Миграциянын башка өңүтү: рязандык “кулдар”

20:04, 4 Апреля 2018

Акча издеп Орусия Федерациясына кеткен Кыргызстандын он үч жараны алардын эмгек укуктары одоно бузулуп жатканын жана аларды Рязан областында күч колдонуп кармап жатышкандарын билдиришкен. Бул тууралуу мигранттардын өзүлөрүнүн айтканына таянып КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымдады. Андан бери бул окуянын биз билбеген дагы көп кырлары ачылып, мигранттардын ишке орношуусуна байланыштуу маселелер курч экендиги дагы бир жолу ачыкталды. Чет жерден акча табууну көздөп жүргөндөр ортомчуларга алданып, бөтөн жерде оор абалда калган (аны адистер “эмгек кулчулугу” деп коюшат) учурлар көп кездешет. Расмий органдардын бардык аракеттерине карабай, шылуундардын тузагына илинип калып жаткандардын саны дагы деле арбын.

Азыркы замандын кулчулугу тууралуу

Рязандагы окуя тууралуу КР ИИМдин өкүлдөрү 19-мартта кабарлашты. Брифинг Орусияга иш сапардын жыйынтыгы боюнча болду. Ага чейин кыргыз мигранттары мессенджер аркылуу видео таркатып, анда иштериндеги адам чыдагыс шарттарын айтып, аларды күч менен кармап жаткандарын билдиришкен.

Жабыр тарткандардын сөздөрүнөн: “Мен 2011-жылдан бери Бишкекте тикмечи болуп иштегем. Менин эки уулум бар. Бүгүн биз Кыргызстандан Рязанга келдик. Келээрибиз менен паспортторубузду чогултуп алышты. Бул жердеги иш күн таңкы 8ден түнкү 3кө чейин уланат экен”.

“Келгенибизде бул жердеги иш шарттарын айтып беришти. Биз катуу чоочулап турабыз. Түрмөгө түшкөндөй болдук. Бир айдан бери айлыгын алалбай жүргөн аялдар бар экен. Бул жерде эле камалып, эч жакка чыгышпайт экен. Бир кылмыш жасап, камакта отурушкандай. Бизге жардам бергиле, суранабыз”.

“Жыйырмасында бул жакта иштеп атканыма туура бир ай болот. Коркуп жатам, чыдай албайм го. Мен таңкы 8ден кечки 20:00гө чейин иштегенге макул болгом. Бирок иш жүзүндө биз түнкү үчкө чейин иштеп жаттык. Менин күйөөм ооруп калыптыр. А мени жибербей жатышат. Мен айттым: “Болгонун алгыла, калганын жиберип ием” деп. Алар болсо, акчаң кереги жок, андан көрө иштеп бер дешти. Андан көрө Кыргызстанга кетип, тынч эле иштегеним артык”.

“Айла жок. Иштеп эле жатабыз, а майнабы жок. Кийим тигип жатабыз, канчасын тиктик санаган адам жок”.

“Таңкы үч-төрттөргө чейин иштейбиз. Канчаны тиктик, канчага тиктик, билбейбиз (Бишкекте тикмечилер ар-бир тигилген буюм үчүн акча алышат, б.а. айлыгың бүтүргөн ишиңдин көлөмүнө жараша болот – Ред. кыст.). 5 мүнөт кечиксең штраф салышат. Түшкү тамактанууга 1 саатан аз убакыт беришет, тамактанганга араң жетишебиз. Таңкы үч-төрттөргө чейин иштейбиз. Бир бөлмөгө 12 аялды тыгып салышты. Ашпозчу жок, тамакты өзүбүз жасайбыз, даттансак: “Ортомчуңарды тапкыла” дешет. Ал болсо кайда экенин билбейбиз, чалып да койбойт”.

Фикция эмес!

КР ИИМдин, КР ТИМдин, КР Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жана КР Омбудсменинин биргелешип жүргүзүшкөн аракеттеринин натыйжасында Орусия ИИМинин Рязан областы боюнча башкармалыгы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен жана участкалык инспекторлордон турган эки оперативдик-тергөө тобун түзүп, кыргыз кесиптештеринин жардамы менен бул ишти иликтей башташты.

Көп өтпөй бул окуя чын эле болгону аныкталды. Чыр-чатактын себепкери болуп рязандык “Февраль” компаниясы чыкты, анда 13 кыргызстандыкты кошкондо жалпы жонунан 100гө жакын чет элдик жумушчу иштейт экен. Алар кайсы мамлекеттин жарандары экендигин КР ИИМинин маалыматынан билүүгө мүмкүн эмес, орусиялыктар дагы унчугушпайт. www.list-org.com порталында РФ Федералдык салык кызматына шилтеме кылуу менен 2017-жылдын 1-мартына карата аталган компаниянын жападан жалгыз негиздөөчүсү РФ жараны Владимир Стаценко экени маалымдалат. Фирманын негизги ишмердүүлүгү катары токулган жана трикотаждык буюмдарды өндүрүү эсептелет, бирок булардан сырткары ал булгаары буюмдарын жана да териден ар түрдүү буюмдарды өндүрүшөт. “Спарк-Интерфакс” интернет-басылмасынын маалыматы боюнча, компания тапшырмаларын көп жолу кечиктирип аткаргандыктан бейталап компаниялардын тизмегине киргизилген. Кыргыз жарандарын Бишкектин Ош базарындагы “Берекет” рыногунда 39-жаштагы Алай районунун тургуну Эркиналы аттуу ортомчу жалдап, Рязанга жиберген.

Ал эми орусиялык полициянын билдирүүсүндө, “кул ээлери” болгон компаниянын эки негиздөөчүсү бар. Алардын бири – Вьетнамдын жараны имиш, ал тууралуу маалыматтар учурда дагы да такталып жатат. Негизи вьетнамдыктардын Орусиядагы мыйзамсыз эмгек рыногундагы орду өзгөчө, алар жеңил өнөр жайында эмгектенгендердин ичиндеги эң чоң этникалык топ болуп эсептелет.

Тергөө иштери учурунда жумушчулар менен компания жетекчилигинин ортосунда келишимдер түзүлгөнү аныкталды. Анда таңкы 8ден кечки 20:00гө чейин 12 сааттык эмгек күнү каралган. Эмгек маянаны айына эки жолу берип туруу убадаланган. Андан сырткары жумушчулар медициналык тейлөө, акысыз тамактануу жана турак-жай менен камсыздалышмак.

Бирок иш жүзүндө жумушчулардын иш шарттары келишимде каралгандан кескин айырмаланат. Мигранттардын документтерин чогултуп алышкандыктан, алар бардык кыйынчылыктарга, кемсинтүүлөргө чыдап, унчукпай келишкен. Айлык акылары өз убагында берилбегендиктен ачка отурган күндөрү да болду. Айрымдары качып кетип жатышты, бирок көпчүлүгү документтердин жоктугунан бул тобокелдүү кадамга баралышпады. Алардын кимдигин аныктаган документтеринин жоктугунан ал эмес дары алганга чыккандан коркушаар эле. Кармалып, депортация болуу коркунучу аларды токтотуп турду. Аялдардын бири, анын ысымы аталбайт, бул кыйынчылыктарга чыдай албай өзүнүн жанын кыйганга аракет кылган. Ал кан тамырын кескен, кошуна аялдар врачты чакыралы дегенде компаниянын кызматерлери тез жардамдын кызматы үчүн акча төлөш керек экендигин айтып, бул кызматы үчүн алар төлөбөй тургандыгын билдиришкен.

Оперативдик кызматкерлер компаниянын бир нече кабинеттерин мөөр басып жаап, бардык каржы документтерин, ашканада жана иш жайларында жайгаштырлган сырткы байкоо камералардын дисктерин алышкан.

“Мундирди урматтагандарыбы?”

Орусия ИИМинин Рязан областы боюнча башкармалыгы алдын ала жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгына таянып, 14-февралдан 20-февралга чейин Рязанга жогоруда аталган компанияда иштегени Кыргызстандын 13 эмес, 11 жараны келген деп билдирди. Калган эки киши орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар болушу мүмкүн. Айрым мигранттар жакшырак жумушка орношуш үчүн орусиялык жарандыкты алышат, бирок өзүлөрүн мурдагыдай эле мекенинин уул-кыздарыбыз деп эсептешет.

Орусиялык укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө, кыргызстандыктар келишим түзүп иштешкенине басым кылынат. “Жумуш берүүчү эмгек мигранттарынын Кыргыз Республикасынан Орусияга чейинки жол чыгымдарын жаап берген, жатаканада орун бөлүп берген, жана ошондой эле келечекте ала турган айлагынын эсебинен аванс төлөп берген”, - деп айтылат Орусия ИИМинин Рязан областы боюнча башкармалыгы таркаткан пресс-релизде.

Ошол эле кезде эмгек укуктарынын бузулушу тууралуу Кыргызстандын 9 гана жараны арыз жазган. Рязан полициясынын алдын ала иш жүргүзүүсүнүн негизги жыйынтыгы: Орусиянын миграция мыйзамын бузуу фактылары табылган эмес. Эми КР Омбудсменинин суранычы менен окуя болгон жерде болуп келген Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькованын докладын гана күтүшүбүз керек болот.

Көңүл бураарлык нерсе. Орусиянын полиция жана адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери Рязандагы окуяны талкуулап жатып, азыркы замандагы кулчулуктун формаларына ишарат этүүчү бардык нерселерди этият айланып өтүүгө аракет кылып жатышты. Бардык жерде чет элдик жумушчулар контракттын негизинде иштегендерине басым кылынат, ошол эле кезде контрактта көрсөтүлгөн нерселер тууралуу, же эмгек келишиминде көрсөтүлгөн нерселердин аткарылышы тууралуу эч унчугушпайт.

Маалыматтык булактар гана макалаларынын аталышында “кулдар” деген сөздү колдонушту. Мисалы, рязандык шаардык сайт 19-мартта кыргыз жарандары оор эмгек шарттарына даттанган жогоруда аталган видеону жарыялап, ага “Азыркы замандын кулдары тууралуу сөз” деген аталышты койгон.

Азыркы замандын “кулдары”: кимдер алар?

Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) эсептөөсү боюнча, учурда 21 млн адам зордоп иштетилип жатышат же азыркы замандын кулчулугунун торуна түшкөн. Алар адам чыдагыс оор шарттарда иштешип, жасаган эмгектери үчүн болбогон акы алышат же такыр эле эч нерсе алышпайт.

ЭЭУнун билдиргенине ишенсек, Орусияда ар кайсы өлкөлөрдөн келген 5 миллионго жакын эмгек мигранттары бар. Акыркы жылдарда Орусия Федерациясы эмгек кулчулугу кеңири колдонулган өлкөлөрдүн катарын кошулду. Бул тууралуу ал эмес өкмөттүк ЖМКлар да жазышууда. “Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, Орусиядагы азыркы замандагы кулдардын 40 пайызына чейинкилери мыйзамсыз заводдор менен фабрикаларда иштешет. Сурамжылоонун жыйынтыгын боюнча, орусиянын шаарларындагы мигранттардын 24 пайызы дээрлик акысыз иштегенге аргасыз, ал эми 40 пайыздан ашыгы иш берүүчүлөр тараптан коркутуп-үркүтүүлөр жана ар-түрдүү чектөөлөр болгонун билдиришкен.

Бул окуялардын айрымдары гана прессага белгилүү болууда. Мындан бир нече жыл мурун так ушундай эле кыргыз жарандарынан турган топ, ортомчуга ишенип алып, Курилдеги жергиликтүү балык заводдорунда иштегени кетишкен. Бирок баргандан кийин аяктагы иш шарттарын көрүшүп, ала турган айлыктарын билишкенден соң, бактысына дипломаттардын жардамы менен кайтып келе алышкан. Бирок ушуга окшоштордун канчасы, ортомчуларга алданып, капканга түшүп Орусия Федерациясыны чөлкөмүндө жүрүшөт болду экен...

Алмаз Исманов

Иллюстративдик сүрөт

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине