Балдар үйлөрүнөн келген 500 бала киного барышты

10:18, 30 Января 2020

«Жетим балдардын укугун коргоо» Коомдук фондунун демилгеси менен «Манас» кинотеатрында 14 балдар үйүнөн келген 500 балага мультфильм көрсөтүлдү.

-Бул кереметтүү эс алуу күнү демөөрчүлөрдүн жана көңүл кош эмес жарандардын жардамы менен мүмкүн болду. Балдарды биз МАИ кызматкерлеринин коштоосунда кичи автобустар менен Токмоктон, Канттан жана шаар четиндеги айылдардан алып келдик. МАИ кызматкерлери дагы балдардын коопсуздугун камсыздоодо бизге абдан чоң жардам көрсөтүштү,-деди Коомдук фонддун жетекчиси Игорь Беляев.

«Жаштар үйүнүн» кыздары бул иш-чарада ыктыярчы катары катышты. Ар бир кызга бирден балдар үйү бекитилген жана алар балдардын бардыгы ыңгайлуу жайгашып, чипстер жана суусундук менен камсыз болуп, сеанс бүткөндөн кийин артынан таштандыны жыйнап кетишин көзөмөлдөштү.

-«Жаштар үйү» долбоорунун катышуучуларын кошконубуздун себеби – биз алардын дал ушундай иш-чаралар кандай уюштурулаарын көрүп, кайрымдуулукка үйрөнүүсүн каалайбыз»,-дейт Игорь Беляев.

Кинотеатрга киргенде балдар абдан бактылуу болушту. Мультфильмдин каармандарынын саякатын толкундануу менен көрүп отурушту. Тасма баардыгына абдан жакты. Бирок жакшы нерселер аны менен эле аяктап калган жок. Мультфильмден соң балдар «Ала-Тоо» ресторанына түшкү тамактанууга барышты. Ал жерден ыктыярчылар ар бир баланын курсагы ток болушун көзөмөлдөдү.

Ал эми чоң сюрприз шаңдуу дискотека болду. Балдардын көпчүлүгү биринчи жолу мындай кооз жерди көрүп, абдан кубанышты.

--Биздин фонд мындай  иш-чараларды  балдар жылына 365 күн бою балдар үйүндө гана отура бербей, алар өнүгүп,  дүйнөнү, борбор калааны  өз көзү менен көрүп, ресторандан тамак татып көрүсүн деген максатта уюштуруп келет. Ал балдар ансыз деле ата-энесиз өсүп, көп нерседен кур калган, андыктан бул абдан маанилүү,- деп жыйынтыктады Игорь Беляев.

  
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине