин кармалды деп маалымат беришкен.

Коррупциянын дагы бир кесепетинен бюджетке миллиардаган сомдор түшпөй келүүдө. Салык, бажы тармагында жана өлкөнүн сырткы соода чөйрөсүндө чоӊ резервдер бар. Бирок, көмүскө схемалар аркылуу миллиарддаган каражаттар бюджеттин сыртынан кетүүдө. Буга, биринчи кезекте, фискалдык органдардагы коррупция себепкер. Бирок, укук коргоо органдары катышпаса, мындай көмүскө схемалар ишке ашпайт эле.

“Айта кетейин, ЕЭБдин алкагында товарларга байкоо жүргүзүү багытындагы жумуштардын баарын бүтүрүш керек. Фискалдаштыруу боюнча мыйзамдар Жогорку Кеӊешке кирген, аларды кечиктирбей кабыл алуу зарыл. Ошондо адам фактору азаят, коррупция кыскарат, бюджетке түшүүчү ресурстардын көлөмү өсөт”, - деди Жээнбеков.

Акыркы эки жылда эле Президенттин дарегине укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине даттануулар менен жарандардан 5480 кайрылуулар келип түшкөн. Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилери жарандарды жеке кабыл алууга маани бербей жатат, деген оюн айтты мамлекет башчы.

“Жарандар силерге арыз-муңумду угат деген үмүттө кайрылышат. Бирок, барыӊар эле аларды кабыл ала бербейсиӊер. Өткөрмө пункттары менен курчалып, күзөтчүлөрдү коюп алып, силер элге жеткиликтүү болбой калдыӊар. Күч түзүмдөрү деп эл силерден коргоо издесе, силер өзүӊөр жан сакчылар менен жүрөсүӊөр, анан кантип элди коргойсуӊар?

Силер бийликтин өкүлү экениңерди эл көрүшү керек. Мисалы, эмне үчүн мен силерден иш убагында кызматтык форманы кийип жүрүшүңөдү талап кылып жатам? Формачан адам эл арасында жүргөндө жоопкерчиликти сезет. Коомдук жайларда ал мыйзам бузуп, ээн баштык кыла албайт. Эгер машинада мамлекеттик номур турса ал жол эрежелерин бузалбайт. Ачыктык болгондо бардыгы бийлик өкүлдөрү эмне кылып жатканын көрө алышат, жана да ал формачандарды тарбяилат турат”, - деген талаптарын айтты мамлекет башчы.

Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын дарегине болгон ар бир олуттуу арыз президенттин көзөмөлүндө болоору айтылды.

Укук коргоо органдары элге жакын болуп, ар бир арызга тез жана сапаттуу жооп кайтарып турушу зарыл. Эгерде алар жоопсуз калса, же чечим кабыл алынбаган болсо, анда министрликтин же ведомствонун жетекчиси жоопкерчиликке тартыларын президент билдирди.

Адамдык факторду азайтып, жарандарыбызга ыңгайлуулукту түзүш үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн басымдуу көпчүлүгүн электрондук форматка которуу керек. Бул максатта 370 электрондук кызматты көрсөтүүгө багытталган “Түндүк” системасын ишке киргизүүгө мезгил жетти, ал система даяр. Ага зарыл болгон мыйзамдар кабыл алынган, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президен белгилегендей, учурда жаңы, натыйжалуу кадр саясаты кабыл алынышы зарыл. Анын сөзү боюнча, азыр бир тенденция түзүлүп калды: айрым жетекчилер жарым жылдан өтпөй кызматтарынан бошотулса, башкалары катуу сын-пикир айтылып жатса деле, өз кызмат орундарында 5-6 жылдап отурушат. Мындай туура эмес кадр саясаты органдардан мыкты кадрлардын кетүүсүнө, кесипкөйлүктүн бошоӊдошуна алып келүүдө. Бул терс көрүнүштү президент тез арада жоё тургандыгын билдирди.

“Коррупцияга малынгандарга өз элинин, мамлекетинин, ишинин кызыкчылыгын, кесиптештерин саткандар деп мамиле кылуу керек. Алардан тазалануубуз зарыл. Мамлекеттик органдарга кайрадан ишке орношууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбашыбыз керек. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтөбүз. Мен укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылам. Дагы бир жолу кайталап айтайын. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, айрым таза эмес кызматкерлерден арылышыбыз керек. Бирок, мөөнөт кыска болот, жыйынтыктарды создуктурбай чыгарабыз. Менин талаптарым катуу болот, - деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков. Ал кошумчалагандай, мындан ары Коопсуздук кеңешинин жыйындары бат-баттан болуп турат, ар-бир мекеменин жетекчиси жарандардан түшөн даттануулар боюнча чаралардын көрүлүшүнө керт башы менен жооп берет.

Даярдаган Светлана Бегунова

Султан Досалиевдин фотосүрөттөрү

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине