Кыргызстандын борборунда балдар үчүн Роботехника жана кодология боюнча курстар иштей баштады

13:24, 16 Февраля 2018

Кыргызстанда биринчи жолу «Codologia» программалоо балдар мектеби жана «РОББО Клуб» роботехника, программалоо жана 3D-прототиптөө мектептеринин эл аралык тармагы келечектеги программисттер жана ойлоп табуучулар үчүн өз эшиктерин ачты. Инновациялык курстар Бишкекте 10-февралдан баштап иштей баштады.

Бүткүл дүйнө технологияларга басым жасоодо. Улуубритания, Франция, Австралия, Финляндия, Эстония, Түштүк Кореяда программалоо мектепте сабак катары окутулуп келет. Эми Кыргызстан дагы жаш адистерди даярдап, окутууга өтө баштады.

РОББО Клубда балдарды Scratch тилинде программалаганды үйрөтүшөт. Бул тилди балдар бат эле үйрөнүп, иштей башташат, ошол эле кезде ал программалоонун фундаменталдуу негиздерин үйрөткөнгө жакшы. РОББО Клубда балдар программалоо менен роботехниканы гана өздөштүрбөстөн, 3D менен иштегенди да үйрөнүшөт – алар мугалимдин жардамы менен өзүлөрүнүн биринчи прототибин иштеп чыгып, аны 3D-принтерде басып чыгарышат. Баса, РОББО Клуб Сколкованын резиденти болуп эсептелет, Санкт-Петербург өкмөтүнүн Орусиядагы эң мыкты инновациялык продукт сыйлыгынын ээси, орусиялык Стратегиялык демилгелер агенттигинин ТОП-10 долбоорлорунун катарына кирет.

«Codologia» программалоо балдар мектеби 4 жаштан 16 жашка чейинки балдарды санариптик сабатка жана компьютердик илимге үйрөтөт, балдар IT-адистердин жардамы менен маалыматтык технологиялар, IT-ишкерлик жана коммуникация дүйнөсүнө сүңгүп киришет. Мындай мектептер Орусияда, Казакстанда жана Беларуста иштеп келет, эми Кыргызстанда да иштей баштады.

“Бул келечектеги инженерлер, программисттер, 3D адистер үчүн билим берүү мектеби. Биздеги балдар өзүлөрүнүн роботторун, мобилдик тиркемелерин, компьютердик оюндарын иштеп чыгып, ойлоп чыгарышып – мына азыр эле бул дүйнөнү өзгөртө башташат”, - деди мектептин негиздөөчүсү.

Кызыккандар бул телефон аркылуу чалып, көбүрөөк маалымат алалышат: +996 (770) 06 23 23

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине