Талас күрддөрү. Дурсун Бекироглынын үй-бүлөсүнүн тарыхы.

08:59, 14 Ноября 2014

Таластан чыгышты көздөй 100 км алыстыкта жайгашкан  Аманбаево айылы бир кезде  Грозное деп аталчу.  Бул айыл сазда жайгашып,  ыркырап шамал улуп, ал эми кышкысын кычыраган суук болгонунан улам, биринчи болуп байыр алган Орусиялыктар ушундай аталыш беришкен. Сталиндик репрессиянын жылдарында 1944-жылы күнөстүү  Ажариянын тургундары Дурсун Бекироглынын үй-бүлөсүн ушул жакка айдашкан.

1944-жылы 24- июлда  Берия кат менен (№ 7896) И.  Сталинге кайрылт. Ал мындай деп жазган:

Описание: A description...

Бир катар жылдардан бери Түркия менен чектеш райондогу бул калктын басымдуу бөлүгү туугандык байланыштары, мамилелери менен миграциялык маанайда жүрүшөт. Контрабанда менен алектенип, түрк чалгын кызматтары үчүн тыңчылык кызматтарды жана бандиттик топтордун өнүктүрүүсү үчүн кызмат кылып жатышат.

Описание: A description...

Ал,  « СССР  НКВДсы Ажария АССРинин айылдык кеңешинен – 16700 түрктөрдүн, күрддөрдүн жана хемшиндердин чарбасын бул жакка жайгаштыруу максатттуу деп эсептээрин билдирген». 31- июлда Мамлекеттик Коргонуу Комитети, СССР НКВД нын атайын жайгашуу Бөлүмүнүн документтеринде белгиленгендей, бир нече миң күрддөрдүн үй-бүлөсүн Грузин ССРинен Казак, Кыргыз жана Өзбек ССРине көчүрүү туурасында токтом (№6279, «өтө жашыруун»)  кабыл алган. Бардык операцияларды,  Бериянын буйругу боюнча А.Кобулов жана грузин мамкоопсуздугунун элкому Рапава жана ички иштер элкому Каранадзе жетектеген, ал эми анын ишке ашырылышы үчүн НКВДнын 4000 оперативдик кызматкерлери бөлүнгөн.

Ал кез коркунучтуу мезгил болгон. Элди көчүрүп жиберүү СССРдин саясий репрессиясынын бир формасы болгон. Депортациянын репрессия катары өзгөчөлүктөрүнүн бири анын соттук эмес мүнөзү, контингенттүүлүгү жана элдин басымдуу тобун алар үчүн көнүмүш эмес, жашоого кыйын жерлерге көчүрүү болгон. Жыйналууга бир нече саат беришкен, эл эң керектүүсүн гана алууга үлгүрүшчү. Аларды вагонго жүктөп, бүт мамлекетти кыдыртып алып, такырайган жерге алып барып түшүрүп салышчу. Алар жашоосун ушул өзүнө тааныш эмес жерде барын жаңыдан куруп башташы керек болчу.

59 жашар Дурсундун ата-энеси Талас областына келишип, акырындап жайгаша башташат. Үй курушат, колхоздо иштешет. .

Күрд макалында айтылгандай: «Кыйынчылыкты ким көрбөсө, жыргалчылыкты да баалай албайт».

Дурсундун балалыгы менен жаштыгы социализмди куруу жылдарына туш болду, ал кезде Талас областы гүлдөп турган, бул аймакта  дыйканчылык менен мал чарбачылыгы дүркүрөп өнүгүп жаткан эле.  СССРдин саясаты интернационалисттик духта болгон жана депортацияланган адамдардын кийинки муунуна «ишенимсиз» айыбы тагылчу эмес.

Жылдар өтүп жатты. Союздун кулашы менен башка мезгил башталды – улуттун өзүн өзү таануу мезгили. Он миңдеген орустардын, украиндердин, немистердин  үй-бүлөлөрү Талас областынан кете башташты. Анан 2009-жылга бул областтагы күрддөрдүн этникалык тобу бул аймактагы эң чоң топ болуп калды, алар 5 миңден ашык адам эле.

 Аманбаево  айылында бүгүнкү күнү 40 ка жакын күрд үй-бүлөсү жашайт. Ондогон жылдар мурда ата-энелери бул жерде төө буурчак айдоону үйрөнүп алгандыгынан улам, азыр жакшы турушат. Өткөн жыл абдан түшүмдүү жыл болду жана  Дурсун Бекироглы өзүнүн үч кызына жакшы сеп камдап алды. Жыл сайын ал өзүнүн аялы  Нүргүл экөө кыздарын күйөөгө беришет. Натыйжада алардын үч кызы Казакстанга турмушка чыгышып, үй-бүлөлүү болушту. Бирөө Орусияда жана үчөө бул жерде, Кыргызстанда.

Күрд макалында айтылгандай: «Жаш кезде үйлөн, балдарың да сага жолдош болуп калсын». Азыр өздөрү деле кары эмес жубайлар бүгүн 18 неберенин чоң ата-чоң энеси.

Бүгүн алар чоң үйдө үчөө жашашат – Дурсун, Нүргүл жана  11 жашар уулу Магомед. Ата эненин эң кичүү уулу жакшы окугандыгы жана чарбага жакшы жардамы менен кубандырып келет. Эмне, 25 сотых огордду иштетип, ага кошумча жер үлүшүн иштетүү, о.э. мал женен тоокторго күн сайын камкордук көрүү оңой бекен?

«Кандай иштесең, ошондой тамак жейсиң», - деген күрд макалын Нүргүл  Бекироглы көп кайталайт. Кыздарын эмгек менен чоңойтушту, бүт үмүтү болгон жалгыз уулун да эмгекке үйрөтүп келатышат. Мүмкүнчүлүгүнө жараша кыздарына да жардам берип турушат.

Талас областында жашаган 70 жылдын ичинде күрддөр өздөрүнүн этникалык өзүнчөлүгүн сактап калышты. Үйдө  фарсы тилдерине кирген күрд тилинде сүйлөшөт. Бардыгы бири калбай кыргыз жана орус тилдерин билишет. Көбүн эсе өз элинин өкүлдөрүнө турмушка чыгып, өз кыздарына үйлөнүшөт. Буга жараша  Кыргызстан менен коңшу Казакстанда күрддөр да көп. Колуктуларды, эреже катары, тойлордо жана үйлөнүү тойлорунда карап, көрүп кетишет.

Бирок, улут аралык тойлор да болот. Мисалы, популярдуу таластык саясатчы Өмүрбек Бабановдун ата-энесине окшоп. Анын апасы күрд кызы, Дурсун Бекироглынын алыскы туугандары болуп кетет. Ушундай никеден төрөлгөн балдар сулуу, акылдуу жана таланттуу болушат.

Өз келечегин Таластын күрддөрү ушул гана жерден көрүшөт. Көпчүлүгү ушул жерден төрөлүп, өсүштү. Алардын ата-энеси да ушул жерге көмүлдү. Эми балдары да ушул жерде жашашат. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстан алардын мекени. Ал эми күрд макалында мындай делет:  «Мекени жок адам, канаты жок кушка окшош».

 Лейла Саралаева, Сүрөт: Абылай Саралаевдики

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине