“Мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу” – Кыргызстандын Билим берүү министрлиги “БИОМ” экологиялык кыймылы жана Конрад Аденауэр фондусу менен биргеликте иш жүзүнө ашырып жаткан долбоордун аталышы ушундай. Долбоорду Европа Шериктештиги каржылоодо.
Коопсуз мектеп чөйрөсү – бул окуучунун муктаждыктарын камсыздоого багытталган жана да анын толук коопсуздугун камсыздап, болгон тобокелчиликтердин мүмкүндүгүн азайткан чөйрө. Балдардын социалдык, психологиялык, физикалык жана экологиялык коопсуздугу – чоңдордун негизги милдеттери. Бардык билим берүү жараяндарынын, бардык мектептердин борборунда конкреттүү бала турат. Долбоордун максаты – мектептин алкагында бул бала үчүн коопсуз чөйрөнү түзүп берүү. Ал эми журналисттик коомчулук маалыматтык жардам көрсөтө алат. “Жаңы жүздөр”дүн редакциясы да четте туралган жок. Биз окуучулардын коопсуз чөйрөсү тууралуу комикстерди жарыялай баштадык.
1. Мугалимдин психологиялык кысымга алуусу
“Билим берүү мыйзамында окутуу жараяны учурунда дене-бой жана психологиялык зомбулукту колдонууга жол берилбегендиги ачык айкын жазылган. Мыйзам – сиз тарапта”, - дейт Айбек Батыров, юрист.
2. Теңтуштардын психологиялык кысымга алуусу
“Мектепте теңтуштары шылдыңдап, кордогон балдарда посттравматикалык стресстик бузулуу байкалат. Ушундай эле нерсе теракттардын курмандыктарында, согуштан кайтып келген ардагерлерде, согушту, геноцидди, табигый кырсыктарды баштарынан кечирген адамдарда байкалат. Тажрыйба көрсөткөндөй, курмандыктарды коргогондон көрө, кордогон кишини токтотуу жыйынтыктуурак. А демек, биз балдарыбызды аларга кысым көрсөткөндөргө туруштук бергенди гана эмес, башкаларды да коргоп, аларды жалгыз катырбоого үйрөтүшүбүз зарыл”, - дейт Ирина Лукьянова, психолог.
3. Игромания
“Ата-энесинин мээримине тунган балдар кумар оюндарына кызыкпайт. Бул жерде адамдын өзүн-өзү урматтабай, баалабай калышы чоң мааниге ээ, мындай адам жалгызсырап калат. Мына так ушундай гана болот”, - дейт Екатерина Демина, балдар психологу жана мугалим.
Сүрөттөрдү тарткан Сейдан Акунова