Тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат

13:14, 4 Мая 2021

1976-жылдагы БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын уставын, 1991-жылдагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү макулдашууну, 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясын, 1994-жылдагы КМШ мүчө-мамлекеттеринин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек араларынын кол тийгистиги жөнүндөгү Москва декларациясын, ошондой эле 1996-жылдагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдин талаптарын бузуу менен,  2021-жылдын 29-апрелинде таңкы 04 саат 40 мүнөттөн баштап Тажикстан Республикасынын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү  автоматтык куралдарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы, артиллерияны жана башка куралдардын түрлөрүн Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата колдонуп, Кыргыз Республикасынын чек арасына кара ниеттик менен кол салды.

Туруктуу жайгаштырылган жерлерден башка жайдан чабуул коюучу оор куралды колдонуу Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында аскердик кол салуунун мурдатан пландаштырылгандыгын айгинелейт. Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерде алардын аскерлери, куралдуу жалданган адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышты.

Көрсөтүлгөн куралдуу түзүмдөр Кыргыз Республикасынын тынч жаткан элине максаттуу түрдө кол салды. Ошондуктан, кыргыз тараптан Лейлек жана Баткен райондорундагы айрым калктуу конуштардан жарандарды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чаралар көрүлдү. Андан кийин, Тажикстан Республикасынын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү жергиликтүү элдин үй-жандыктарын, автотранспорттук каражаттарын Тажикстандын аймагына айдап кетип, алардын мүлкүн талап-тоноого өтүшкөн. Алар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын жана тонолгон социалдык объектилерди массалык түрдө өрттөшкөн. Натыйжада, биздин жарандарга жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Миномёттук жана башка артиллериялык куралды колдонуу менен аскердик кол салуунун алгачкы сааттарында Баткен районунун “Головной” тилкесинде турган 24 бейкүнөө жаран каза болушту.

Кыргыз Республикасынын жерин басып алууга жол бербөө жана тынч жаткан элдин өмүрүн сактоо максатында, Кыргызстандын куралдуу күчтөрү тарабынан сан жагынан артыкчылыкка ээ болгон каршылаштын чабуулун кайтаруу чаралары көрүлгөн.

Жогорудагы фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, тажик тараптын аскерлери жана куралдуу түзүмдөрүнүн колунан Кыргыз Республикасынын 36 жараны, анын ичинде 3 аскер кызматкери жана 2 бөбөктүн каза болгондугу аныкталып, 180ден ашык жарандар ар кандай жаракаттарды алуу менен, республиканын медициналык мекемелерине жаткырылгандыгы, алардын ичинен көпчүлүгүнүн абалы оор экендиги, 33 миңден ашуун жаран чыр чыккан аймактан көчүрүлгөндүгү такталды.

Тажикстан Республикасы тарабынан жасалган аскердик агрессиянын кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болгон.

Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарында көптөгөн автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбаган снаряддар, авиациялык ракеталар алынып, Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка тургузулган аскердик курулмалар табылды. 

Белгилей кетчү жагдай, Тажикстандын аскерлери жана көптөгөн бандиттик түзүмдөрүнүн тынч жаткан элге жана жарандык объектилерге, ошондой эле жаракат алгандарды ташыган тез жардам автомашиналарына фугастык-жарылуучу бөлүкчөлөрдүн жана ракеталык куралдардын колдонулушу Тажикстан Республикасы тарабынан бир жактуу жана көп тараптуу эл аралык Женева конвенцияларындагы макулдашууларды, гуманитардык нормаларды бузуу менен караөзгөйлүк максатта жасалган агрессияны күбөлөндүрүп турат.

Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери тарабынан коргонуу,  жарандарды коргоо, Кыргызстандын суверинитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо максатында гана ок атуучу куралдар колдонулган. Кыргыз Республикасынын аскер күчтөрүнүн жана жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салган учурлары болгон эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2021-жылдын 29-апрелинде кылмыш иштери козголуп, тергөөдө далил заттары жана видеожазуулар алынып, фото-видео фиксациялар жүргүзүлдү.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине