Западное айылындагы авариялык абалдагы мектеп. Эмне үчүн аны менен эч кимдин иши жок?

11:09, 8 Февраля 2023

Бишкектен бир сааттык алыстыкта 120 баланы батырган мектеп эмне үчүн ушул мезгилге чейин авариялык абалда тургандыгын эч ким түшүндүрө албайт. Бул көйгөйгө Западный айылынын тургундары көптөн бери даттанып келишет. Анткени, кагаз жүзүндө мектепти оңдоп-түзөө иштери 7 жыл мурун башталган жана ага акча дагы бөлүнгөн. Бул УКМК үчүн күнөлүү аткаминерлерди таап, акыйкаттыкты орнотуу үчүн себеп эмеспи?

Бир партада үчтөн окуучу отурат, ал эми даараткана болсо эшикте

Западное айылы Бишкектен 39 чакырым аралыкта жайгашкан. Анда кең көчөөлөр, мечит бар, ал эми тургундар огороддордо өсүмдүктөрдү өстүрүп оокат кылышат. Тургундардын жайы бою өстүргөн капустасынын көпчүлүгү кышкы сууктан улам чирип кеткен. Айыл өзү анча чоң эмес, анда болгону 100 түтүн бар. Тургундардын 70 пайызын 1936-жылы репрессия убагында Дагестандан көчүрүлгөн лезгиндер түзөт. Ал эми калган 30 пайызы- 30 жыл мурун Тажикстандан согуштун айынан качып келген этникалык кыргыздар. Башкача сөз менен айтканда, калкты өз укуктары үчүн көп күрөшө албагандар түзөт. Балким ошондуктан алардын үнүн кыргыз бийлиги укпай келет? 

2 жыл мурун Зумрият Резаханова айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган.  Ал дүйнө жүзүнө Зита жана Гита аттуу ийгиликтүү ажыратылган сиам эгиздеринин энеси катары таанымал. Тилекке каршы, Зита 7 жыл мурун көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Зитанын өлүмүнөн кийин Зумрият анын чыныгы милдети адамдарга жардам берүү экендигин түшүнгөн.  Ал Коомдук фонд түзүп, операциялар үчүн каражат чогултат. Анын жардамы менен 50дөн ашуун кыргызстандык Орусиянын клиникаларынан операция жасаткан.

2015 - жылы Зумрият баштапкы мектеп үчүн жаңы имаратын куруу маселесин көтөрүп чыккан. Азыркы имарат балдарды окутууга такыр ылайыкташтырылган эмес. Азыркы учурда мектепте 1-4 класстарда окуган 70 окуучу, жана 50дөй бала мектепке чейинки даярдоочу класстарга барат. Алар эки смена менен окушат. Мектеп Билим берүү министрлигине караштуу болгонуна карабастан, анда эч кандай шарттар каралган эмес. Стадион, балдар аянтчасы, суу жок. Жападан жалгыз даараткана эшикте жайгашкан. Аны дагы балдардын ата-энелери өз аракеттери менен курушкан.

-Союз мезгилинде салынган мектеп 25 жыл мурун урап калган. Андан кийин балдар ар кандай үйлөрдө окуп келишкен. Кийинерээк биз ата-энелер менен биригип акча чогултуп, барак түрүндөгү эки батирлүү үйдү сатып алып, аны оңдоп, баштапкы класстар үчүн мектеп ачканбыз. Бирок ал мектеп дагы ал жерде окууга жараксыз. Анын дубалдарынын баардыгы жараңка, эгерде кичине эле жер титирөө болсо, имарат урап калат. Мен баардык президенттерге, каржы министрлерине, парламенттин спикерлерине кат жазгам. Бирок андан эч майнап чыккан эмес, - дейт Зумрият.

Биз эски имаратка кирдик. Киребериш жылытылбайт, эки кабинеттин жанындагы печкалардын жанында бираз отун жыйналган.  Балдарды кубанткан жалгыз нерсе - жаңы парталар. Аларды Зумрият Резаханова жаңы шкафтарга кошуп спонсордук каражаттарга алып берген. Мектепте 36дан парта баткан эки класс бар. Андан көп парта батпайт. Класстар өтө тар болгондуктан ар бир партада үчтөн бала эптеп отурат. Алардын бардыгы жеңил кийинген.

-Дарыгерлердин эч кандай кеңештери аткарылбайт. Балдар арасында 30 сантиметр аралыкты сактамак турмай алар түз отура алышпайт. Бул балдардын эсинде балалык жөнүндө кандай сезидер калат? Мисалы менин кичине кезим жөнүндөгү эстөөлөрүм мектеп менен байланышкан, биз кандай соонун ойногонубуз, бири-бирибиз менен баарлашканыбыз эсимде. Ал эми биздин балдардын ойноочу, чуркоочу жери жок. Мектепке болгон муктаждык жылдан жылга күчөп баратат. Ушундай дагы кантип болсун? Мен эне, чоң эне катары биздин балдар ушундай шарттарда окууга мажбур болгонуна өтө кейийм,- дейт Зумрият.

Жерүй акча бөлүп берген. Ал акчанын дагы, мектептин дагы дайыны жок.

Бул окуянын эң кызыгы- мектептин курулушуна акча каражаттары бөлүнгөн. Жана 7 жылдан бери созулуп келе жаткан бул окуя жөнүндө баардык мамлекеттик инстанциялар жакшы кабардар.

- 2015 жылы мен мектеп куруу маселесин Жогорку Кеңешке жазгам. Анда бизди Жерүйдү иштеткен “Алтын альянс” ишканасы сала турган 14 мектептин катарына кошкон. 2016-жылдын 25-октябрында АО “Кербен Жол Курулуш” подрядчик ишканасы тендерди утуп алып, 35788281 сомго келишим түзгөн, анын 13 млн сому которулуп, 6 млн 944 миң сому өздөштүлүлгөн. Айылдагы жалгыз стадиондо дубалдар курула баштаган, бирок бир нече убакыттан кийин курулуш иштери токтоп калган. 2018-жылы “Кербен Жол Курулуш” ишканасынын жетекчиси каза болгону белгилүү болду. Ал эми субподрядчиктер 6 миллион каражатты өздөштүрүп алып, өздөрүн банкрот деп жарыялап, курулуш иштерин таштап кетишти. Мындан улам, Жерүйдүн акчасына каржыланган 14 мектептин ичинен биздин мектеп гана курулбай калды. Акча кайда кеткени, мектеп эмнеге курулбай калганы бир дагы мамлекеттик органды, бир дагы депутатты кызыктырбайт, - дейт Зумрият.

Мамкурулуштун аткаминерлери курулуш иштери юридикалык маселелерден улам токтоп, ал мына-мына чечилет деп жылга созуп келишет. Бул убакыттын ичинде 7 жыл мурун салынган тамдар урай баштады. Ал эми 2017-жылы жаңы мектепке 1-класска бара турган окуучулар 13-14 жашка чыгышты. 

Западное айылынын балдарынын билим алууга акысы жокпу?

Западноеайылынын жашоочулары балдар ушинтип билим албай калабы деп үмүтү жок жашап келишет. Ал эми айылдын борборунда болсо салынып бүтө элек мектептин урандылары аткаминерлердин кайдыгерлигине эстелик сыяктуу болуп турат.

- Биз үчүн эски урандыларды толугу менен бузуп салышса жакшы болот эле, жаңы мектеп куруп бере турган демөөрчүлөрдү  өзүбүз эле тапмакбыз. Анткени алдыда бизди чыныгы коллапс күтүп жатат. Бизге эң жакын деп эсептелген мектеп Жаңы-Жер айылында жайгашкан, ал 850 окуучуга эсептелген, бирок ал жерде азыр 2500дөн ашуун бала билим алууда, - деп айтат Зумрият.

Ал эми эгерде мектеп салынса, анда Западное жана башка үч айылдын балдары окуй алат эле. Жаңы-Жердеги мектеп Западное айылынан 4 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, көпчүлүк ата-энелер балдарын ал жерге жиберишпейт.

Ар бир баланын күнүмдүк жол киресине 30 сом кетет, ал эми эгерде үй-бүлөөдө 2-3 бала болсо, аларга айына 2-3 миң сом сарпталат. Бирок айыл тургундарында андай киреше болбогондуктан, көпчүлүк кыздар баштапкы мектепти аяктагандан соң билим алууну токтотушат. Балдар каржылык көйгөйлөрдөн улам мектепке барбай калган учурлар жылдан жылга көп катталууда.

Бул абал жөнүндө баардык талапкерлер билишет

Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, жада калса президенттик шайлоолор дагы ушул мектепте өтүп турат.

-Депутаттыкка талапкерлер, баардык саясий партиялардын мүчөлөрү сөзсүз түрдө бул мектепке келип кетишет. Балдар кандай шартта билим алып атышканын баардыгы көрүшөт. Бирок аларга баары бир. Биз кимди шайлап атабыз деп мен корком. Алар такыр кайдыгер мамле кылышат. Мен биздин депутат Кенжебаев Аманкан Батырбековичке кайрылам! Эки жыл ичинде ал бир дагы жолу келип, биз кантип атканыбызга кызыккан жок. Ал Сокулук районунун акими болгон. Ошондо дагы, азыр дагы, мектептин курулушуна жардам берген жок. Бир партада үчтөн отуруп окуп, ал эми 4-класстан кийин мектепке барбай калган балдарды кандай келечек күтөтөт?! - дейт Зумрият Резаханова.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин аткаминерлери, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебаев жана башка жооптуу кызматкерлер эмне үчүн 7 жылдан бери бул олуттуу маселени чече албай келе жатышканын Зумрият Резаханова билбейт. Эмне үчүн Западное айылынын жүздөгөн балдары билим алуу укугунан ажыратылган? А сиз мындай аткаминерлик кайдыгерликтин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине