
«Эгемендүүлүк жарыяланганда, кубанганымдан ыйлагам... Качандыр бир кезде Кыргызстан эгемен мамлекет болот деп кыялданчумун...»
Зайнидин Курманов, кыргызстандык тарыхчы.
Быйылкы жылы 70 жылдан ашык убакыт бою Советтер Союзунун курамында болгон Казакстан менен Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилешет.
Борбор Азиядагы бул эки республиканын көз карандысыздык алган күндөн берки мезгили ар кандай өтүп, окшоштуктар менен бирге айырмачылыктар да болду.
«Эгемендүүлүк 2.0: Казакстан менен Кыргызстандын постсоветтик жолу» долбоорунун алкагында эки редакция — «Республика» (Казакстан) жана «Новые лица» (Кыргызстан) — эки мамлекеттин түптөлүшүн изилдешет. Алгачкы материалда эки республиканын бийлигинин 1991-жылдагы август путчу учурундагы олку-солку абалы, президенттик шайлоолор кандай кырдаалда өткөндүгү, көз карандысыз басма сөздүн жана саясий күчтөрдүн түптөлүшү, экономиканын абалы жана жалпысынан ошол кездеги өкүм сүргөн абал тууралуу баяндайбыз.

СССР эмне үчүн кыйраган?
«Империялардын доору кыска болот, адамзат тарыхы империялардын узак жашабастыгын далилдеп келет. Тышкы жана ички кризистердин кысымы астында алар ыдырап кетишет. Бул — тарыхый мыйзам ченемдүүлүк», — дейт кыргыз тарыхчысы Зайнидин Курманов.
Советтер Союзунун кризиске дуушар болуусуна бир катар тышкы жана ички факторлор себеп болгон. Курмановдун пикиринде, Ооган согушуна жумшалган эбегейсиз чыгымдар, куралдануу жарышы жана дүйнөлүк коммунисттик кыймылды каржылык жактан колдоо экономиканы алсыраткан. Бул жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө, товарлардын жалпы таңсыктыгына жана талондук системанын киргизилишине алып келген.
Ошол эле учурда ички көйгөйлөр да курчуган. Бир катар республикаларда улуттар аралык чыр-чатактар күч алып, чыңалуу өскөн. Ал эми Балтика боюндагы республикалардын СССРдин курамынан чыгууга умтулуусу күчөгөн. Идеологиялык сенектик да ачык көрүнө баштаган: КПССтин монополиясы жана альтернативдүү идеологиялардын жоктугу системалык кризистин тереңдигин адекваттуу баалоого мүмкүндүк берген эмес.
1985-жылы Михаил Горбачёв КПСС БКнын башкы катчысы болуп шайлангандан кийин кырдаал өзгөрүп, ал «Кайра куруу» (Перестройка) жана «Ачык-айкындык» (Гласность) концепцияларын көтөрүп чыккан.

«Саясий системаны жана коомдук мамилелерди толугу менен жаңыртуу зарыл болчу. Ошондуктан өлкө тездетүү концепциясынан - кайра куруу концепциясына өттү. Советтер Союзу башынан аягына чейин бардык багыттар боюнча кайра түзүлүшү керек эле. Ал эми кайра куруунун негизги механизмдеринин бири катары ачык-айкындык жана ачык айтуу саясаты жарыяланган», — деп эсептейт Курманов.
Ачык-айкындык жана ачык айтуу саясаты иш жүзүндө цензураны жок кылып, ЖМКларга ондогон жылдар бою тыюу салынган темаларды — ачарчылык, сталиндик репрессиялар, элдерди депортациялоо сыяктуу маселелерди жарыялоого жол ачкан. Советтик жарандар коммунисттердин өткөн замандагы кылмыштары тууралуу билишип, коомду жана өлкөнү трансформациялоонун кайра кайткыс процесстери башталган.
Эгемендүүлүк парады
Тектоникалык өзгөрүүлөрдүн көрүнүшүндө Советтер Союзунун президенти кызматы киргизилген. Мунун максаты — бийлик вертикалын компартиянын көзөмөлүнөн чыгаруу эле. 1990-жылдын 15-мартында СССР эл депутаттарынын кезексиз III съездинде Михаил Горбачёв бир добуштан Советтер Союзунун Президенти болуп шайланган. Буга удаа эле союздук республикаларда да ушундай эле процесстер башталган.
1990–1991-жылдары союздук республикаларда президенттерди шайлоо эгемендүүлүк парадынын, демократиялаштыруунун жана союздук борбордун алсырашынын натыйжасы болду.
Демократиялаштыруу өңүтүнөн алганда, бул табигый процесс эле: республикалык элиталар Кремлден көз карандысыз болууга, жергиликтүү бийликти чыңдоого жана шайлоо аркылуу легитимдүүлүккө ээ болууга умтулушкан. Бул жагдай СССР менен болгон байланышты ого бетер бошоңдотуп, анын ыдырашын тездеткен.
Коммунист И.Масалиев бул процесстерди мындайча түшүндүрөт: “Адамдык факторду колдонуу менен кайра куруунун идеологдору аймактык аткаминерлердин ичинде жеке бийликке суусаган сезимди ойготушту. Жетекчилердин эгемен мамлекеттердин президенттери болууга умтулуусу бирдиктүү өлкөнүн 15 көз карандысыз бөлүккө бөлүнүшүнө алып келди».
Казакстан менен Кыргызстандын алгачкы президенттери кандайча шайланган?
Союздук республикалардын көбүндө Компартиянын биринчи катчылары биринчи президент болуп калышты.
Нурсултан Назарбаев дал ушундай абалга туш болду. Ал 1990-жылдын 24-апрелинде Казак ССРинин президенти болуп, жалпы элдик добуш берүү менен эмес, Казак ССРинин Жогорку Советинин депутаттары тарабынан шайланган. Бул кызмат СССРдеги реформалардын алкагында түзүлүп, республиканы Компартиянын БКнын биринчи катчысы катары башкарып жаткан Назарбаев альтернативасыз негизде шайланган.

Бирок Кыргызстанда баары башкача нукта өнүктү. Кыргызстан Компартиясынын БК жетекчиси Абсамат Масалиевге шайлануу үчүн болгону 4 гана добуш жетпей калган.
Анын уулу Исхак Масалиев ошол кездеги кырдаалды минтип эскерет: «1990-жылдын күзүндө СССР дагы эле бар болчу. Абсамат Масалиев президенттик институтту киргизүүнү каалаган эмес. Анын көптөгөн кесиптештери, анын ичинде Назарбаев менен Каримов да СССРде бир эле президент — Горбачёв болушу керек деп эсептешкен. Бирок, эмнегедир мекенине кайтып келгенден кийин Каримов да, Назарбаев да президент болуп калышты. Ал эми Масалиев акырына чейин баш тартып келди. Ал 15 президенттин болушу нормалдуу көрүнүш эмес деп эсептеген».

Жылдын аягында гана Масалиевди шайлоо өткөрүүгө көндүрүшөт. Негизги талапкерлер ал өзү - Компартиянын БКнын биринчи катчысы катары жана Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов болгон. Жумагулов өз талапкерлигин алып салуу боюнча алдын ала макулдашууга карабастан, добуш берүү күнү ал мындай кадамга барган эмес. Жыйынтыгында добуштар дээрлик тең бөлүнүп: Масалиевге жеңиш үчүн болгону төрт добуш жетпей калган, ал эми бюллетендердин бир бөлүгү жараксыз деп табылган.
Ар кандай талапкерлер боюнча жыйынтыксыз өткөн бир нече турдан кийин Аскар Акаев жеңишке жеткен.
«Абсамат Масалиев мындан трагедия кылган жок. Ошентип, бийликке өтө интеллигенттүү жана акылдуу адам келди, ал кезде бизге ушундай сезилген — бул эгемен Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев эле», — дейт Исхак Масалиев.
Тарыхчы Курмановдун пикиринде, Акаевдин жеңишинде эки фактор чечүүчү ролду ойногон: «Биринчиден, Чыңгыз Айтматовдун колдоосу чоң роль ойноду. Ал коом жиктелип турган учурда совет элинин бейрасмий руханий лидерине айланган эле. Анын кадыр-баркы эбегейсиз зор болчу, эл ага ишенчү. Акаевдин талапкерлигин ал жеке өзү сунуштаган. Экинчиден, Акаев жаңы формациядагы адам болчу: жаш, энергиялуу окумуштуу-физик жана мыкты академик, Ленинград университетинин бүтүрүүчүсү. Депутаттар интеллектуалдуулукка жана заманбап мамилеге басым жасашкан. Бирок убакыт көрсөткөндөй, көрүнүктүү окумуштуу орто заар саясатчы болуп чыкты», — дейт Курманов.

1990-жылдын 27-октябрында Аскар Акаев Кыргыз ССРинин туңгуч президенти болуп калды.
ГКЧП Союздун ыдырашын кантип тездетти?
1991-жылдын 19-августунда Москвада путч болду: СССРдин консервативдик маанайдагы жогорку жетекчилеринин тобу Михаил Горбачёвду бийликтен четтетүү, СССРди сактап калуу жана Эгемен мамлекеттер союзун түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюуга тоскоолдук кылуу максатында ГКЧПга (Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет) биригишкен.
Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети ишке ашкан жок, ал болгону үч күнгө созулуп, «Август путчу» деген ат менен тарыхта калды. Союздук республикалар үчүн бул учур чечүүчү абал болуп, андан кийин «эгемендүүлүк парадынын» процесси тездеди.
Коомдук ишмер жана укук коргоочу Евгений Жовтис 1991-жылы Казакстандын Социал-демократиялык партиясынын жооптуу катчысы болгон жана ГКЧП күндөрүндөгү абалды жакшы билет. Телеканалдардан «Ак куу көлү» балетин көргөндөн кийин, ал пикирлеши Сергей Злотников менен бирге бийликтин төңкөрүшкө каршы туруу пландарын билүү үчүн шаардык аткаруу комитетине барган. Бирок нөөмөттө турган милиционерлер «революциячыларды» киргизбей, сөөмөйлөрү менен чыкый туштарына нукуп шылдыңдашып, аларды жолотпой коюшкан.
Ошол эле күнү «Жалын» журналынын редакциясында редактор, акын Мухтар Шаханов жана башка активисттер тарыхый кадамга барышкан.
«Биздин идеялардын бири — путчка каршы кайрылуу кабыл алуу жана мүмкүн болсо, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн демократиялык күчтөрүн кол койдуруу эле. Биз тааныган адамдарга: Кыргызстанда Топчубек Тургуналиевге, Тажикстандагы адамдарга чалдык, атүгүл Түркмөнстанда да ал кезде демократиялык кыймыл бар болчу. Баарыбыз бул билдирүүгө кол коюп, Москвага телефонограмма аркылуу бердик. Аны Ельцин үстүндө турган броневикте туруп окуп беришти», — деп эскерет ал.

Камакка алуулардан чочулаган социал-демократтар жашыруун абалга өтүшкөн: жашыруун батирлерде түнөп, баракчаларды басып чыгарышкан. Активисттер кармалып калуу коркунучуна карабай, ал баракчаларды өткөн-кеткендерге таратышкан. «Азыр бул бакчадагы балдардын кылыгы менен акылсыз идеализмдин аралашмасы сыяктуу сезилет, бирок ал кезде бул биздин жарандык позициябыз болчу», — деп кошумчалады Жовтис.
Видеомаекти толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар Наше заявление зачитали с броневика Ельцина
Казакстандын Социал-демократиялык партиясынын тең төрагасы Дос Кошим путч күндөрү алардын бирикмеси гана ГКЧПга ачык каршы чыкканын эскерет. Антисоветтик маанайга карабастан, Казакстанда аянтка чыгууга даяр күч болгон эмес, ал эми Нурсултан Назарбаев баштаган бийлик «тигил жакка да эмес, бул жакка да эмес» деген күтүү позициясында турган.
Кошим Назарбаевди «эгемендүүлүктүн атасы» катары көрсөткөн расмий мифти четке кагып, анын «Красная звезда» гезитине берген маегин эске салат, анда ал СССРди сактап калууну жактаган. Саясатчынын пикиринде, президент Союздан ачык кол үзүүгө баруунун ордуна, тынчтыкка чакырып, алсыздык көрсөткөн.
А коңшу Кыргызстанда болсо президент Аскар Акаев жана ИИМ башчысы Феликс Кулов ГКЧПга ачык каршы чыгышкан, ал эми «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» лидерлери (Т. Тургуналиев жана башкалар) катуу каршылык көрсөтө турганын жана куралдуу каршылыкка даяр экенин билдиришкендигин Дос Кошим белгиледи.
Чынында эле, ГКЧП жарыялангандан кийин Аскар Акаевдин кабинетиндеги кеңешмеде пикирлер экиге бөлүнгөн. КГБнын төрагасы Асанкулов армиянын жана органдардын берилгендигине таянып, путчисттерди колдоого чакырган. Бирок Кулов ИИМ башчысы катары каршы чыккан. Жыйынтыгында Акаев Асанкуловду кызматтан кетирген.

Феликс Куловдун эскерүүсү боюнча, эгемендүүлүктү коргоо үчүн борбор калаага келүүчү бардык жолдор тосулган: эгерде Балыкчыдагы танк бөлүгүнөн танктар келе турган болсо, аларга каршы Боом капчыгайында таш менен тосмолорду жасоо даярдалган. Канттагы жана «Манастагы» аэродромдордо десанттардын түшүшүнө жол бербөө үчүн учуп-конуу тилкелеринин жарыгын өчүрүүгө даярдык көрүлгөн. Кулов өкмөт үйүн аткылайм деп коркуткан Панфилов дивизиясынын командирин - анын офицерлеринин үй-бүлөлөрү да ушул жерде жашаарын эскертип, токтоткон. Активисттердин куралдуу каршылыкка даярдыгына карабастан, ички иштер министри кан төкпөө ыкмаларын — атүгүл танктардын чынжырына каршы ломдорду колдонууга даяр болгон.
«Республиканын тагдыры кылдын учунда турган: эгер Москвадагы путч ийгиликтүү болсо, Кыргызстан СССРдин курамында калмак. Бирок системанын ыдыроо процесси кайра кайтпас мүнөзгө ээ болуп калган — Союз мурдагы калыбында жашай алмак эмес», — деп эскерет саясатчы жана Кыргызстандын коммунисттеринин лидери Исхак Масалиев.
Казакстанда да, Кыргызстанда да окуялардын кандай гана өнүгүшүнө болбосун даяр адамдар болгон. Дос Кошим ГКЧП кулагандан он күн өткөндөн кийин активисттер Алматы шаардык аткаруу комитетинен өзгөчө абал киргизүү жана бардык демократтарды камакка алуу жөнүндөгү документти таап алышканын айтат. Буга өргүүдө жүргөн Заманбек Нуркадиловдун ордунда калган орун басары Виктор Храпунов кол койгон. Бул документ алдын ала кам көрүү катары даярдалган: путчисттер жеңсе — көрсөтүү үчүн, жеңилсе — жок кылуу үчүн.
Активисттер телекамералардын коштоосунда шаар жетекчилигинин кабинетине кирип барышкан. Келгендерди «террорчулар» деп атаган Нуркадилов акыры бул боюнча иликтөө комиссиясын түзүүнү убада кылган. Митингдерге жана бийликтин коомдук ишмерлерди сотко тартуу аракеттерине карабастан, иш жабылып калган, ал эми «унутулган» документ боюнча окуя тарыхый факт катары кала берген.
«ГКЧП мурда болуп келгендей эле күч менен аракет кылып, аскерлерди киргизип, атып, камап, соттогусу келген. Бирок коом өзгөрүп калган эле. Ошондуктан, элдин колдоосу менен Ельцин Москвада өз позициясын сактап калды. Ал эми совет эли эркиндикти, демократияны жана ачык-айкындыкты тандады», — дейт кыргыз тарыхчысы Зайнидин Курманов.
Эгемендүүлүк декларациялары: кубанычтын жана коркуунун көз жашы
Путчтан туура 10 күн өткөндөн кийин, 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган.
«Эгемендүүлүк жарыяланганда, кубанганымдан ыйлагам. Тарыхчы катары качандыр бир кезде Кыргызстан көз карандысыз болот деп кыялданчумун, — деп мойнуна алат Зайнидин Курманов. — Бирок менин тааныштарымдын арасында кайгыргандар да көп болду. Алар өлкө үчүн коммунизмден өткөн жакшы нерсе жок деп эсептешчү».
Эгемендүүлүктүн жарыяланышы менен бирге республикада Коммунистик партияны таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул чечим депутаттык корпус тарабынан толук колдоого алынган.
«Партиялык төбөлдөрдүн арасында бул ар кандай реакцияны жаратты: корккондор да болду, бирок көбү кырдаалды тынч кабыл алышты», — деп эскерет Исхак Масалиев.
1991-жылдын 16-декабрында Казакстан СССРдин курамынан эң акыркы болуп чыгып, өз эгемендүүлүгүн жарыялаган.
«Назарбаев ар дайым Союзду сактап калууну жактап келген. Советтер Союзун башка формацияда сактап калуу идеясы бар болчу жана ал ушул позицияны карманган. Ал акыркы мүнөткө чейин Союз сакталат деп үмүттөнгөн, бирок ал тарап кетти. Башка айла калбай калгандыктан, эгемендүүлүктү эң акыркылардан болуп жарыяладык», — деп түшүндүрөт Дос Кошим.
Альтернативасы жок өткөн президенттик шайлоолор
1991-жылдын 12-октябрында Кыргызстанда президентти шайлоо боюнча жалпы элдик добуш берүү өттү. Шайлоо альтернативасыз негизде болуп, шайлоо бюллетендерине Аскар Акаевдин ысымы гана жазылган. Анда анын президент болуп шайланышын ырастоо боюнча суроо берилип, «Макул» жана «Каршы» деген жооптор сунушталган. Жыйынтыгында шайлоочулардын 95,3%ы Акаевди колдоп добуш берген.
Казакстанда болсо президенттик шайлоо ошол эле жылдын 1-декабрында өтүп, анда жалгыз талапкер Нурсултан Назарбаев болгон.
Белгилүү акын Олжас Сулейменов талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салган, ал эми «Желтоксан» кыймылынын лидери Хасен Кожахмет жарышка киргизилген эмес.
Казакстандын соңку тарых китептеринде кийинчерээк ал жетиштүү кол топтой албай калган деп жазылат, бирок Кожахметтин айтымында, ага мындай мүмкүнчүлүк жөн гана берилген эмес.
«Шайлоо жарыяланганда, ЦУМдун жанына боз үйлөрдү тигип, штаб уюштуруп, кол топтой баштадык. Бир айдын ичинде 100 миң кол топтоо керек болчу. Бирок бир жумадан кийин түндө милиция кол салып, боз үйлөрдүн баарын талкалап, кол коюлган баракчаларды алып кетти. Анткени кол топтоо мөөнөтү кыскартылды деген жарлык чыгыптыр», — деп эскерет Хасен Кожахмет.
Дос Кошим менен Евгений Жовтистин пикиринде, бул шайлоолорду демократиялык деп атоого болбойт. Бүткүл процесс шайлоо комиссияларындагы советтик кадрлар тарабынан көзөмөлдөнүп, административдик ресурс оппоненттерди басып турган. Ошентсе да Жовтис Назарбаев эч кандай кысымсыз деле жеңишке жетмек деп белгилейт, анткени ал кезде шайлоочулар системага дагы деле ишенишчү.
Ошентип, Нурсултан Назарбаев 98,78% добуш алып, эгемен Казакстандын туңгуч президенти болуп калды.
Республикалар өз алдынча жашоого даяр беле?
Эгемендүүлүк жарыялангандан кийинки жалпы элдик эйфориядан соң, эки республика тең өз экономикасын куруп жана саясий башкаруусун түзүүнүн чыныгы катаал абалына туш болушту.
«Өз алдынча мамлекет катары жашоого эч кандай даярдык болгон эмес. Баары мурдагыдай эле калды: ошол эле түзүлүш, ошол эле адамдар. Болгону гимн, герб, желек, тагыраагы, атрибуттар гана өзгөрдү. Облустарды мурдагыдай эле обкомдун биринчи катчылары башкарып калышты, болгону кабинеттеринин сыртындагы жазуулар "облус акими" деп алмашты... Өзгөрүүлөрдүн мүнөзү ушундай болду. Ал эми калганынын баары: министрликтер, жетекчилер, адамдар, башкаруу системасы — ошол бойдон калды. Мындайча айтканда, болгону чапандары эле алмашты», — дейт Дос Кошим.
Тарыхчы Курмановдун айтымында, Союз тарагандан кийин Кыргызстан өнөр жайдын кыйрашына дуушар болгон.

«Агрардык өнөр жайга ээ республика агрардык чийки заттык өлкөгө айланды. Экономикалык дисбаланс эбегейсиз эле: борбор калаа Фрунзе ИДПнын 80%ын өндүрчү, бул айылдардан шаарга карай массалык миграцияны шарттады», — деп түшүндүрөт ал.
Өндүрүштүк чынжырлардын үзүлүшү негизинен СССРдин коргонуу секторун камсыздоого багытталган Кыргыз ССРинин өнөр жайын талкалаган.
«Эгер мурда республика өз продукциясын дүйнөнүн 50 өлкөсүнө экспорттосо (анын ичинде автокуроо заводунун жүк ташуучу унаалары да бар), 1991-жылдан кийин байланыштар үзүлүп, заводдор токтоп калды. Айыл чарбасы да деградацияга учурады: кайра иштетүүнүн ордуна биз кадимки рудадан тартып кир жүнгө чейин болгону арзан чийки заттарды гана сата баштадык. Өлкө тез арада жакырланды», — дейт Курманов.
Видеомаекти шилтеме боюнча көрүңүздөр Зайнидин Курманов: "Когда объявили о независимости, я плакал"
Ушундай эле процесстер Казакстанда да жүргөн.
«Алгачкы жылдары иштер кыйроого чейин жетти. Анткени бир республикада бир нерсе өндүрүлсө, анын тетиги экинчисинде жасалып, үчүнчүсүндө чогултулчу, мисалы, муздаткычтарды жасоо ушундай болчу. Ушундай өз ара иштешүү кыйрады, байланыштарды дароо калыбына келтирүү мүмкүн эмес эле. Экономикада, өндүрүштө биз абдан оор абалда калдык. Бизде өндүрүш жок болчу, болгону чийки зат өлкөсү элек, бир аз майда-чүйдө нерселер, байпак чыгаруучу фабрикалары дагы азыраак башкалар нерселер бар болчу. Атүгүл бут кийим чыгарылган күндө да, анын боосу башка жерден, мыгы же таманы Беларуссиядан келчү. Башка жерде да абал ушул сыяктуу эле», — деп эскерет Дос Кошим.
СССР тарап, экономикалык жана өндүрүштүк байланыштар үзүлгөндөн кийин, советтик системанын пайдубалы болгон жумушчу табы эң аярлуу катмар болуп калды. Заводдордун жабылышы менен миңдеген квалификациялуу адистер бир заматта көчөдө калышты.
«Бир эле Фрунзеде 20 миң адам жумушсуз калды; алардын көбү үйлөрүн таштап же арзыбаган акчага сатып, массалык түрдө Россияга кетип жатышты. Жапайы капитализмдин шартында жараткандар эмес, соода кылганды же тейлөөнү билгендер талап кылынды. Өнөр жай өндүрүшүнө ондогон жылдар өмүрүн арнаган адамдар "ашка жүк, башка жүккө” айланып калышты, — дейт Исхак Масалиев.

Видеону шилтеме менен көрсөңүздөр болот Исхак Масалиев: "Правда никакой власти не нравится, ни коммунистам, ни нынешним правителям"
Казакстанда да ушундай эле кырдаал түзүлгөн, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында мурда союздук маанидеги шахталарда иштеген шахтёрлорго айлык төлөөгө акча жок болчу. Кийинчерээк рынок шартында аман калуу үчүн аялдар «челнокчуларга” айланып, эл керектөөчү буюм-тайымдарды алып келип, сатып башташты.
«Эсимде, ал кезде мен КазПИде окутуучу болуп иштеп, айына 25 доллардын тегерегинде айлык алчумун, бул Америкадагы бир эле бифштекстин баасы болчу», — деп эскерет Дос Кошим.
Эки республикада тең массалык миграция башталды: башка этностордун өкүлдөрү Россияга, Украинага, Германияга, Израилге кетип жатышты, ал эми айыл калкы жумуш издеп борбор калааларга жана ири шаарларга агылды.
Менчиктештирүү: директорлор олигархтарга айланганда
СССРдин ыдырашы жана рыноктук мамилелерге өтүү менен, мамлекеттик менчик ит бекер сатыла баштады. Бул кырдаалда «кызыл директорлор» жана башкы инженерлер утушта болушту: анткени алар калктын 90%ынан айырмаланып, менчиктештирүүнүн маңызын, баалуу кагаздарды жана экономикалык механизмдерди жакшы түшүнүшкөн.
Катардагы жарандар өздөрүнүн ваучерлерин жеке турак-жайларын менчиктештирүүгө жумшап жаткан кезде, ишкерликке ык койгон төбөлдөр аларды арзан баада сатып алып, завод-фабрикалардын ээлерине айланышкан.
Евгений Жовтис Казакстанда бийлик өз пайдасына өткөргөн менчиктештирүү процесси кандай жүргөнүн эскерет.
«1995-жылы менчиктештирүү бир нече этап менен жүрдү. Ири мамлекеттик ишканалар менчиктештирилди. Алар элге Советтер Союзунда өндүрүлгөн бардык нерселердин ээси болушат деп айтышкан. Бирок жыйынтыгында бул мамлекеттик менчиктин баары бийликте тургандар жана аларга жакын болгондор тарабынан "прихватизацияланып" кетти», — деп, ал менчиктештирүү мезгилин сүрөттөйт.
Тарыхчы Курмановдун пикиринде, бул процессте тийиштүү түшүндүрүү иштери болгон эмес жана адилетсиз механизмдер менен өткөн.
«Заводдордун кечээки жетекчилери сатып алган ишканаларын базарларга жана кампаларга айлантышкан, ал эми кийинчерээк чет элдик капиталдын келиши менен эбегейсиз кирешелерди ала башташкан. Ошентип, Кыргызстанда олигархтар катмары калыптанып, "жаңы байлардын" тар чөйрөсү менен жакырланган калктын ортосунда терең социалдык ажырым пайда болду», — деп түшүндүрөт тарыхчы.
Исхак Масалиевдин пикиринде, менчиктештирүү адилетсиз өткөн.
«Жаңы кожоюндар үчүн негизги баалуулук станоктор эмес, жер жана металлолом болгон: мисалы, Ош комбинаты болгону 400 миң рублга сатылган. Мындай менчиктештирүү адилетсиз болуп, коюлган максаттарга жеткен жок, тескерисинче, мурдагы СССРдин бардык өлкөлөрүндө терең социалдык жиктелүүгө алып келди», — деп эсептейт коммунист.
Эркин басма сөз: эйфориядан түрмөгө чейин
90-жылдардын башы Кыргызстанда жана Казакстанда көз карандысыз журналистиканын калыптанышы менен да белгилүү болду.
1992-жылы кыргыз журналисти Замира Сыдыкова алгачкы көз карандысыз гезиттердин бири — «Республиканы» негиздеген. Бул гезит Кыргызстандын жаңы саясий элитасы үчүн трибуна болуп берди. Текебаев, Тургуналиев, Мадумаров сыяктуу жаш саясатчылар өздөрүнүн мыйзам долбоорлорун жана демилгелерин ушул гезитке жарыялап турушкан.

Видеомаекти шилтеме менен көрүүгө болот Замира Сыдыкова: "Все политики Кыргызстан прошли через нашу газету"
Бирок жаңы бийликке болгон суктануу жана эйфория бат эле оппозициялык маанайга алмашты, анткени бийликтен күткөн үмүттөр акталган жок. Алгачкы сын макалалар чыга баштады. Мындай батылдык үчүн жооп да бийлик тарабынан көпкө күттүргөн жок.
Замира Сыдыкова эки жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Биринчи жолу 1994-жылы Акаевдин үй-бүлөсүнүн Швейцариядагы вилласы тууралуу кыска макаласы үчүн бир жарым жылга шарттуу кесилген. Экинчи жолу 1997-жылы башка журналисттер менен бирге «Алтын» мамлекеттик концерни тууралуу иликтөөсү үчүн Сыдыкова бир жарым жылга эркинен ажыратылган. Эл аралык коомчулуктун басымы жана нааразычылыктарынан кийин ал үч айдан соң абактан бошотулган.
«Кийинчерээк бийлик тактикасын өзгөрттү: журналисттерди камоонун ордуна миллиондук айып пулдар менен муунта башташты. Карыпкуловдун 5 миң долларлык доосун төлөө үчүн биз редакцияда аукциондорду өткөрчүбүз. Анда адамдар бизди колдоо үчүн калем саптар менен блокнотторду эбегейсиз кымбат баага сатып алышчу», — деп эскерет Замира Сыдыкова.
Журналисттин пикиринде, көз карандысыз ЖМКлар демократиялык өзгөрүүлөрдүн жарчысы катары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптанышында негизги ролду ойногон.
«Бирок бийликтин табияты ушундай — ал ар дайым абсолюттук көзөмөлгө умтулат. Биз ар бир жаңы администрация тарыхтын сабактарын унутуп, бийликке түбөлүккө келгендей сезип, мурдагылардын катасын кайталаганын көрдүк», — деп сөзүн жыйынтыктайт Сыдыкова.
Бул мезгилде Казакстанда да көз карандысыз басылмалар пайда боло баштаган. Айрым изилдөөчүлөрдүн айтымында, Казакстандагы бейформал басма сөз жана кыймылдар Балтика боюндагы республикаларга караганда, жайыраак өнүккөн.
Изилдөөчүлөр Казакстандагы алгачкы расмий эмес басылмага «Альтернатива» аттуу колдо басып чыгарылган журналды кошушат. Андан кийин «Алматинский вестник», «Вестник» жана «Свободное слово» басылмалары жарык көргөн. Бирок расмий эмес чөйрөдөгү чоң окуя катары «Мнение» гезитинин пайда болушу эсептелет. Бул гезит кийинчерээк казак басма сөзүнүн изилдөөчүсү Андрей Свиридовдун жетекчилиги астында катталган «С-Демократ» гезитине айланган.
1990-жылдардын башында бейформал кыймылдын активисттери Александр Поляков менен Сергей Злотников «Ракурс» аттуу журналды өздөрү басып чыгарышкан. Бул жана башка басылмалар «Азат» жана «Аманат - Шайлоочу» сыяктуу көз карандысыз гезиттерге айланууга кызмат кылган.
90-жылдардын башында алгачкы көз карандысыз «КТК», «Тан» телеканалдары жана «Караван», «Панорама» сыяктуу гезиттер пайда болгон. Кийинчерээк, 1990-жылдардын ортосунда жана 2000-жылдардын башында «Время», «Республика» жана башка басылмалар чыга баштаган.
Казак басма сөзүнүн тарыхчысы Андрей Свиридов өзүнүн «Заманбап Казакстан: коомдук ой-пикирдин 20 жылы» аттуу китебинде 1992-жылдан 1996-жылга чейинки мезгилди «ЖМКлардын максималдуу эркиндик доорунан баштап, чоң кысымдын башталышына чейинки» беш жылдык катары мүнөздөйт.
«1985–1987-жылдардан тарта жогору карай өсүү болгон. Режимдин жумшарышы, догмалардын жоюлушу, башкача ойлонгондорду куугунтуктоонун токтошу жана мунун натыйжасында ой-пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн өнүгүшү байкалган. 1990-жылдардын башында көз карандысыз гезиттер саясий реформаларды, экономикалык өзгөрүүлөрдү жана адам укуктары маселелерин талкуулоочу аянтчага айланган. Бул процесс 1991–1992-жылдары туу чокусуна жетип, андан кийин төмөндөй баштаган. Мунун себептери көп. Бирок эң негизгиси — биздин эски-жаңы бийлик колундагы бийлик сыноосуна туруштук бере алган жок. Бул адамдар бийликке келгенде же бийлигин сактап калган учурда, өнүккөн дүйнөдөгүдөй жаңы эрежелер менен иш алып барууну каалаган жок», — деп жазат ал.
Толук көз карандысыздыкка чейин дагы көп бар!
Казакстандагы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары өлкөнүн андан аркы өнүгүүсүнө негиз боло турган бир нече маанилүү саясий окуялар менен коштолду.
Мисалы, 1995-жыл бурулуш учур болду. Дал ушул жылы ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев Жогорку Советти таратып, референдум аркылуу өз ыйгарым укуктарын кеңейтип, жаңы Конституцияны ишке киргизген. Мындан тышкары өзүнүн толук көзөмөлүндөгү парламентти түзгөн. Ошентип, Назарбаев Казакстанда ушул күнгө чейин иштеп жаткан суперпрезиденттик башкаруу формасынын пайдубалын түптөгөн.
Зайнидин Курманов постсоветтик доордун саясатчылары «түбүнө чейин талкалоо» деген ураанды карманып, бирок жаңы эч нерсе кура алышпаганын айтат.
«Ооба, биз демократия жагынан Балтика боюндагы өлкөлөрдөн башка СССРдин бардык элдерине караганда, көбүрөөк ийгиликке жетиштик. Бирок бул жетишкендиктерибизди экономикага айланта алган жокпуз, жыйынтыгында бардык коңшуларыбыздан, анын ичинде авторитардык өлкөлөрдөн да артта калдык», — деп жыйынтыктайт тарыхчы.
Евгений Жовтистин пикиринде, менталдык деңгээлдеги толук көз карандысыздык биз советтик өткөн чактан толук арылганда гана пайда болот.
«Биз коом менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин ошол эле советтик парадигмасында, ошол эле институттук алкагында жашоону улантып жатабыз», — деген ишенимде ал.
Дос Кошимдин айтымында, биз де-юре гана көз карандысыз болдук.
«Өз убагында эгемендүүлүк үчүн күрөшүп жатканда алдыбызда эки максат турган. Биринчиси — улуттук иденттүүлүктү коргоп калуу, Казак мамлекетин түзүү. Экинчиси — адилеттүү демократиялык коом куруу. Бирок бүгүнкү күндө биз биринчи максатка да, экинчисине да жете элекпиз», — дейт Кошим.
Видеомаекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыздар Назарбаев надеялся на СССР до конца
Өз пикири менен бөлүшкөндөрдүн баары эгемендүүлүк алгандан бери 35 жыл өтсө да, азырынча толук көз карандысыздык тууралуу айтуу кыйын деген пикирди билдиришти.
Материалды даярдагандар: Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан) жана Лейла Саралаева (Кыргызстан).
Сүрөттөр: Даниэль Оселедко (Кыргызстан).