Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевдин КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда айтылган айыптоолорго байланыштуу БИЛДИРҮҮСҮ

12:04, 21 Июня 2019

Урматтуу мекендештер!

КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан менин дарегиме айтылган айыптоолор жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясый атаандашты четтеттүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан.

Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат. Бийлик тарабынан мени каралоо үчүн пайдаланылып жаткан депутаттардын кебете-кешпирин кыргыз эли көрдү, өз баасын берди. Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы, чындык менин тарабымда экендигин мындан да кашкайта далилдеп турат. Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат, анткени Апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкан.

Тилекке каршы, мен жанымдагы адамдардан абдан адашкан экенмин. Президент кезимде Жээнбековдор баш болгон кошоматчылар бүгүн ашынган душман менен сынчыга айланып чыга келишти. Мени коргоп жаткандардын көпчүлүгү болсо кезинде кызматы жок, же алтургай, мен бийликте турган кезимде кордук көргөн адамдар.

Мен Кудай алдында жана элимдин алдында акмын! Мыйзам жана абийирим алдында тазамын! Бул жылдардын ичинде аткарган иштеримдин баарын эл үчүн жасаганга аракет кылдым жана анын баары элге калат! 

Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматындагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм, койго окшоп мойнумду тосуп бербейм. Булар элди көпкө алдай албайт, өзүлөрүнүн ыплас ушактарны да мага оодара албайт. Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким «автомат такап» өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс – өмүрдөн кымбат!

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине