Европалыктар кыргыздарды салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоого умтулганы үчүн кескин сындашты

15:12, 30 Января 2015


Келгиле, ачык эле талкуулайлы – Кыргызстанда гомосексуализм темасы актуалдуубу, силер кандай ойлойсуңар? Көпчүлүгү : «Жок! Актуалдуу эмес!» деп жооп берерине ишенип турам. Бизде, ЛГБТнын маанилүүлүгү үчүн аталган салттуу эмес сексуалдык багыттагы адамдарга болгон эч кандай мамиле жок, анткени алар дээрлик жок. Өз өмүрүмдө мен бул ЛГБТларды болгону алты жолу жолуктургам – эки чач тарач,эки журналист жана эки укук коргоочу. Менин гей тааныштарымдын төртөө он жыл мурда Кыргызстандан кетип калышкан, бирөө Москвага кетсе, бирөө германияга, бирөө андан да алыс.


Бирок, азыр гомосексуалдар туурасында журналисттерге эмгек баатырлары же Улуу Ата мекендик согуштун баатырларынын көйөгөйлөрүнө караганда да көбүрөөк жазууга туура келе баштагандай. Өзгөчө, бул журналисттер батыш ММКлары менен кызматташ болушса.


Тапшырма келет – салттуу эмес багыттагы адамдарды кысымга алып жаткандыгы тууралуу маселени чагылдыруу керек, анан бардык журналисттер Магнеге кайрылып калышат, бул гей-активисттин жалган аты, ал 20 жыл мурда өзүнүн туура эмес багыты тууралуу мойнуна алган, көп учурда берилген темага өзү иентервью берет же куугунтукка туш болгон башка балдардын байланыштарын берет.

Талашпайм, мүмкүн Кыргызстандагы салттуу эмес багыттагы адамдар чын эле өз каалаганындай жашай албай жатышкандыр. Алар жетелешип алып Дзержинский бульварында сейилдей алышпайт, же Дружба паркында отуруп алып, көз көрүнөө өбүшө алышпайт. Бачабаздар үчүн түнкү клубдарды жаап салышкандарына алты жыл болду. Ал эми Бишкектеги «Казактар» хореографиялык тобунда жигиттер аялдардын колготкиси менен бийик така кийип алып бийлеген бийин жаш активисттер токтотуп коюшту. Кыргыздар гейлерди кабыл алышпайт, алар биздин менталитет үчүн чоочун...

Мен биздин тарыхчыларга кайрылып, кайсы бир булактарда, кыргыз эпосторунда же дастандарда аялдарга караганда эркектерди жакшы көргөн жок дегенде бир каарман тууралуу жазылган жери бар экенине кызыгып көрдүм. Бактыга жараша, оозеки эл чыгармачылыгынын бай материалдарында да мындай эскерүүлөр таптакыр жок. Орусиядан келген саякатчылар туурасындагы тарыхый документтерде да жок. Ошол убакта эле буга окшогон мамилелер кошуна элдерде болуп келген.


Биздин элдин менталитети жашап кетүүгө программалашкан деп жоромолдогум келип турат. Биз аз сандуу калкпыз, байыртадан көчмөн калк болуп, катаал шарттарда жашап келгенбиз, биздин аялдар илгертен эле эркектер менен тең катар иштешкен, өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн, кээде элдин да жоопкерчилигин өз мойнуна көп алышкан. Ошондуктан, эркиндикти сүйгөнүнө карабай,калктын ичиндега нрава дайыма катуу жана пакиза болгон. Мына ушул түзүлүш генетикалык эс тутумда сакталып калган.


Эркиндик, анын ичинде сексуалдык эркиндик туу чокусуна жетип, баарына уруксат болгон көз карандысыздыктын 24 жылдыгына карабай, биз, кыргызстандыктар, бул мезгилди өтө аз жоготуу менен баштан кечирдик. 30-40-50 жаштагы өз тааныштарыңарды карап көргүлөчү, алардын көбү турмушка чыккае жана үйлөнгөн, кимдир бирөө бир эле турмуш курган эмес, алардын эки же андан көп балдары бар. Бардыгы үй-бүлөлүк тойлорго өз жарларын ээрчитип барышат, балдардын үйлөнүү тойлорун, балдардын жана неберелердин туулган күндөрүн, ата-энелеринин мааракелерин чоң той кылып өткөрүшөт. Балдар үчүн кандай гана көңүлдүү жана укмуштуудай керемет майрамдарды уюштурушат.


Мунун баарын эмне үчүн айтып жатам, биз – кыргызстандыктар, үй-бүлөлүк турмушка программалашканбыз. Бизде, Кыргызстанда кандайдыр бир мамлекеттик программасы жок эле үй-бүлөлүк культ орногон. Улуттук таандыктыгына карабай. Биз,мамлекеттен бир тыйын албай эле балдарды төрөп, тарбиялайбыз. Биз, өз балдарыбызды өтө жакшы көргөн улутпуз. Жана биз өз урпактарыбызга көп күч, көп акча, болгон жан-дүйнөбүздү коротобуз. Анткени, ата-энебиз бизди ушинтип тарбиялаган.


Эми келгиле, кичине талкуулап көрөлү. 15 –январда Европарламент, биздин депутаттар киргизүүгө аракет кылган мыйзам долбоорун – гей-үгүттөө үчүн жазаны катуулатууга болгон мыйзам долбоорун кескин сындап чыкты. Азыркы чакырылыштагы депутаттар өз жүрүш-туруштары менен да, өздөрүнүн айрым демилгелери менен да тез-тез уят болуп жүрүшкөнү жашырын эмес. Бирок, бул мыйзам долбоору азыр болуп көрбөгөндөй керек. Эмнеге? Анткени, Кыргызстанда бир да ата-эне, анын баласынын ачык болобу, көмүскө болобу гомосексуализмди үгүттөөгө кабылышын каалабайт. Бир гана гомосексуализм эмес, деги эле сексуалдык кызыгууну эрте козгой турган, балдардын кызыгууусун эртелеп ойгото турган маалымат угушун каалабайт. «Анын эмне кереги бар? Өз убагы келет. Бала сексуалдык убайымданган келесоо эмес, бала бойдон калышы керек»,-дейт ар бир кыргызстандык эне.


Бирок, Европарламент, бизде Кыргызстандагы элдер өздөрүнүн үй-бүлөлүк баалуулуктарын коргобошу керек деп эсептейт, биз балдарыбызды керексиз маалыматтан коргобошубуз керек экен, өгөчө гомосексуалдык мамилелер тууралуу, биз гей-үгүттөөгө уруксат беришибиз керек экен, болбосо Евробиримдик өз долбоорлорун,деги эле Кыргызстан менен болгон кызматташуусун кайра карап чыгат.


Сиз кандай ойлойсуз, катардагы кыргызстандык эне эмнени тандайт – дени сак акыл эсти жана өз баласынын келечегинби же Кыргызстандын Евробиримдик менен кызматташуусунбу? Ар бир ата-эне баласынын табигый багытта болушун кааласа керек. Ал эми мамлекеттин жетекчилигинин уруксаты менен европа балдарындагы эркиндик деңгээли – бул алардын өз иштери. Биз өз балдарыбызды өзүбүздүн ата-бабабыз калтырып кеткен салттар менен тарбиялагыбыз келет. Бизди либералдык коом артта калган деп эсептей берсе мейли.


Бүгүн Европарламент гейлер менен лесбиянкалардын укуктарына өзгөчө баа берип жатат, мына ушуну үчүн Кыргызстан менен кызматташуудан да кечкени турат. Евробиримдиктин мүчөлөрү бизди өз эрежелерине баш ийдирүүгө кылган аракети сиздерге шектүү сезилген жокпу? Алардын бул ультиматумдук тону сизди кордогон жокпу? Эмне үчүн алар биздин элге чоочун баалуулуктарды таңуулап жатышат? Айтмакчы, аларда пайгамбарыбыз Мукамбетти мазактап сүрөт тарта берсе да кадыресе көрүнүш. Алар эмкиде, алардын мазактаган сүрөтүнө биздин коомду күлбөй жатасыңар деп айыптап, муну үчүн биз менен болгон кызматташууну бузабыз деп коркутушса кандай болот?


Бузулуу оңой. Өзүбүздүн арам оюбуздун жетегине көнө коюу эле жетиштүү, мына натыйжасы – зордукталган балдар. Мындай жапайы көрүнүштөр барган сайын көбөйүп бара жатат. Ооба, элдин сексуалдык маданияты төмөн. Анан, бул маданияттын жоктугуна гомосексуализмди активдүү үгүттөөнү кошсо эмне болот? Анан буларга чоң гранттарды бере башташса. Бизге окшогон кичинекей элди эки муунга жетпей жок кылса болот. А бизге ушул керекпи? Жок, бул эмес.


Бүгүн кыргызстандык коом көптөгөн багыттарда кризиске дуушар болуп отурат – коррупция мамлекеттик тутумду жеп жатат, журналист сымалдар элге таратып жаткан жалганчылык менен ушак өзүнө болгон ишенимди солгундатууда. Анан ушул шартта гомосексуализмге үгүттөөгө уруксат берилсе – мына, олуттуу көйгөй ошондо башталат. Анткени ал коомду жарып,экиге бөлөт, секс-азчылыкка карата нааразылыктардын, агрессиянын толкунун жаратышы мүмкүн. Ал эми гей-үгүттөөгө тыюу салуу либералдык көз караштагы жарандар тарабынан бул мыйзам долбоорун бузууга болгон толкунун жаратат, бул туурасында айрым биздин толеранттуу кесиптештерибиз эскертип өтүштү. Анткени аларга карата да агрессия толкунун күчөтүшү мүмкүн.

Мына ушундай дилемма. Кандай чечим болсо да коомдогу ажырым менен ага карата агрессияга алып келет. Ага кошул ташыл болуп, бул актуалдуу эмес тема ММК беттеринде улам улам пайда боло берет, жана аны менен коомдун көңүлүн буруп, беймаза кыла берет да, натыйжада актуалдуу болуп чыга келет. Ал бизге керекпи? Албетте, кереги жок.


Ошондуктан, биз, өз өлкөбүздүн салттуу баалуулуктарын канткенде сактап калаарыбызды баарыбыз чогуу ойлонушубуз керек.


Анара Юсупова

 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине