Далысына канжар сайылган эркек жана аны сүйгөн сегиз аял

10:41, 2 Апреля 2019

Роберт Томдун «Сегиз айымы»- бул постсоветтик мейкиндикте көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таба алган детектив жанрындагы чыгармасы.  Белгилүү кырдаалга жаңы көз караш менен кароо, каармандардын мүнөздөрүнүн ачылышы,  ар кандай кемчиликтери жана кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар сегиз айым, адам өлтүрүү жана... сүйүү.  Мунун баардыгын жакында Чынгыз Айттматов атындагы орус драма театрында боло турчу «Сегиз» спектаклынан көрө аласыздар.

«Сегиз айым» пьесасы качандыр бир кезде, өткөн кылымдын 70-жылдарында театрдын сахнасында коюлган. Аны  Офелия Ерембаева эч кандай шумдук нерселерди колдонбостон койгон.

-Ага карабастан, спектакль чоң популярдуулукка ээ болгон,-деп  эскерет Кыргыстандын эмгек сиңирген артисти Александра Марусич. Ал ошол постановкада катышкан. Ал жакында чыга турганына дагы катышат.

- Бул ийгиликти эч кыйынчылыксыз түшүнүүгө болот. Детективдер ар дайым популярдуу болуп келишкен. Учурдагы постановкананын режиссеру Нелли Плешакова аны коюуда такыр башка ыкманы колдонот. Анын жардамы менен биз образдарда жаңы нерселерди таап, каармандардын өз ара мамилелеринин башка жактарын көрө алдык.

Учурдагы постановка көрүүчүлөргө беш жылдан бери келе жатат. Плешакова аны 2014-2015-жылдары эле коюуну пландаштырып жаткан. Бирок анда тилекке каршы жылдыздар төп келишпей калган эле. Азыр болсо премьерага даярдык болгон күч менен жүрүп жатат.

-Постановка үчүн мен иштегенге ыңгайлуу жана жеңил болгон, эксперименттерге жана тобокелге даяр адамдарды тандадым,-деп айтат коюуучу режиссер Нелли Плешакова. -Анткени бул чынында эле тобекелчилик. Мага актрисалар материалга болгон тереңирээк жана ичкерээк деңгээлде ойной алышабы деген нерсе кызык болду. Азыр болсо алардын колунан келип жаткандыгын көрүп жатам.

Башында Нелли Плешакова жеңил комедия болот деп ойлогон. Бирок процесстин жүршүндө спектакльда детектив менен трагикомедия биррикендиги көрүнгөн. Жана кээ бир учурларда көрүүчү күлкү деген нерсени унутуп да калат. Мунун баардыгы тартуучу топ пьесада автор көрө албаган нерсени байкай алагандыгынын жардамы менен болду.

-Пьеса өткөн кылымдын 50-жылдарында жазылса да, бүгүн анын актуалдуулугу жоголгон жок,-деп ишенет Нелли Плешакова. Ал айымдар гана эмес, биздин эгоизмибиз жөнүндө. Биз бири-бирибизди көрүп турсак да, түшүнө албай жүргөндүгүбүз жөнүндө.

Пьесанын актуалдуулугу дагы бир нерседе, бул- совет доорунда буржуазия деген атка конгон, азыркы учурда биздин коомдо олуттуу орун алган үй-бүлө, коом арасындагы мамилелер кризиси, акчанын артынан кубалап андан маанилүү баалулуктарды унутта калышында. 70-жылдары көрүүчүнүн күлкүсүн келтирген нерсе биздин чындыгыбыз болду. Жана бул нерсе ар дайым эле күлкүнү келтире бербейт. Бир сөз менен айтканда, режиссер жаңы постановкада жаңы, башка нерсеге болгон чакырыкты көрүүнү сунуштайт.

-Бул сүйүү тууралуу аңгеме. Ал орус вариантында  «Сегиз сүйгөн айым» деп бекеринен айтылбаса керек,-деп эсептейт Нелли Плешакова. Көрүүчүлөр бири-бирине болгон мамилеси тууралуу ойлонуп калышы керек. Балким, биз көрбөй жаткан бир нерсени кое берип жатабыз?

Режиссер тарабынан коюлган оор чыгармачыл маселелерди сахнадан актердук ансамбль чечет. Ролдорду аткаргандардын арасында Кыргызстандын эл артисти Зинаида Петренко, республиканын эмгек сиңирген артисти Ольга Жигулева, Вера Анисимова, Нина Чернышова, Кристина Фойкина, Эвелина Пурикова жана башкалар. Спектакльдын бет ачары 30-мартка белгиленген.

Александр КУЛИНСКИЙ

Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын архивинен алынган сүрөттөр.

Антон СЕЛОВДУН фотолору.

Маалымдама: «Сегиз айым» -белгилүү француз жазуучусу Роберт Томдун пьесасы. Ал 1958-жылы жазылган.  Өзү автор өз чыгармасын жакшы көргөн эмес. Сахнага коюлганга чейин пьеса Францияда  алгачкы жолу экрандаштырылган. Жана бир жылдан кийин гана «Эдуард VII» париж театрынын сахнасында пайда болгон. СССР жана постсоветтик мейкиндикте пьеса чоң популярдуулукка ээ болгон жана боуп келет. Бизде болсо ал «Сегиз сүйгөн айым» деген ат менен белгилүү. Азыркы учурда пьеса Кичи театрдын (Москва),  сатира театрынын (Москва), Роман Виктюк атындагы театрдын (Москва) жана башка чоң театрлардын репертуарларында жүрүп келет. Кыргызстанда болсо пьеса буга чейин 1970-жылдары Орус драма театрында бир жолу коюлган.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине