Эмне үчүн бардыгы Кытайлык «туристтерден» коркушат?

18:16, 29 Ноября 2018

Кытайдан келген туристтик топторго визасыз режим киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун авторлору мыйзамды кандай гана мактап-жактап, анын оң жактарды айтпасын, алар баары бир парламенттен дагы, депутат коллегаларынан дагы колдоо таба алышкан жок. Эмнегедир алар коомдо Кытайдын жарандарына тиешелүү жеңилдиктер дайыма терс ой пикирлерди гана туудураарын түшүнбөйт. Ошондуктан, Кыргызстанда «Кытайдан келген турист» деген сөз эч кимди деле таң калтырбайт, бирок элдер аталган «туризмдин» башка түрү менен абдан жакшы тааныш. Ал азыр «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларында өркүндөп-өсүп жаткан учуру. Мамлекеттик миграция кызматы жарыялаган статистикасына карабастан, бизде чет элдик жарандарга берилүүчү квоталар мыйзамдуу берилерине эч кимдин деле көзү жетпейт.

Негизиненен, «кытай» темасы жарым жылда бир козголуп калат, анткени Кыргызстанда иштеп, жашап жаткан чет өлкөлүк жарандардын дээрлик 80% дал ошол Кытайдын жарандары түзөт. Кытайдын бийлиги биздеги көптөгөн маанилүү долбоорлорду каржылайт, өлкөдөгү дээрлик ар бир жогорку окуу жайда кытай бөлүмдөрү жана факультеттери ачылды, Бишкекте Кытайдын үч тилди камтыган  «Жибек Жолу» гезити басылып чыгат, анын жалпы тиражы жумасына 18 миң даананы түзүп, бекер таратылат. Биздин жергиликтүү гезиттердин бир-экөөсүнөн башка бир дагы басылма мынчалык деңгээлде каржыланбайт.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз аялдары массалык түрдө Кытай жарандарына турмушка чыгып жаткандыгы жөнүндө маалыматты четке кагууга аргасыз болду. Бул маалыматтын авторлору андай аялдардын саны 30 миңге жетерин билдиришкен! Жана мындай провакациялык мүнөздөгү материалдар массалык маалымат булактарында бат-баттан пайда болуп турат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо жана жарандык абалдык актылар департаментинин расмий (!) маалыматына караганда, 2000-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандын жарандары  менен Кытай жарандарынын  195 никеге турруусу катталган.  Мындай баш кошуулар негизинен Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда орун алган.

Албетте, Мамлекеттик миграция кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын бул көрсөткүчтөрү алардын буга чейин берген маалыматтарындай эле, бизде ишенбестик жаратат. Мойнубузга алсак, биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө  эң чоң коңшу  державадан массалык миграция келет деген коркунуч бар. Бул коркунуч бизди сак болушубузга мажбурлайт. Биз жөн гана кандайдыр бир кичине дагы визиалык жеңилдик болсо ал мыйзамсыз миграцияны көбөйтөт деп коркобуз. Кытайдын жарандарына виза берүүдө жеңилдик кылууга пикир берип жатып, Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттары мындай маселелерди миграциялык квотанын алкагында чечүү керек экенин акырын билдиришкен. (Ал эми кытай тарап эмнегедир биздин жарандарга карата визалык жеңилдик берүүнү ойлой да элек). Коопсуздукту жана өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоо үчүн, бул маселеге өтө дыкат мамиле кылышыбыз керек. Бизде мамлекеттик миграция боюнча кызмат барда, бул маселени квоталоонун негизинде чечсе болот» - деп билдирген парламенттин басма сөз кызматына депутат Бакыт Төрөбаев. Негизинен, маселе тууралуу депутаттар дагы, аткаминерлер дагы дыкаат сүйлөөгө аракет кылышат.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын расмий маалыматына караганда,  Кыргызстанда 120 миң чет элдик жаран катталган. 2017-жылдын ичинде чет мамлекеттик адистерге жана ишкерлерге 15 миң уруксат берилген, бул көрсөткүч өкмөт тарабынан бекитилген квотанын 89% түзөт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти  чет элдик жарандарга берилүүчү визилардын мөөнөтүн узартууну ирээттештиргенден кийин өлкөдө чет элдик адистердин саны эки эсеге көбөйгөн. Башка аймактарга караганда квоталардын басымдуу бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларына, Жалал-Абад жана Чүй облустарына берилген. Тармактар боюнча карасак, квоталпрдын көбүнчөсү жолдорду куруу  жана өнөр жай тармагына берилген. ( Бул түшунүктүү, анткени өлкөдөгү жолдордун бардыгын кытайлар куруп жатпайбы!), андан кийинки орундарда тоо кен иштетүү жана тейлөө көрсөтүү тармактары жайгашкан.

Чет элдик жарандардын арасынан  чет элдик адистерди жумушка алууга уруксат берген квоталардын көбүн кытайлар алган. Алар 11 миң 593 жаранды түзгөн, салыштыруу үчүн: Түркияга - 1 миң 153, Кореяга- 324, АКШга-197, Вьетнамга-181, Индияга-129 жана Өзбекстанга 118 адам алууга уруксат берген квота берилген.

Силер билчү белеңер, чет элдик жарандарга базарларда иштөөгө уруксат берген 1017 гана квота берилгенин? Аталган квотага ылайык, Бишкектин «Мадина» базарында 457, «Жунхайда» - 168, «Дордой» менен «Дордой АЭСте» - 54 ал эми Оштун «Кара-Суу» жана «Оомат 21-кылым» базарларында 137 чет элдик жаран гана иштеши керек.  Былтыркы жылга салыштырмалуу ччет элдик жарандардын саны дээрлик 137 адамга азайган!

Ал эми канча чет элдик жаранга Кыргызстандан туруктуу жашаган орун бөлөнөп берилген? Мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыктары боюнча, 2017-жылы 352 чет элдик жаранга туруктуу жашаганга орун берилген. Өлкөлөр боюнча караганда, тизме төмөнкүдөй жайгашат: Кытай – 86 жаран, Орусия – 47 жаран, Корея – 39 жаран, Өзбекстан – 32 жаран, Казакстан – 20 жаран, Түркия – 18 жаран, Пакистан – 15 жаран жана башка мамлекеттерден 95 жаран. Бул маалыматтарга ишенсек, өкмөттүк квота 35% гана колдонулган, башкача айтканда, көрсөткүч тескеринче төмөндөгөн.

Бирок 2017-жылы Башкы Прокуратура Мамлекеттик миграция кызматы чет элдик жарандарга жумушка орношууга мыйзамсыз түрдө уруксат бергенин ачыктаган. Прокурордук иликтөөгө караганда, чет мамлекеттик жарандарга берилүүчү квота 2017-жылы эле түгөнгөнү аныкталган, андыктан документтерди кабыл алуу токтотулган. Ага карабастан, Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлери  чет элдик адистерге уруксат берүүгө тыюу салган токтомду аткарбай, Кытайдын беш жаранына уруксат беришкен. Тергөө аталган Кытай жарандарынын жумушка орношууга берилген уруксаты ушул күнгө чейин алынбаганын аныктаган. Бул коомчулуктун көңүлүн бурган фактылардын бири болгон.

Депортацияланган жарандардын статистикасы боюнча дагы кытайлыктар алдыда. Жыл сайын укук коргоочулар ар кандай мыйзам бузуулар боюнча 100дөй Кытай жарандарын кармап, аларды депортациялайт. 2014-жылы 77 жаран депортацияланган, ал эми айып пулга жыгылган жарандардын саны 2 миң 276 адамды түзгөн, ошону мнен бирге айып пулга жыгылган Кытайдын жарандарынын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Жергиликтүү тургундар менен бирге милициянынын күзөтүнө кытайлыр дагы көп түшүүдө.

Кытайлыктардын келиши менен туризмдин өнүгүшүнө биздин аталган тармакта деле көп ишеним артышпайт. Кыргызстанда Асман алдындагыларды кызыктыра турган эч нерсе деле жок. Бизге караганда Кытайлыктарды коммунисттик тарыхы бар Россия кызыктырат., (Кытайлар Кремльге, Эрмитражга жана Смольныйга абдан көп барышат) ошондой эле алар АКШга жана Европа өлкөлөрүнө көп кызыгуу арттырышат. Визалык жеңилдиктерден кийин Кыргызстанга эмгек мигранттарынын агымдары ордуна туристтер келет деп күтпөй эле койгонубуз жакшы.  Андай болсо бардык визалык режимдерди жок кылып, туризмди жетишерлик деңгээлге чыгарганыбыз дурус.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине