Мина атуучунун эрдиги

15:51, 8 Мая 2015


Улуу Ата Мекендик согуш дүйнө жүзүнө Советтер Союзунун элинин бекем эрки менен туруктуулугунун үлгүсүн көргөздү. Согушта орус, кыргыз, өзбек, украин улутунун өкүлдөрү бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып турушту. Бирөөндө да,жанындагы жолдошу артка чегиниши мүмкүн деген шектин кыпыны да жок болчу.

Эр жүрөк жоокерлердин арасында кыргызстандык  Мансуза Ванахун да бар эле, ал Советтер Союзунун Баатыры деген наамды алган жалгыз дунган. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында Кыргызстанда «Ванахундун эрдиги» аттуу документалдык фильм тартылды, анда бул күчтүү жана каарман адам туурасында айтылат. 


Жалгыз фашисттерге каршы

Жогорку аскердик наамга жердешибиз, Чолпонбай Түлөбердиев менен Александр Матросовдукуна окшош эрдиги үчүн өлгөндөн кийин ээ болгон. Ал душманга куралды карматпай, өзү курман болууну чечкен. 1943-жылы июль күндөрүндө Улуу Ата мекендик согуштун чечүүчү салгылаштарынын бири -  Курск дугасы кызуу жүрүп жаткан. Душман башкы соккуну  орел-Курск темир жолунда жасады.  Бул сокуунун мизине мина атуучу 232-полк туш болду, анда минометтун командирлигинде сержант Мансуза Ванахун согушуп жаткан 4-батарея да бар эле. Мина атуучулардын алдында жөө аскерлерди калкалап, коргонууну жарып өтүүсүнө жол бербеши керек эле. Ванахундун мина аткычы  Согласный хуторунун түштүк-батышында жайгашкан эле. Так ушул жерде катуу салгылаш болуп жаткан. Фашисттер жарып өтүп, 4-батареянын согуштук позициясына өтө жакын келип калышты. Мина аткычтар өз  чегин коргоп, болушунча согушуп жатышты, бирок биринин артынан бири катардан чыгып жатты. Акыркы болуп командир Ванахун калды.


Окторунун акыркы запасын коротуп, командир граната ыргытты, бирок ал да жарылбай калды. Ошол учурда ондон ашык фашист окопко жулунду, алар мина аткычты алуу аракетин жасашты. Ошондо  Ванахун ыңгайлуу учурду күтүп туруп, минанын капкагын сууруп алды да, аны менен согуштук техниканын таканчык плитасын бир урду. Тегеректи  жарылуу толкуну каптады. Ошол эрдиги менен кыргызстандык жоокер 50 фашистти  жок кылып, Мекени үчүн  ойлонбостон өз жанын кошо кыйды. СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1943-жылкы 8-сентябрдагы Указы менен Манзус Ванахунга өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 


Сержант  Ванахунду  эрдик жасаган жерине зор аскердик сый-урмат менен  жерге жашырышты, ал эми курман болгон 3 жарым миңден ашык советтик жоокерлер коюлган Протасово айылындагы аскердик мемориалда (ал Малоархангельсктен сегиз чакырым алыстыкта жайгашкан)  өзүнчө тактада: «Бул жерде 1943-жылы  5- июлда, 232-мина аткычтар полкунун 12-арт дивизиясынын эр жүрөк командири, Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахун Мекенин Баатырдык менен коргоп жатып, курман болгон» деп жазылып турат.

Тилекке каршы, кыргызстандык жаш муундар Ванахундун эрдиги туурасында көп билишпейт, ошондуктан, борбордук Кино үйүндө баатырга арналып тартылган тасманы көргөзгөн  учурда бош орундун жок болгондугу кубандырбай койбойт. Биринчи көрөрмандардын арасында КР өкмөтүнүн жана президенттик аппараттын өкүлдөрү, Орусиянны элчилигинин, Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү болушту. Келгендердин көбү, «Ванахундун эрдигин» тарткандар  тарыхый акыйкаттуулукту даңазалашып, баатырдын жаркын элесин татыктуу  бере алгандыктарын белгилеп кетишти. Тасманын авторлору -  «Пирамида» ТРК нын журналисти  Майя Ким  жана оператору Павел Шлончак – батырдын туулган айылында гана эмес, Орлов областындагы согуштук атак алган жерлерде да болуп келишкен.


- УАМ согуштун убагында элдик биримдиктин өзгөчө феномени түзүлдү, көп улуттуу советтик эл өз мекени үчүне бир адамдай турушту, душманын жеңип чыкты, - дейт долбоордун катышуучуларынын бири, тарых илимдеринин кандидаты, Орусиядагы запастагы полковник Леонид Сумароков. – Биздин убакта да биримдик туурасында мүмкүн болушунча тез-тез жана көп айтып туруу керек. Ванахундун мисалы совет элинин эрдигинин айкын үлгүсү. Биримдикте  болуу менен гана жеңишке жетүүгө болот.  


Баатыр унутулбайт

Согушка чейинки жашоосунда Мансуаза Ванахун карапайым эмгекчи болгон, дыйканчылык кылып, күрүч өстүрчү, балдарын тарбиялачу. Анан, албетте, анын атын кылымга калтырган эрдик туурасында ойлогон да эмес. Пишпекте төрөлгөн, Милянфан айылында жашаган. Согуш башталганда ал 34 жашта болчу. 
- Апамдын айткандары  боюнча, атам абдан шайыр жана жайдары адам болчу, ал согушка кетип жатканда да жеңип келээрине ишенип туруп кеткен. Ал, жерибизди душмандардан бошотуп туруп, сөзсүз кайтып келебиз.  Ишенгиле! - деген экен деп эсине салды  баатырдын кызы Меме Ванахун – Жылдар өткөндөн кийин атам курман болгон жерге бардык, ардагерлер менен сүйлөштүк. Ошол согуш болгон жерге барганымда, сезимимди кармай албай калдым, көпкө ыйладым. Ошондо, бирге согушкандар атамды эстешип, анын жайдары, шайыр мүнөзүн айтышты. Командир Ванахундун Буденыйдыкына окшогон коюу муруттары болгондугун айтышты. Баатырдын кызы болуу кыйын. Атаңдын ким болгонун билүү башка, ал эми курман болгон жерин көрүү –таптакыр башка. Кээде, ошол баатырдыгын жасабай койгондо тирүү калмак беле деп ойлоп кетесиң, анда мүмкүн үйгө кайтып келмек, мурдагыдай чогуу болмокпуз.
  Ванахундун үй-бүлөсү  – чоң атасынын согуштук эрдиктери туурасында бул фамилияны алып жүргөндөрдүн эң  кичинекейи да билген үй-бүлөлөрдөн. Кийинки муундун кээ бири атасынын, чоң атасынын изи менен кеткени да таң калычтуу эмес. Ванахундун неберелеринин бири  жоокер адамы. Анын сөзү боюнча алардын тукумунда ушундай: мекенди коргоо – бул сыймык.  Ошондуктан, алардын тукумундагы ар бир эркек кайда жашабасын, окубасын, Мекенинин алдында аскердик милдетин аткарышы керек. 
Жердеши менен дунган диаспорасынын өкүлдөрү өзгөчө сыймыктанышат. Мекенинде, Советтер Союзунун баатыры болгон жалгыз дунганды ардакташат, Кант шаарындагы бир мектеп жана чек ара заставаларынын бири анын атын алган. Милянфан айылында Ванахундун эстелиги орнотулган, ага арналган музей ачылган. Даректүү тасма тартуунун демилгечиси  Чжен Хе атындагы Эл аралык  маданий интеграция  фонду болуп калды.

- Биздин фондубуздун милдеттеринин бири – маданий жана тарыхый мурастарды сактап калуу жана көбөйтүү. Бул фильм менен кыргызстандыктын эрдигин көргөзүп, азыркы жана болочок муунга ошол мезгилдик руханий баалуулугун берүүгө аракет кылдык - дейт фонддун долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Бахром Бебезов. Биз Улуу Жеңиш жөнүндөгү, өз өмүрүн тартуулоо менен бизди ага жакындаткан адамдар туурасында унутпашыбыз керек.

Карапайым эмгекчи Мансуза Ванахундун жана башка мекендештеринин аты Москвадагы Поклонная горанын (Сыйынуу тоосунун) Даңк залында  алтын тамгалар менен жазылган. Ал, башка баатырлар сыяктуу жеңишке өз салымын кошту, ал биз үчүн өтө көп мааниге ээ. 

Майя Ким 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине