Ой бар, же кантип Ошто байыркы кварталды калыбына келтирсе болот

15:06, 5 Февраля 2018

Дагы бир аздан кийин Оштун чок ортосунда байыркы кварталды калыбына келтирүү тууралуу ой-кыял ишке ашышы мүмкүн. Шаардык бийлик “ЭтноОш” коомдук фондусун ачуу демилгесин колдоп чыкты, ал эми бул фонд болсо Сулайман-Тоонун түндүк капталындагы Токтогул атындагы областтык китепканага жана Ош мамлекеттик университеттин башкы корпусуна жакын жерде байыркы этно шаарчаны куруу сунушун айтып келет. Уникалдуу тарыхый арт-объект мурдагы Алебастровая көчөсүндө эки тарыхый объектилердин ортосунда курулмакчы: анын бир учунда XVII-XVIII кылымдарга таандык Рават Абдуллахан мечети болсо, анын экинчи учунда ХХ кылымдын башында курулган, жыгач шыбына кооз оюм сүрөттөр түшүрүлгөн Мухаммед Юсуф Байходжы оглынын мечети турмакчы. Бул көчөнү жергиликтүү жана келгин сүрөтчүлөр дагы жакшы көрөт, анткени ызы-чуусу көп шаардын көчөлөрүнөн бул көчөгө өтүп келгениңде байыркы шаардын жай жашоосуна сүңгүгөндөй болосуң.

Шаардын өзгөчөлүгүн, байыркы тарыхы бар экендигин көрсөткөн ушуга окшош долбоор эчак эле ишке ашырылышы керек болчу. Өкмөт өткөн жылдын апрелинен бери ар-бир аймак туристтик брендин иштеп чыгуусу тууралуу сөз кылып келет, а бул жерде эч нерсни ойлоп чыгарбай эле койсоң болот, жөн гана демилгени колдоп коюш керек. Болгондо да улуттук деңгээлдеги демилгени!

Тилекке каршы, муну уккан адам таңгалаар, бирок Оштун тарыхы начар изилденген. Китеп дүкөндөрүнөн шаардын тарыхы тууралуу бир да китепти таппайсың. Тарыхчылардын жана археологдордун сейрек китептери чакан нуска менен гана чыгарылып, алар басмаканадан чыга электе эле раритет болуп калышты. Көз карандысыздыктын 26 жылында Оштун тарыхы боюнча калың элге тарыхчы Антонина Захарованын эки гана китеби тартууланды.

Дагы да таңгалычтуу нерсе, бизде азыркыга чейин конокторго жана туристтерге зарыл болгон Ош шаарынын туристтик картасы жок. Ал эми Бишкекте бардык конок үйдөн шаардын картасын акысыз алсаң болот.

Туризм боюнча департамент аймактарга көңүл бургандын ордуна көндүм болуп калган туристтик маршруттарды жана багыттарды гана жылдырып келет. Мисалы, жыл сайын, согуш майданынан маалыматтарды окугансып, Ысык-Көлдүн күнгөйүнө канча адам эс алганы келгенин айтышат, бирок көлдүн экотүзүмү элдин ушундай көп санын көтөрө алабы, ал тууралуу ойлонуп да коюшпайт.

Ар-биринин өз тарыхы, өзгөчөлүгү бар аймактарды жылдырышыбыз зарыл, туристтик тармак жалгыз гана Ысык-Көл менен чектелбейт. Моюнга алышыбыз керек, ысык-көлдүк пансионаттарыбыз менен биз, ашып кетсе, чет элдик курортторго баралбаган өз жарандарыбыз менен коңшу казактарды жана да Советтик Союзду сагынган орустарды гана кызыктыра алабыз. Башка туристтер башка жактарга кызыгат. Кытайлыктар будда шаарчаларын көрүш үчүн Буранага барышат. Баарын көргөн европалыктарга биздин Тянь-Шань, Алай жана Оштун базарлары кызыктуураак.

Ошондуктан ушундай демилгелерди биз мамлекеттик деңгээлде колдошубуз зарыл! Бул аймактарды колдоо жылы деп аталган жылда өзгөчө мааниге ээ болуп калат. Оштуктардын демилгесин Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин жаңы жетекчиси колдогону кубандырбай койбойт.

Ошто туристтерди жана шаардын конокторун кызыктырган эки нерсе бар. Алардын бири – Сулайман тоосу. Ошондуктан министрлик тоонун таманында этнографилык шаарчаны куруу тууралуу Ош мэриясынын демилгесин колдойт. Бул аймакта жашаган шаардыктардын кызыкчылыгын эске алуу менен андагы көчөлөрдү табигый абалында сактап калуу зарыл”, - деди “Жаңы Жүздөргө” берген интервьюсунда Маалымат, маданият жана туризм министри Султан Жумагулов.

Министрдин айтымында, мындай этнографиялык шаарчанын курулушу бардык тарапка пайда гана алып келет: жергиликтүү калк киреше табуунун кошумча булагына ээ болот, жергиликтүү музейлер жана кол өнөрчүлөр, аны менен катар жалпысынан Ош шаары да жүздөгөн жаңы туристтерди тарта алышат.

Ошону менен катар, жаңыдан курулган жана оңдолгон үйлөр кино тартыш үчүн тарыхый объектилерди издеген киноиндустриянын өкүлдөрүн кызыктырышы мүмкүн.

Келечектеги этношаарча кандай болот?

“Бул көчө ЮНЕСКОнун коргоосундагы аймакка киргендиктен, этнографиялык шаарчаны куруу иштеринин бардыгы бул абройлуу эл аралык уюмдун талаптарынын негизинде гана жүргүзүлмөкчү. Орто кылымдагы Оштун архитектуралык эементтерин калыбына келтирип, бул көчөнү орто кылымдагы шаардык көчөнүн кейпине алып келсекпи деген оюбуз бар. Өзбекстанда, Казакстанда, Түркмөнстанда жана Түркияда ушуга окшош кварталдар бар. Туристтерди тартыш үчүн жана өз тарыхына кызыгууну жаратыш үчүн алар эски шаардык кварталдарды сактап калышкан же мурунку кебетесине алып келишкен. Эмне үчүн биз да андай кылалбайбыз? Алебастровая көчөсүн калыбына келтирүү үч багытта жүрмөкчү. Биринчиден, ар-түрдүү тармактагы кол өнөрчүлөр иштей алган кварталды курмакчыбыз. Биздин бактыбызга, Ош шаарыбызда токуучулардын, зергерлердин, темир усталардын жана тери иштеткендердин династиялары сакталып калган. Атактуу лейлек шырдакчыларды да, чоң-алайлык өнөрпоз токуучуларды да тартсак болот бул жерге. Экинчиден, ошол эле жерде туристтер үчүн этникалык маанайдагы мейманкана сыяктуу конок үйлөрүн ачсакпы дейбиз. Мындай үйлөрдө байыркы ички көрүнүшү эч өзгөрүүсүз болмокчу, башкача айтканда туристтер тапгчанда жайгаша алышат же кааласа үйдөгү ички короодо. Алыс жол арытып келген конокко не керек? Ачык асмандын алдындагы таза шейшеби бар төшөк, ашкабактан жасалган капастагы чымчыктын сайраганы. Үчүнчүдөн, жергиликтүү тамакка кызыгууну арттырууну каалайбыз. Бул шаарчада Кыргызстандын түштүгүндөгү тамак-аш салты тууралуу кенен маалымат берген фестивалдарды уюштуруп турууну пландап жатабыз. Ошто кардарлар, илгеркидей эле, айрым атактуу ашпозчулардын тамагынан – ош самсысынан, ашынан же мантысынан жесекпи деп эңсешет”, - деди “Жаңы Жүздөргө” берген интервьюсунда “ЭтноОш” коомдук фондусунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү Топчубай Досбаев.

“ЭтноОш” фондунда бизге билдиргендей, шаардын бул кварталдарынын тургундары менен кызматташуу тууралуу келишим түзүлмөкчү. “Каалагандар бул долбоордун ишке ашырылышына катыша алышат. Алар менен келишим түзүлөт, алардын үйлөрү ансыз деле коргоо аймагында жайгашат эмеспи. Бул үйлөрдү бузганга болбойт, бирок аларды жакшыртса, оңдосо болот. Биз келечектеги этнографиялык шаардын план-схемасын түзгөнбүз, аны Маалымат, маданият жана туризм министрлиги колдоп берет деген үмүтүбүз бар”, - дейт Топчубай Досалиев.

Баары эмнеден башталган эле?

Эгер шаардын карылары жана тарыхчылар менен сүйлөшсөңөр, ушуга окшош кол өнөрчүлөрдүн шаарчасын куруу демилгеси өткөн кылымдын 80-жылдары эле айтылып келгенин билсе болот, ал кезде Сулайман-тоодо археологиялык казуу иштери кызуу жүрүп жаткан эле. Ош шаарынын тарыхын изилдеген белгилүү тарыхчы, археолог Бакыт Аманбаеванын айтканына ишенсек, ал эмес ушундай шаарчанын концепциясы да иштелип чыккан экен.

2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилөөгө даярдык жүрүп жаткан кезде бул долбоорду жандандырууга аракет болгон, бирок ал демилге ишке ашпай калды. Тогуз жылдан кийин кайрадан көчөнү оңдоп, калыбына келтирүү аракети болгон. Бирок жыйырма жыл мурдагыдай эле ой-тилектин бардыгы кагаз бетинде калды. Бул жолкуда бардыгы башкача болот деп үмүт кылалы.

Байыркы заманда, мечиттер менен медреселердин көптүгүнөн бул көчөнү “шейхтердин айылы” деп коюшар эле. Совет мезгилинде жанындагы Сулайман-тоодон (ал толугу менен акиташтан турат) алебастр казып алынгандыктан көчөнүн атын Алебестровая кылып өзгөртүшөт. Бул көчө Курманжан датка жана Навои көчөлөрү менен кесилишет. Ал 1982-жылы негизделген мурдакы Оштун бириктирилген тарых музейинен башталат. Музей комплексинин курамына 90-жылдары элге кайтарылып берилген Рават Абдуллахан мечити жана кирүүгө тыюу салынган, казуу иштери жүрүп жаткан байыркы мончо кирет эле.

2009-жылы жергиликтүү депутаттардын чечими менен Алебастровая көчөсү Кол өнөрчүлөр көчөсү деп аталган. Шаардык кеңеш каршы болбогондо, бул көчө Ош шаарында туулуп өскөн театр артисттери Тажихон Хасанованын жана Журахан Рахмановдун ысмын алып жүрмөк. Оштун театр ишмерлери ушул суранычтары менен шаардык бийликке 1977- жана 2008-жылдары кайрылган болчу. Театр ишмерлеринин эки суранычы тең ийгиликсиз болгон.

Шаардык чок ортосунда жайгашкан мурдагы Алебастровая көчөсүнүн Оштун тарыхындагы орду чоң. Өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери шаардык бийлик бул көчөгө өзгөчө мамиле кылып келет, ал эми 2011-жылы Сулайман тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк тарыхый-маданий мурастарынын тизмегине киргенинен баштап, көчөнүн мааниси дагы өстү. Оштогу атактуу тарыхый кварталдардын биринин байыркы калыбына келтирилиши өлкөдөгү көрүнүктүү маданий, туристтик жана экономикалык окуялардын бири болмокчу.

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине