Сакалчан аялбы же салтуу баалуулукпу?

16:56, 11 Сентября 2014

Дүйнөнүн геосаясий жана экономикалык үлгүлөрдүн кескин өзгөрүп жаткан күндөрүндө биз таң калаарлык көрүнүштөрүн байкап жатабыз. Сыягы, биздин көз алдыбызда Овертондун терезеси тескери ачылып жатат окшойт. Азыр акырындык менен, бирок калыптанып кайдагы бир сакалчан эжекелер, ата энеси менен байланышпаган балдар, жарым жылаңач өзүн байытуу, гомосексуалисттер жана башка ушуга окшогон нерселер азыркы күнү турмушта «ченемдүү» нерсеге айланды. Бирок, акыркы айларда күн өткөн сайын көптөгөн адамдар мындай “ченемден” баш тарта башташты. Кандай болгон күнү да, алар салттуу баалуулуктарды каалашууда.

Теориядан бир аз: «Овертон терезеси» –коом тарабынан ченем катары кабыл алына турган идеялар туурасында саясийтеория.  Ал автордун  – Джозеф Овертондун атына аталган, ал элдик саясаттын Макин борборунун мурдагы вице-президенти (АКШ).Теория, акыркы жүз жылда ачуулуу, зордуктоо, жекен инсан катары өнүкпөгөн, адамды басмырлоо үчүн кандай ыкмаларды колдонуп жаткандыгын сүрөттөөдө. Нравасыздык ченемди кантип жасоо керек?

Овертонду ачуунун маңызы, ал коомдун айрым тыюу салынган, негативдүү маселелерди өзгөртүү технологиясын сүрөттөгөндүгүндө. Теорияга ылайык, коомдогу ар бир идея же проблема үчүн “мүмкүнчүлүктөр терезеси” бар, ал акырындык менен , коом үчүн билинбестен бир стадиядан башканы кабыл алууга жыла берет. Кыймыл коом үчүн билинбестен өтөт, анткени бир нече жылдын ичинде өтөт, бирок ММКнын активдүү катышуусу менен. Башкыидеясы–бул өзгөрүүлөрдүн баары байлануу, атайын жасалган. Адамзаттын популяциясын азайтуу үчүн.

Овертон «бүткүл дүйнөлүк кутумду» ойлоп таптыбы? Скептиктер ийиндерин куушурушат. Бирок, өзүбүздүн айланабызды карайлычы. Бүгүн, бир жыныстуу жуптардын баш ооруткан көйгөйлөрү жок, алар өз укуктары үчүн гана күрөшүшөт. Ээн баштык, жетишкендик катары кабыл алынат. Баланын төрөлүшү жана тарбияланышы жаштардын талкуусунда түрмө камагына барабар. мунун баарына (планетанын масштабында) дин каршы турат, азыр ислам басымдуулук кылат. Бирок, өз кезегинде, фанаттык радикалдуулук менен кезектешет.

Ооба, албетте, башында мунун баары кызуу талкууну жаратты, коомдун бир бөлүгү тескери кабыл алды. Бирок, андан кийин күнүмдүк жашоого ал бекем орноду. Өзүнөн өзү болгон сымал...Апокалипсис жакындап келатабы?..Же«Терезе»тоңдурулдубу, салтуу баалуулуктар кайра жанданып жатабы?

Нравасыз идеялардын идеологдору салттуу коомдун негизин бошоткон бардык фронт үчүн иштейт. Бирок, “табышмактуу элдин руху ” деген аталыштагы тоскоолдукка урунат. Тарых, азыркыга чейин каалаган нерсесин жасап келет. Ал эми ал убак өткөндөн кийин, кеч. Болбойт. Анын акыры, тынчын алгандан кийин, бул түшүндүрө алгыс субстанциянын таасиринен кутулуу мүмкүн эмес. Ал эми француздар Путиндин портреттерин көтөрүп митингге чыгышат, италиялыктар ЛГБТнын үгүтүнө каршы чыгышууда, ал эми америкалыктар олуттуу газеталыктар Ак үйдү “жаагын жаап” отурууга кеңеш беришүүдө. Либералдык баалуулуктардын коомдун баш тартышы күч алууда.

Скептиктер кайрадан каршы болушту– деңиздеги тамчы, статистикалык каталык.Жок, бул либералдык идеологиялык үлгүнүн жоголушунун биринчи белгилери. Мындан ары процесс өсө баштайт. Жүрөгүндө либералдык боштукка жана “жалпы адамзаттык баалуулуктар жана эркиндик” менен гуманизмдин ордуна тирүү адамдарга жандуу идеялар керек.

Албетте, баары ушуга келе жаткан.«Маданий катмар социалдык жактан таптакыр корголгон эмес, анын жашоосу бардык материалдык базистен ажыраган, ал абада асылып турат жана барган сайын өзүнүн керексиздигин сезе баштады, ал таптакыр түпсүз туңгуюкка түшүп кетпөө үчүн жашоого ыкташуусу керек», -философ Николай Бердяевмуну1934-жылы«Азыркы дүйнөдөгү адамдын тагдыры” эмгегинде жазган (Биздин доордун түшүнүгүндө)».

Андан кийин: «Гуманизмжашоонун автоматташкан, демократташтыруу процессине каршы турууга алсыз».Жада калса,«эскирген, таптакыр тарпы чыккан либералдык идеология».Бирок, жүз жылга жетпеген “эскирип бүткөн идеология” социализмди, экинчи дүйнөлүк согушту башынан өткөрдү, жада калса жаңы муунга, стрингилер менен араң жабылган уяттуу жерлерден да маанилүү, сол жакта согуп турган нерсе бар экендигин айтууга үлгүрдү. Аңгыча эле – ушундай толкун…

Эмне үчүн баары тез жана күтүүсүз ылдамдап, талкаланып, айланып кетти?Анткени, Союздун таркашы эч бир тоскоолдуксуз, жипке тизгендей болду. Анткени мурдагы советтик мамлекеттердин кескин(же акырын)талкаланышы бул зор мейкиндиктин жашоочуларынын жашоого болгон каалоосун кайтара алган жок.

Эмне болуп жатат? Мисал үчүн актуалдуу саясий кырдаал -Украинадагы алааматты караса боло. Кагылышууну пландаштырып жатып,айрым саясий технологдор украиналыктардын - алар, мурдагы Союз боюнча мурдагы өнөктөштөр эмес экендиги туурасындагы аргасыз макулдугуна ишенип калышты. Россия менен эч нерсеси байланышпайт. Цунами мына ушул жерден башталды. Бычакташканга чейин чырдашканы менен, өлгөнгө чейин катташпаса да, эки бир тууган баары бир үй бүлө бойдон кала берет. бала кезден бир пикирге келбесе дагы. Өздөрүн Россия менен эч байланышпаган катары жарыялоо менен, украиналыктар эки мамлекеттин бирине да таандык болбой калышты.

«Маданият—бул элдин энеси; маданиятынан, уругу ажыраган эл тууган уругу жок жетимге окшош, бул элдин кармана турган, ишене турган эч нерсеси жок».Бул Генрих Риккерт,он тогузунчу кылымдын экинчи жарымынынгерманиянынфилософу,анын өзүнүн белгилүү «Жаратылыш жөнүндө илим жана маданият туурасындагы илим»деген китебинде мадания баалуулуктар туурасында ушинтип талкуулайт.Жүз жылда бери бул жагынан эч нерсе өзгөргөн жок. Бүгүнкү күнү режиссерлор саясий алааматтарды тартышат, тирүү адамдан кандын агып жаткандыгын көргөзүү менен, организмдин реакциясын эске алышкан эмес.

Азыркы күнү Россияга каршы украиналык ММКлардагы кеңири жайылган апелляциясыз маалыматтык согуш, албетте, кандайдыр бир убакыттын ичинде иштеп турат. бул Россияга да каршы турат. Бул, интеллекттин, билим берүүнүн, аң сезимдин деңгээлинен көз карандысыз, ар бир украиналык азыркы күнү төрөгөн энеси өзүнө кол салгандай сезимде болуп жатат. Ата энелери менен көбүнүн мамилеси абдан татаал, стресстин чоңдугу азайган жок.

Мына, ушунун баарынын кайтарымы кийин башталат, ураан, голограмма, үгүт тартылган сүрөттөр жоголгондон кийин, мына ошондо энеси, салыштырып айтканда, өз кийимдерин чоң чемоданга чогулта баштайт.Гоголду— Украинага, Достоевскийди— Россияга.Бирок, Гогольорус тилинде жазган, бул шылдыңдагандык! Россия, Гоголду да ал.

Бардыгын ыргыт, бардыгын унуть. «9-май Жеңиш күнү» ачык турган киев терезесине кирет, ал эми жүзүндөгү мыскыл жылмаюуну көргөндө жүрөгү канга толот. Анткени куудураган чоң аталардын колун, анын туздуу көз жашын унутууга мүмкүн эмес.

Ал эмиГагаринге эмне болду?Мына кызык, бөлүнбөйт.Высоцкийчи?Дагы жалгыз?Тилекке каршы, батыш грант да, бюджет да эмес, баш тартуу керек.Чайковскийди европалык баалуулуктардын алдына ылайыкташтыруу керек, ал гей болчу деп айтышат.Бирок, аны ким берет?

Кургак калдыкта жаракаттан алган реакциялары менен миллиондогон адамдар жашайт, анын үстүнө бардык маданий тамыры жулунган. Бир гана Октябрь социалисттик революция менен салыштырса болот. Бирок, ал ажырым мынчалык тез болгон эмес, анын үстүнө элге жаңы, ачык идеология жана айкын, конкреттүү максаттар сунуштала баштады. Дагы анын курсагын тойгузуп, жетим болгон жандарга белектерге туйтунтса болот. Бирок, мындай келечек байкалбайт, тескерисинче, социалдык камсыздоо тутуму жана украиналыктар үчүн абдан катаал “диета” келе жаткансыйт. Ал эми жан – жалгыз да, баягы эле «элдик табышмактуу», ал эч жакка жоголгон жок. Бир эки жылдын ичинде, жанагы «жамааттык рух» кайда кетти?

Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр туурасында (бир гана ал эмес)

Мүмкүн, «жамааттык рух» көзүн ачып, мастыгын таратып, кырдаалды соо көз караш менен баалайт. Советтер Союзу боюнча мурдагы кошуналардын жалпы маданияты негизделген мына ушул тарыхый этапта , кокусунан демилгени динден алышты ( негизинен, исламдан).

Дагы беш жыл мурда, моралдык баалуулуктар жана зарыл болгон өздүк чектөөлөр бир гана динде сакталып калган. Анткени, бул бир гана коңгуроок аккан жерден баштап эле либералдуулук эрке, баарына уруксат берилгендиктен башталат, анда диний осуяттар – бардык окууларда - капкан. Иш жүзүндө, тарыхта алар – “электр розеткалардын” тизмеси, ага акылсыз адамдар мык, манжаларын салбашы керек. Өлтүрөт.

Көрсө, бир гана салттуу диндер гана бул тармакта бир нерсе сунуштай албайт экен. Андан сырткары, бул иш бөлмөлөрдө азыр гана жасалма жасалган эмес, табигый жол менен жаралган, “СССРде төрөлгөндөрдүн” жалпылыгынын жаңы идеология, бирөөлөр үчүн эптеп жашоонун багыты болуп бериши мүмкүн. Ал эми кимдир бирөө үй бүлөлүк баалуулуктарды улуттук каадалардын негизинде жүргүзүп жатат. Анткени, биздин чоң аталарыбыз “элдик акылмандык” жана “тирүү элдик рухтун” аркасында улут катары сакталып, жашап жана өнүгүп келишкен.

Алаамат сценарийлер туурасында айтпай эле коелу. Анткени, алар баарына белгилүү. Албетте, алар планетада ишке көбүрөөк ишке ашат. Бирок, Овертондун терезеси кайра артка жөрмөлөп, кичине болсо да үмүт жаратууда.

Кыргызстан үчүн да мүмкүнчүлүк бар. Эгер биз,жашоочулар, бириксек, бири-бирибизди айырмачылык табуу үчүн карабай, жалпы бир нерсени көрүү үчүн карасак. Бир гана салттуу баалуулуктарсыз, бизди төрөлгөн эмес, айрыга сайылган балдар менен сакалчан эжекелердин курчоосундагы келечек күтүп тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек.

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине