Кыргызстандагы жетимдер: жетим балдар өз пособияларын алып жатабы

12:11, 10 Февраля 2020

Жетим балдардын канчасы укуктарыанн ажыратылып, канчасы алардын жашы жеткенге чейин ала турчу пособияларын албай келе жаткандыгын  түшүнүү үчүн аларды эсептеп, алардын статусун тастыктай турган документтери канчасында жок экендигин санап чыгуу керек. Жана эң башкысы- балдар мыйзамдуу төлөмдөрүн албай калышына күнөлүүлөр кандай жоопкерчиликке тартылат деген суроого жооп табуу зарыл.

Жетим балдар жана балдар үйлөрү тууралуу ар кандай маалыматтар айланып жүрөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки жылдагы, тагыраак айтканда, 2018-2019-жылдардагы маалыматтарын салыштырып көрөлү. Мурунку материалда биз ар кандай мамлекеттик жана жарандык уюмдардын 2015-2017-жылдардагы маалыматтарын алганбыз. 2018-жылы өлкө боюнча интернат түрүндөгү 143 балдар мекемеси иштеп жаткан, алардын ичинен 63 мамлекеттик, 25 муниципалдык, 45 менчик (негизинен жеке жактар жана кайрымдуулук уюмдары тарабынан негизделген) жана 12 диний мекеме болгон!

Акыркысы тууралуу коомчулук билген эмес, анткени көпчүлүк аталган мекемелер светтик түрдө гана экен деген ойдо болгон. КР вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова бул маселени дыкат изилдөөнү убадалады.

Жогоруда айтылган интернат түрүндөгү мекемелерде 12 миң бала тарбияланат, алардын ичинен 5,4 пайызы жетимдер, ал эми калгандарынын ата-энеси же толук, же бири жок. Акыркы категорияга киргендер «социалдык жетимдер» деп аталат, алар ата-энесинин экөөсү же бирөөсү бар туруп, аларсыз тарбияланат. Алардын ата-энелери же ичип кеткен, же балдарын таштап кеткен, же темир тор артында. Кээ бир учурларда ата-энелер балдарын таштап коюп жок болуп кетишет, же каза болуп калып, бирок ал тууралуу күбөлүгү жок. Эң оор кырдаал ушул балдарга байланыштуу, анткени факт жүзүндө балдар жетим, ал эми мыйзам боюнча андай эмес, анткени мөөр коюлган кагазы жок. Мамлекеттик уюмдар ата-энесинин кароосу жок калган балдар тууралуу маалыматтарын даттанууга берерин белгилөө керек.

Интернат түрүндөгү 143 балдар мекемесинин ичинен жетөөсүндө жетим же ата-энесинин каароосу жок калган балдар тарбияланган, алардын үчөөсү балдар үйү ал эми төртөө мектеп-интернаттары. Аларда мектепке чейинки жана мектепте окуган 863 бала тарбияланган.

«Биздин тутумда  4 балдар мекемеси бар, алардын экөөсү психоневрологиялык, бирөөсү балдар үчүн реабилитациялык борбор, дагы бири өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн борбор, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн үй-бүлөлүк түрдөгү борбор бар»,-дейт Эгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарга кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Чолумова.

Массалык санариптештирүүнүн алкагында 2019-жылдын март айында өкмөт автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык тутумду түзүү үчүн №129- токтомду кабыл алып, интернат түрүндөгү баардык мекемелерди жана алардын тарбиялануучуларын эсептеп көргөн.

«Эми учурда иштеп жаткан интернат түрүндөгү баардык мекемелеринин администрацияларынын талаптарына ылайык, алар балдардын жеке маалыматы, ошондой эле учурдагы статусу жана кргендиги жана чыккандыгы  тууралуу маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү. Бул ал жердеги балдардын санын, ошондой эл алардын статусун жана төлөмдөрүнө көз салууга мүмкүнчүлүк берет»,-дейт аткаминер. 

Белгилей кетсек, бул өкмөттүн интернат түрүндөгү балдар мекемелеринин жана алардын тарбиялануучулары тууралуу кандайдыр бир маалымат чогултууга болгон биринчи аракети эмес. 2014-жылы «Балдар үйлөрү» аталышындагы оор жашоо шарттарына кабылган балдарга жардам көрсөтүү боюнча https://deti.okmot.kg/ дарегиндеги маалымат порталы ачылган, ал бүгүнкү күндө активдүү эмес.

Автоматташтырылган тутумдагы биринчи эсептөөлөрдөн кийин эле интернат түрүндөгү балдар мекемелеринин саны 137ге кыскарган, ал эми ал жерлердеги балдардын саны 9 миң 561 ге азайып, алардын 4 пайызын жетимдер түзгөн. Баккан адамынан айрылгандыгы үчүн пособие 479 балага берилип, ал эми майыптыгы боюнча ай сайын берилүүчү социалдык пособиени 1 854 бала алат.

«Балдар үйлөрүнүн жашы жете элек бүтүрүүчүлөрүнө карата мамлекетти «жетим балдар» жана «ата-энесинин кааросунан ажыраган» балдарды  кармап, тарбия жана билим берүү менен камсыздатуучу конституциялык мыйзам ченем бар. Ошондой эле расмий түрдө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өмүр бою мамлекеттин карамагында калат. «Кыргыз Республикасынын социалдык пособиялары жөнүндө» мыйзамына ылайык, жетим балдар, ата-энесинин кароосунан ажыраган жана ден-соолугунан  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын социалдык төлөмдөрдү алып турат»,-дейт Назгүл Чолумова. 

Бул жылы социалдык өнүктүрүү тутуму боюнча  1 173 жетим бала эки миң сом өлчөмүндөгү социалдык пособие алат, 17 941 бала багуучусун жоготкондугу боюнча 1000 сом өлчөмүндө пособие алат жана 30 миң 809 балага майыптуулугу боюнча 4000 сом өлчөмүндө пособие берилет. Ал эми КР Социалдык фондунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-январына карата багуучусун жоготкондугуна байланыштуу 1000 сом өлчөмүндөгү пособиясын 30 миң 809 бала алат. Социалдык саясатка жооп берген эки мамлекеттик мекеменин маалыматтарынын арасындагы айрыма бир топ чоң. Ошондуктан КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн  маалыматты жөн гана чогултпастан, аны башка мамлекеттик жана жарандык уюмдардын маалыматтары менен салыштыруу керек, ошондо гана иштин реалдуу абалын көрсөткөн картина пайда болот.

«Ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар» атынын артында социалдык абалы акырына чейин аныкталбаган балдар тууралуу ачуу чындык жатат. Келечекте алар жетим балдардын катарын толукташы толук мүмкүн. Дагы бир учур: «Мамлекеттик пособиялар жнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык,  мамлекеттин карамагы алдындагы мекемедеги жетим эмес балага социалдык төлөмдөр бекитилбейт, ал эми ал эч кандай пенсия же алимент албасачы? Бул бир маанилүү жообу жок өтө оор суроо.

Картинанын толуктугу үчүн интернат түрүндөгү балдар мекемелеринин баардыгы эле Эмгек жана социалдык министрлигини юртсдикциясы алдында эмес экендигин белгилөө керек. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-2018-жылдары ата-энесинин кароосунан ажыраган 308 бала толук эмес орто билими менен балдар үйүлөрүн бүтүргөн. Алардын 13 ЖОЖдорго, ал эми 246сы ар кандай училищелерге окууга өткөн. 160 жетим жана ата-энесинин кароосунан айрылган  бала 11-классты аяктаган. Орточо эсеп менен интернат түрүндөгү балдар мекемелерин жыл сайын 200 бала бүтүрөт.

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүнкү күндөгү эң оор көйгөй турак жай менен байланыштуу. Үй-бүлөлүк түрдөгү балдар үйлөрүндө кырдаал алда канча оңой, алар мамлекеттик мекемелердей болуп бүткөндөн кийин көчүп кетиши зарыл эмес. Негизинен, азыркы мыйзамдарга ылайык, ата-энесинин кароосунан айрылган балдарды мамлекеттик органдар  турак жай менен кезексиз негизде камсыздап берүүсү керек. Бул жоопкерчилик үй-бүлөнү жана балдарды колдоо мамлекеттик программасынын  2017-жылдын 14-августунда кабыл алынган мыйзам ченемине ылайык,  өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, тагыраак айтканда облустук администрацияларга жүктөлгөн. Мыйзам боюнча балдарга же турак жай, же ал салына турчу жер тилкеси берилиши керек.

Бул маселеде көзгө басаар көйгөйлөргө карабастан, жакшы учурлар дагы бар. 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча, жер тилкесин алууга кезекте 453, ал эми турак жай алууга 355 жетим бала  турат. Алардын ичинен 25 бала жер тилкелери менен камсыз болгон, 96 бала каза болгон ата-энесинен калган жерди мураскер катары алып калган, ошондой эле Чүй облусундагы он жетим баланы кувейттик «Ас-салам» фонду турак жай менен камсыздаган.

«Келечекте балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам көрсөтүү максатында «КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын турак жай фондун колдонуу тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө» долбоордун токтому иштелип чыккан»,-деп кошумчалады Айгүл Чолумова. Андан сырткары, 2020-жылы өкмөт жетим балдарга турак жай ижарага алып берүү үчүн 12 миллион сом бөлүп берүүнү пландоодо, бирок анын өзүнчө талаптары болот.

«Бизде ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар бар, алардын документтеринде «атасы» деген жерде чийик турат, ал эми энеси болсо баш тартуу тууралуу арыз жазган. Мыйзам боюнча алар жетим болуп эсептелбейт. Багуучусун жоготкондугуна байланыштуу берилүүчү пособиени ата-энесинин каза болгондугу тууралуу маалымдамасы бар балдар гана ала алат. Андай балдарга биз депозиттик эсептерди ачабыз. Ал эсептер РСК банкында, аны социалдык коргоо органдары жакын болсун деп жана шарттары туура келсин деп тандашкан. Мисалы, KICB сыяктуу чоңураак банктар эсепте 5000 сом каражат болуусун талап кылат»,-деп билдирет Краснореченск социалдык жалпы билим берүү (жардам берүүчү) мектеп интернатынын жетекчиси Мээрим Мадиярова. Аталган мекеме дагы интернат түрүндөгү балдар мекемесин оптимизациялоо планына кирген.

Азыркы учурда менчик формасына карабаган интернат түрүндөгү балдар мекемелеринин 876 тарбиялануучусу кепилденген пособия жана социалдык төлөмдөрдү алууда. Алардын ичинен 270 баланын өз ысымына, 75 баланын балдар мекемесинин жетекчисинин атындагы депозиттик эсептери бар, ал эми 522 баланын төлөмдөрүн багуучулары же ата-энеси алып турат. Бул расмий маалыматтар, бирок практика жүзүндө текшере келгенде, балдардын баары эмес өз пособяларын алып жаткандыгы аныкталат.

«Биздин үй-бүлөлүк балдар үйүбүздө баардыгы 36 бала бар, алардын төртөөсү гана жетим. Алардын бири дагы документинин жоктугуна же багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пособие албайт. Дима Рязанцевдин апасынын каза болгондугу тууралуу күбөлүгү жок. Вася Ивановдуку дагы түшүнүксүз, анын атасынын каза болгондугу тууралуу күбөлүгү жок, ал өзү 18ге чыгып калды.  Ушундай себептерден улам алардын статусу акырына чейин документтештирилген эмес. Бизде Руслан Ткаченко деген бала бар. Ал томолой жетим. Мен жада калса анын туулгандыгы тууралуу документтеринин оригиналдарын таба албай келем. (2019-жылдын 31-декабрына чейин КР өкмөтү туулгандыгы тууралуу документи жок балдарды таап, документтештирүү боюнча улуттук кампанияны жүргүзөт, анын алкагында жарандар документтерди жеңилдетилген шарттарда ала алат. Бирок бул жөнүндө өкмөттөн башка жарандар билкби?! Автордун белгилөөсү). Биз аны Беловодскидеги атайын мектептен алып келдик. Каякка барабыз? Бизде ушунча бала бар, ал эми штаттык кызматкерлерибиз жок. Мен чуркап документтерди издей албайм. Албетте, биз колдон келген нерсебиздин баардыгын жасап жатабыз, бирок биз бул маселе менен эле жүрө берсек, балдарды ким карайт? Бизде үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрү менен келишимибиз бар. Документтештирүү маселелеринин баардыгын алар чечет. Мына, жаш курагына ылайык паспорту бар болушу керек балдардын баардыгында бар»,-дейт Жайыл районунун Сосновка айылындагы балдар үйүнүн жетекчиси Наталья Аслаповская.

КР Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ата-энесинен айрылгандыгына байланыштуу балдар мекемелеринде, дарылануучу жайларда, социалдык коргоо мекемелеринде жаткан балдар аталган мекемелердин менчик формасына карабастан алименттерди, пенсия жана социалдык төлөмдөрдү алууга укуктуу.

«Ошондуктан балдарга пенсия жана пособиялар түшүп турушун камсыздоо масатында алар жашаган мекемелердин жетекчилери балдардын ысымына депозиттик эсептерди ачууга милдеттүү»,-дейт Айгүл Чолумова. (бул тууралуу балдарды үй-бүлөдөн сырткары жайгаштыруу жөнүндө жобосунда айтылат.)

Ата-энелер мыйзам боюнча «милдеттүү» бирок эгерде аларда балага тиешелүү документтердин толук пакети болсо, алар аны жасай алышат. Жана ушул жерден маалыматтын синхорондоштуруунун туура эместиги жана бюрократиянын айынан баланын социалдык статусун аныктоодо кыйынчылыктар пайда болот. Мисалы, балдардын апасы каза болгон, ал каякта коюлгандыгы белгисиз, ал эми атасы болсо жөн гана жок болуп кеткен. Мындай оор кырдаалды териштире турган адам жок болуп чыга келет болсо керек, ал эми тажрыйба көрсөткөндөй, бул чындыгында эле ошондой. Мыйзам боюнча багуучусунан айрылгандан кийин пособие алуу өтүнүчү менен дароо кайрылуу керек, болбосо кеч кайрылгандарга өтүп кеткен убакыт үчүн компенсация төлөнбөйт.

Оор жашоо шарттарына туш болгон балдар өз укутарын билбей, манипуляцияга кабылгандыгы тууралуу фактыларды айтпай кетүү болбойт. Биз иштин чыныгы чоо-жайы тууралуу  божомол гана жүргүзө алабыз.

«Эч качан пособие алып көргөн эмесмин. Мага депозиттик эсеп ачылышы керек экендигин жарым жыл мурда билдим. Ал каражаттарды алууга аракет кылган эмесмин, анткени аны 18 чашка чейин гана алса болот деп айтышкан. (Мыйзам боюнча 16 жашка чыккандан кийин пособие алуу мүмкүнчүлүгү токтойт). Бул тууралуу мен окуган жайдын директору баш болуп баардыгы айтышты. Кээде ойлонуп калам, азыр ал жерде канча акча чогулуп калат эле?»,-дейт Оштогу «Лотос» үй-бүлөлүк түрдөгү балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү  Жанара. Азыр ал 21де, ал 2 жаш кезинде асырап алынып, «Лотос» балдар үйүндө тарбияланган. Өз ата-энесинин тааныбайт, алар кыз төрөлгөндө эл баш тартыптыр. Анын жекелигин тастыктаган документтеринде өгөй ата-энесинин аты-жөнү жазылган. Азыркы учурда ал университеттик жатаканада жашайт, келечекте театр жана кино актрисасы болууну каалайт. «Бул менин балалыгымдагы кыялым, азыр биринчи курста окуйм»,- деп бөлүшөт Жанара.

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарга кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Чолумова түшүндүрөт: «Интернат түрүндөгү балдар үйлөрүнүн жетекчилери аларга балдар келип түшкөндөн кийин эки-үч күн аралыгында социалдык кызматтарга кайрылышы зарыл, алар балага пособие берүү керектиги тууралуу маселени чечишет. Анткени мындай мекемелерге балдар түн ортосунда рейд учурунда келиши мүмкүн, же аларды таштап кетиши мүмкүн.  Ошондуктан алар эртең менен сөзсүз түрдө билдирүүсү зарыл. Балдар ал жерде жашап жаткан учурда жетекчилер убактылуучу опекундары катары эсептерди өздөрүнө катташат. Кээ бирлери балдардын пособияларын накталай түрдө алышат. Кийин аларды каякка короткондугу тууралуу түшүндүрө албай калышат. Ошондуктан прокуратура органдарында аларга ар дайым суроолор бар. Башка жетекчилер депозиттик эсептери балдардын ысымдарына ачат, аларга көзөмөл органдары тарабынан эч кандай суроолор жок. Балдарды интернаттарга жайгаштырып коюп, социалдык төлөмдүн каражаттарын өз каалоосу менен короткон опекундар бар. Ошондуктан мындан ары мындай кырдаалдар болбошу үчүн опекун багып жаткан баласы менен чогуу жашащын талап кылган Балдар жөнүндө долбоордо пункт бар. Дагы бир учур бар: балдар 16 жашка чыккандан кийин балдар үйлөрүнөн чыгышат, ал эми депозиттик эсептеги каражаттарды алар 18 жашка чыкканда гана колдоно алышат. Ошондуктан ал каражаттарды алуу үчүн балдарга кайрадан опекун коюу керектелет».

Интернат түрүндөгү балдар мекемелеринин тарбиялануучуларынын ысымдарына депозиттик эсептерди ачуу процедурасынын деталдарынын жоктугу, мониторингдин тартибинин жоктугу бүгүнкү күндө аталган ченем толук кандуу аткарылбай, ата-энесиз калган балдардын укутарынын кемсинтилүүсүнө алып келди деп айтышат балдар социалдык мекемелерине мониторинг жүргүзүүнүн авторлору.

Эң эле аз деген эсептер боюнча пособиенин орточо өлчөмүн 2000 сом деп алуу менен 5 жылдын ичинде ар бир бала 120 000 ал эми 150 бала 18 млн сом өлчөмүндөгү мамлекеттин колдоосунан кур калат.

«Менде кичине кезинен бери балдар үйүндө тарбиялангандыгына карабастан бир да жолу эч кандай пособие албаган эки бала бар. Же мына башка окуя, Кыз 5 жашынан бери балдар үйүндө тарбияланып келген. Анын апасы психиатриялык ооруканада көз жумган, атасы андан эрте эле каза болгон. Ата-энесинин каза болгондугу тууралуу күбөлүгүнүн оригиналы жок, аны менен пособие да жок. 2001, 2003, 2004 жана 2006-жылы туулган төрт эже-сиңди бар. Апасы каза болгон, ал эми атасы болсо темир тор артында. Кыздар апасы каякта коюлгандыгын билишпейт, жана, албетте, анын өлүмү тууралуу эч кандай документ жок. Дагы бир окуя. Эки ини, эки сиңди, улуусу 14 ал эми кичүүсү 10 жашта. Апасы дагы, атасы дагы ата-энелик укуктарынан ажыратылган. Мынждай окуялар жетиштүү. Алардын акчасы кайда? Өлкө боюнча мындай учурдан дагы канча бар?»,-деп суроо берет «Биздин үн» жарандык уюмунун жетекчиси Айнура Ормонова.

Мүмкүн, 2020-жылы абал алмашып, биз жаңыланган маалыматтардан башка фактылар тууралуу дагы биле алабыз. Анткени интернат түрүндөгү балдар мекемелерин оптимизациялоо процесси эми гана күчтөнүүдө, жемек, чекит али коюла элек.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине