Сиз беш айдан бери СИЗОдо отурасыз, тергɵɵ аяктап калдыбы?
Тергɵɵнү Кыргызстандын эң мыкты жыйырма (!) тергɵɵчүсү ишке ашырууда. Ошондуктан аяктап калды деп, ишенгим келет. Биринчи эки айга камаганда, мени бир эле жолу ИИМке алып барышкан, ал жакта беш суроого жооп берип келгенмин. Суроолору менин социалдык медиадагы аккаунттым жөнүндө болду, анын аталышы, кандай постторду жазганмын, фейк аккаунттымын барбы деп да сурашты. Дагы эки айдан кийин бизге лингвистикалык, политологиялык жана комплекстүү экспертизанын корутундусун кɵрсɵтүштүү. Кɵчүрмɵсүн бере албайбыз, бул иштин (Кемпир-Абадды коргоо боюнча иш) атайын жашыруун статусуна байланыштуу.
Колубузга кагаз бербесе, экспертизаны дайыңдап атканда, кандай суроолорду койгонун биз менен макулдашпаса – бул мыйзамсыз иш аракет деп, таанышуудан баш тарттык. Үчүнчү эки айлык мɵɵнɵттү узартып атып техникалык экспертиза даяр болбой калды деп, сотто билдиришти, бирок ал экспертиза качан дайыңдалган, эмнени иликтеп жатат, бир дагы суроого жооп жок.
Үч жолу бɵгɵт кою чарасы сотто каралып, камакка алууну узартып атышат, кандай мыйзам бузуулар менен коштолдуу?
Саясий буюртма менен камалгандарга карата милиция, прокуратура, сот тараптан деле мыйзам деген нерсени четке кагышат экен. Биринчи жолу мага эки айга камалсын деген чечимди Биринчи Май райондук сот чыгарып аткандагы, мыйзамды бузуу аракеттерине кɵз салалы. УПК (Жаза Процессуалдык кодекс) 5-беренесинде түнкү убакыт деген түшүнүктү так белгилеген 22:00 – 06:00. Биздин топту 24 октябрда саат 17:00 сотко алып келип, менин бɵгɵт кою чарамды 25 октябрь эрте мененки саат 04:00 карашты. Бирок соттук чечим 24 октябрь деп кеткен.
Эмнеге сот саат 22:00 соттук териштирүүнү токтоткон жок, 25 октябрда уланткан жок?
23 октябрда эрте мененки саат 08:00 үйүбүздɵ тинтүү кылып, кечки саат 17:00 кылмышка шектүү катары 48 саатка камоо чечимин кабыл алган. Соттор 25 октябрда биздин ишти шашпай караганга мыйзам жол бермек, каякка шашышты?
Ишке “жашыруун” деген статус коюшуптур, себеби эмнеде?
2023-жылдын 11 январында тергɵɵнү жетектеген полковник Улан Жапеков Кемпир-Абад боюнча ишке жашыруун болсун деген токтом чыгарды – бул мыйзамсыз.
1. “коомго болгон коркунуч” жана “конституциялык түзүлүштү бузуу боюнча кылмыш” кылмыш ишти жашыруун кылууга негиз болуп бере албайт;
2. бизди айыптан аткан берене “массалык башаламандыкка даярдык кɵрүү” деп аталат, бирок конституциялык түзүлүштүү бузууга тиешеси жок. Ал ɵзүнчɵ берене, бизге тиешеси жок.
3. Мамлекеттик сырды коргоо боюнча атайын мыйзам бар, ал жерде кандай маалымат сырдуу болушу мүмкүн, алар кантип тизмеге киргизилет, сырдуулуктун деңгээли кантип аныкталганы жазылган. Бүгүнкү күнгɵ чейин кайсы маалымат сырдуу жана ал документ биздин колго каяктан келгенин тергɵɵчүүлɵр айтыша элек.
4. Биздин Конституциябызда 61-берене, ар бир жаран сот аркылуу коргоого алынат (биз жактоочу аркылуу коргоонуга унуктубуз), бирок жактоочуларыбызга бир дагы документ бербей атканы мыйзам бузуу.
Сиз менен бирге СИЗОдогу отурган айымдардын укугу бузулганын байкадыңызбы?
СИЗОдо отурган айымдардын кɵбүнчɵсү алдамчылык беренеси менен. Бул жерде милиция, прокуратура системасы камоону карызды кайтаруу куралы кылып алышкан. Жарандык укуктук мамилени кылмыш аракети деп бурмалап, кɵп деген айымдар камакта отурушат. Дагы бир маселе жүрɵктү оорутат, баңгизат жайылтуу боюнча камалган жаш кыздар. 18-25 жаштагы кыздар, жигиттер менен жолугушууга чыгып, жигиттин сумкасынан баңгизат табылып, жанында жүргɵн кызды дагы кармап, булар уюшулган топ деп камашат экен. Ким менен сүйлɵшүп баңгизатты сатып алган, кимге сатканын аныктабай эле, бул кылмышты биргеликте билип туруп жасадыңар деп 12-17 жылга кесилип кеткенин күбө болдук, эмнеге бул кɵрүнүш оңолбой жүрɵт, оңолууга аракет жок окшойт.
Сиздерге карата болгон адилетсиздиктен кийин келечеке болгон үмүтүңɵр үзүлгɵн жокпу?
Мартин Лютер Кингтин бир сөзү бар эле “Бул дүйнɵдɵ эмне кана жасалбасың, ал ишеним менен жасалат” деген. Биз жашообузда ар кандай оорчулука кабылабыз. Ал окуядан күчтɵнɵбүз, сабак алабыз. Бирок биздин иште кандай коркунучтар бар?
1. Күнɵсүз адамга карата кылмыш ишин ачыктап ачык кылып койсо болобу?
2. Ал мыйзамсыз кылмыш иши экенин кантин далилдейбиз, эгер кылмыш ишке “жашыруун сыр” деген гриф коюшса?
3. Камакка алуу менен биздин ишенимди сындыруу же жок дегенде жүдɵтүү максаты барбы?
4. Бийликке сын пикир айтуу кылмыш болуп калса, кыргызстандыктардын оозун жабайын деген ою барбы?
Келечек кандай болот ар бирибиздин колубузда, сɵзүбүздɵ, иш-аракетибизде. Кең келечеке чоң ишеним бар.
Кылмыш иш, тинтүү, камоого алуу – мыйзамсыз, эмнеге бийлик мындайга барды?
Былтыркы күзүндɵ Кемпир-Абад маселеси Жогорку Кеңеш аркылуу ратификация болушу керек эле. Биз, Кемпир-Абад коргоо комитети, чогулуштан кийин депутаттар менен иштеп, аларга документтерди кɵрсɵтүп, түшүндүрүү иштерин баштайлы деп атканбыз. Ошондуктан, бизди депутаттарга жеткирбей эртеси күнү эле жыйынга келген адамдарды (келбеген, бирок социалдык тармакта бул маселе боюнча жазгандарды да камашты) үйлɵрүн тинтүүгɵ алып камашты. Парламенттен ɵткɵрүп алгандан кийин Өзбекстандын президенттин күтүштү. Азыр бул маселе чечилип, жер башка ɵлкɵгɵ ɵтүп кеткенден кийин бизди боштондукка чыгарбоо – башкаларга сабак болсун деген аракет. Саясатчыларга, активисттерге, укук коргоочуларга жана журналисттерге жасалган чабуул – бийлик күчтɵнүп, мыйзамсыз аракетине эч кимге сын пикир айтбасың дешет.
Кемпир-Абад коргоо комитети бийликке реалдуу коркунуч жаратып жатабы?
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга биригүү эркиндигине укук берет. Биз ушул укукту колдонуп, маанилүү, стратегиялык жер башка ɵлкɵгɵ кетип калбасын деп, коргоо комитетин түзгɵнбүз. Комитет түзүлɵрү менен камалдык. 22-октябрда чогулуп, активисттерге чакыруу жиберип, биргеликте жерибизди коргоп алалы деп, биринчи эле кадамыбызды жасаганда бийлик кооптонуп, 23-октябрь күнү эрте мененки саат 08:00 отузга жакын ошол жыйынга катышкан адамдардын үйлөрүндө тинтүү ɵтүп, андан сон баарыбызды камоого алышты. Комитет жерди ɵткɵрүп берүүгɵ тоскол болуп, парламентте кол топтоого оорчулук жаратмак. Бул маселе боюнча президент убада берип койсо керек, анан артка жол жок болуп, ɵз элин алдоо аркылуу жерди беришти. Тарых баарын ɵз ордуна коет.
Сиз соттук реформага байкоо жүргүзүп келгенсиз, кайсы демилгелер жемишин берип жатат?
Сот бийлиги мыйзамдын гана негизинде иштеш үчүн, ал кɵз карандысыз болуш керек. Кɵз карандысыз сот бийлиги – бул кандай? Мамлекетте үч бийлик бутагы бар: соттук, аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу. Бийлик бутактардын ортосунда тең салмактуулук болуш керек, бир дагы бийлик бутагы башкасына үстɵмдүк кылбаш керек. 2020-жылы азыркы бийлик жеңишке жетип ɵз бийлигин орнотору менен жаңы конституцияны кабыл алышкан. Бул ɵзгɵрүү башкаруу системасына тааңдык болуп, президенттик башкарууну орнотту. Президентке сот бийлигине карата кɵп деген мүмкүнчүлүктү беришкен. 2022-жылы сотторду жалпы ротация кылышты, аны соттук системадагы – чоң реформа катары кɵрсɵтүштү. Орун алмашуудан сумма ɵзгɵрбɵйт дегенди билишпейби?
Президент кɵп жолу ырайымдуулук, кечиримдүүлүк жана адилеттүүлүк жɵнүндɵ айткан, эмнеге силерге карата бул нерсени колдонбойт?
Эң ɵкүнүчтүүсү, баардык маселеге президент жооптуу деген. Милициясы болобу же коопсуздук кызматыбы, бирɵɵнү камаганга чейин жасалган кылмыш иштин далилин табыш керек. Прокуратура мыйзамдуулукту кɵзɵмɵлдɵгөн орган. Тартип сактоо органдары туура иш кылып жатабы, ɵз укуктарынан аша чаап кеткен жокпу, жасаган иши мыйзам чегиндеби дегенди көзөмөл кылуусу абзел. Ошол үчүн аларды кɵзɵмɵл органы деп коет. Сот системасы бул ɵзгɵчɵ бийлик бутагы. Алар, мыйзамга таянып президенттин иш аракетине баа берүүгɵ милдеттүү. Бизге болсо, бул адилеттүүлүктү орното турган институттар тескеринче, бир адамдын буюртмасын аткарам деп мыйзамдарды тебелеп, ачык айкындуулуктан качып, баардык күч аракетин ɵлкɵдɵгү эркиндиктерди кысуу менен алек.
Эркин ЖМКларга карата кысым болуп атканы баарыбызга маалым, Түркмɵнүстан болуп калабызбы?
Жалпыга маалымат кызматы Кыргызстанда кандай гана оорчулукту башынан ɵткɵргɵн жок. Кысымдар, журналистерди ɵлтүрүү, миллиондогон айып пул сот иштерин башынан ɵткүзгөн ЖМКлар, эркин журналисттер өз мекенинен чыгарып жиберүүдɵн, сайттарды токтотуп коюдан, мекемелердин эсептик счетторун арестке алган учурлан жок эмес. Расмий катталган ЖМКларды кысымга алып жабып койсо, анда эркин журналисттердин саны көбөйөт. Блогерлерди камаса - фейк аккаунттар кɵбɵйөт. Кылымдарды жаңыртып эркиндикте жашап келген кыргыз камалса, кысымга алынса да эркиндик үчүн күрɵшү токтобойт. Ошондуктан, жабык ɵлкɵ болуп кетпейбиз деген ишеним бар. Акыркы жылдары, кысымга карабастан журналисттик иликтɵɵнүн саны дагы, сапаты дагы ɵсүп атканын кɵрүп сүйүнɵм. Кыргызстандын келечеги кең, болгону эркиндигибизди жоготпойлу.
Эмнеге кылмышты алдына алуу же эскертме берүү бизде иштебейт?
Мисалы, биринчи кармалганда жанында болуп калып, билбей бирɵɵнүн сумкасын жеткирип кармалгандарга учетко алып эскертүү берилсе. Экинчи жолу кайра ошол кишинин ысымы чыкса - очойгон айып пул салса. Баңгизат менен кармалгандар жоопко тартылбаш үчүн беш миң доллар пара беришет экен. Айып пул расмий мамлекеттин бюджетине түшүп турмак. Үчүнчү жолу эркинден ажыратуу болсо. Көбүсү эскертүүдɵн кийин, кээ бирɵɵсү айып пулдан кийин кылмыш жолунан кайтмак. Элестеткиле, жакың эле досторуңар менен сейилдеп келем деп кɵчɵдɵ кармалып камалып кеткенсеңер.
Даярдаган Лейла Саралаева