Кыргызстандагы сулуу айымдарыбыздын абалы кандай?

21:00, 12 Марта 2018

Кыргыз айылдарында ушундай айымдар бар дейсиң... Күүлөнгөн атты да токтотот, үй-бүлөсүн да жалгыз багат, балдарды да чоңойтуп өстүрөт, анан жоолугун салынып алып, кайненесине да чай берет. Алардын күчтүүлүгүнө баа бересиң. Ал эми алардын жашоо шарты, дайыма эле каалагандай боло бербейт. Кеминде дегенде, статистикалык маалыматтарга ылайык.

Улуттук статкомитет – абройлуу уюм. Статистиканын сандары – бул эч кандай эмоцияга баш ийбеген жөн гана сандар. Бирок алар кээде катуу таасир калтырат. Улуттук статкомдун Кыргызстандын аялдары тууралуу кайсы маалыматтары окурмандарыбыздын кызыгуусун жаратаарын байкап көрөлү дедик.

“Кыргызстанда аялдардын саны эркектердин санынан көбүрөөк. Анын бир катар себептери бар. Улуу муундагы аялдар үчүн бул Улуу ата мекендик согуштун кесепети, орто муундагыларга – эркектердин өлүмүнүн көп болушу. 35 жаштагыларга чейинкилердин арасында гана эркектер басымдуулук кылат. Ошондой эле бала төрөлүшүнүн саны көп болгон аймактарда эркектердин саны да артыкчылык кылат (белгилүү болгондой, кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк төрөлөт)”, - деп билдирет Улуттук статком.

Балким ошону үчүн биздин аялдар көп нерсени билип, жасай алышаттыр? Анан да ага кошумча – биздин өлкө аялдар өзүн жакшы карап, баспестеген өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок да, бул нерсе дайыма эле жакшылыктын жышааны боло бербейт. “Кыргызстандагы аялдар бардыгына милдеттүү. Алардын моюнуна ушунчалык көп нерселер илинген дейсиң, мен аларды санагандан да корком. Алардын бири – кубантуу. Бардык маанисинде, өзгөчө эстетикалык маанисинде. Колуңа балдарды көтөрүп алып, ашканада табак-идиштерди калдыратып тамак жасайсың, ошол эл кезде дебет менен кредиттерди бир-бирине дал келтиресиң, же жылдык отчетту жазасың, бирок кандай болгон күндө да Жолиден (же ким дагы бүгүн трендде?) чырайың кем болбошу керек”, - дейт интервьюларынын биринде жазуучу, журналистика кафедрасынын окутуучусу Диан Светличная.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, аялдардын орточо жашы эркектердикинен бир аз чоңураак: 28 жана 26 жаш. Башкача айтканда, аялдар жалпысынан алганда эркектерден улуурак. Бирок алар көбүрөөк да жашашат. “Аялдар менен эркектердин өмүрүнүн узундугу орточо алганда 75 жана 67 жыл. Демек азыр 60 жаштагы аялдар дагы да 20 жылдай жашай алышат, ал эми эркектер – 15 жыл. Эркектердин өлүмү аялдардыкына караганда 1,5-1,6 эсе жогору”, - деп билдирет Улуттук статком.

Статкомдун маалыматына ишенсек, жалпы республика боюнча аялдардын орточо айлык маянасы эркектердин айлык маянасынын 75%ын түзөт. Башкача айтканда, аялдар эркектерге караганда 1/4кө азырак алышат. “Аялдар айлык акысы аз болгон билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында көптүк кылат”, - деп түшүндүрөт мекеме.

Ошол эле кезде БУУӨПтүн (ПРООН) өткөн жылдагы доклады боюнча, кызыктуу бир көрүнүш байкалат: аялдарга караганда эркектер арасында кедейлер бир топ көбүрөөк. Бул болгондо да аялдардын балдарды төрөп, багышы керектигине байланыштуу алардын атаандашуу мүмкүнчүлүгү төмөн болгон учурда болуп жатат! Бирок да аялдардын жашоосу оңой эмес.

“Кедейликтен чыгуу аракетинде аялдарга көбүрөөк иштөөгө туура келет, ошол эле кезде үй иштери ошол эле бойдон алардын моюнунда. Өлкөбүздө үй иштери негизинен аялдардыкы, анткени алар күнүнө 4,5 саатын, же убактысынын 18,8%ын үй жумуштарын жасаганга жумшаганга аргасыз. Эркектер болсо 6,5% убактысын гана жумшайт. Башкача айтканда аялдар эркектерге салыштырмалуу үй иштерин жасаганга үч эсе, ал эми балдарды багып, тарбиялаганга эки эсе көбүрөк убактысын сарптайт”, - деп жазылган БУУӨПтүн докладында.

Кыргыз Республикасында аялдар орточо алганда 23-24 жаштарында турмушка чыгып, дароо эле төрөшөт. Аймактагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн таасиринен улам ар-бир бойго жеткен аялга орточо алганда 3 бала туура келет.

Ишке жөндөмдүү курактагыларды алганда, Улуттук статкомдун маалыматы боюнча аялдар баарынан көп кызмат көрсөтүү тармагында иштешет, өзгөчө кыймылсыз мүлк менен иш алып барууда (93 пайыз), саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү тармактарында (84 пайыз), билим берүүдө (79 пайыз), мейманканалар менен тойканаларда (59 пайыз), кайра иштетүү тармагында (45 пайыз). Ишкерлер арасында аялдардын саны көп, компаниялар менен фирмалардын жетекчилеринин көбү аялдар. Ал эми саясатта жана мамлекеттик органдардын жетекчилигинде аялдардын саны өтө эле аз. Коомдук ишкер жана гендердик адис Анар Мусабаева билдиргендей: “Кыргызстандын мыйзамчылыгында аялдардын бийликке келишине тоскооолдуктар жок, бул жагынан алганда биздин мыйзамдар жалпысынан жакшы. Гендердик теңдик тууралуу мыйзам бар, Конституцияда аялдар менен эркектер тең укуктарга ээ деп жазылган, 2007-жылы саясий партияларда аялдардын квотасы каралган. Тоскоолдуктар коомчулуктун мамилесинде жана формалдуу эмес саясаттын деңгээлинде болууда. Кайсы бир саясатчы кайсы бир кызматка алып келип отургузуп койгон аял эмес, өз алдынча иш жүргүзө алган, эч имге окшобогон, күчтүү саясатчы аялдын бийликке келишине бизде мүмкүнчүлүктөр аз”.

Ошондон улам чыгаан саясатчы аялдар – бизде өтө сейрек көрүнүш (өлкөбүз өтө татаал мезгилди башынан кечирип жаткан 2010-жылы президенттикке келген Роза Отунбаеваны эле эске алалы). Азырынча тенденцияга чейин дагы көп бар. Бирок үмүт кылып туралы... “А мен жакынкы жылдарда аялдарыбыз саясатка катуу аралашып кире тургандыгына ишенем”, - деген эле бир кезде экс-президент Роза Отунбаева. Аялдарыбыз саясатка аралашабы, билбейм, бирок өлкөбүздү бала сыяктуу экономикалык кризистен көтөрүп чыгаарына ишенем. Бул боло турган нерсе.

Анан да акча тапканы чет жерге аялдар жеңилирээк бара турганы, шексиз. “Кыргызстандын аялдары эркектерге караганда миграциялык жараянга катуурак аралашкан. 2016-жылдагы 7,1 миң эмигранттардын 4,3 миңи же 61%ы аялдар болгон. Ушул эле жылы бир областтан башка областка 21,3 миң адам жер которуп көчсө, алардын 14,2 миңин (67 пайызын) аялдар түзгөн”, - деген маалыматты берет Улуттук статкомитет.

Статкомитеттин билимге байланыштуу маалыматтарына кайрыла турган болсок көп кызыктуу нерселерди көрөбүз. “Республика калкынын билим деңгээли жогору бойдон калууда (99,2 пайыз). Аялдарданы арасында ал 99 пайызга барабар, ал эми эркектердин арасында – 99,5 пайыз. Ошону менен катар толук жана жарым-жартылай жогорку билимдүүлөрдүн үлүшү аялдар арасында 17 пайыз болсо, эркектер арасында ал 14 пайызды түзөт. Атайын орто билимди алган аялдардын үлүшү эркектерге караганда эки эсе көбүрөөк. Ошол эле кезде сабатсыз аялдардын үлүшү да эркектерге салыштырмалуу 2 эсе көптүк кылат”, - деп билдирет Улуттук статком.

Кызыгы, сабатсыздардын дээрлик 70 пайызы 55 жаштан жогоркуларга туура келет. А бул муундагылар Советтер союзу учурунда төрөлүп өскөндөр! Кеминде дегенде, көз карандысыздыкка жеткенибизден бери бизде кат тааныбаган, мектепти бүтпөгөн муун болбогонуна кубансак болот. Акыркы 50 жылда биздеги элдин билим деңгээли өзгөргөн эмес. Экономикалык кыйынчылыктарга, базар экономикасына өтүү учурундагы социалдык маселелерге карабай, мамлекеттик чаралардын натыйжасында балдар үчүн, анын арасына кыздар үчүн да баштапкы жана орто билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн өз калыбында сактап калалдык.

БУУӨП өз кезегинде мынтип тактайт: “Билими жок, же баштапкы гана билими бар аялдардын үлүшү эркектерге салыштырмалуу 0,9%га гана көбүрөк. Ошол эле кезде орто жана жогорку билимдүү (жогорку билимди аягына чейин алалбай калгандарды да кошкондо) аялдардын үлүшү эркектерге караганда бир топ жогору (30,6 пайыз жана 22,3 пайыз)”. Демек, аял билим ала баштаса жождун же атайын орто окуу жайынын дипломун алмайынча окуусун токтотпойт экен да. Эркектер болсо, үй-бүлөдө биринчи кезекте эркек баланын билимдүү болушуна, андан кийин гана кыздын билимине көңүл бура тургандыгына карабай, окуусун орто жолдо көбүрөөк таштап коюшат экен.

Кандай болгон күндө да, аялдардын кыргызстандагы коомдогу орду өзгөчө. Аялдарга да өзгөчө мамиле кылынат. “Миң жылдык тарыхы бар кыргыз элинде аялдарга өзгөчө урмат-сый мамиле кылынганына далил боло алган көптөгөн мисалдарды айта алабыз. Жакынкы тарыхыбызга кайрыла турган болсок, Калыйпа Кондучалова менен Уркуя Салиеваны эстейбиз. Эгер андан мурдараак заманга кайрылсак, Курманжан датканын өмүрү, кылган иштери кийинки муундагыларга баа жеткис сабак болуп эсептелет. Ушуга окшош дагы толтура мисалдарды келтирсек болот”, - деген эле бир сөзүндө парламенттин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков. Айтканында калет жок.

Өтүп кеткен 8-март майрамына байланыштуу айтылган жылуу каалоо-тилектерге биздин редакция да кошулуп, окурман аялдарыбызга татынакай, бактылуу, ден-соолугу чың, келечекке үмүт менен караган жөн гана аял болууга дайым себептер болуп турушун каалап кетет. А чындыгын айтканда, биз жүрөгүбүздүн түпкүрүндө өзүбүздү дайыма ушундай сезебиз. А кыйынчылыктар – өтмүш нерселер, аларды жеңе алабыз. Жеңебиз, биз ага көнгөнбүз.

Даярдаган Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине