Атыр Абдрахматова: "Бизде мамлекеттин эң башкы душмандары журналисттер болуп калганы өкүндүрөт".

11:22, 25 Апреля 2023


Атыр Абдрахматованын Кыргызстандын акыйкатчысы катары эмгектенип жатканына туура бир жыл толду. Эр жүрөк, принципиалдуу адам катары чыныгы адис кандай иштей турганын жана чоң жоопкерчиликти сезе билүүнү көрсөттү. Анын ишмердүүлүгү тууралуу БУУдагы адам укуктары докладында баа берилген.
Акыйкатчынын иш тартиби бир ай
алдыга минутасына чейин бекитилген. Ал ага карабастан маекке убакыт таап, Кыргызстанда акыйкатчы айым болуунун татаалдыктарын айтып берди.

- Урматтуу Атыр, Кыргызстанда акыйкатчы катары бир жылдан бери иштеп келе жатасыз. Айтсаңыз, бул жыл жеке сиз үчүн кандай болду?

- Мен Акыйкатчы кызматына талапкерлигимди коюп жатканда, уулум: "апа, бул сиздин иш да! Ансыз деле суткалап адамдарга жардам берип жүрөсүң, жетекчи болгондо башкаларга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүң көп болот", деп айткан эле. Мен үчүн кимдир бирөөгө эч кандай ыраазычылык күтпөстөн, колумдан келишинче жардам берүү кадыресе эле көрүнүш. Бул нерсе менин ички талабым болуп келген жана боло берет. Мага ушундай тарбия беришкен. Бул жагынан алып караганда, мен биздин жарандарга жана башкаларга жардам берип жатканым кубандырат. Бирок, тилекке каршы бул жылы мен болгону 3 ай гана тынч иштедим. Өткөн жылдын июнь айынан тарта кийлигишүүлөр, интигра, ар кандай кеп сөздөр башталган. Бул мамлекеттик башкаруу системасы өзгөрүүгө даяр эместигинин далили. 30 жылдан ашуун бул системада иштеген адамдар бир органдан башкага көчүп-конуп өздөрүнүн жакындарынын кызыкчылыгын, бизнестерин, кандайдыр бир мыйзамсыз иштерин коргоо үчүн жүрүө беришет. Ошол үчүн карапайым адамдардын ичинен мага окшогон жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккандарга бийик кызматтар жеткиликтүү эмес. Буга байланыштуу баягы эле адамдар бийликте жүрө беришет. Эгер улуу муундагылар кетсе, бийликке кайра эле алардын балдары келет. Бийик кызматтар мураска эле берилип калгандай. Мамлекеттик кызмат жана өлкөнү башкаруу кандайдыр бир үй-бүлөлүк кландык нерсе болуп калгандай. Ошол себептүү башынан эле тоскоолдуктар болору мен үчүн түшүнүктүү болгон. Дагы бир фактор - бул адамдын укугун болуп көрбөгөндөй бузуу. Эненин түйүлдүгүндө пайда болгон ымыркай өлгөнгө чейин, көрүстөнү сакталуусуна чейин - бардыгы адамдын укугу. Ушулардын бардыгын кошкондо адам баласы укук бузуулардан өтөт. Ошолордун бардыгын жан дүйнөдөн, жүрөктөн өткөрүү - мүмкүн эмес. Менде ден соолугумда, салмагымда көйгөйлөр башталды...

- Жумушуңуз жеңил эмес...

- Өзгөчө аткаминер же мамлекеттик кызматкер болгону өзүнүн түзмө-түз функцияналдык милдетин так аткарып, бир адамга жардам берсе болорун көрүп, бирок ошону кылбаганы капалантат. Ошонун ордуна алар иши кылып аларга кайрылган жарандардан кутулуш үчүн адаштырып, орой сүйлөшөт. Бул жөлөк пул берүүдө көп байкалат. Мисалы, Ноокаттагы энелер даттанышкандай, алар жөлөк пул алууга барса, аткаминерлер "макул, биз жардам беребиз, бирок алгачкы 2-3 айдыкын бизге бересиң", дешет экен. Бул коррупция! Ушундай дагы адамгерчилиги жок аткаминерлер болот.

- Freedom House Кыргызстан эркин эмес өлкө деп жарыялады. Анда 100 балл көрсөткүчтүн ичинен биз 27ни алдык. Сиз бул несеге, кыргызстандыктардын саясий укугу бузулуп, ЖМКлардын эркиндигине басым болуп жатканына макулсузбу?

- Биз укук коргоо органдарыбыз ачык эле сөз эркиндигин чектеп жатканына күбө болуп жатабыз. Азыр фейк жана троллдор фабрикасы биздин улуттук каналдан ашып кетти. Эми азыр интернетте фейк аккаунттар чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан негизги булак болуп калышты. Албетте, мен сөз эркиндиги чектелип жатканына кошулам. Биз көрүп жаткандай, мисалы президенттик администрацияга жакындыгы бар аткаминерлер тууралуу журналисттик иликтөө жасаган журналисттерге болгон басымдар, аларды кандайдыр бир кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракеттери болууда. Биздин жараныбыз Болот Темировду туулуп өскөн мекенинен чыгарып салуу деген кантип болсун? Биз билгендей, дүйнөдө Магнитский ж.блардын мыйзамдарын бар, анда журналисттер кандайдыр бир мыйзамсыз иштерди, коррупциялык аракеттерди же аткаминерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын ачып, мамлекетке зыян келтиргендерди аныктаса журналисттерге ыраазычылык айтып стимул беришет. А бизде болсо тескерисинче журналисттер мамлекеттин башкы душманы болуп калганы өкүндүрөт.

 - Акыйкатчы институтунун статусу жогорку деңгээлдеби?


- Акыйкатчы тууралуу мыйзамды кабыл алып жатканда, ал мыктылардын бири болчу. Кийин Турсунбай Бакир уулу өзүн саясатчы катары көрсөтө баштаганда, парламентарий эки норма киргизишкен, ал нерсе институттун анын ичинде акыйкатчынын ишмердүүлүгүн алсыратат. Акыйкатчы бул - мамлекеттик органдарга көз каранды болбошу керек, эл аралык стандарттар жана мыйзамдар менен иш алып барып мамлекет тарабынан укугу бузулган бардык адамдар тууралуу айтышы керек. Бул үчүн биздин мамлекет кабыл алган айтайын эл аралык принциптер бар, ал жерде акыйкатчыны текшерүү болбой турганы, акыйкатчы айткан көйгөйгө мамлекеттик органдар реакция кылуусу керектиги так жазылып турат. Акыйкатчы жыл сайын парламентте адам укуктарынын корголушу тууралуу доклад жасайт, анда биз чыгып прокуратура тарабынан тергөөнүн купуялуулуктары бузулганы ИИМ, УКМК тарабынан эмгек министрлиги тарабынан социалдык колдоолорго болгон бузуулар тууралуу айтабыз. Ал эми депутаттар учурдагы мыйзамдын негизинде акыйкатчы жакшы иштебей жатканын айтып, анын доклады канааттандырарлык эмес деп таап кызматтан кетүүнү талап кылышат. Бул манипулятивдик рычаг.

- Ошондо силер көйгөйлөрдү айтсаңар, алар силерди татыксыз иштеп жатасыңар дешеби?

- Ооба. Менин милдетим - көйгөйлөрдү айтуу, табуу жана түшүндүрүү аны милиция, сот, прокуратура, эмгек өнүктүрүү министрлиги аткарууга тийиш. А бизде болсо саясий манипуляция бар, парламент жылдык докладды уккан соң, Freedom House айтты, бизде адам укуктары бузулуп жатат, бул Акыйкатчынын күнөөсү деп отставкага кетиришет. Бүткүл дүйнө биздин үстүбүздөн күлүп жатышат. Мындай норма эч жерде жок, керек болсо Өзбекстан, Казакстан, Орусияда дагы. Эч жерде жок Кыргызстанда бар. Эмнеге? Анткени акыйкатчыга кимди дайындаса ошону дайыма рамканын ичинде кармоо керек. Эң күлкүлүүсу, мен алтынчы жана биздин өлкөдөгү биринчи айым акыйкатчымын, бирок институттун тарыхында бир дагы акыйкатчы мөөнөтү бүткөнгө чейин кызматта отурган эмес. Өзүнүн 5 жылдык мөөнөтүндө бир дагы акыйкатчы иштеп бүткөн эмес, анткени сөз эркиндигин жана тынч жолугушуулардын эркиндиги ж.б бир катар коррупцияга байланышкан маселелер болсо аларды кызматтан алышат.

 - Сиз өзүңүздү бүгүнкү бийлик үчүн ыңгайсыз сезесизби?

- Тилекке каршы, ооба. Өткөн жылдын март айында кызматка дайындалдым, анан июнь айында чейин гана бейкапар иштедим. Июнь айына чейин мен көп сандаган адамдарды кабыл алдым, алардын көйгөйлөрү менен алектенип жатканда ар кандай текшерүүлөр келе баштады. Башында Башкы прокуратура текшерип мыйзам бузуу тапкан жок, кийин эмгек комиссия дагы бузууларды тапкан жок, анан УКМК текшерүүнү чечти. Мен аларга текшерүүгө укуктары жок экендигин айттым. Андан кийин мамлекеттик кадрдык кызмат текшерди ж.б. Учурда аталган кадрдык кызмат алгачкы корутундусун чыгарды, документтерден техникалык каталар табылды а ишмердүүлүк боюнча баа берүүгө аларда укук жок. Бирок, өкүнүчтүүсү алар парламентке бир тараптуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды беришти. Албетте, мен түшүнөм, бул жолу дагы ыңгайсыз болгон акыйкатчыдан кутулууну көздөп жатышат. 8-мартта өз арызымда милиция зомбулук көрсөткөндөрдү калкалап, балдарга жана аялдарга зомбулук жасагандардын иштерин кыскартып жаткандыгы тууралуу жазгам. Прокуратура эч нерсе кылбай жатат, УКМК саясаттагы активист жана саясаттагы аялдар менен күрөшүп жатат, биз депутат Эльвира Сурабалдиева менен болгон нерселерди көрүп жатабыз. Мен ага дагы анын тайманбастыгына жана чынчылдыгына басым болуп жатат деп эсептейм. Ушундай эле абал мени менен дагы болуп жатат, соттор зомбулук кылгандарга жана коррупционерлерди бошотуп же аз убакыт эркинен ажыратуу аракетин көрүп жатышат. Аягында бул нерселерге мен күнөөлүү болом.

- Эмне үчүн мындай болуп жатат? Сизди себепчи кылып күнөөлөрдү илген жатышабы?

- Бизде кадрдык саясатта көйгөйлөр бар экенин ачык эле моюнга алуу керек. Кээ бирлер министр, аким же губернаторлордун ай сайын алмашуусун сынап жатышат, бул болсо чындык да. Биринчиден, бизде кадрдык чоң кризис болууда. Экинчи - өздөрүнүн ресурстарын сактап калгысы келген топтор өздөрүнүн адамдарын алып келип жатышат. Муну мен көрүп жатам да. Мен 3 жолу сынак жарыяладым, анда буга чейин парламентте, президенттик администрацияда, эмгек өнүктүрүү министрлигинде иштегендер келишти. Тагыраагы алар бир мамлекеттик кызматтан экинчиге көчүп-конуп жүрүшөт. Мен мындайларды кызматка албайм деп айтам. Мен жумушка көзүнүн көрүүсү чектелген жигитти алгам, ал юрист, учурда жумушуна күйүп иш алып барууда. Мен ушундай балдарды издеп жатам, аймактардан мисалы жергиликтүү тургундар үчүн күрөшкөн, энергиясы бар пайда алып келүүнү кыялдангандарды издейм. Акыйкатчы институтуна, дегеле мамлекеттик кызматка ушундай адамдар, мамлекетке эмес элге кызмат кыла турган адамдар керек. А бизде мамлекеттик кызмат демек бийликтин кызыкчылыгына кызмат кылуу болуп калды. Элге кызмат кылуу керек.

- Сиздин көз карашыңызда Кыргызстанда кимдин укугу укугу начар?

- Зомбулук көргөн балдар, аялдар, рэкетчиликтен ж.б жабыр тарткандар. Тагыраагы дайымкы жумушу жана үстүндө үйү жоктор. Алардын карапайымдыгынан тармактык маркетингдер пайдаланып, алардын эсебинен акча табууну көздөшөт. Мен бул маселени көтөрүп чыгууну каалайм, бирок мындай маселени алып чыгуу өтө татаал. Мамлекет ушул сыяктуу алдамчылык уюмдардын иштерине бөгөт коюусу керек. Андай компаниялар элге акыркы малын сатып акчасын берсе, бир канча айдан кийин көп каражат алып батир алуу мүмкүнчүлүгү болорун убада кылышат. Аларга ишенген карапайым эл бардык мүлкүнөн ажырап жабыр тартууда, насыяга кириптер болгондор да жок эмес.
Бизде аялдарды СИЗОго камакка алганда алардын жаш балдары кароосуз калган кейстер бар. Же дискотекада жигитинин жанында калган өспүрүм кыздар, жигити башка бирөөнү уруп коёт окуяга тиешелүүнун бары анын ичинен кыз кошо кармалат. Кыз ошол жерде болгону үчүн камалат. Эмнеге мындай кокустук үчүн кыздын тагдыры талкаланышы керек?

Канчалаган социалдык топтор бар, жөн гана мамлекеттик кызматкердер консультация алып пенсия же жөлөк пул ала албаган.

- Эл аралык уюмдардын бирөөсү иликтөө жүргүзүп, Борбордук Азия боюнча Кыргызстанда аялдар корголгон эмес деген жыйынтыкка келишкен. Буга макулсузбу?

- Тилекке каршы, ооба. Ошол үчүн мен 8-мартта бизге гүл, таттууларды берип аялдар акылман, назик болуп, очокту сактап, эркектердин жашоосун кооздогула деп айтпагыла деп билдиргем. Мен айыпты мырзаларга койбойм, бардык коомго коёт элем, аялдардын укугунун бузулуусуна биз айымдар өзүбүз кошо күнөөлүүбүз. Кызыбызды турмушка узатып жатып, "сен кызмат кылышын керек" деп айтабыз. Ошентип отуруп зомбулук көргөн адамдар мамлекет аларды коргой турганына ишенбейт. Балдар ата-энесине ишенбейт, алар колдоо жана түшүнүү болбой турганын билишет. Эл ЖМКга, акыйкатчыга ишенбейт, бул үрөй учурган кабарга байланыштуу катуу билдирүү гана болушу мүмкүн. Кийин система аларды коргобойт. Анан аларга ошол нерсе менен жашоого туура келет. Бизде Таласта мындай нерсе болгон, сот жана сот аткаруучулар аялды зордукташкан, андан бери 10 жыл өттү алар дале жоопкерчиликке тартыла элек. Айзада Канатбекованын же Бурулайдын өлүмү. Милиция кызматкерлеринин ичинен эч бири ишине шалаакы мамиле кылганы үчүн жазага тартылышкан эмес.

Өткөн жылы Сокулук прокуратурасына 11 жашар баланын зордукталышынан жабыркаган үй-бүлө кайрылган. Бирок милиция эч бир аракет көрбөй, баланын атасын алдап коюшкан. Айла жок абалдан улам ал үй-бүлө ЖМКларга кайрылган.

Ошондой эле 15 жыл мурун Ош ооруканасында болгон окуя. Массалык түрдө балдардын ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуусу, ишине шалаакы мамиле кылган мед кызматкерлер иштөөсүн улантышууда. Мен адамдарды алардын мага жана системага койгон дооматтарын түшүнөм. Же Сузактагы окуучу кызды урган мугалимдин окуясы же Оштогу мектептердин биринде кичинекей баланы оозго алгыс сөздөр менен айтканы. Ал мугалим жумуштан кетип, ар намысын коргоо үчүн окуучунун апасынан моралдык чыгым талап кылган. Эң кыжырды келтиргени укук коргоо органдары балдарга карата болгон зомбулуктарды жашырууга аракет кылуусу. 13 жаштагы кызды жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин зордукташы боюнча, сот алардын жазасын жеңилдетүү үчүн негиз тапкан. Анда анын дагы жаш балдары бар экени айтылат. А кордук көргөндүн тагдырын ким ойлойт? Ал тургай кээ бир эл өкүлдөрү зордукка кыздардын өздөрүн күнөлүү кылып жатышпайбы. Ошол себептүү мен жогорудагы иликтөөнүн жыйынтыгына макулмун.

 

- Ошондо мындай билдирүүлөрдү сизге саясаттагы мырзалар кылуудабы?


- Ооба, анткени алар деле бардык интригаларды көрүп жатышат да, даттангандар аларга барат дегендей. Анан алар менден сурашат: "Кандай экен? Сен кыйынсың да. Аткара албай жатасыңбы?" дешип.
Ошол үчүн мен айымдар аялуу дегенге кошулам. Бирок ошону менен катар эле буга мырзалар эле эмес биз өзүбүз дагы күнөөлүүбүз. Биз бардык жактан аялдардын тилектештиги тууралуу дайыма кыйкырганыбыз менен ал нерсе тилекке каршы жок. Көп учурда биз бири-бирибизди сындайбыз. Биз балдарыбызды тарбиялап жатып, аларды айымдар кароосу керектиги тууралуу айтабыз. Ошол үчүн коом ойгонуш керек. Мен дайыма айтып келем, чоочун бала жок, бардык балдар биздики жана чоочун аялдар дагы жок. Эгерде эне корголбосо өзүн алсыз сезсе коркуу сезими болсо ал баланын аң сезимине да таасир берет. Мен өмүр бою активдүү иштедим, мен өз балдарымды өзүм тарбиялап камсыздадым. Менин дүйнө таанымым - алардын дүйнө таанымы. Ошол үчүн апасы өзүнө ишенимдүү, бактылуу болсо балдары да ошондой болот.

- Коомубуздагы зордук-зомбулукту азайтуу үчүн эмне кылуу керек?

- Кыргызстанда жазадан кутулбастык принциби иштебейт. Биз бул боюнча альтернативалык отчетту БУУга Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун тарыхында биринчи жолу бердик. Бул тарыхый кадам, бул биздин жетишкендигибиз. Мен аракетсиздикти сынга алган жокмун, муну ич ара чечебиз. Бирок мен жазадан кутулгус принцибин камсыз кылуу зарылчылыгы жөнүндө жаздым. Башкача айтканда, ар бир адам түшүнүшү керек: жол эрежесин бузгандар, балага кол көтөргөндөр, зордуктагандар - баары бир жоопко тартылат. Бизде кандай принцип бар? Сүйлөшүүгө болот деген принцип. Аны карысы да, жашы да билет, бааны айтып туруп эле макулдашып алса болот. Ал эми калктын аярлуу катмары укуктары бузулса, кылмышкерлер аларга батир, акча, унаа сунушташат, ал эми жабырлануучунун айрым ата-энелери тилекке каршы макул болушат. Мунун себеби, алар акыры соттор жана укук коргоо кызматкерлери кылмышкерге жазадан качууга жардам берерин, адилеттүүлүк болбой, жабырлануучу эч нерседен жок каларын түшүнүшөт, ошол себептүү макул болушат. Батир, дарыланууга акча алышат...

- Адилеттүүлүк баарибир болбойт, анткени сот алат, жана тергөөчү алат ...

-Ошондуктан, ар бирибиз түшүнүшүбүз керек, бул менин бийликке, президентке, парламентке, башкы прокурорго, сотторго, милицияга, УКМКга жана башкаларга кайрылуум, кош стандарттуулуктан баш тартышыбыз керек жана ар бирибиз жоопкерчиликти өзүбүздөн башташыбыз керек, үлгү болушубуз керек. Эгер убада берип бирок аткарбаса, жоопкерчилик каралсын. Бизде саясатчылар көп убадаларды беришкен, бирок аткарбай келишет. Аялга зомбулук көрсөтүп, зордуктаган болсо журналисттер, акыйкатчылар ээрчип ызы-чуу кылуунун кереги жок, бирок милиция, прокуратура, соттор чечип, кылмышкер жазасын алсын, эч ким элдешүүгө алып келбей тургандай болушу керек. Мен бизде жакшы мыйзамдар көп деп эсептейм, бирок бизде концептуалдык жактан алганда баалуулукка багытталган, чынчылдыкка, мыйзамдарды так сактоого жана кош стандарттарды токтотууга жетишсиз. Муну ар бир адам түшүнүшү керек.

- Өткөн жылы Баткенде трагедиялуу окуялар болду. Баткен кандайча калыбына келтирилип жатат? Алардын баары компенсация алыштыбы? Кыргыз бийлиги убадаларын аткарып, жарандарыбыздын тынч жашоого кайтып келиши үчүн баарын жасадыбы?

- Тилекке каршы, алардын укуктары тебеленип жатат. 19-октябрда окуя башталганда менин орун басарым (эркек) биринчи болуп Баткенге жөнөп кеткен, мен 21-октябрда ошол жерде болдум. Эң четки айылдарга чейин бардым. Кыйраган үйлөр, алардын көйгөйлөрү боюнча жеринде эл менен баарлаштык. Бул убакыттын ичинде мен Баткенде төрт жолу болуп, мындай тыянакка келдим, биринчиден, бийлик, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, тилекке каршы, кырдаалды өткөрүп жиберишти. Эл кол салуу болорунан кабары болгон. Күн мурун чек арада атышуу болгон. Ошентип эл кетишти, бирок жергиликтүү бийлик соцтүйүндөр аркылуу баары тынч экенин билдиришкен. Ошондо эл кайра кайтып келген. Октябрь айында алгач Ошко, андан кийин Баткен облусунун өзүнө барганда биринчи кезекте аялдар менен жолуктум, анткени эркектердин баары коргоого кетишкен. Мен биздин баткендик аялдарга дайыма суктанам, бир жолу 7-8 айлык кош бойлуу беш балалуу келинге жолугуп калдым. Ушундай абалга карабай жылмайып жүрөт, мени конокко чакырып, отуз жылдан бери ушинтип жашап жатышканын айтты. Алардын колунда ар дайыма «даяр баштыгы» бар, ичинде керектүү нерселери документтери бар. Мунун баарын көрүү абдан оор болду. Эвакуация уюштурулбаганы факт. Адамдар өздөрү эвакуацияланды. Экинчиден, тажик аскерлери биздикилер качкан жолдорду билип алып, ошол жерден аткылай башташты. Биздикилер тоолорду аралап, жолдорду бойлоп өтүштү. Бул жерде Кадамжайдын акими абдан жакшы иштеди. Ал Өзбекстан тараптан жол ачылып, эл өткөрүлсүн деп сүйлөшүүгө жетишти. Бул мен көргөн мамлекеттик кызматкердин иштегендигинин эң сонун мисалдарынын бири. Аны менен жолугуштум, эл дагы ыраазы. Көрүнүп турат, ал чечим чыгарганды жана ага жоопкерчилик алганды билет. Башка учурларда, тилекке каршы, алардын убактысы болгон жок. Кайсы бир жерлерде элдин унааларын бензин уюштурууга жетишти, бирок эвакуация иш жүзүндө уюштурулган эмес. Жок дегенде мечиттер аркылуу элге качкыла деп кыйкырышса болмок...

Үчүнчүдөн, аскерлердин сөөгүн жана жарадарларын гана алып кетишти, ал эми карапайым калк туугандарын өздөрү алып чыгышты. Бул өтө жаман.

Төртүнчүдөн, эң жаманы, маркумдардын жакындары кайра эле баардык бюрократиялык схемалардан өтүшү керек болду, болбосо алар баары жеңилдетилген формада болот дешкен. Декабрь айында баткендиктер үчүн атайын топ ачкам, “Интер билим” бизде жакшы иштейт. Алардын өз тобу бар, бирок биз бейөкмөт уюмдар менен дагы мамлекеттик органдар менен да иштешебиз. Бул жерде негизги нерсе жардам берүү болуп саналат. Бул жакта жатканага барам, бир жолу Ак-Жарда болдум, кичинекей балдарга тамак-аш, памперс жеткирип бердик. Юристтердин, ишкерлердин арасынан акча чогултуп, колубуздан келгенин алып барып келдик. Мен алар менен тынымсыз байланышып турам, жолугуп турам, тилекке каршы көбүнүн көйгөйлөрү дагы деле бар.

Бирок эң жаманы – бул бийликтин кош позициясы, элдин баарын ишенбөөчүлүккө салды. Башкача айтканда, президент БУУнун трибунасынан абдан сонун сүйлөп, жоопкерчиликти өзүнө алып, Тажикстан тараптан аскерий агрессия болуп жатканын билдирди. Мандаттын алкагында мен БУУ менен абдан тыгыз иштешип, алар менен Баткен боюнча көп нерсени чече алдык. Менин аларга каршы арызым бар эле – БУУ эмне үчүн агрессорду тааныбайт. Алар мага президентибиздин сөзүнөн кийин тергөө иштерин баштоого даяр экенин айтышты, бирок бир нече күндөн кийин УКМКнын башчысы булар тажик аскерлери эмес, белгисиз адамдар экенин айтты. Ошондуктан алар мандат боюнча тергөө жүргүзүү үчүн кайрыла алышпайт. Биздин бийлик кайрылышы керек же жабыркагандар кайрылыш керек. Тилекке каршы, президенттин мындай күчтүү, таасирдүү билдирүүсүнөн кийин иликтөө жүргүзүү боюнча расмий кайрылуу болгон жок. Жергиликтүү эл дагы: “бул нерсени белгисиз бирөөлөр жасады деп кантип айтасың? Биз өзүбүз көрсөк, спутниктен тартылган сүрөттөр бар болсо”, дешет. Баткен эли кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүрсө, коопсуздугубуз камсыздалбай калабы деп чочулашат. Ошондуктан элге, албетте, компенсация, акча, үй, эң негизгиси коопсуздуктун кепилдиги керек.

- Биздин бийлик мындай кепилдик бере алабы?

- Азыр Баткенге көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер барып жатышат, мисалы, Акылбек Жапаров. Алар талкаланган үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөп турушат. Бирок мен алардын курулушун көрдүм - аны үй деп айтууга болбойт. Жергиликтүү өкүлчүлүк бул жолу үйлөр нормалдуу курулганын айтышууда, анткени буга чейин картондор менен салып коюшкан. Экинчи-үчүнчү жолу үйү күйүп кеткендер бар. Алар мындан ары мынтип жашай албайбыз дешүүдө, жакындарынан ажырап, балдар кекеч болуп, психологиялык травма алып жатышат. Албетте, бала бүгүн ойнойт, унутат, а эртеңки күнү баарын түшүнөт. Баткендиктер сурашат, эмнеге үйгө кайтабыз деп. Албетте, кээ бир адамдар айылдагы жашоого көнүп калган, алар кайра келишет, бирок көпчүлүгү балдар, аялдар жөнүндө ойлонууну суранып, балдарынын жакшы тагдырын каалап жатканын айтышат. Эгерде биздин жетекчилик бирдиктүү позицияны айтса, анда ал позиция өзгөрбөйт деп түшүнмөкпүз. А бул жерде бийлик өкүлдөрү эки башка позицияны айтып жатышат, эртең үчүнчү позиция болобу? Айтайын дегеним, эл коркуп жатат. Эне катары мен өзүм да балабызды коргоо биздин биринчи инстинктибиз экенин жакшы түшүнөм. Ошондуктан, балалуу аялдардын коопсуздук кепилдиги жок кайтып келүүсү кыйын. Көптөр документтер менен бюрократиялык кыйынчылыктарга туш болушкан.

- Кыргызстанда бийликте айымдар көп болсо, жок дегенде 50 пайыз болсо, өлкөдө абал башкача болмок беле?

- Аял жетекчи болгон жерде коррупция аз, адамгерчилик, эмпатия көп болорун далилдеген изилдөөлөр бар. Ошондуктан саясатта да, бийликте да аялдар керек. Анан кадр саясаты менен алек болушубуз керек, кадрларды тарбиялашыбыз керек, аларды окутуп, жардам берип, жөн эле күтө бербей. Бизде бирөөнү кызматка коюп, бардыгы анын мүдүрүлүшүн күтүп отургандай эле сезиле берет. Аялдарга дагы көп талаптар бар, анткени алар бизден бир жерде мүдүрүлүшүбүздү же эмоционалдуу реакция кылууну же башка нерселерди күтүшөт.Анан канчалаган аялдар квота менен жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланды, аларды окутуп, бөлбөй тескерисинче бириктирип, мыкты тажрыйбаларды көрсөтүп, анан алар башкарууга киришсе болмок. Бийлик мен аймактардан карапайым элдин арасынан элге жардам берем, коргойм деп жан дүйнөсү менен күйгөн активисттерди Акыйкатчы институтуна иштөөсү үчүн издегендей, алар дагы кызыкдар болуш керек. Бийликтегилер абийирдүү, таза адамдарды издеш керек, билбесе да, акырындап үйрөтүп, өстүрсө анан кандайдыр бир система болот. Аялдар, чынын айтсам, биригиш керек, тилектештикке, сабырдуулукка келишибиз керек. Бирөөгө күнүгө жок дегенде бир жолу жакшы сөз айтканды үйрөнүшүбүз керек, кошомат кылбай, кандайдыр бир максатты көздөбөй, анткени бардыгыбыз эле жакшы сөзгө муктаж болобуз. Жаман сөз айтууга баары даяр, а жакшы сөздү айтуу колубуздан келбегендей.

Маекти даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине