Согуш, климат, кризистер – «Бир Дүйнө»-2022 кинофестифалындын башкы темалары

13:02, 12 Ноября 2022

"Ошол бир жарым жуманын ичинде ар бир беш, он мүнөт сайын сиреналар угулуп, биз  ошол убакыт бою коридордо отурдук"... "Мен асынма рюкзак токуп, ага бир тыйын чычканды жана бир итти салдым"... «Поезд жык-жыйма эле, биз бир бала экөөбүз кезек менен отуруп жаттык, анткени орун жок эле"... "Ал эми биз Ирпенден чыкканыбызда көпүрө бомбаланганып, талкаланганын билдик"...

Бул " Биз кеттик. Украин балдарынын үнү" аталышындагы жаңы даректүү анимациялык тасмадагы балдардын окуялары . "Мемориал"  Дискриминацияга каршы борборунун  тасмасы "Бир Дүйнө-2022"кинофестивалын ачууда. Фильм согуштан улам улам Европа өлкөлөрүнө качууга аргасыз болгон украин балдарынын психологдорго берген маектеринде негизделген. Балдар согуштун башталышы жөнүндө кабарды, аткылоолорду, бомбалоолорду жана эвакуациялоону, жакындарынан аргандыгы жөнүндө кабарды кантип башынан өткөрүшкөнү жөнүндө айтып беришет; алар азаптары, үмүттөрү жана кыялдары менен бөлүшөт.

Фестиваль жөнүндө

14-ноябрда Бишкекте  "Бир Дүйнө" аталышындагы көптөн күтүтүлгөн адам укуктары тууралуу документалдык тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт. Фестивал "Бир Дүйнө-2022" XVI-кинофестивалынын уюштуруу комитетинин чечими боюнча "Климат жана кризистер: жарандардын негизги укуктары боюнча кырдаал, ТӨМ үчүн альтернативалар" темасына арналган.

Сынакта Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан,  жана башка өлкөлөрдө тартылган 22 даректүү тасма катышат. Тасмаларда заманбап адам баласынын эң маанилүү көйгөйлөрү, анын ичинде чоң масштабуу согуштардан баштап коронавирус, гендердик теңсиздик жана дискриминация, айлана-чөйрө, ден-соолук жана адам баласынын татыктуу жумушка жана жашоого болгон негизги укуктарындагы көйгөйлөрү климаттын өзгөрүүсү жана кризистердин таасири призмасы аркылуу каралат.

«Бир Дүйнө» киновестивалынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова: «Башкы тема кризис жана кырсыктар мезгилиндеги адам укуктары жөнүндө бекеринен тандалган жок, анткени дал ошондой мезгилде туруктуу өнүктүрүү максаттарын илгерилетүүгө альтернативалуу стратегияларды табуу өтө маанилүү. Бул болсо адам укуктарын эанан эркиндиктерин сактап, жарандык коомдун бийликтин баардык деңгээлдеринде чечим кабыл алууда тең каралуу шартында гана мүмкүн болот»,- деп белгиледи.

Сынакта катышкан киноленталар 15-18 ноябрь күндөрү саат 10:30дан 18:30га чейин күнүгө “Азия Молл” соода борборундагы “Бродвей” кинотеатрында көрсөтүлүп турат.  Кирүү акысыз.

Лабораториялар жөнүндө

Фестивалдын дагы бир башкы темас- гендердик теңдүүлүк

Бул фестивал мурда болуп келген мастер-класстарды жана лабораторияларды өткөрүү салтын улайт. Гендердик темасына арналган лабораторияда кризистик кырдаалда көрүлө турган иш-чаралардын жаңы планы менен стратегиясы иштелип чыгат.

“Бир Дүйнө – 2022” фестивалынын форматы – ар кандай кризистерди жеңүүдөгү ар кандай практикалар менен бөлүшүү. Жана фестивалдын эл аралык партнерлору менен эксперттер өз тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мисалы, конок катары чакырылгандардын ичинде  Монголиядан келген укук коргоочу жана микробиолог  Уранцуж Гомбосурен, Колумбиядан келген адам укуктары жаатындагы активист жана саясий таанучу Педро Гарсия Аренас, Швециялык журналист, режиссер жана продюсер Андреас Роксен, Украиналык укук коргоочу Ксения Шимнанская жана башкалар болот.

Чакырылган эксперттер климат коопсуздугу, жергиликтүү коомдун баардык деңгээлдерде катыштыгынынын зарылдыгы, укук коргоочулардын кризис шарттарында иш алып баруусу, жазасыздык менен күрөшүү, балдар укуктары жана буллинг менен күрөшүү тууралуу айтып беришет.

Режиссер-документелисттер үчүн заманбап немис кинематографын көрсөткөн Германиядан келген режиссер Ульрих Гаульке, кесипкөй мастер-класс өткөрөт. Ал атайын программанын алкагында өзүнүн «COMRADES IN DREAMS» (Кыял боюнча жолдоштор) аттуу документалдык тасмасын тартуулайт. Көрүүчүлөр тасма тууралуу режиссерге суроо берип, аны талкуулай алышат.

«Бир Дүйнө» киносынагы WLP (Women Learning Partnership), FIDH (International Federation for Human Rights), CSP (The Civic Solidarity Platform), Forum-Asia, BICE (International Catholic Child Bureau), тилектештик тармактары, Борбор Азиядагы эмгек укуктарына мониторинг жүргүзүү миссиясынын жана  Кыргызстандын аймактарынын жергиликтүү активисттери, ошондой эле керемет ыктыярчыларынын колдоосу менен өтүп жатат.

Тилектештик, Плюрализм аянтасынын инновациялуу форматындагы «Human Rights through Art» «Искусство аркылуу адам укуктары» баардыгын бириктирүүдө. 

 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине