"Тирүү жеткендердин дээрлик бардыгы аман калышты"

15:09, 2 Декабря 2024

«...Тоолордо ар кайсы жерде, жолдордо өлүктөр кездешип жатты. Аттар, адамдар өтүшү үчүн жолду бошотуу керек болуп, өлүктөр жардан алыс ыргытылып турган. Кыргызстанга ушинтип жатып жеттик. Тирүү жеткен казактардын дээрлик баары аман калышкан», - деп эскерет Жамбыл облусунун тургуну өткөн кылымдын 30-жылдарындагы каргашалуу мезгилди...

Ачарчылык (1930-жылдар) – Казакстандын тарыхындагы эң бир трагедиялуу барактар. Байларды кулакка тартуу, коллективдештирүү жана ашыкча азык-түлүктү алып коюу (продразверстка) сыяктуу Сталиндин саясатынын кесепетинен ар түрдүү эсептер боюнча 1,5 миллиондон 2,5 миллионго чейин казактар өлгөн. Бул ошол кездеги республиканын калкынын жарымы болуп эсептелет.

Жарым миллионго жакын казактар качышкан. Алардын бир бөлүгү кошуна Кыргызстанга, ал кезде Кыргыз АССРине жанды аман алып калуу үчүн качып барышкан. Ал жакта да ачарчылык болгон, бирок Казакстандагыдай калк кырылган деңгээлге жеткен эмес.

Ошол трагедиялуу окуялардан бери 100 жыл өттү. Бирок ошол ачарчылыкка ушул кезге чейин саясий баа бериле элек. Дагы эле адамдар үчүн маанилүү болгон суроолорго жооп табыла элек. Мисалы, 1930-жылдарда Казакстанда ачарчылык эмне үчүн ушунчалык масштабдуу болгон да, Кыргызстанда андай болгон эмес? Кошуна Кыргызстанга качкан миңдеген казактар кантип аман калышкан? Бул трагедия үчүн ким жоопкерчиликти алышы керек?

Ушул жана башка суроолорго “Колонизациянын ак тактары” аттуу өлкөлөр аралык долбоордун алкагында даярдалган изилдөөдөн жооп табууга аракет кылдык.

Биз ошондой эле ачарчылыктын бардык азап-тозогун башынан өткөргөн адамдардын туугандарынын таржымалдарынан да окурмандарга бөлүшөбүз.

Казакстандагы ачарчылык: себептери жана кесепеттери

1930-жылдардагы Казакстандагы ачарчылыкты “голощекиндик” деп да, ошол кездеги ВКП(б) Казак крайкомунун катчысы Филипп Голощекиндин аты менен аташат. Так ушул адам республикадагы коллективдештирүү процессин жетектеген.

Бирок казак тарыхчысы, Азия таануу институтунун директору Султан Акимбековдун айтымында, 1930-жылдардагы трагедиянын себептери коллективдештирүүдө эмес, бир топ тереңде.

Казакстанда 1929-жылы кабыл алынган коллективдештирүү жөнүндө чечим, анын айтымында, радикалдуу форматта болгон:

«Көчмөн жана жарым көчмөн жашоодо жашаган ошол кездеги казактар 77 % эле, аларды отурукташкан жашоого келтирүү керек болгон. Отурукташкан жерге бардык малды айдап келип, адамдарды орун алдырып, бул болжол менен 1000 – 2000 үй чарбалары ушундай болгон”.

Тарыхчы Султан Акимбеков 

Анын үстүнө казак талааларында большевиктер тарабынан жасалган коллективдештирүү көптөгөн себептерден улам татаалдашып кеткен.

«Биринчиден, мал жайытсыз калып өлгөн. Ошол учурда Казакстан бүткүл союздук керектелүүчү эттин 20 пайызына чейин камсыздап турган. Экинчиден, салык төлөш керек болчу: эгин, 2-3 пуд эски сөөк, кийиз, салыктын чоң тизмеси болгон. Документтерден белгилүү болгондой, 25 пуд же 400 кг дан салыгын төлөө үчүн бир казак жети төө жана 15 кой берген, бул таптакыр тең эмес алмашуу болгон», - деп тарыхый маалыматтарды келтирет Акимбеков.

Анын пикиринде, массалык ачарчылыктын себептери Советтер Союзунун саясатына байланышкан факторлордун бүтүндөй комплексинин натыйжасы болуп саналат:

«Ачарчылык казактар ​​үчүн өтө курч жана эмоционалдуу окуя. Ал коомчулукта катуу реакция жаратат. Айрымдар ошол кездеги мамлекеттик саясатты катуу сынга алышса, башкалары аны Советтер Союзунда болуп жаткан дүйнөлүк процесстердин контекстинде кароого аракет кылышат. Мен бул көрүнүштү жалпы контекстте кароо керек дегенге кошулам».

1933-жылга карата 40 миллион баш малдын ичинен казактарда болжол менен ондон бири калган.

«Ал эми мал чындыгында тамак-аштын жалгыз булагы эле. Калк ачкачылыкка дуушар болгон. Ошого карабастан коллективдештирүү улантылып, мал сатып алуу кыскартылган эмес, дагы 3,5 миллион баш малды элден алуу пландаштырылган. Эл абдан оор абалга кептелген, өкмөттөн эч кандай жардам болбогон. Ошентип 1930-жылы массалык түрдөгү кыргын башталган», - деп түшүндүрөт Султан Акимбеков.

Тарыхчынын маалыматы боюнча, ошол жылдарда жарым миллион казак чет өлкөлөргө качып жана 30% өлүмгө дуушар болгон.

«Ачарчылыктан кутулууга аракет кылган казактардын бир кыйла бөлүгү Орусияга, Өзбекстанга, Кыргызстанга, ошондой эле Кытайга, Ооганстанга жана Иранга качкан. 500 миңге жакын казак Казакстандан сырт калды. 1939-жылдагы эл каттоо боюнча казак калкы 1926-жылга салыштырганда 1,2 миллион адамга азайган. Башкача айтканда, кеминде 27% казак эли ачарчылыктан каза болгон. Эмоциясы жок айтканда деле бул өтө коркунучтуу сан”, - дейт Султан Акимбеков.

Султан Акимбеков менен маекти толугу менен төмөнкү шилтемеден  көрө аласыздар: 

Казактар үчүн большевиктер жут болгон

Кезинде советтик жетекчилик 30-жылдардагы ачарчылыкты аба ырайынын начар шарттары менен түшүндүргөн. Бирок бул версия эч бир сынга татыбайт, - дейт Ч. Валиханов атындагы тарых жана этнография институтунун тарыхнаама жана заманбап методология бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери Арман Абикей.

«Чындыгында элден малды тартып алуу кампаниясы ишке ашырылып, этти көп даярдоо жүргөн – мунун баары казактарды ачарчылыкка алып келген. Жут (малдын массалык кырылуусу) жөнүндө да айтышат. XIX кылымда Казакстандын аймагында 20га жакын ири жут болгон, бирок казактар ​​алардан кийин да аман калып, табигый кырсыктарга каршы турууга үйрөнүшкөн. Бийликке келген большевиктер казактар ​​үчүн жут болуп калган», - деп эсептейт тарыхчы.

Тарыхчы Арман Абикей

Ал казактар жанын аман алып калуу үчүн кайда, кантип качканын айтып берди:

«1930-жылдын башында эле качкындардын агымы башталган. Жүз миң адам Батыш Сибирге, 100 үй-бүлө Батыш Сибирден өтүп Ыраакы Чыгышка чейин жеткен. Алар абдан кыйналышкан. ВКП(б) Батыш Сибирь крайкомунун биринчи секретары Роберт Эйхе мындай буйрук чыгарган: аймактын социалдык абалын жакшыртуу максатында 24 сааттын ичинде казак качкындары кууп чыгарылсын. Бул болсо жергиликтүү бийликти эмне кааласа ошону жасоого түрткөн».

Анын айтымында, 1930-жылдын октябрь айында 40 үй-бүлө Кытайга качууну көздөшкөн, бирок НКВД кызматкерлери аларды чек арадан тосуп алышып, ок атышкан.

«Чек арадан 9 гана үй-бүлө өтүүгө жетишкен, калгандары кармалып же өлтүрүлгөн. Аялдар зордукталган, эркектер тонолгон...”,- деп Арман Абикей ошол убактагы каргашалуу маалыматтардан келтирди.

Ошол ачкачылык жылдарда каннибализм көп катталган. Арман Абикей бул көрүнүштү эл жетээр жерине жеткендиги менен, анткени мамлекет аларды карабай таштап койгон деп түшүндүрөт:

«Аларды бул абалга ким алып келгенин унутпашыбыз керек. Дал ошол ачарчылык катуу жүрүп жаткан кезде, 1931-жылы совет өкмөтү элди сактап калуунун ордуна, чет өлкөлөргө 51,8 миллион пуд эгин саткан. Эл ансыз деле жапырт ачкачылыктан өлүп жаткан, бийлик алардын өлөөрүн билген, бирок бул аларды токтоткон жок... Муну мамлекеттик каннибализм деп эсептесе болот, бул кадимки каннибализмден да коркунучтуу”.

Тарыхчы Казакстандагы 1930-жылдардагы ачарчылыкты геноцид деп айтууга болот деп ойлойт, анткени ал совет бийлигинин саясий чечимдеринен улам келип чыккан:

«1992-жылы түзүлгөн 1930-жылдардагы ачарчылыкты баалоо боюнча комиссиянын маалыматы боюнча, Казакстанда кеминде 2,2 миллион казак өлгөн. Анын чечиминде “бул совет бийлигинин кылмышы” жана “геноциддин белгилери болгон” деп айтылат.

Мындан тышкары эки-үч жылдын ичинде чоң маданий катмар жок кылынган.

«Окумуштуулар этноцид жөнүндө да айтып жатышат, анын ичинде маданиятты, улуттук өзгөчө аң-сезимди, тилди жок кылуу», - деп белгиледи тарыхчы.

Арман Абикей менен толук маекти төмөнкү шилтеме  боюнча көрүүгө болот:

«Мени аман алып калуу үчүн энем карындашымды карышкырларга салып берген»

«...Тирүү калгандар чычкандар менен отоо чөптөрдү жеп же талааларды аралап, талаада калган жүгөрүнүн дүмүрлөрүн издеп жүргөнүн эстешет...» деп жазат америкалык изилдөөчү Сара Кэмерон өзүнүн «Ач талаа» китебинде.

Ошол кездеги ачарчылыктан аман калган казактардын урпактары эркек балдарды жана тукум улоону сактап калуу үчүн адамдар иттерди, мышыктарды жеп, кыздарды таштап кеткени тууралуу азап-тозоктуу окуяларды айтып беришет.

Алардын бири казак окумуштуусу, абай таануучу, коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Мекемтас Мырзахметулы. Быйыл ал 94 жашка толду.

«Ачкачылык жылдарында айылыбыз бүт көчүп келген, ал Ташкентке жакын жайгашкан эле, көбү ошол жакка көчүп, аман калган, Кыргызстанга кетишкен, алар да аман калышкан.  Ал эми көчпөй калгандардын көбү өлгөн. Апам мени аман алып калуу үчүн сегиз айлык карындашымды карышкырларга ыргытууга аргасыз болгонун айткан...» — деп эскерет аксакал режиссер Жанболат Мамай тарткан «Зүлмат» тасмасында.

“Өлгөн талаанын көчмөндөрү” аттуу Досым Сатпаев тарткан тасмада бизнесмен Ерлан Кожасбай чоң энесинин айтып бергендерин эскерет:

“Чоң энем айткандай, эл жинди болуп кете жаздаган, айланадагы тирүү жандыктардын баары: мышыктар, иттер, чычкандар желип кетти, ошондон кийин адамдар өлүктөрдү да жей башташкан».

Астананын жашоочусу Серик Белгибай биздин журналистке чоң атасы айткан эскерүүлөр менен бөлүшкөн:

«...Анын айтканы боюнча, өлгөндөрдү көмүүгө ал-күч калган эмес – чоң атамдын атасы сөөктөрдү жөн эле жаап, жер тамдын эшигин да жаап койгон. Андан кийин жаназа окуп, чоң атамды ийинине отургузуп алып Омскини көздөй жөнөшкөн. Жолдо чоң атамдын атасы көлдөн өрдөк тутуп алган экен, алар ушунчалык ачка болгондуктан, өрдөктү чийки жеп коюшкан...»

Серик Белгибай менен маекти төмөнкү шилтеме  боюнча көрө аласыздар.

«Алар укмуштай арып-ачышкан, азап-тозокту баштан кечиришкен»  

Ал кезде Кыргыз АССРи деп аталган коңшулаш Кыргызстанда да ачарчылык болгон, бирок анын Казакстандагыдай кыргындуу кесепеттери болгон эмес. 

«Ачарчылык бизде дагы башталган. Архивде ар кайсы аймактарда 5-6 адам өлдү, балдар өлдү деген документтер бар”, - дейт кыргыз тарыхчысы, профессор Зайнидин Курманов.

Тарыхчы Зайнидин Курманов

«СССРдин территориясы 24 экономикалык зонага бөлүнүп, Казакстан дан жана эт даярдоо зонасына кирген, ал эми биздин түштүктөгү коңшуларыбыз — Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан пахта даярдоо зонасына кирген. Ошондуктан ал аймакта Казакстандагыдай мүшкүл болгон эмес”, - деп түшүндүрөт тарыхчы Арман Абикей.

Ал аман калган казактардын балдарынын эскерүүлөрүн келтирет.

Коке Абаев: «...Жамбыл облусунун чек арасынан өтүп, Кыргызстанга кеткендердин баары аман калышты. Ал эми чек аранын ары жагында калгандардын баары ачкачылыктан өлүштү. Тоолордогу жол боюнда өлгөндөр көп болгон. Жолдон өтүш үчүн өлүктөр жарлардан ыргытылган”.

Кыргызбай Касымханов: «Менин ата-бабаларым: төрт кишиден турган үй-бүлө болгон малын таштап, бир ат менен Кыргызстанга кетишкен. Алар Ысык-Көлгө көчүп келип аман калышкан.  Атам ушул үйдүн кичүү уулу болгон, кыргыз элине ыраазычылык катары элдин атынан аталган ысымды мага ыйгарышкан”.

Фрунзе шаары, 1930-жылдар. Фото https://foto.kg/ 

«Күндөрдүн биринде Фрунзе шаарына миңдеген арып-ачкан, арыктаган, кирдеген, кыйналган элдин агымы кире баштаган. Фрунзенин жашоочулары үчүн бул мүшкүл эле. Шаардыктар аң-таң болушкан. Алар көп жылдар бою казактар ​​менен жанаша жашап, кыздарды күйөөгө беришкен, балдары казак кыздарына үйлөнүп, спорттук мелдештерди бирге өткөрүп, чогуу майрамдашчу. Казактар кыргыздарга караганда бай жашашкан. Анан бир маалда эле арып-ачкандар кирип жатпайбы”, - деп айтат Зайнидин Курманов.

«Булар биздин коңшулар экенин элестете да алган жокпуз, кечээ эле биз алар менен чогуу эс алып, кымыз ичип, а бүгүн алар алдан-күчтөн тайып турганы, тим эле азап да», - деп профессор чоң энесинин эскерүүлөрүн келтирет. Кыргыз АССРинин аймагына келген казактардын саны тууралуу так маалымат жок. Кыргыз тарыхчылары 120-150 миң адам деп эсептешет.

«Менимче, 150 миңдей адам болгон. Эл Карагандадан, Семипалатинскиден келишкен. Жөө, ат унаасы жок, балдар, карылар бардыгын өздөрү көтөрүп келишкен. Жолду катар көп адамдар ачкачылыкка чыдай албай каза болушкан», - дейт Курманов. «Алардын болгон максаты: шаарга эптеп жетүү эле, анткени жергиликтүү жашоочулардан жардам болмок. Эл чындап жардам берип, суу, кийим-кече, нан алып чыгып беришкен».

Профессор ачарчылык менен архивден эле тааныш эмес. Анын таенеси Жамбыл облусунан келген качкын болгон.

«Алар Бакайыр колхозуна чейин 40-50 чакырымдай жүрүшкөн, жолдо анын бир туугандары, атасы, апасы каза болуп, сиңдиси менен гана калышкан. Анан сиңдиси жоголуп кеткен, ал жакта ойго келбес жырткыч иштер болгон, адам жегичтер пайда болгон, балдарды, адамдарды уурдап турушкан. Эл ачкачылыктан жана трагедиядан акылдан ажырагандай көрүнгөн», - деп айтат  Курманов.

Тарыхчы окуяга күбө болгондордун эскерүүлөрүн келтирет: адегенде каза болгондордун сөөгүн унаалар менен алып чыгышкан, бирок кийин алардын ордун жүк ташуучу кирелер жана ат арабалар басышкан. Шаардык кызматтардын мынчалык көп адамдын өлүгүнө алы жетпей калган. Казак качкындары кыргыз айылдарын, шаарларын каптап келгенде ал жактарда качкындарды кабыл алууга эч нерсе даяр эмес болчу. Шашылыш абалда ачка адамдар үчүн тамак-аш таратуучу жайлар, бала бакчалар, ачка адамдар үчүн ашканалар ачылган.

Кошумча балдар үйлөрүн жана балдарды кабыл алуучу жайларды ачуу маселеси көтөрүлгөн. Бул Кызыл Чырым коому жана балдар комиссиясы тарабынан милициянын жардамы менен ишке ашкан. Балдарды жыйноо шаардын көчөлөрүн жана чет-жакаларын аралай жүргүзүлүп, кароосуз калган балдарды же ата-энелери өздөрү бергендерди гана камтыган. Ошол кезде бир жарым миң бала балдар үйүнө жайгаштырылган. Ушундай балдардын арасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев да болгон.

«Фрунзеге баруучу жол узак жана татаал болгон.  Ал жерде чоң атам туугандарын аларга баш калка берген орус үй-бүлөсүнө жайгаштырган. Күндөрдүн биринде ал жумушка кетип, кайтып келгенде кичүү кызы мешке түшүп каза болгонун билген. Ал эми аялы шал болуп, жардам бере алган эмес. Ошондон кийин чоң атам бир жакка кетип, кайра кайтып келбей калган. Ал эми анын уулдары, менин атам жана анын агасы Касым интернатка түшкөн”, - дейт Касым-Жомарт Токаев “Президент 2.0” тасмасында.

Тарыхчы Курмановдун айтымында, Жусуп Абдрахмановдун принципиалдуу позициясы он миңдеген казактардын өмүрүн сактап калган. Ал ошол учурда Кыргыз АССРинин жетекчиси болгон.

Сүрөттө: Жусуп Абдрахманов 

«Жусуп Абдрахманов бекем, ак ниет большевик болгон, ал коммунисттик идеяга ишенген, бул идеянын фанаты болгон. Бирок ал чындап эмне болуп жатканын көргөндө чыдабай кеткен. Ал коммунизмдин жана коммунисттердин лидерлеринин идеясына кынтыксыз ишенген адам болбой калган. Кошумча 100 трактор сатып алуу үчүн коммунисттер ушунчалык каргашалуу окуяга жана массалык өлүмгө жол берип жатышканы анын акылына сыйган эмес», - дейт Курманов.

Анын айтымында, Абдрахманов анын кесепеттеринен коркпой, Москва менен Ленинградга жөнөтүү үчүн кампаларга чогултулган эт, дан жана башка азык-түлүктөрдү кыргыз жана казак калкына таратып берген. 1933-жылы ачарчылык басыла баштаганда Абдрахманов дан даярдоо планын бузгандыгы үчүн Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгынан алынган. Ал эми 1938-жылы Жусуп Абдрахманов атылган.

«Ымыркайларды бир чыны сүт үчүн кармата беришкен»

Ачарчылыктан качкан казактардын урпактары бүгүнкү күндө Кыргызстандагы казак диаспорасынын негизин түзөт. Алардын бири Кыргызстандын биринчи стюардессасы, учурда авиация музейинин директору Тлеухор Бошумова.

Тлеухор Бошумова

«Мен казакмын, орто жүздөгү аргын болом. Менин ата-бабаларым Карагандадан ары Агадыр аймагында жашаган. Өтө бай дебейм, бирок 5 төөсү, 10 жылкысы, койлору болгон. Уйлар сүт, айран, каймак берип, бээнин сүтүнөн кымыз жасашчу. Алар ушуну менен жашап, азыктанган.

1927-жылы коллективдештирүү башталып, алардын малын тартып алышкан.  Ал кезде байсыңбы, орто дыйкансыңбы же кедейсиңби деп сурашчу эмес. Короодо эки жылкы болсо, бирөө алынган, бешөө турса, төртөө алынган», — дейт Тлеухор Бошумова. Ага ачарчылык тууралуу атасы айтып берген.

Кыргызстанга көчүү чечимин бүт үй-бүлө кабыл алган:

«Туугандарыбыздын биринин күйөөсү Улуу Жибек жолунда кербен айдоочу болгон. Ал кезектеги кербенден келип көчөлү, чөптүү, суусу, тоолору бар жерлерди көрдүм, мал баксак да ачкадан өлбөйбүз деди. Бүт үй-бүлөсү менен чогулушкан... Атамдын айтуусу боюнча, аябай кыйын экен, жолдо адамдар өлүп жатышты, жаш балдарды, ымыркайларды да аман калсын деп бир табак сүт үчүн беришкен».

Кыргыз жеринде аман калган казактардын урпактары эң кыйын мезгилде жокчулукка, ачкачылыкка карабай жардам берген кыргыздарга азыр да ыраазы.

Тлеухор Бошумова менен толук маекти төмөнк шилтеме  аркылуу көрсөңөр болот.

Ачарчылык жана миллиондогон адамдын өлүмүнө ким жоопкер?

Эбегейсиз көп курмандыктарга карабастан, СССРдин расмий тарыхында ачарчылык тууралуу дээрлик айтылган эмес. Бул трагедия тууралуу эгемендик жылдары гана айтып, жаза башташкан. Тарыхчы Зайнидин Курманов, СССРдин бактылуу көрүнүшүн караңгылатпоо үчүн бул фактылар жашырылган деп эсептейт.

«Советтер Союзу идеологиялык мамлекет болгонун унутпагыла. Алар эмнени куруп жатышты? Коммунизм — бул жалпы адамзаттык бакыттын коому, анда бардыгы шайкеш, бардыгы адилеттүү, репрессиялар, кылмыштуулук жок. Толук бейиш. Анан эле күтүлбөгөн жерден бул бейиште жарандык согуш, каргашалуу ачарчылык, бандиттер, кылмыштуулук, массалык репрессиялар, өлүм жазасына тартуулар болгон. Албетте, идеология булардын бардыгын жашырган. Качан гана кайра куруу башталганда, шумдуктай фактыларды камтыган маалыматтарды камтыган архивдер ачылып, чындык белгилүү болгон”.

Казак жана кыргыз тарыхчылары ачарчылык үчүн совет бийлиги айыптуу деп эсептешет.  

«Эл буга өз баасын берген. Бул курмандыктар зарыл болгон, алардын курмандыгы акталган, Сталин менен Ленин бактылуу коом кургусу келген деген көк мээлер ​​дагы эле бар. Андан бери жүз жыл өттү. Эмне, казактар ​​же кыргыздар жан башына ИДПдан алдыдабы? Эгерде биз рынок экономикасын жана сергек атаандаштыкты өнүктүргөндө, калкты массалык түрдө кырбай эле өнүгүүнүн азыркы деңгээлине жетмекпиз”, - дейт профессор Курманов.

Тарыхчы Султан Акимбеков да ушундай пикирде:

«Демек, болуп өткөн кыргын үчүн бардык жоопкерчилик Сталинде жана бийликтин вертикалында экени көрүнүп турат. Бирок ким баа бериши керектигин айтуу кыйын. Бул саясий учур. Кайсы бир жерде бул тууралуу айтпаганга аракет кылабыз. Коңшулаш Россияда СССРге карата сын көз карашта мамиле кылуудан баш тартууга аракет кылып жатышат. Тескерисинче, алар позитивдүү образ түзүүгө аракет кылып, ошол себептен 90-жылдардагы көптөгөн чечимдерди жокко чыгарып жатышат. Москванын советтик тарыхка болгон оор мамилесин эске алып, биз бул жагдайлар менен эсептешүүгө аргасызбыз».

Казактар ​​СССРдин мыйзамдуу мураскери катары Орусиядан ачарчылык үчүн күнөөсүн мойнуна алууну талап кылышы керекпи? Бул боюнча казак коомунда бир беткей пикир жок.

Тарыхчы Султан Акимбековдун айтымында, азыркы саясий кырдаалда бул мүмкүн эмес жана кереги да жок.

«Бул маселени жаңыртуунун кереги жок. Бирок бул өлкөнүн ичинде биз бул маселе менен алектенбешибиз керек дегенди билдирбейт. Биз изилдешибиз керек. Бизде адабият аз, изилдөө иштери жетишсиз. Украинаны башынан өткөргөндөрдүн жана алардын урпактарынын эскерүүлөрү абдан көп. Бизде эч ким эч нерсе жазбайт да. Муну азыр деле жасоого болот», - дейт казак тарыхчысы.

Бул пикирге кыргыз тарыхчысы Зайнидин Курманов дагы кошулат.

«Эч ким жоопкерчиликти алгысы келбейт, советтик репрессиялар үчүн экинчи Нюрнберг болгон эмес. Ошондуктан баары тең: «Биздин эч кандай тиешебиз жок, жөн гана өз милдеттерибизди аткарганбыз» деп айтышат.

Ошол эле учурда профессор белгилегендей, буга чейин көп иштер аткарылган – ачарчылык жана казактар качкан өлкөлөр: Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Иран, Сибирь боюнча маалыматтар чогултулган.

«Биз көптөгөн макалаларды жаздык жана мындан ары да иштөөгө даярбыз. Булардын баары мындай окуялар келечекте кайталанбашы үчүн зарыл. Муну биз, тарыхчылар, тарыхты билгендер катары эскертип турушубуз керек», - деп баса белгиледи Курманов.

Анын пикиринде, ошол эл үчүн каргашалуу болгон окуяларга адилеттүү тарыхый жана моралдык баа берүү үчүн тарыхтын белгисиз тактарын тактап, изилдөөлөрдү улантуу маанилүү.

Ачарчылык курмандыктарына эстелик 2017-жылы 31-майда Алматыда ачылган. Казис Тогузбаевдин сүрөтү.

Материал Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан) жана
Лейла Саралаева, Даяна Оселедко (Кыргызстан) тарабынан даярдалды.

 

© Новые лица, 2014–2025
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине