ИИМ башчылыгына жалгыз талапкер Мелис Турганбаев бардык жагынан келишкен. Бакиев заманында түйүндү чечмелеп, кесилген манжаларды жана кулактарды маркум Медет Садыркуловго тартуулаган Жаныш экендигин далилдеп берген, милициянын мыкты генерал-майору .
спортту колдоп келетБүгүнкү күндө элге керектүү болгон туура жана чечкиндүү
сөздөрдөн сүйлөйт. «Өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө аракет кылгандар катуу
жазаланат, -деди ал 19-сентябрда өткөн «Ата-Мекен» фракциясынын жыйынында.
- Биз, кылмыштуулук менен айыгышкыс күрөшөбүз. Министрлик реформалоону өткөрүү
маалында ачыктыкты карманат. Биз коомдун пикирин, депутаттардын сунуштарын эске
алабыз».
Ал ошондой эле өзүнүн Уюшкан Кылмыштуу Топтор жана баңги кылмышкерлери менен байланышы бар деген сөздөрдү төгүндөдү. «Жок, менин кылмыш дүйнөсүнө эч кандай тиешем жок жана мындай ушактар кайдан чыкканнын билбейм», -деди Турганбаев.
Мелис Турганбаевдин эски кыңыр иши Бизге
Ирина Байрамукова деген жаран кайрылып, бир айдан бери Бишкек шаарынын
убактылуу кармоочу жайында 18 жаштагы Михаил Матвиенко деген жигит камакта
экенин кабарлады. Аны болбогон эле күнөө менен кармап, кылбаган кылмышты
моюнуна алдырыш үчүн катуу сабашкан. Натыйжада баланын моюнунда кийинчирээк
ириңдеп кеткен жара пайда болгон. Бирок,
Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлеринин бирөөсү да
доктур чакырган эмес. Анын кесепетинен
медиастинит дарты өрчүп, жүрөккө, өпкөгө, мээге ириң өткөн. Гезиттин
аралашуусунан кийин гана жигитти ооруканага алып чыгууга мүмкүн болгон. Аны
дарылоого аракеттенип, 12 операция жана 4 жолу трепанация (баш сөөгүн тешишкен)
кылышты. Бирок, ал бир нече айлардан кийин көз жумду.
Бул окуяга ошол учурдагы расмий түрдө ИИМдин Кылмышкерлерди издөө Башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеп турган Мелис Турганбаевдин аралашканы кызык болду. Журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы дал ушул кишиге алып келди. Анын кызгуусунун маңызы, аталган жигиттин Бишкектин борборунда жайгашкан 3 бөлмөлүү батирдин ээси экендигинде болгон. Балага аталган турак-жай чоң атасы, белгилүү хирург Бажановдон мураска калган. Бирок, чоң атасынын үйүндө кызмат кылып иштеген аял амалкөйлөнүп, өлүм алдында жаткан улгайган адам менен никеге тура коюп, батирге ээлик кылуу аракетин баштайт. Ал эми Миша Матвиенко ага тоскоол болот.
Биздин гезит, ошол мезгилде бул чубалжыган иштин түбүнө жетип, аталган туракка Турганбаевдин кызыкчылыгы бар экенин аныктады. Андан соң көптөгөн соттор болуп, ал жерде Турганбаев актанууга жана окуяга катыштыгы жок экенин далилдөөгө аракеттенди. Бирок, Мишанын видеого жазылып алынган көрсөтмөлөрү бар болуп чыгып, ал жерде Матвиенко милиционерлердин кимиси сабаганын, ал маалда кабинетте кимдер нарда ойноп отурганын, ким жасабаган кылмышты моюнга алдыруу максатында психологиялык басым көрсөткөнүн айтып берген. Анын көрсөтмөсү боюнча, бардык иштерди Мелис Турганбаев жетектегендиги анык болду.
Андан бери 15 жыл өттү. Мен качандыр бир мезгилде бул окуяны эскерем деп ойлогон эмесмин. Бир гана нерсени айтып койгум келет, мен ушул күнгө чейин азыркы мыкты делген генерал-майор менен учураша албайм.
Лейла Саралаева