«Өткөн кылымдагы биздин элитанын, белгилүү казак жазуучулары менен акындарынын, мамлекеттик ишмерлеринин жана окумуштууларынын балдары, жалпысынан казак тилинде сүйлөшпөйт…» - Канат Тасибековдун Facebook баракчасындагы постунан.
Казакстан менен Кыргызстанда 40-50 жаштагы жана андан улуулардын арасында эне тилин үйрөнө баштагандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Бул СССРде туулган адамдар үчүн өзүн-өзү таануу жолундагы маанилүү этап болуп калды.
Советтер Союзунун доорунда бардык республикалардан орусташтырууга эң көп дуушар болгон Казакстан менен Кыргызстан эле. Бул эки республиканын борборлорунда жана ири шаарларында эне тилин билбеген же начар билген үч муун өсүп чыкты. Ошондуктан, улуттук тилдерди өнүктүрүү бул мамлекеттерде көз карандысыздыктын жана маданий суверенитеттин эң маанилүү символуна айланды.
Акыркы статмаалыматтарга ылайык, Казакстанда калктын 92%, ал эми Кыргызстанда 91,8% мамлекеттик тилдерди эркин билишет. Бирок, борбор калаалардын көчөлөрүнө чыксак, расмий статистиканын сандары турмуш реалдуулугунан алыс экени көрүнөт. Казакстанда да, Кыргызстанда да эгемендүүлүккө ээ болгон 34 жылдан кийин, мамлекеттик тилди мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуу жана үйрөтүү маселеси курч бойдон калууда.
"Колонизациянын ак тактары" аттуу өлкөлөр аралык долбоордун алкагында "Республика" (Казакстан) жана "Новые лица" (Кыргызстан) эки редакциясы жүргүзгөн изилдөөдө, биз карапайым адамдардын таржымалдары жана эксперттердин баалоолору аркылуу, орусташтыруу алардын тагдырына кандай таасир тийгизгенин жана бүгүнкү күндө Казакстан менен Кыргызстанда мамлекет улуттук тилдерди өнүктүрүү үчүн эмне кылып жатканын айтып беребиз.
Орус-тузем мектептеринен орусташтырууга чейин
Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүн колониялаштыруу процесси большевиктер келгенге чейин эле башталган. Ошол кезде эле жергиликтүү элдин жалпы сабаттуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү тилдерди (коренизация) өнүктүрүү аркылуу акырындык менен орусташтыруу маселеси коюлган.
ХХ кылымдын башында азыркы Казакстан менен Кыргызстандын жергиликтүү калкы орус тилин такыр билген эмес. Бул жаңы жерлерди өздөштүрүүгө тоскоолдук жараткан, ошондуктан мектептерди ачып, орус тилин үйрөтө башташкан.
— Жергиликтүү тилдерди өнүктүрүү саясатын падышалык өкмөт жүргүзө баштаган. Түркстандагы колониялык администрацияга жергиликтүү тилди билген кызматкерлерди тандап алып, карапайым элдин ой-санаасына жакыныраак болууга умтулушкан. Администрацияларда котормочу-жардамчылар иштеген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчү аталардын бири Абдыкерим Сыдыков революцияга чейин Пишпек башкармалыгынын башчысынын котормочусу болгон. Кийинчерээк Түркстандагы көрүнүктүү саясий ишмер болгон Төрөкул Жанузаков өз жолун Жет-Суу облусунун генерал-губернаторунун котормочусу жана жардамчысы катары баштаган.
Падышалык бийлик орус-тузем мектептерин ачып, жергиликтүү балдарды жазууга, окууга үйрөтүп, ошол жактан өз аппаратынын төмөнкү тепкичтеги кызматкерлерин тандап алган. Кыргыз аристократиясынын өкүлдөрү үчүн гимназиялар ачылган, менин чоң атам гимназияда окуган. Бул балдар келечекте Орусияда жогорку билим алып, башкаруучу саясий элитанын бир бөлүгү боло алышмак. Мисалы, казак тектүү орус аристократиясынын өкүлү Чокан Валиханов же жарым-жартылай казак, жарым-жартылай орус генерал Корнилов сыяктуу, — дейт кыргыз тарыхчысы Зайнидин Курманов.
Казак жана кыргыз тилдери араб алфавитинде болгон. Казак жана кыргыз тилдериндеги алгачкы гезиттер араб тилинде чыгарылган: казакча "Түркістан уалаятының газеті" 1870-жылы жана "Казак" 1913-жылы, ал эми кыргызча "Эркин-Тоо" 1924-жылы жарык көргөн. Ошентип, тарыхчы Курмановдун айтканы боюнча араб алфавитинен латынга, андан кийин кириллицага өтүү ушундай болгон.
— Совет бийлиги келгенде, тилчи Ишеналы Арабаев 17-кылымдан бери кыргыздар колдонгон араб алфавитин сунуштаган. Бирок өткөн кылымдын 20-жылдарынын ортосунда СССРде идеология иштей баштап, большевиктерде дүйнөлүк пролетардык революция жасоо идеясы болгон. Дүйнөдө болсо көпчүлүгү латын алфавитин колдонушкан, ошондуктан тилдерди латын алфавитине которууну чечишкен, орустар ал тургай орус тилин да латынга которууну пландаштырышкан. Ошондуктан латындаштыруу башталган. Бул мезгилде СССР элдеринин эне тилдеринде латын алфавитинде көптөгөн окуу китептери жана башка китептер басылып чыккан. Мындай абал 30-жылдардын ортосуна чейин уланган.
1930-жылдардын ортосунан баштап совет бийлиги Иосиф Сталиндин жетекчилиги астында СССРдин тил жана этникалык саясатынын багытын карама-каршыга өзгөрткөн: "буржуазиялык улутчулдукка" каршы күрөш деген шылтоо менен жергиликтүү тилдерди өнүктүрүүнүн ордун орусташтыруу саясаты баскан. Латын алфавиттери кириллицага алмаштырылган, көптөгөн жергиликтүү тилдерде басып чыгаруу иштери жай жүрүп же толугу менен токтоп калган, мектептерде орус тилинде окутуу киргизилген.
Тарыхчы Зайнидин Курманов муну батыш менен чыгыштын ортосундагы конфронтация жана идеологиялык күрөш менен байланыштырат.
— Бул мезгилде Советтер Союзун бардык тарабынан империалисттик мамлекеттер курчап турган бекемделген лагерге айландыруу концепциясы башталат. Ички саясат да өзгөрөт, Сталин өзүнчө бир өлкөдө дүйнөлүк социалисттик кыймылды түзүүнү чечкен. Советтер Союзу империалисттик чөйрөдө социалисттик чепке айланганда, орусташтыруу башталган. Пролетардык интернационализм идеологиясы башкы багыт катары жарыяланганына карабастан, үстөмдүк кылуучу улут орустар болгон. Ошондон бери ар бир орус өзүн улуу ага деп эсептейт. Ошого жараша СССРдин бардык республикаларын орусташтыруу башталган, — дейт Курманов.
«Эгер орус тилин билсең – бардык жолдор ачык!»
1950-жылдарда орус тили СССРде билим алууга, маданиятка жана ошого жараша кызматтан өсүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү абройлуу тил катары бекемделген.
— Биздин өлкө индустриялаштырууга өтө баштаганда, Советтер Союзунда өнөр жай, технология, техника өнүгө баштаган, ошондуктан бирдиктүү тилди өздөштүрүү зарыл болгон. Орус тили активдүү колдонула баштаган. Элдин ушундай муктаждыгы болгон, ошондуктан орус тили СССРде өнүгө баштаган.
Бул убакта Кыргызстанда бардык аймактарда кыргыз тилинде окуткан мектептер болгон, бирок район борборлорунда бирден орус тилдүү мектеп ачылган. Борбор шаар Фрунзеде ар кайсы улуттун өкүлдөрү – орустар, украиндер, чехтер, немистер жашаган. Кийинчерээк сабаттуу, билимдүү кыргыздар көчүп келе баштаган. Өнөр жай тез өнүгө баштагандыктан, борбор калаанын калкы негизинен орус тилдүү жумушчулардан турган, ошондуктан борбордо орусча сүйлөшкөн. Бирок кыргыз тилине эч ким тыюу салган эмес, — дейт советтик жана кыргызстандык мамлекеттик ишмер Жаңыл Түмөнбаева.
Казак тилин жигердүү жайылтуучу жана Казакстандын коомдук ишмери Канат Тасибеков да ушундай пикирде:
«Менимче, казак тилин жок кылуу максаты болгон эмес. Өлкөнү көтөрүү, индустриялаштыруу, куралдандыруу керек эле. Чоң өлкөнүн экономикасынын алдында чоң милдеттер турган. Бирдиктүү экономика бирдиктүү тилди талап кылган. Ошондуктан бир жалпы тил керек болчу.
Бирок Казакстанда орусташтыруу процесси баарына белгилүү себептерден улам курчуп кеткен. Большевиктик бийлик тарабынан уюштурулган ачарчылыкта казактардын жарымынан көбү ачкадан өлгөн. Дың жерди өздөштүрүү, дүйнөдөгү эң узун Орусия менен болгон чек ара, маданияттардын өз ара аралашуусу да себеп болгон. Биздин жалпы тарыхыбыз, бул орус империясынын курамына киргенибизден берки 300 жыл эмес, андан алда канча көп. Ушул факторлордун баары ушундай натыйжага алып келген. Бул кесепеттерди эч ким тана албайт», - дейт Канат Тасибеков.
Эксперт ошондой эле эмне үчүн Борбор Азия республикаларынын ичинен Кыргызстан менен Казакстан орусташтырууга эң көп дуушар болгонун: «Бул биринчи кезекте жергиликтүү калктын аздыгынан, менталитеттеги айырмачылыктардан улам», - деп түшүндүрөт.
Өзбекстандан Казакстанга көчүп келип, казак тилинен сабак берген корей Владислав Тен, Казакстандын эмне үчүн Өзбекстанга караганда көбүрөөк орусташтырууга дуушар болгонун бир нече фактор менен түшүндүрөт: «Казакстан Орусияга жакын. Ошондой эле казак улуттук интеллигенциясы кандайча жок кылынганы жалпыга маалым. Ал эми өзбектерде мисалы, бул мынчалык массалык мүнөзгө ээ болгон эмес. Өзбекстанда да совет мезгилинде билим берүүдө да, иш кагаздарында да орус тили көп болгон. Бирок өзбектер өз ара ар дайым өзбекче сүйлөшкөн. Мындан тышкары, Өзбекстанда ар дайым жергиликтүү өзбек калкы басымдуулук кылган. Казакстанда, өзгөчө түндүктө, казактар абдан орусташып кетишкен».
Убакыт өткөн сайын орус тилин жакшы билүү кызматтан көтөрүлүү үчүн милдеттүү болуп калган.
— Мындай саясат СССРдин бардык булуң-бурчтарында актуалдуу болгон. Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов орус тилин мыкты билишкен, алар чындап эле чоң аткаминерлер болушкан. Большевиктерге чейин да ушундай болгон. Кыргыз элитасынын өкүлдөрү балдарын Орусияга окууга жөнөтүшкөн. Революциядан кийин да бул уланган. Эгер сен орус тилин билсең, Москвада да, Ленинградда да бардык жолдор ачык. Ал эми өз тилиңди гана билсең, Кыргызстанда гана иштейсиң. Орус тилин билүү ар дайым абройлуу болгон, — дейт Зайнидин Курманов.
Эмне үчүн грузиндер тил укугун коргой алышты, ал эми кыргыздар коргой алышкан жок?
СССРдеги тил саясаты бардык республикалар үчүн бирдей болгон эмес. Мисалы, 1977-жылы СССРдин жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ал эми республикаларда конституциялардын жаңы долбоорлору кабыл алынган, алардын көпчүлүгүндө жергиликтүү тилдердин статусуна байланыштуу түшүнүктөр алынып салынган. Титулдук жергиликтүү тилдерди "мамлекеттик" деп атоого Азербайжан, Армения жана Грузия ССРлеринде гана жол берилген.
1977-жылкы Конституцияда ошондой эле эне тилде билим алууга "укук" дегендин ордуна, мындай билим алууга "мүмкүнчүлүк" гана айтылган. Эгер Казак жана Кыргыз ССРлеринде бул өзгөртүүлөр тынч өтсө, Грузияда бул өзгөртүүлөр эне тилге тыюу салуу катары кабыл алынган.
— 1978-жылы Кремль грузин тилин мамлекеттик тил статусунан кагаз жүзүндө ажыратууга аракет кылган. Бирок буга чейин деле ушундай аракеттер болуп келген. Бул чындыгында эбактан бери эле болуп келе жаткан нерсени мыйзамдаштыруу аракети болгон. Республикалардын конституцияларында формалдуу түрдө жергиликтүү тил мамлекеттик тил деп жазылган, бирок иш жүзүндө башкача болчу. Бардык иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлгөн. Адабият, гезиттер, радио жана телекөрсөтүүнүн көпчүлүгү орус тилинде болгон. Грузияда грузин тили бул инфраструктуранын кичинекей гана бөлүгүн ээлеген.
Ал эми борбордук партиялык аппараттын жогорку жана орто деңгээлинде 60-70-жылдары орус тили үстөмдүк кылган. Мамлекеттик коопсуздук системасында, ЧК НКВД, ОГПУ, КГБ репрессиялык аппаратында 90% баары орус тилинде болгон. Чындык ушундай эле, мамлекеттик башкаруу системасында орус тили мамлекеттик тил болгон. Бирок мамлекеттик аппарат таасир эте албаган бир сегмент калган — бул билим берүү тармагы: грузин тилдүү мектептер, жогорку окуу жайлары жана карапайым адамдар грузин тилинде сүйлөшкөн. Бирок Кремль жана анын коммунисттик өкүлдөрү тарабынан ачык айтылбай колдоого алынган жашыруун тенденция - орус тилин билүү абройлуу болгон. Андыктан баары түшүнүшкөн: эгер ийгиликтүү болгуң келсе, карьералык максаттарга жетүүнү кааласаң, жаштайыңдан орус тилине өткөнүң жакшы, бул ийгиликке жетүүнүн түз жолу. Орусча сүйлөө жана орус жаргонун колдонуу мода болгон, бул кыйын экендигиңди көрсөткөн, — дейт грузин тарыхчысы Ираклий Хвадагиани.
1978-жылдын 14-апрелинде Тбилисиде массалык нааразылык акциялары болуп өткөн. Ал күнү Руставели проспектисине 100 миңден ашуун адам чогулган. Демонстрациянын жыйынтыгында грузин тили республикада жалгыз мамлекеттик тил бойдон калган. Грузиядагы нааразылык акциялары совет бийлигинин орус тилдүү жетекчилиги үчүн жергиликтүү улуттук элиталар тарабынан бекемдигине биринчи сыноо болуп, андан өтпөй калган. Жеңиштин даамы совет бийлигинин башка республикалардагы улуттук саясатына шек жаратты.
— Жергиликтүү грузин коммунисттери, мисалы, Грузия компартиясынын катчысы Шеварднадзе, бул элементти жеке ийгилик үчүн карта катары колдонууну каалаганына карабастан, грузин тилинин мамлекеттик тил статусу сыяктуу рудиментти да алып салууга даяр болушкан. Бирок Тбилисиде жана Грузиянын башка шаарларындагы массалык нааразылык режим үчүн күтүүсүз болгон.
Бул мезгил – советтик түзүлүштүн акыркы он жылдыгы эле. Ошол кезде бүт система коррупциялашкан, багытынан адашкан, бирок баары план боюнча бараткандай элес болгону менен, чындыгында иш башкача болчу. Ошого карабастан, нааразылыктын мынчалык тез жана массалык болору күтүүсүз болгон. Бирок кийинки жылдары алар мындан сабак алышып, бул нааразылыктын демилгечилерин – диссиденттик топторду репрессиялоого өтүшкөн. Ал эми кийинки кризис бүт системаны кыйратты, — деп түшүндүрөт тарыхчы Хвадагиани.
Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүздөр Ираклий Хвадагиани, о том, как Грузия сохранила свой язык в СССР
Кыргыз тарыхчысы Зайнидин Курманов грузиндер массалык нааразылык акциясына чыкканынын себебин аларда Сталин болгондугу менен түшүндүрөт.
— Эгер грузиндерде Сталин болбогондо, аларды да кыргыздар сыяктуу эле басып салышмак. Бирок улуттук лидерлердин кимдир бирөөсү эне тилинде окутууну коргоп калган. Мисалы, Казакстанда көптөгөн мектептерде казак тили окутулган, анткени Кунаев Саясий бюронун мүчөсү болгон, ал өзүнүн кескин пикирин айта алган. Кыргыз ССРинде Турдакун Усубалиев болгон, ал БК мүчөсү болчу, ал сыяктуу 5 миңдей адам бар эле. Ошондуктан аны угушкан эмес.
Курманов ошондой эле Кыргыз ССРинин борбору Фрунзеде бир нече жыл бою кыргыз тилинде окуткан бир гана мектеп иштегенин таң калыштуу факт катары түшүндүрөт. Калган бардык борбордук мектептер орус тилинде окуткан. Натыйжада, кыргыз тилин билбеген фрунзеликтердин үч мууну өсүп чыккан.
— Кептин баары, Усубалиевден мурунку Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковду 1961-жылы "буржуазиялык улутчул" деп айыптап, кызматтан алышканында эле. Мунун себеби, ал кыргыз тилдүү мектептерди жана бала бакчаларды ачкан. Аны "улутчул" деп атап, жумуштан кетирип, атүгүл атып салууга аз калган. Бактысына жараша, атышкан эмес, бирок жумуштан алышкан. Анын ордуна Турдакун Усубалиевди коюшкан. Мурунку жетекчи жумасына эки сааттан кыргыз тилин окутууну мектептерге киргизгендиги үчүн кызматтан алынганын билген адам өзүн кандай алып жүрөт? Усубалиев эгер кыргыз тилин киргизсе, аны да буржуазиялык улутчулдук үчүн жумуштан алаарын түшүнгөн. Ошондуктан ал кыргыз мектептерин жоюп, №5 бир гана мектепти калтырган, — деп түшүндүрөт Курманов.
Совет мезгилинде жооптуу кызматтарда иштеген көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, дипломат Жаңыл Түмөнбаева бул мезгилди жакшы билет.
— 1977-жылы СССРдин Конституциясы кабыл алынган, ал эми 1978-жылы биздин Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган, анда кыргыз тили мамлекеттик тил катары көрсөтүлгөн эмес. Ошол кезде мен Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун катчысы болуп иштегем. Бул жарлыктарды биз чыгарганбыз, Кулатов төрага, мен катчы болчумун. Биздин интеллигенциябыз, илимий, маданий чөйрөдөгүлөр кыргыз тили менен активдүү иштей баштаган эле. Бирок эмнегедир бул маселени көтөрүшкөн жок. Мен ал кезде жаш болчумун, мен үчүн да эмне үчүн коргой албаганыбыз түшүнүксүз болчу, — дейт Жаңыл Түмөнбаева.
Мыйзамдагы мамлекеттик тил
1985-жылы Михаил Горбачевдун бийликке келиши менен СССРде кайра куруу жана айкындуулук башталган. Массалык маалымат каражаттарында жана коомчулукта маанилүү көйгөйлөр, алардын арасында улуттук тилдерди өнүктүрүү маселелери көтөрүлө баштаган. Бул жерде улуттук акындар жана жазуучулар жетектөөчү ролду ойногон. 1984-жылы казак акыны Олжас Сулейменов казак тилин коргоо боюнча конференция уюштурган. Алардын кыргыз кесиптештери да бул темада сүйлөгөн.
— Биздин жазуучулар кыргыз тилин өнүктүрүү маселелерин активдүү көтөрүшкөн. Мисалы, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов. 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил болгон "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышында Айтматовдун ролу абдан чоң. Ал бардык форумдарда, пленумдарда, СССР Жогорку Советинде да улуттук маселелерди, улуттук иденттүүлүк, улуттук тилдерди өнүктүрүү жөнүндө маселелерди койгон, — дейт Жаңыл Түмөнбаева.
Казак тилине мамлекеттик статус берген "Тил жөнүндө" ушуга окшош мыйзам Казакстанда да 1989-жылы кабыл алынган. Башкача айтканда, эки республикада процесстер окшош өткөн, бирок көйгөйлөр да окшош болуп чыккан. Советтик жетекчилик бул мыйзамды аткарууга алып, ишке ашырууну баштаганына карабастан, бул процесс андан ары илгерилеп кеткен эмес.
— 1989-жылы "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам кабыл алынганда, мен Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеп тургам. Бул мыйзамды ишке ашырууга кызыкдар активисттердин бири болчумун. 1989-жылдын 27-октябрында Министрлер Совети 29 пункттан турган "Кыргыз ССРинин кыргыз тили жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу чаралары жана мыйзамды киргизүү тартиби жөнүндө" №288 уникалдуу токтомду кабыл алган. Бул токтом бардык мамлекеттик түзүмдөрдү, бардык министрликтерди жана ведомстволорду, өнөр жай ишканаларын, чарбалык субъектилерди кыргыз тилин акырындык менен киргизүүгө милдеттендирген жана пункттар боюнча кимге эмне кылуу керектигин көрсөткөн. Ошол кезде сөздүктөр, китептер, сүйлөшмөлөр активдүү басыла баштаган. Министрлер Советинин аппаратында мамлекеттик тил жана этностор аралык мамилелер бөлүмү түзүлгөн. Бул бөлүм китептерди басып чыгаруу боюнча ишти калыптандыра баштаган. Кийинчерээк Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы ачылган.
Бирок 1990-жылы эгемендүүлүк декларациясын кабыл алып, Кыргызстан эгемен мамлекет болгондо, биздин өкмөт жана Жогорку Кеңеш бул мыйзамдын аткарылышын таптакыр четке сүрүп салышкан. Бийлик мурдагы ишти улантышы керек болчу, бирок таштап коюшту. Бул өкмөттүн күнөөсү болгон, ал мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөшү, мезгил-мезгили менен кайрылып турушу керек болчу. Бирок алар эч качан кайрылышкан жок, — дейт Жаңыл Түмөнбаева.
"Чала орустар" мууну
Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынганына 36 жыл, ал эми эгемендүүлүккө ээ болгонубузга 34 жыл болгонуна карабастан, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси Казакстанда да, Кыргызстанда да актуалдуу бойдон калууда. Айрым мекендештерибиздин мамлекеттик тилди орто жашта кантип өздөштүргөндүгү тууралуу таржымалдары менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.
Жанна Байтелованын таржымалы
Бүгүнкү күндө Казакстанда үч муундан бери эне тилин билбей чоңойгон казактар аз эмес. Алардын бири биздин кесиптешибиз, журналист Жанна Байтелова.
«Биздин үй-бүлөдө баарыбыз орус тилинде билим алдык, апам – Орусиядан келген казак, үй-бүлөбүздө атам тараптан чоң апам гана казакча сүйлөчү. Кичинекей кезимде мен орус бала бакчасына бардым. Бирок кийин атам балдарынын эне тилин билбегени жакшы эмес деп чечип, мектепке бир жыл калганда мени казак бала бакчасына которду. Көнүшүп кетүү өтө кыйын болду, дээрлик болгон жок десе болот. Мен балдарды түшүнгөн жокмун, алар мени түшүнгөн жок, балдар шылдыңдап күлүшчү. Ал эми тарбиячылар буга көңүл бурушпады, мени менен алектенип эч ким аракет кылган жок. Мен өзүмдү элден бөлүнгөн адам катары сездим, концерттер, спектаклдер болгон жок, мен эч ким менен сүйлөшпөй түнт болуп кеттим», - дейт ал.
Жанна казак мектебине барган, бирок кыйынчылыктардын айынан орус мектебине которулган. Ал ошондой эле чөйрөнүн негизинен орус тилдүү болгонун, мунун да чоң таасир тийгизгенин айтат.
«Казак мектеби болгону менен, бирок мен бир нерсени түшүнбөсөм, бардыгын баары бир орусча түшүндүрүшчү. Корообузда орус тилдүү жана казак тилдүү балдар бири-бири менен сүйлөшчү эмес. Чоң апама каникулга келчүмүн, бирок ал жакта да баары орусча сүйлөшчү.
Казак мектебинде бир нече жыл кыйналгандан кийин орус мектебине которууга туура келди. Бизде казак тили сабагы бар болчу, бирок баары бир сүйлөй алган жокмун – сүйлөй баштоо үчүн адегенде чөйрөгө аралашуу керек эле. Орус мектебинде казак тили аз окутулчу, бирок ал анчалык маанилүү эмес болчу», - дейт ал.
Жанна жогорку окуу жайга тапшырып, орус тилинде окуган. Анын айтымында, 2003-жылы болсо да, казак бөлүмүндөгү курсташтары казак тилинде жакшы окуу китептери жоктугуна туш болушкан.
Ошондой эле ал эне тилинде сүйлөөгө аракет кылганда, көп учурда шылдыңга кабылганын белгилейт.
«Мен абдан нааразымын, эмне үчүн биздин казактар бири-бирин колдошпойт? Баары эмес, албетте, айрымдар колдошот, бирок алар аз. Көбүнчө хейт. Мен Польшада бир жыл жашадым, ал жакта ар дайым полякча жакшы сүйлөйсүң дешчү, бирок андай эмес болчу. Ал эми бизде, тескерисинче, баары оңдошот, сындашат. Ошондуктан сүйлөгүм келбей калат.
2017-жылы мен казак тилин үйрөнө баштадым. Курстарга төлөдүм – ал кезде 50 миң теңге эле, бул кымбат эле болчу. Менде казак тилинде сүйлөө, интервью алуу, макала жазуу, чиновниктер менен баарлашууга каалоом абдан күчтүү эле. Мен абдан аракет кылдым, казакча постторду жазууга, сүйлөөгө, адабият окууга аракеттендим.
Мен казакча абдан сүйлөгүм келет, бирок корком, азыр айтып жатып да, дээрлик ыйлап жиберип жатам. Эмне үчүн? Анткени менде терс тажрыйба болгон, мени шылдыңдашат же туура эмес түшүнүшөт деп корком. Бирок баары бир мен аны үйрөнөм, анткени: казак тили – менин маданий кодумдун, менин иденттүүлүгүмдүн бир бөлүгү», - деп жыйынтыктады Жанна Байтелова.
Нурбек Токтакуновдун таржымалы
Нурбек Токтакунов – Кыргызстандагы белгилүү адвокат. Кыргыз тилин ал буга чейин юрист болуп ийгиликке жеткенден кийин үйрөнө баштаган.
— Мен борбордогу №28 мектепти аяктагам. Биздин мектепте, борбордун башка мектептериндегидей эле, кыргыз тили окутулган эмес. Кыргыз тилин билүү деңгээли турмуштук гана деңгээлде "тигини алып кел", "муну кыл" дегендей эле болчу. Менин муунумдагы дээрлик бардык шаардык балдар ушул деңгээлде билишчү. Анткени бүт борбордо №5 бир гана мектеп кыргыз тилдүү болчу. Ошол кездеги башкаруучу элитабыз бул абалга көнгөн. Алар муну жаман деп эсептешкен эмес, анткени советтик жалпылык калыптанган, орус тили улуу жана кубаттуу, орус эли элдер арасында улуу ага болгон. Ушундай идеялар интеллигенцияга сиңип кеткен. Алар агым менен эле кетип, каршылык көрсөтүшкөн эмес. Кыргызча туура эмес сүйлөп, оюбузду адабий тилде билдире албаганыбызда бизди, эне тилин билбегендерди "чала орус" деп аташкан. Мына мен да ошол "чала орустардын" арасында чоңойдум.
Токтакуновдун айтымында, кырдаал кайра куруу мезгилинде, 80-жылдардын аягынан баштап өзгөргөн. Ал кезде кыргыз тилинде окуткан мектептер пайда боло баштаган, орус мектептеринде кыргыз тили сабактарын киргизе башташкан.
— Өспүрүм кезимде эле эне тилимди үйрөнүшүм керектигин түшүнгөм. Мен Айтматовду окучумун жана анын кыргыз тили жөнүндөгү сөздөрүн укчумун. Иш жүзүндө адвокат болуп иштей баштаганда гана сүйлөй башташым керектигин чындап түшүндүм: мага кыргыз тилдүү жарандар кайрылышчу, стратегиялык жана тактикалык көз караштан алганда ишти кыргыз тилинде алып баруу зарыл болчу.
Ошентип, мен акырындык менен сүйлөй баштадым. Бирок мага тилди үйрөнүүгө журналисттер көбүрөөк жардам беришти, анткени кыргыз тилдүү журналистика өнүгө баштаган. Алар менин иштерим боюнча кыргыз тилинде суроолорду берип, көп учурда мени кыйын абалга калтырышчу. Мен болсо кыйналсам да кыргызча комментарий берүүгө аракет кылчумун. Кийинчерээк мен бардык жоопторумду талдап, өзүм менен өзүм кайрадан кыргызча сүйлөшчүмүн. Ошентип акырындык менен журналисттер мени үйрөтүштү. 2-3 жылдын ичинде эркин сүйлөп калдым, — дейт Токтакунов.
Бирок ал тилди толук үйрөндүм деп эсептебейт. Ал дагы деле үйрөнүүдө.
— Эң негизгиси, мен кыргызча сүйлөгөндөн коркпойм. Менде коркуу бар болчу, анткени мен оюмду кыргызча жеткире айта алчу эмесмин. Оюмда орусчадан кыргызчага которчумун, ал кыргызча сөз эмес, суржик – орус маанилеринин кыргыз эквиваленттери чыкчу. Айылга барып, көп убакыт кыргызча сүйлөшкөндө, бир аздан кийин кыргызча ойлоно баштайсың. Ошондо кыргызча сөз да башкача болот. Ошондуктан туруктуу практика абдан маанилүү, — дейт Токтакунов.
Нурбек Токтакунов кыргыз тилин үйрөнгөндөн кийин анын жашоосу бир топ өзгөргөн. Эң шыктандыруучу нерсе катары ал кыргыз адабиятын, поэзиясын окуу мүмкүнчүлүгүн атаган.
Толук интервьюну шилтеме аркылуу көрүңүз:Нурбек Токтакунов: "Я из поколения "чала-орусов"
Канат Тасибековдун таржымалы
Коомдук ишмер, "Мәміле" баарлашуу клубунун негиздөөчүсү, "Ситуативный казахский" китептеринин жана казак тилин үйрөнүү методикасынын автору Канат Тасибеков совет доорунда Казакстандын түндүгүндө төрөлүп, орус тилдүү чөйрөдө чоңойгон жана казак тилин дээрлик 50 жашында үйрөнө баштаган.
«Менин таржымалым – бул казак боло туруп, казак тилин билбеген кандайдыр бир четте калган же чыккынчынын таржымалы эмес. Бул миңдеген, балким миллиондогон казактардын таржымалы. 1959-жылы мен төрөлгөн кезде бүткүл союздук эл каттоо жүргүзүлгөн. Ал маалымат боюнча, Казакстанда казактардын саны 30%дан аз болчу. Мектепке барганымда жалгыз казак болчумун. Менин балалыгым Алексеевка шаарында, азыркы Аккөл станциясында өттү, биз Достоевский көчөсүндө жашачубуз, ал жерде эки гана казак үй-бүлөсү болчу. Биздин үй-бүлөдө жети бала болчу, мен алтынчысымын, биз баарыбыз орус мектебинде окуганбыз», - деп эскерет ал.
Ошол кезде Казакстанда жогорку окуу жайларында окутуу да негизинен орус тилинде болчу. Кийинчерээк ал Москвада жылкы чарбасы боюнча аспирантураны, Францияда докторантураны аяктаган. Канат Тасибековдун эне тилин үйрөнүүгө бир окуя түрткү болгон.
«Мен бизнес менен алектенчүмүн. Бир убакта французча бир нерсени айтуу мага оңой экенин, ал эми казакча айта албай турганымды түшүндүм. Кантип мен казак болуп туруп, казакча сүйлөй албайм? Ичимде ушундай ыңгайсыздык сезим пайда болду. Бир жолу абдан сыйлаган француз кесиптешим менин казак тилин начар билеримди угуп калды. Анын жүзүндө ушунчалык таң калуу, атүгүл жийиркенүү бар эле. Бул көрүнүш менин намысыма тийди. Ошондон улам эне тилимди үйрөнүүнү чечтим», - дейт ал.
Бирок эне тилин үйрөнүү анын айтымында, оңойго турган эмес.
Мен "Эмнеси бар экен, бат эле үйрөнөм да", - деп ойлогом. Бирок бул анчалык оңой эмес экен. 50 жашымда үйрөнө баштадым. Бирок бир көйгөй бар эле – чоңдор үчүн тил үйрөнүүнүн методикасы жок болчу. Мен өзүм үчүн түшүнгөнүм, казактар ар бир кырдаалда белгилүү бир сүйлөө моделдерин гана колдонушат экен. Ошондо ушундай лайфхак – мен ар бир кырдаал үчүн ушул сүйлөө штамптарын үйрөнүшүм керек деп чечтим. Бул казак элинин кылымдар бою сыналган алтын фонду. Мен жөн гана аларды үйрөнө баштадым. Жазууларым топтолгондо, билимимди бөлүшүүнү чечтим. Ошентип "Ситуативный казахский" китеби пайда болду, адегенде биринчи тому, анан экинчиси», - дейт Тасибеков.
Канат Тасибеков казак тилин мектепте окутуу маселеси дагы деле актуалдуу экенин баса белгилейт. Тасибековдун балдары да орус тилдүү. Кызы мектептен үйгө келип, казак тилиндеги үй тапшырмасын аткара албай, дайыма чоң ата-чоң энесине телефон чалууга туура келчү.
Тилди кантип үйрөнүү керектигин өзү үчүн түшүнгөндөн кийин, Тасибеков башкаларга жардам берүүнү чечкен.
«Азыр менин "Мәміле" (Катнаш) деген казак тилиндеги баарлашуу клубум бар. Мен казак тилин окуткан энтузиастмын. Сегиз жылдан бери ар ишемби сайын жумушка келгендей келип, бул клубдун ишин алып барам. Мамлекеттик кызматкерлердегидей бийлик жана чоң бюджеттик каражаттар менде жок. Бирок мен адамдарга бул зарыл экенин түшүнөм жана жалпы ишке өз салымымды кошуп жатам», - дейт Тасибеков.
Канат Тасибеков менен болгон толук интервьюну төмөнкү шилтемеден көрүңүз: Миллионы казахов не знают казахского
Зайнидин Курмановдун таржымалы
Зайнидин Курмановдун көптөгөн сыйургалдары бар: саясатчы, тарыхчы, юрист, саясат таануучу, публицист, педагог жана агартуучу, философиялык афоризмдердин автору, 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин Төрагасы (парламент спикери); тарых илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Республикасынын Тарых жана коом таануу академиясынын академиги. Ал Фрунзедеги барктуу борбордук мектепти жана Ленинград университетин аяктаган.
— Мен да орус тилдүү болчумун. Атам мени орус мектебине берген. Кыргыз тилин жайында айылга чоң апама барганда гана колдончумун, ал жакта айылдык балдар менен ойночумун. Ошентип тилди турмуштук деңгээлде үйрөнгөм. Бирок убакыттын өтүшү менен чоң кадам жасап, мамлекеттик тилде лекция окуй баштадым, — дейт Курманов.
Курмановдун кыргыз тилин билүү зарылчылыгы 2000-жылдардын ортосунда ал БУУда иштеп, Кыргызстандын аймактарында парламентаризм боюнча тренингдерди өткөрүп жүргөндө пайда болгон.
— Бир лекциядан кийин мага: «Сиз сонун лекцияларды окуйсуз, бирок сиздин лекцияңызды 30 кишинин ичинен 5 гана киши түшүнөт. Орус тили биз үчүн таптакыр жоголгон», — деп айтышты. Мен үчүн бул күтүүсүз болду, адамдар бардык жерде орус тилин билет деп ойлогом. Көрсө, аймактарда орусча сүйлөбөй калышкан экен. Орус тилдүүлүк Бишкек, Чүй облусунда жана бир аз Ысык-Көл облусунда гана калган. Ошондуктан, ишимди улантуу үчүн мен эки айдын ичинде лекцияларымды кыргыз тилине которуп, билимимди өркүндөттүм.
Зайнидин Курманов тилди кантип тез өздөштүргөнү тууралуу кеңеши менен бөлүштү.
— Мен кыргыз тилинде эң көп колдонулган 100 сөздү жазып алып, жаттадым. Мен күнүмдүк тиричилик деңгээлинде кыргыз тилин билчүмүн. Сүйлөшүү, лекция окуу үчүн 300 кыргыз сөзүн билүү жетиштүү. Эгерде 1000 сөз билсең, кыргыз тилинде эркин сүйлөйсүң, — дейт Курманов.
Курманов тилин өркүндөткөндөн кийин, анын жашоосу кескин өзгөргөн, ал парламенттин спикери болуп шайланган.
— Мага спикер болууну сунушташты. Мен дароо кыргызча сүйлөбөй турганымды эскерттим, бирок парламентте менин талапкерлигимди сунуштаганда, мен 45 мүнөт суроолорго жооп берип, бир да орус сөзүн айткан жокмун. Өзүм да таң калдым, — деп мойнуна алды Курманов.
Толук интервьюну шилтеме аркылуу көрүңүз: Зайнидин Курманов: «Мы страдаем от дураков, а не от знания или не знания языка»
Владислав Тендин таржымалы
"Lingua Ten" тил мектебинин директору Владислав Тен Өзбекстанда төрөлүп, 15 жыл мурун Казакстанга көчүп келген. Ал англис, өзбек, корей жана казак тилдерин билет. Учурда башкаларга казак тилин үйрөтүүдө.
«Кесибим боюнча медикмин, келгенде башында дарыгер болуп иштедим. Келерим менен казак тилин үйрөнүүнү чечтим, анткени бул мамлекеттик тил. Эмне үчүн? Мен англис тилин үйрөндүм, анткени ал мага өнүгүү үчүн керек болчу, корей тилин – анткени ал менин эне тилим, өзбек тилин билем, анткени мен Өзбекстанда төрөлүп, жашагам. Азыр менин жаңы мекеним – Казакстан. Ушинтип кызматтык тепкичтен көтөрүлүү оңой болот деп ойлогом.
Бирок мен маданий нес абалга кабылдым, анткени Казакстанда баары орус тилинде сүйлөшчү, ошондуктан тилди үйрөнүү анчалык оңой болгон жок, чыныгы тил чөйрөсү жокко эсе болчу. Азыр албетте, тилдин абалы жакшырды, борборго түштүк аймактардын тургундары келе баштады. Эгер баары мамлекеттик тилди билишсе, анда биз аны билбегендигибиз боюнча бөлүнбөйбүз, адамдардын чыныгы компетенцияларына көбүрөөк көңүл бурабыз», - дейт ал.
Владислав казак тили татаал жана аны үйрөнүү кыйын деген кеңири таралган пикирди жокко чыгарат.
«Менимче, казак тилине анчалык деле муктаждык болгон эмес, баары орус тилинде эле. Негизинен бүгүнкү күнгө чейин деле жашап, үйрөнбөй деле койсом болмок. Бирок мен чындап эле казак тилин үйрөтүүнү кааладым, билбесем да, аны тез эле үйрөнө аларыма ишендим. Казак тили, башка түрк тилдери сыяктуу эле, эч кандай өзгөчөлүктөрү жок, абдан туура грамматикасы бар тилдерге кирет, ошондуктан үйрөнүүгө абдан оңой.
Владислав Тендин пикири боюнча, Казакстанда бир миллионго жакын адам казак тилине муктаж, аларды кыска убакытта үйрөтүүгө болот.
Толук интервьюну шилтеме аркылуу көрүңүз: Нужно детей отдавать в казахский садик
Эмне үчүн биз дагы эле мамлекеттик тилде сүйлөбөйбүз?
Казакстанда да, Кыргызстанда да мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мамлекет эбегейсиз суммаларды жумшап, мамлекеттик тил бардык тармактарда – ЖМКда, билим берүүдө, экономикада, саясатта артыкчылыктарга ээ болушу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Казакстанда көп жылдардан бери латын алфавитине өтүү жөнүндө айтылып келет, Кыргызстанда болсо мамлекеттик кызматкерлерди тил билбегендиги үчүн айыпка жыгуу сунушталууда. Бирок эки өлкө тең каалаган натыйжага жетишкен жок.
Биздин эксперттердин пикири боюнча, буга көптөгөн себептер бар – жаңычыл окутуу методикаларынын жоктугунан баштап, мамлекеттин өзүнүн кайдыгер мамилесине чейин.
Канат Тасибеков Казакстандагы мамлекеттик тил саясаты туура эмес багытта жүрүп жатат деп эсептейт.
«Бир жолу мени Астанада өткөн теледеги тегерек столго катышууга чакырышты. Мен онлайн катыштым. Мамлекеттик программанын бет ачаары болуп, графиктер көрсөтүлөт, алардан 2022-жылы Казакстанда калктын 92% казак тилин билет деп берилет. Ал эми 2025-жылы калктын 95% мамлекеттик тилди билип калат экен. Мен чыдай албай, ошол жерден эле жарылып кеттим: "Эгер биз өзүбүзгө өзүбүз калп айта берсек, бул маселени эч качан чече албайбыз. А биз көрүүчүлөрдүн көзүнчө калп айтып жатсак, башка эмне жөнүндө сөз кылса болот?" Андан кийин мени мындай иш-чараларга чакырбай калышты», - деп кейийт Канат Тасибеков.
Тасибековдун пикири боюнча, мамлекеттик тилди өнүктүрүү ишиндеги чыныгы натыйжа жана илгерилөө жарандык коомдун өкүлдөрү менен чиновниктер биргелешип иштегенде гана болот. Бирок азырынча андай иштешүү байкалбайт.
«Бийлик жана акча менен камсыз болгон мамлекеттик кызматкерлер эмне кылышат? Алардан текке кеткен эбегейсиз каражаттар үчүн талап жок. Акчаны "жешет". Мунун баары кайда кетип жатат? Мына, тилдерди өнүктүрүү боюнча комитет бар, бирок менде алар менен эч кандай байланыш жок. Алар мени жөн эле тоготпой жатышат, мени жоктой эле көрүшөт. Эгер мен депутат болсом, бардык мамлекеттик бала бакчаларды жана башталгыч мектептерди казак тилине которууга аракет кылмакмын. Баары ошондон башталмак», - деп сөзүн жыйынтыктайт Канат Тасибеков.
Зайнидин Курмановдун пикири боюнча, Кыргызстанда азыркыга чейин кыргыз тилин окутуунун методикасы жок. Ал өз балдарын башталгыч класстардан баштап окутууга аракет кылган, бирок жыйынтык чыккан эмес.
— Дагы деле окутуу методикасы жок. Мен балдарымды кичинекей кезинен эле эне тилин өздөштүрүп кетсин деген үмүт менен кыргыз мектебине котордум – уулумду 4-класска, кызымды 2-класска. Мугалимдерибиз бизге: "Үйдө балдар менен кыргызча сүйлөшкүлө, анткени балдар тыныгууларда бири-бири менен орусча сүйлөшөт", — дешет. Жыйынтыгында, уулум азыр деле менден сурайт: "Мен түшүнгөн жокмун, кайда окудум? Эмнени үйрөндүм?" Окутуу деңгээли өтө төмөн болчу. Кыргыз мектебин аяктагандар өнүгүү деңгээли боюнча артта калышат. Анткени кыргыз тили коммуникативдүү эмес, грамматикасы иштелип чыккан эмес, тармактары жок. Ошондой эле кыргыз тилинин мугалимдери көп учурда көп балалуу, оор жашоодон кыйналган, алардын окутууга убактысы жок, алар жөн гана окутуп жаткандай түр көрсөтүшөт, — дейт Зайнидин Курманов.
Кыргыз тилинин мектептерде дагы деле сапатсыз окутулушунун негизги себеби – Билим берүү министрлигинин аракетсиздиги, - деп эсептейт Жаңыл Түмөнбаева.
— Бул билим берүү министрлигинин кемчилиги, себеби ал бул ишти толугу менен жокко чыгарды. 1989-жылы эле биз бардыгы жазылган токтомду чыгарганбыз. Мисалы, кыргыз эмес мектептерде сабак берген кыргыз тили мугалимдерине 15% кошумча төлөм каралган. Бирок бул колдонулбайт. Мугалим сапаттуу сабак берүүгө кызыкдар болушу керек. Эгер бала алгачкы төрт класста тилди өздөштүрсө, ал андан ары көңүлдөнүп сүйлөйт. Мындай иш башынан болгон жок. Балдарга кичинекей кезинде грамматиканы бериш керек. Бирок билим берүү министрлиги, бир дагы министр бул багытта эч нерсе кылган жок. Ошондуктан азыркы учурга чейин көйгөй бар.
Кыргызстандын парламентинде ушул күндөрү мамлекеттик кызматчыларга мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн айып пул киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Жаңыл Түмөнбаеванын пикиринде – бул нонсенс.
— Бул уят, бул менин улутум үчүн абсурд. Тилди эч кандай зордук жолу менен киргизишпейт. Сиз зордук менен жок дегенде кылмыштуулукту азайттыңызбы? Ар ким өз ишин так аткарса жакшы болор эле. Тил эмне, зордукпу? Тил – бул маданият, тил – бул баарлашуу, тил – бул каалоо, сүйүү. Аны киргизүү үчүн сүйүү керек.
Толук интервьюну шилтеме аркылуу көрүңүз: Жаныл Туменбаева: "Язык - не насилие. Это любовь, культура и уважение"
Нурбек Токтакуновдун пикири боюнча, азыр Кыргызстанда кыргыз тилин үйрөнүүгө эч кандай көйгөй жок, адабият да жетиштүү. Кыргыз тили социалдык тармактарда, радио жана телевидениеде, көчөлөрдө ар дайым кыргыз тилинде сүйлөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок орус тилдүүлөрдү окутууга багытталган курстар жетишсиз.
— Оозеки тилде сүйлөшсө болот, бирок илимий, адабий тил жөнүндө сөз кыла турган болсок, кыргыз тили кандайдыр бир деңгээлде татаал ооруну башынан кечирүүдө. Тил да өлөт. Мен ушундан корком. Бийлик жасап жаткан мамлекеттик кызматкерлерге айып пул киргизүү менен кыргызча сүйлөөгө мажбурлоо, активисттердин барып уяткаруусунан натыйжа чыкпайт. Агрессивдүү "кыргызча сүйлө" дегенден пайда жок.
Кыргыз тили өнүгүшү үчүн, жазуучулар кыргызча романдарды жазышы керек, адамдар аларды түп нускада окууну каалашы үчүн. Бөлөк тилдүүлөр кыргызча көрүүнү каалай турган тасмаларды тартуу керек. Медицина, юриспруденция жана философия кыргызча сүйлөшү керек, — дейт Токтакунов.
Биздин каармандар жана эксперттер айткан объективдүү себептерге карабастан, тарыхый контекст – жалпы советтик өтмүш жана ондогон жылдар бою орусташтыруу баштан өткөн. Казак жана кыргыз тилдери күчкө жана популярдуулукка ээ болушу үчүн бир нече муун алмашуусу керек. Ал эми бул үчүн шарттарды түзүүгө өз мамлекетинин эгемендүүлүгүн сыйлаган ар бир жаран аракет кылышы керек.
Материалды Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан) жанаЛейла Саралаева, Даяна Оселедко (Кыргызстан) даярдашты