Сталиндик доордогу СССРдин тарыхындагы каргашалуу барактардын бири – улутуна карап депортациялоо болгон. СССРдин Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, 1936-жылдан 1951-жылга чейин 3 миллион 600 миң жаран - 40тан ашык элдин өкүлдөрү, анын ичинде корейлер, немистер, чечендер, ингуштар, балкарлар, крым татарлары, месхет түрктөрү жана башкалар гумандуулукка жат ушундай каргашага дуушар болушкан.
Депортация же мажбурлап жер оодартуу саясий репрессиянын бир түрү болгон. Казак тарыхчыларынын маалыматы боюнча, Казакстандын аймагына дээрлик 1,2 миллион адам күчтөп көчүрүлгөн. Кыргызстанга 137 миңден ашуун адам жер оодарып келген.
“Оторчулуктун ак тактары” аталган өлкөлөр аралык долбоордун алкагында: “Республика” (Казакстан) жана “Новые лица” (Кыргызстан) эки редакциясы үч элдин жер оодарууга кабылган тарыхын изилдейт. Совет өкмөтү аларды башкалар менен кызматташкан деп шек санап, “ишенчиликсиз” катары айыптаган. Натыйжада корейлер менен чечендер Казакстанга, ал эми месхет түрктөрү Кыргызстанга сүрүлгөн.
"Адегенде кулакка тартышты, андан кийин жер оодартып жиберишти"
«1937-жыл экен, чоң атам 7 жашар бала болуптур. Ал жүк ташыган вагондордо мал менен чогуу келгенин дайыма эстээр эле. Аларды Хабаровск крайынын Благовещенск аймагынан Орто Азияга (Борбор Азиянын эскирген аты – ред.) алып кетишкен. Менин чоң атамдын атасын кулакка тартышкан, себеби ал бай, чарбачыл адам болгон. Андан кийин аны атып, үй-бүлөсүн жер оодартып жиберишкен. Жети баланын ичинен бир кызы жолдо каза болгон”, - дейт Лингва Тен тил мектебинин директору, Астананын тургуну Владислав Тен.
"Алар улуттун рухун сындыргысы келген"
"Менин чоң энем Чечен-Ингуш АССРинин Ачхой Мартан деген чакан шаарында жашаган. Каргашалуу окуя болгондо ал 12 жашта болгон. 1944-жылдын 23-февралында таңга жуук үйгө куралчан адамдар келишип, жыйналууга буйрук беришип, аларды алып кетишээрин айтышкан. Эч ким эмне үчүн жана кайда барарын билген эмес. Адегенде аларды Грозныйга алып барышып, андан соң жүк ташуучу поезддерге (мал ташыган вагондорго) жүктөп, болжол менен 27-февралда поезддер Грозныйдан жөнөп кетишкен», - дейт казак журналисти Шуддин Саидов.
Шуддиндин айтымында, анын ата-бабаларынын бөтөн жерге көчүүсү адам чыдагыс шарттарда болгон.
«Алар улуттун рухун сындырып, элди жок кылгысы келсе керек. Өз эркине каршы жер оодарып бараткандарды басмырлап, дааратканага барууга мүмкүнчүлүк бербей кармашкан. Эркектерди аялдар, анын ичинде кыздары, келиндери менен бир вагонго тыгышкан. Эркектер бөйрөктөрү ооруганынан азап чегип, бирок алардын көзүнчө заара кылыша албай, чыдап, акыры каза болушкан. Аялдар унчукпай, бирок көздөрүнө жаш алып, отурган жеринде кое берип турушкан, башка ылаажы жок эле. Чоң энемдин көз алдында өлүп калган туугандарын, тааныштарын жол боюна ыргытып кетишкен, шарт болуп калган кезде өлүктөрдү карга көмүшкөн».
Шуддин Саидовдун чоң энеси жүк ташыган вагондордун туткасын аскерлер эл ача албагыдай кылып жулуп таштаганын, нааразы болгондорду ошол жерде чогуу бараткандарды сабоого курал кезеп мажбурлашканын айткан.
"Аскерлер нанды итке беришкен, бирок адамдарга беришкен эмес. Жолдо аялдарды эркектердин көзүнчө зордуктап турушкан. Албетте, муну эч ким мойнуна алган эмес. Анткени бул жеткен шерменделик болгон. Ушундай азап-тозоктор баштан өткөн, мунун баарын көз жашсыз эскерүү мүмкүн эмес", — дейт Саидов.
Жолдо Шуддиндин чоң энеси келте менен ооруп калып, башкаларга жугуп калбасын деп аны Үштөбе станциясынан таштап кетишкен.
«Аны ошол жерден эл көрүп калып, ооруканага алып барышкан. Апасы жана бир туугандары андан ары кетишкен. Чоң энем алар менен эки жылдан кийин гана табышкан, көрсө, алар бири-биринен 50 чакырым аралыкта гана жашашкан экен», - дейт Саидов.
Менин атамдын атасынын, чоң атамдын тагдыры да өтө оор болгон:
«Чоң атам кеткиси келбей, качып кетүүгө аракет кылып, кармалып калып катуу сабалган. Ал улуу агасы экөө атасынан, бардык туугандарынан ажырап, экөө гана калышкан. Натыйжада агасы экөөнү сабап, вагондорго салып, айдап жиберишкен. Ал Түлкүбас районундагы Кызылту айылына туш келип, казак үй-бүлө аны багып алган. Бул үй-бүлөдө ал бир жыл жашап, кийин алар окууга өтүүгө жардам беришкен».
"Чоң энеме 3 күнгө алып кетебиз деп айтышкан"
Грузиянын түштүк-батышындагы Месхети аймагынын жаратылышы жанга жагымдуу. Жайыты аз, бирок тынбай жааган жаандан кеч күзгө чейин тоолор жашыл болуп турат. Бул жерде үч кылымдан бери месхет түрктөрү жашап, конуштар бир нече ондогон кыштактарга жайылган. Атамша Дурсуновдун туугандары кошуна айылдарда жашачу. Ошол 1944-жылдын ноябрь айынын жакшы бир күнүндө анын чоң энеси, ал кездеги бир үй-бүлөнүн жаш энеси, кичинекей уулун алып, кошуна айылга туугандарына кеткен. Үйдө үч кичинекей кызы калган. Аял эртеси кайтып келүүнү ойлогон, бирок бул ажырашуу көп жылдарга созулган...
Кыргызстандагы “Ахыска” түрк-месхетиндер диаспорасынын төрагасы Атамша Латифович өз үй-бүлөсүнүн таржымалын эскергенде, толкунданганын жашырууга аракет кылат:
- Чоң атам 1941-жылы согушка аттанган. Артында жубайы, менин чоң энем төрт баласы – үч кызы анан бир уулу - менин атам менен калган. Ошол күнү чоң энем кошуна айылдагы апасын көрүүгө кеткен. Үйдө үч кызы калган. Түн ичинде биздин элди жер оодартуу боюнча атайын операция башталган. Үч күндүк гана тамак-аш алууга уруксат берилген. Аларды аскердик машыгууларга байланыштуу алып кетип жатышканын айтышкан. Чоң энем менен атам Кыргызстанга жөнөтүлгөн поездге, үч кызы болсо Самаркандга бараткан поездге түшүп калышкан. Алар арадан беш жыл өткөн соң гана жолугушкан...
"Ишенчиликтен чыккан" эл
Цивилизациялуу дүйнөдө бүтүндөй бир улутту «ишенчиликтен чыккан» деп чыккынчылыкка жана башкалар менен кызматташууга күнөөлөп, толук бойдон жер оодартып жиберсе болорун элестетүү кыйын. СССРде он улуттагы эл толук сүргүнгө дуушар болгон: корейлер, немистер, финндер-ингерманланддыктар, карачайлар, калмактар, чечендер, ингуштар, балкарлар, крым татарлары жана месхет түрктөрү. Алардын ичинен жети эл улуттук автономиясынан ажыраган.
Казак тарыхчысы жана Азия таануу институтунун директору Султан Акимбеков СССРдин жетекчиси Иосиф Сталин элди жер оодартуу чечиминде чыгыштын тажрыйбасына таянган деп эсептейт.
«Сталиндин мындай идеясы – байыркы, агрардык мамлекеттер Месопотамия, Египет же Кытай сыяктуу күчтүү мамлекет куруу болгон, анткени алардан алган нерселер көз көрүнөө эле. Ал ийгиликке жетүү үчүн мамлекет алгач өз элинин каршылыгын сындыруу керек деген түшүнүк менен легизм идеологиясын карманган.
Бул үчүн анын бийлигин талаша турган эч ким болбошу керек эле, бардыгы ушундай улуу машинаны куруунун тетиктери болууга тийиш болгон. Бул ырайымсыз репрессиялар аркылуу ишке ашкан», - дейт ал.
Бул изилдөөдө биз үч гана элдин: корейлер, чечендер жана месхет түрктөрүнүн тарыхын баяндайбыз. Репрессиялык саясаттын натыйжасында 1930-жылдардын аягында Ыраакы Чыгыштан 172 миң корей эли көчүрүлгөн. Алар Японияга жардам бериши мүмкүн деп шектелген.
1944-жылы февраль айында “Чечевица” аталган атайын операция ишке ашырылган. Анын аркасында чечендер жана ингуштар Түндүк Кавказдан массалык түрдө чыгарылып, натыйжада 450 миңден ашуун адам Казакстанга жана Орто Азия республикаларына жер оодарган. Бүтүндөй бир эл советтик түзүлүшкө каршы маанайда болгондугу жана согуштан качкан фактылар менен айыпталган.
1944-жылы ноябрда месхет түрктөрү массалык түрдө сүргүнгө учурашкан. 89 миңден ашык адам жер оодарган. Совет бийлиги аларды эмиграциялык маанайда жүрүшөт деп шектенип, чек аралаш турган коңшу Түркиянын жашоочулары менен үй-бүлөлүк байланыштары болгону үчүн айыптаган.
Тарыхчылардын пикиринде, бул айыптоолордун баары абсурд жана негизсиз. Бирок, совет бийлиги шек санаган, аларга ушул эле жетиштүү болчу. Эч ким текшерген эмес. Жөн эле бүтүндөй элди өз жерлеринен сүрүп чыгышкан.
Жер оодартуунун келип чыгышы
Советтик өткөн доорду изилдөөчү «Совлаб» лабораториясынын грузин тарыхчысы Ираклий Хвадагиани, 1940-1950-жылдардын башында белгилүү бир социалдык топтордун жана бүтүндөй улуттардын өкүлдөрүн жер оодартуу, совет бийлиги үчүн кеңири тараган чара болгон деп ырастайт. Анын башаты падышалык Россия доорунан башталат.
- Ар кайсы мезгилде депортациянын милдеттери ар башка болгон. Негизги принцип – тоталитардык түзүлүш жана Сталиндин жеке бийлиги бардыгын көзөмөлдөп, диктаторлук алдында кармап турган. Ошондуктан, кээ бир логикалык мамлекеттик эсептөөлөр дал келген эмес, анткени алар бийликтин бардык вертикалын бир колуна уучтап турган адамдан чыгып турган.
Хвадагианинин ою боюнча, бул Россия империясы салган жолдун уландысы эле. Россиянын ички аймактарынан калктын бир бөлүгүн орус калкынын пайызы азыраак болгон алыскы аймактарга аларды колониялаштыруу жана өздөштүрүү үчүн жөнөтүү боюнча расмий колонизатордук багыт болгон. Бул орус калкын көбөйтүү боюнча расмий программа болчу.
- Советтик тоталитаризмдин тушунда алар падышалык доордон айырмалангысы келген, ошон үчүн расмий сын айтылып турган. Бирок пландуу жер оодаруу процесси улантылган. Буга 1920-жылдардын аягындагы жана 1930-жылдардын башындагы коллективдештирүү кампаниясы кошулуп, аны аягына чыгарууга режимдин күчү жетпегендиктен ал ишке ашпай, а айыл эли активдүү каршылык көрсөткөн. Ошондуктан жазалоо чаралары кулактар деп аталган айыл калкын массалык жер оодартуу түрүндө жүргөн. Бул Грузияда, Украинада жана Орто Азияда болгон. Бирок массалык жер оодартуу масштабы 1940-жылдары алда канча чоң болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алар бүтүндөй элдерди куугунтукка алган экинчи этапка өтүшкөн, - деп түшүндүрөт Хвадагиани.
Тарыхчы 1939-жылы союздаштар – фашисттик Германия менен СССР Борбордук жана Чыгыш Европаны биргелешип басып алганда, совет өкмөтү Прибалтикадан (Латвия, Литва, Эстония кирген – ред.), Польшадан, Молдовадан бүтүндөй элдерди жер оодарта баштаганын эскерет.
— Бул биринчи агым болгон. Советтик оккупацияга туруштук берип, ага каршы күрөшө турган жана нааразы болгон адамдардын көзүн жок кылуу чарасы болуп, аймактарды алардан тазалоо жүргөн. Кийинчерээк, мурдагы союздаш фашисттик Германия СССРге кол салганда, жер оодарууга немис калкы дуушар болгон: алар массалык түрдө өлкөнүн түпкү аймактарына – Орто Азияга сүрүлүп чыгарылган. Закавказьеде 19-кылымдын башында пайда болгон колонисттер деп аталган немис калкы болгон. Этникалык немистердин жер которуусунун чоң толкуну 1941-жылдын аягында ишке ашкан.
Андан кийин, экинчи дүйнөлүк согуштун аягында, Түркия менен чек арага жакын жашаган мусулман калкын кезектеги ири жер оодартуу башталган. Булар негизинен мусулман грузиндер – месхеттер, советтик саясаттын негизинде месхет түрктөрү деп аталып калган. Бирок алар этникалык грузиндер - мусулмандар болушкан, алар түрк жана грузин тилдеринде сүйлөшүп, кош тилдүү болгон. Ажарлар менен күрттөрдүн бөлүгү да сүргүнгө учураган. 1944-жылы ноябрда Орто Азия республикаларына 90 миң адам сүргүнгө айдалган. Бул жер оодаруунун логикасы толук түшүнүксүз болгон. Согуш бүтүп бара жаткан, фронт линиясы ал жакка жетмек эмес.
Тарыхчы Ираклий Хвадагиани совет өкмөтү ошондой эле Түркияга каршы жаңы согуштук операцияга даярданган деп ырастайт.
«Советтер Союзунун бүткүл аскердик күчү мобилизацияланып, алар согуш талаасын даярдашкан, ошондуктан алар мусулман калкынын бир бөлүгүн жок кылышкан. Жер оодаруунун логикасы ушундай болгон» дейт тарыхчы.
Бериянын кыраакы жетекчилиги алдында
Лаврентий Берия 1938-жылдан 1945-жылга чейин СССРдин Ички Иштер Эл Комиссарынын кызматын аркалаган. Элдерди жер оодартуу боюнча атайын операцияларды жеке өзү жүргүзгөн.
- Берия 1938-жылдан тарта Түштүк Кавказдагы жана советтик Грузиядагы бийликти монополизациялап алган, ал массалык террордук операцияларды ийгиликтүү ишке ашырган соң, борборго алынып келинген. Грузияда тоталитардык системанын негизги механизми болгон Коммунисттик партиянын структурасында анын ишенген адамдарынын кланы сакталып калган. 50-жылдардын башына чейин бул клан республикалык деңгээлдеги бардык милдеттерди аткарып, союздук чечимдерди да ишке ашырып келген, - дейт тарыхчы Ираклий Хвадагиани.
1944-жылдын 23-февралынан 24-февралына караган түнү НКВДнын аскерлери калктуу пункттарды танктар жана жүк ташуучу унаалар менен курчап, бардык чыгуу жолдорун тосуп, чечендерди жер оодартуу боюнча «Чечевица» операциясынын башталганы тууралуу Берия Сталинге жеке өзү билдирген.
25-февралда Берия "Жер оодартуу кадимкидей жүрүп жатат" деп билдирүү жөнөткөн. 352 647 адам 86 поездге түшүп, бара турган жерлерге жөнөтүлгөн. Токойго же тоого качкан чечендер НКВДнын аскерлери тарабынан кармалып, атып өлтүрүлгөн. Бул операция учурунда үрөй учурган окуялар болгон. Чекисттер Хайбах айылынын тургундарын ат сарайга айдап кирип, өрттөп салышкан. 700дөн ашык адам тирүүлөй өрттөлгөн.
“Толерант” ассоциациясынын (Грузия) директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Цира Месхишвили депортация маселесин көп жылдар бою изилдеп келген. Бирок месхет түрктөрүнүн башкалар менен кызматташууга ыктаганын көрсөткөн эч кандай далил таба алган эмес.
- Грузин окумуштууларынын мындай түшүндүрмөсү бар: согуштан кийин Сталин Түркияга таандык грузин аймактарын кайтарып алууну каалаган имиш. Эгер ал бул максатын ишке ашыра алса, интеграциялык процесске каршы чыга турган мусулман калкы калбаш керек эле. Маршал Жуков Түркиянын аймагында согушту улантууга даяр болгон. Бирок мен крым татарларынын Крымдан, чечендердин Түндүк Кавказдан сүрүлгөнүн түшүндүрө албайм. Балким мунун себеби, биринчи кезекте ишенбөөчүлүк болгон.
Месхишвилинин ырасташынча, жер оодаруу алдында жергиликтүү калк арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Элден: «Сиз кимге көбүрөөк жакынсыз, грузиндергеби же түрктөрбү?», «Эне тилиңиз грузин тилиби же түрк тилиби?» деп сурашкан. Жыйынтыгында калктын 90%ы мусулманбыз деп жооп берип, өздөрүн түрк деп эсептешээрин айтышкан. Балким, ушул себеп да элди көчүрүүгө салым кошкондур, - дейт тарыхчы.
"Адамдар мал жүктөгөн вагондор менен ташылган"
Кремль мындай операцияларды абдан тыкыр пландаган. 1937-жылдан баштап корейлердин Ыраакы Чыгыштан Орто Азия республикаларына жана Казакстанга депортацияланышы менен башталган массалык жер оодартуу уланган соң, совет өкмөтү иш-аракеттердин стратегиясын иштеп чыккан: күтүлбөстүк, элди кадимки калыптанган жашоосунан, бардык мүлкүнөн ажыратуу, адам чыдагыс катаал шарттарда ташып келүү, жашоого кооптуу жана буга чейин көнбөгөн чөйрөгө жайгаштыруу.
Инфраструктураны түзүүгө ири суммадагы каражат жумшалып, бирок эмне үчүн элди ачка абалда ташыганын түшүнүү кыйын. Мисалы, алыскы тоолуу аймак болгон Месхетиге элди ташып келүү үчүн атайын темир жол курулган. Бирок совет өкмөтү муну элдин жыргалчылыгы үчүн эмес, атайын операцияны мүмкүн болушунча тез бүтүрүү үчүн жасаган.
1944-жылдын 17-ноябрында Грузиядан күч менен көчүрүлгөн адамдарга толгон 25 поезд жөнөтүлгөн. Адамдар жөнөкөй таза шарттар жок, мал жүктөгөн вагондор менен ташылган. Натыйжада бир айга созулган жол жүрүүдө Грузиядан күчтөп жер которгон 17 миңге чейин месхет түрктөрү каза болгон.
«Бул сандар толук эмес», — дейт тарыхчы Хвадагиани. – Курман болгондордун чыныгы санын эсептөө өтө кыйын, анткени советтик бийликтин максаты баары ийгиликтүү, эч кандай тоскоолдуксуз өткөнүн көрсөтүү болгон. Бирок сандар абдан чоң болчу. Шарттары өтө оор болгон, мал ташыган вагондордо кадимкидей тамак-аш, жылуулук, жөнөкөй тазалык шарттары болгон эмес. Адамдар камалып, дайым стресс абалда болушкан. Келте эпидемиясы башталган. Мындан тышкары, күч менен жер оодарып бараткан эл жүктөлгөн поезддер кадимки темир жол станцияларына токтобой, жүк ташуучу станцияларда гана токтоп, эч ким качып кетпеши үчүн өтө катуу көзөмөлгө алынган. Мунун баары – кордоо, стресс, катаал шарттар, начар тамактануу жана тазалыктын жоктугу – адамдардын өлүмүнө себепкер болгон».
Өтө оор шартта ташылгандардын арасында Атамша Дурсуновдун туугандары да болгон.
- Расмий маалыматтар боюнча, 17 миң өлгөн адам - бул кыска убакыттын ичиндеги өтө көп адамдын саны. Себеби суук, ачкачылык, оору. Вагондор жылытылбай, көбү тоңуп калган.
Тарыхчы Цира Месхишвилинин айтымында, кары-картаңдар жана балдар катаал жолго чыдай албагандыктан каза болгондор көп болгон.
Тарыхчы: «Өлгөндөрдү жүрүп бараткан вагондордон ыргытышкан. Сөөк көмө тургандардын бригадасы катарлаш жүрүп, ыргытылгандарды көөмп жүрүп отурушкан», - дейт.
Жергиликтүү тургундар биринчилерден болуп жардам беришкен
Бара турган жерге жеткиче бир айдан ашык убакыт өткөн. Бир гана айырмасы, чечендер февраль айынын аягында айдалып, жазында келишсе, месхет түрктөрү кычыраган кышта келишкен.
Жер оодарган месхет түрктөрүнүн жарымынан көбү Өзбекстанга, 29 миңге жакыны Казакстанга, 11 миңи Кыргызстанга келген.
«Адамдарды жетер жерге алып келишкенде кыш мезгили болгон. А эл чоочун жердеги катаал климаттагы кышка даяр эмес эле. Аларды жөн гана ачык талаага түшүрүп салышкан, кээ бирлери аскерлердин коштоосунда дагы бир нече чакырым жөө басып, бара турган жерине жетиш керек болчу. Кээ бир учурларда адамдар өздөрү үчүн, эчтеке жок жылаңач жерге бир нерсе курууга аргасыз болушкан. Негизги көйгөйлөрдүн бири климаттагы айырмачылык болду. Түштүк Кавказдан келген адамдар Казакстандын талааларындагы, Кыргызстандын тоолорундагы катаал кыштан азап чегишкен. Алардын жылуу кийимдери жок болчу, анткени буюм-тайымдарын жакшылап жыйнап алууга убакыт кенен берилген эмес, жыйналууга болгону бир нече саат убакыт берилген. Эмнеге даярданаарын эч ким билбеген. Ошондуктан, келгенден кийинки алгачкы мезгилде көп адамдар өлгөн. Мындай сыноолор месхеттиктердин эле эмес, жер оодарган бардык элдердин – немистердин, гректердин, чечендердин да башына түшкөн. Анткени аларга мамиле жана система бирдей болгон”, - дейт тарыхчы Хвадагиани.
Атамша Дурсуновдун чоң апасы Кыргызстанга келген алгачкы күндөрүн эң бир жылуулук менен эскерчү.
- Чоң энем бир айлык катаал сапардан кийин, аларды жергиликтүү кыргыз үй-бүлөлөрү тосуп алып, ошолордун үйлөрүндө жашап калганын айтчу. Муздак вагондордон кийин жылуу үйлөргө туш болгонун бакыт катары сезген. Көбү орус тилин билчү эмес, бирок кыргыздар менен сүйлөшө алышкан. Алардын көбү аман калышкандыгынын себеби, кыргыз боордошторубуз биринчи жардам колун сунуп, бир үзүм наны менен тең бөлүшкөндүктөн биздин туугандарыбыз аман калышкан. Биз муну дайыма эске тутабыз, аларга ыраазыбыз. Согуш жүрүп жаткан, биздин элдин башынан өткөн кыйынчылыктар башкаларда да бар эле. Ал күндөр өтө катаал болгон…
Тарыхчылардын маалыматы боюнча, алгачкы алты айдын ичинде сүргүндө 37 миң месхет түркү, анын ичинде 17 миң бала каза болгон.
- 1944-жылы биздин элди жер оодартып жибергенден кийин, менин чоң атам согуштан жарадар болуп, бутунан ажыраган. Аны үйүнө жиберишкен. Чоң атам үйүнө кайтып келсе, туулуп өскөн айылында эч ким жок. Ал аскер комиссариатына кайрылган. Ага анын үй-бүлөсү Орто Азияга көчүп кеткенин айтышкан. Бир жыл бою издеп жүрүп, кыздарын Самарканддан тапса, үч кызынын экөө аман калган. Арадан беш жыл өткөн соң, чоң энемди Чүй облусунун Быстровка айылынан таап, менин атам менен жашап калышкан. Ошондон кийин үй-бүлө биригип, Кыргызстанда биротоло отурукташып калган, - деп эскерет Атамша Дурсунов.
Владислав Тен дагы чоң атасынын эскерүүлөрүн келтирип, алгачкы жылдары корейлер үчүн жаңы жерде кандай оор болгондугу тууралуу айтат:
"Менин үй-бүлөм аларды каякка алып кетишкенин такыр билишкен эмес. Алгачкы учурда жегенге эч нерсе жок болгондуктан, жылаңач колдору менен балык кармашкан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен алар аман калышкан. Өзбектер менен казактар көптөгөн корейлердин өмүрүн сактап калышкан. Аларды, балдар-кыздарды багып алышып, ошентип аман калышкан."
Чечендер да эң кыйын мезгилде аман калууга жардам берген казактарды ыраазычылык менен эскеришет. Шуддин Саидовдун келте менен ооруган чоң энесин жергиликтүү дарыгер айыктырып, багып алган.
«Эсимде, жамаат чогулган иш-чаралардын биринде бир карыя келип, аларды бул жерге, Түркстан облусуна кантип алып келишкенин ыйлап айтып берген. Ал катуу ооруп калганда анын өмүрүн казактар сактап калган.
Менин абам Ахмед Табиев, азыр 96 жашта, жер оодаруу учурунда ал жети жаштагы бала болгон. Түлкүбаска келгенде аны вагондон ыргытып жиберишкен. Ал орусча да, казакча да билген эмес. Аны казак үй-бүлө багып алып, алар бизге тууган болуп калышкан», - дейт Саидов.
Жаңы шарттарга көнүү
Жер оодарып келгендерди негизинен айыл жергесинде жайгаштырышкан.
«Менин ата-бабаларым Ташкент облусуна, борборго жакын жайгашкан Алимкент айылына жайгашып, колхоздо жашашкан. Алар өмүр бою пияз эгип, ушуга абдан шыктуу болушкан. Колхоз түшүмдүн көп бөлүгүн алып турган. Чоң атам сабатсыз болсо да, абдан акылдуу болгон. Эгер ал билимдүү болгондо, жашоо башкача болмок. Көпчүлүк корейлер ар дайым чоң шаарга умтулушкан. Кийин чоң атам Ташкенттен үй сатып алган. Анын балдары, менин атам ошол үйдө төрөлгөн», - дейт Владислав Тен.
«Кичине кезимден эле чоңдордун айтышканы эсимде, бизди «жаман япондор» дешчү экен. Чоң атам айткандай, бул сөз корейлердин арасында жүргөн. Аларды япон тыңчылары деп ойлошкондуктан көчүрүшкөн деген маалымат тараган. Бизди япондор тарапка өтүп кетет деп коркушкан. Тээ илгерки жылдарда Корея Япониянын колониясы болгондуктан, бизге сактануу менен мамиле кылышкан. Ошон үчүн бизди бул жерге өлүмгө жиберишкен. А бул жерде өзбектер менен казактар бизди сактап калышкан. Арадан жылдар өтсө да, мен үчүн өзбектер менен казактар эң жакын эки эл. Ошон үчүн мен аларга көп нерсе кылгым келет, мен өзбек жана казак тилдерин үйрөтүп жатканым да ошол себептен», - деп белгилейт Владислав.
Ал жер оодарган корейлердин урпактары тилин эле эмес, атын да жоготуп алганын жер которуунун кесепети менен байланыштырат.
«Чоң аталарыбыздын аты-жөнү корейче болгон, бирок алар балдарына орусча ат коюшкан, фамилияларды орусча транскрипция менен жазышкан. Анткени эч ким сөөмөйү менен көрсөтпөшү үчүн ушул жеңил болчу.
Корейлер өз тилин билишпейт. Бул корей тилин кыскандыктан ушундай болгон эмес. Улуу муундун өкүлдөрү тилди мыкты билишкен, бирок алар белгилүү себептерден улам өз тилин балдарына үйрөтүшкан эмес. Корейлер ассимиляцияланып кетишкен, башка барар жери жок эле. Ал эми бийликтегилер алар жөн эле, орой айтканда, көзү ичке орустарга айланып кетерин билишкен. Анткени баары: дүйнө таанымы, тили, менталитети орусча болуп калган. Биз орус болгубуз келчү, өзүбүздүн ичке көзүбүздөн уялчубуз, менде да ушундай болгон”, - дейт Владислав Тен чоң өкүнүч менен.
Атамша Дурсуновдун чоң энесинин эскерүүсүнө караганда, алардын жаңы шартка көнүшү үчүн совет өкмөтү көчүп келгендерге бирден уй, 10 койду жардам катары берген. Убакыттын өтүшү менен ар бир үй-бүлө өзүнө үйүн куруп алган.
Тарыхчы Цира Месхишвилинин изилдөөсүнө ылайык, жардам көчүрүлүп келгендердин баарына эле жеткен эмес.
«Мен алардын бир нерсе алганы тууралуу колдору коюлган кагазды көрдүм. Алар сабатсыз болушуп, орусча билбегендигин түшүндүрүшкөн, түрк тилин гана билишкен. Бардыгы нес абалда болушкан, себеби эки түн ичинде айдалып чыкса, анан катаал жол жүрүшүп, кээ бирлери өздөрүн жоготуп коюшкандыктан, канча ую бар экенин айта алышкан эмес. А балким, кимдир бирөө бул акчаны өзүнө ыйгарып алгандыр. Бирок мен Сталин менен Бериянын ар бир үй-бүлө компенсация алышы керек деген буйругун көргөм”, - дейт Месхишвили.
Алгач жер оодарып келген эл жакында мекенине кайтабыз деп үмүттөнүшкөн. Бирок убакыттын өтүшү менен артка кайтууга жол жок экени белгилүү болгон.
- Сабаттуулар өз өзгөчөлүгүн сактап калууга аракет кылышкан. Маселен, мурдагы мугалим Чахочихадзе Самаркандда Шота Руставели атындагы башталгыч грузин мектебин ачкан. Бул мектеп 4 жыл иштеп, балдар грузин тилинде окутулган. Анан мектеп жабылып, балдар жергиликтүү жашоого көнүп кетишкен, - дейт Месхишвили.
Атамша Дурсунов жер оодаруунун алгачкы жылдарында коменданттык сааттын айынан анын эли билим жагынан бир топ артта калган деп эсептейт.
- Ал кезде жер которуу темасын эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес болчу. 1956-жылга чейин менин жердештериме бир айылдан экинчи айылга өтүүгө да уруксат берилген эмес. Ал кезде коменданттык саат бар болчу, мыйзам бузгандар жазаланып, түрмөгө камалышчу. Ушул мезгилде элибиз билим алууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан артта калды. Алардын өз мекенине кайтып келебиз деген үмүттөрү бар эле.
1953-жылы Сталин өлгөндөн кийин көптөгөн элдер өз мекенине кайтып кете башташты. Бирок месхет түрктөрүн кайтаруу маселеси чечилбей кала берген Ошон үчүн өсүп келе жаткан муун Кыргызстанды эмитен эле өз мекени деп эсептейт.
- Биздин мекендештерибиз эмгектин аркасында гана ийгиликке жетишти. Жаштарыбыз жакшы окушат, билим алышат, көбү дарыгер, тиш доктур болушту. Акындар, окумуштуулар, бизнесмендер көп. Адамдар ар кандай тармактарда ийгиликке жетишип жатат. Көптөгөн жаштар Түркияга эмгек миграциясына кетип, акча таап, үй-бүлөсүнө жардам берип жатышат, - дейт Дурсунов.
Чечендер да өздөрүнүн өзгөчөлүгүн, тилин сактап калууга аракет кылышкан. Журналист Шуддин Саидовдун айтымында, жер оодаруу темасы чечен диаспорасынын арасында эч качан айтылбай калган эмес.
Ал ошондой эле казак жеринде ата-бабасынын тагдыры кандай болгонун айтып берди.
«Атамдын ата-энеси, менин чоң ата, чоң энем 18 жашында чечендер чогулган жыйындардын биринде таанышкан.Чоң атам педагогикалык университетте окуган. Бирок үйлөнүп, окуусун таштап, колхоздо иштеп баштаган. Көп жылдар бою айыл округунун акиминин орун басары болуп, айылдын кадырлуу аксакалдарынын бири болгон. Чоң апам экөөнүн 10 баласы, 43 небереси бар. Чоң атам дайыма балдарынын, неберелеринин окуп, кесипке ээ болушун каалачу. Эми анын кыялы орундалды: биздин үй-бүлөдө ырчы, журналист жана мугалим бар», - дейт Шуддин.
Убакыттын өтүшү менен анда ата-бабаларынын башынан өткөн окуяга өзүнүн көз карашы пайда болду.
"Бул акылга сыйбаган чечим болгон, ар бир элде чыккынчылар болот, бирок чечендер арасында чыккынчылык кыла турган эч ким жок болчу, анткени баары согушта болушкан. Берия менен Сталиндин кылганын бир дагы чечен же ингуш эч качан унутпайт. Элибиздин тарыхындагы бул трагедияны эч кимибиз эстен чыгарбайбыз", - деп Шуддин Саидов сөзүн бүтүрдү.
Шуддин Саидов менен толук маекти бул шилтеме менен көрсө болот:
Эмне үчүн элди Казакстанга жер оодартышкан?
Тарыхчы Акимбековдун айтымында, жер оодартуу системалуу репрессиянын бир бөлүгү болгон. Казакстандын аймагы чоң болгондуктан элди жапырт көчүрүү үчүн тандалып алынган.
«Падышалык документтер боюнча, Казакстан көчмөндөр ээлеген 40 миллион гектарга чейин ээн жаткан аймак катары кабыл алынган. Эгерде ал жерде туруктуу чарбалар уюштурулса, дан жана эт өндүрүүнү көбөйтүүгө болот эле. Ал эми Балкаш, Караганды сыяктуу өнөр жайлуу райондор түзүлө баштаганда жумушчу күчүнө муктаждык абдан актуалдуу болуп калган. Аны кайдан алыш керек? Өз чарбаларынан кол жууган кулактар жана башка аман калгандар, сүргүнгө айдалган элдер кандай гана шарттар болбосун макул болушкан, аларды арзан жумушчу күчү катары колдонууга болот эле», - деп эсептейт тарыхчы.
Анын маалыматына караганда, 1930-1940-жылдарда Казакстандын аймагына жалпысынан 2 миллионго жакын адам күч менен көчүрүлгөн.
«Алардын арасында 800 миңге чейин немистер, 200 миңге жакын украиндер Батыш Украинадан жана белорустар Батыш Белоруссиядан, дээрлик 170 миң карачайлар, 450 миңге чейин чечендер, 100 миңден ашуун корейлер болгон.
Жер оодарууну уюштуруу өтө начар болгондуктан, адамдар жолдо каза болушкан. Көчүрүү башында кимдер болсо да, жолдо бул адамдардын тагдыры эмне болот деп тынчсызданган эмес. Расмий маалыматтар боюнча, жолдо бара жаткандардын 20%ы каза болгон, бейрасмий маалыматтар боюнча 50%дан ашыгы каза болуп, алардын көбү балдар жана карылар болгон», - деп эксперт коркунучтуу сандарды келтирет.
Султан Акимбековдун айтымында, ал мезгилдин кесепеттерине бир беткей баа берүү кыйын.
"Ушул мезгил көчүп келгендер үчүн жана бул жерде жашагандар үчүн такыр акыл-эске сыйгыс абал болгон. Ар бир адам мамлекеттин катуу кысымына кабылып, кантип аман калууну гана ойлошкон. Сталиндик доордо көптөгөн өнөр жай объектилери көчүрүлүп келген элдин эмгеги менен курулганын эстен чыгарбашыбыз керек. Бирок кандай баа менен? Буларды азыр эстегенде, болуп өткөн окуялардын бардыгына бир жактуу баа берүү оор."
Анын айтымында, Казакстан менен Кыргызстанга жер оодартуунун себептери жана ыкмалары бирдей, айырмасы масштабында гана болгон. Кыргызстанга он эсе аз, 137 миң адам жер оодарып келген.
"Негизги айырмачылык масштабында гана. Кыргызстан Советтер Союзу үчүн экономикалык жактан анча кызыкчылык туудурган эмес. Айдоо жерлери аз болчу, албетте, ишкана түзүүгө аракеттер да болгон. Бирок кандай болгон күндө да масштабын салыштырууга болбойт эле. Ошондуктан көчүрүлгөндөрдүн чоң агымы Казакстанга багытталган", - дейт эксперт.
Бул бүтүндөй элдерге каршы геноцид болгон
Совет бийлиги бул атайын операциялар жөнүндөгү маалыматтарды кылдаттык менен жашырган; элдерди жер оодартуу боюнча бардык документтер «өтө жашыруун» деген белги менен сакталган. Бул кайгылуу окуялар тууралуу маалыматтар 90-жылдардан кийин, союз кыйрагандан кийин гана жарыялана баштаган.
- Бул бетсиздик. Совет бийлиги бул гумандуулукка жатпаган факт экенин жакшы түшүнгөн, ошон үчүн жашырып келген. Фашисттик Германия элди кырып жок кылгандан кийин, экинчи орунда совет бийлиги жасаган ушул гумандуулукка каршы факт – элдерди өз жеринен көчүрүп жиберүү турат. Жүз миңдеген адамдар өз мекенинен ажыраган. Бир дагы өлкө муну кайталабашы керек”, -дейт тарыхчы Цира Месхишвили.
Жер оодарган месхет түрктөрүнүн тукуму Атамша Дурсунов муну геноцид деп атайт.
- Бул чыныгы геноцид болгон. Менимче, мураскорлор бул иш үчүн жооп берип, жок дегенде элибизден кечирим сурап, ушунун баары туура эмес болгонун айтышы керек. Менин оюмча, грузин бийлиги кайтып келүүнү каалагандарга уруксат бериши керек. Анткени ал биздин жер болчу, чоңдор согушуп жатканда бүтүндөй бир элди көчүрүп жиберүү туура эмес болгон. Бул катаны оңдоо керек. Ким барат же барбайт башка маселе, бирок адам өз мекенине кайтып келүүгө укугу болушу керек. Ошондо биз аны реабилитация деп эсептесек болот. Ушул күнгө чейин элден эч ким кечирим сурай элек.
Жер оодарган корейлердин урпагы Владислав Тен да ушундай эле пикирде: "Биз кайсы бир режимдин саясатын айыптаганда, алар муну өз кызыкчылыктары үчүн жасаганын түшүнөбүз. Алар өз кызыкчылыгын коргоп, биздин коркунучтуу болуп калбашыбыз үчүн ушуларды жасаган. Бул жерде конкреттүү бир максат, геноцид болгон. Бул ошол мамлекеттин, ошол режимдин саясатына айланган".
Тарыхчы Ираклий Хвадагианинин айтымында, совет элине генетикалык коркунучту сиңирүү менен, Сталиндин режими өз максатына жеткен.
- Бул саясат жарым-жартылай иштеди десек болот. Ошон үчүн бул режим узак өкүм сүрүп, алар 70 жыл бийликти кармап турушту. Террор жана массалык кыргын саясаты өз максатына жетти. Мындай кыргын башкаларга үлгү болуп, каршылык көрсөтүү такыр жоголуп, бул үчүн эч ким жазаланбай турганын көрсөтүш үчүн жасалган. Тазалоолордун, эс тутумду манипуляциялоонун жана пропаганданын фонунда массалык жер которуулар, ушундай узак мөөнөттүү массалык кылмыштуу операциялардан кийин, катуу нааразылык жана каршылык сезими жок жаңы муундун төрөлүшүнө жана чоңоюшуна алып келди.
“Биз кимбиз?”, “Кайда жашап жатабыз?”, “Башкача болсо кандай болмок?” деген сыяктуу суроолор коомдо анда-санда пайда болгон. Бирок адамгерчиликтин бардык түшүнүгүнө каршы иш-аракет кылган табиятка жат режим, ушундай гумандуулукка каршы, кылмыштуу эбегейсиз аракеттерине карабастан, иштеп кеткен жок. Ошондуктан, аздыр-көптүр турмуш-шарты жакшы болгон советтик адамдардын муунундагы «ачкадан өлгөнүбүз жок, тынчтык бар, демек, жакшы» деп ойлогондордо да нааразычылык жаралып, «ашканаларда» бардык жабык темаларды талкуулашкан.
Тарыхчы Акимбеков биздин коомдо бул маселе боюнча бирдиктүү көз караш жок болгондуктан, ал кездеги окуяларды дагы кайра карап чыгышыбыз керек деп эсептейт.
«Мурдагы СССРде терең кайра ойлонуу болгон жок, ошондуктан тарыхый окуяларга баа берүүдө ички карама-каршылыктар бар, булар кайра ойлонуп чыгууну кыйындатат.
Биздин коомдо аларга карата мамиле ар кандай. Утопиялык коомду түзүү аракети коркунучтуу кесепеттерге алып келгенин толук түшүнбөй эле Советтер Союзун колдогондор бар. Мындай каргашалар кайталанбашы үчүн аларды эстен чыгарбоо маанилүү. Өткөндү ойлонуп ага терең маани берүү - азыркы учурду түшүнүү үчүн зарыл», - деп сөзүн жыйынтыктады Султан Акимбеков.
Материалды Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан) жана
Лейла Саралаева, Даяна Оселедко (Кыргызстан) даярдаган