Мугалим… Бизге көнүмүш болуп калган бул сөздүн артында эмне катылган? Мугалим- бул тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актер, теңдеши жок жардамчы жана эн башкысы- чыныгы дос. Мугалимдик кесип- дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыктыларынын бири.
Ар бирибиз биринчи мугалимибизди унутпай, анын элесин ар дайым эстеп жүрөбүз. «Педогогика» деген сөздү грек тилинен которгондо, «балдарды алып баруу» дегенди түшүндүрөт эмеспи. Бул кесип адамдан чын дили менен берилүүсүн талап кылып, кээде убакытына жана ден-соолугуна зыянын тийгизет, бирок бул кесипти туура алып барууну билген адамга ал өтө чоң күч кубатты жана энергияны тартуулап, адамды өзүн башкаларга дагы керек экенин сезүүгө жардам берет.
Бүгүнкү күндө мугалимдиктен өткөн жомоктошкон кесип болбосо керек. Мугалим өтө жоопкерчиликтүү, татаал жана башкаларга көп байкалган кесиптин жүгүн өзү тартып келет. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева «Изилдөөлөргө таянсак, окуучунун өсүп-өнүгүүсүнө мугалимдин сабаттуулугу жана инсандуулугу башка нерселерге караганда өтө чоң таасир берет. Андыктан мектептеги эң башкы каарман-бул мугалим, бул- далилденген факт» - деп айткан. Ошондуктан биз мугалимдердин жумушу жонундо жакшы жана терең билүү үчүн аларга сөз узатабыз.
«Келечек- школа будущего» билим берүү комплексинин негиздөөчүсү жана алмашкыс жетекчиси Наталия Алещенко:
-Балдарга болгон сүйүү жана кесипкөйлүк- педагогиканын эки канаты. Алардын бирөөсү менен гана кантсең дагы учуп кете албайсың. Бул эки нерсенин бири экинчисинен маанилүү деп айта албайм, алардын экөө тең бирдей керек.
№62 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Гүлнура Актайлакова:
-Мугалим болууга шык керек, болбосо бул кесипте калып, аны аркалоо татаал. Эми, ар бир кесипте шыктуулук керек да. Мен жаш мугалимдерге – эгерде үч жыл чыдаса, демек андан ары алып кете алат, демек бул биздин адам деген көз караш менен карайм.
Ооба, мугалимдик кесипти аркалоо абдан оор. Заманбап мектептерде көйгөйлөр жетиштүү, ал эми мугалимдин маянасы өтө төмөн. Буга карабастан жыл сайын мектептерге жаңы мугалимдер келишет. Ооба, алардын деңгээли көпчүлүккө жакпайт, бирок кийин ошол мугалимдердин басымдуу бөлүгү өмүр бою мектептерде эмгектенип калып, чыныгы педагогдорго айланышат.
№68 мектеп-гимназиясынын окутуу-тарбия комплексинин жетекчиси Канымжан Өмүрова:
-Бул кесиптин беделдүүлүгү өтө төмөндөдү. Албетте, мектептерге эркек кишилер эмне үчүн иштөөгө келбегенин мен түшүнөм. Алар үй бүлөсүн 10 миң сомго бага албайтта. Мен капаланам, бирок аларды түшүнөм. Бул кырдаалдан чыгуу оңой- биздин кесипке татыктуу маяна төлөнө баштаганда, анын кадыр-баркы дагы жогорулайт. Ал нерсени ишке ашыруу үчүн биздин өлкөдө иштер көп эле жасалууда, мисалы маянабыз сезилерлик деңгээлде жогорулап жатат, бирок азырынча бул нерсе жетишсиз.
Борбор калаадагы №65 экология-экономикалык лицейинин жетекчиси Ольга Солошенко
-Бизге акыркы жылдары Жогорку окуу жайларды аяктап иштөөгө келген балдарга абдан ынандым. Алар таланттуу, алар үмүттөндүрүшөт, ошондой эле алар ар кандай маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрү бар (мен Интернет жөнүндө айтып жатам) жана ал маалыматтарды колдонгонду билишет. Алар кийин чыныгы мугалимдер боло алышат!
Мектеп мугалими коомдун колдоосуна башкалардан да көп муктаж болот, ошондуктан ар бирибиз бул кесиптин кадырын көтөрүүгө салым кошуубуз керек.
Евгения Строкова, мугалимдик кесипти 30 жылдан бери аркалап келет:
-Билим берүүнүн деңгээли совет мезгилиндегидей болуп көтөрүлгөндө, жаштар педагог болууга чын дили менен ашыга башташат. Көпчүлүк балдардын мугалим болууга шыгы жана каалоосу бар. Мен үчүн мисалы, мугалим аталуу - чоң сыйлык, анткени менин көптөгөн мага ырыызы болгон окуучуларым бар. Көптөгөн кичине балдар мугалим болууну самашат, бирок аларды төмөн айлык акы жана коомдун кесипке болгон көз карашы артка тартып турат. Эмнегедир элдер мугалимдин милдеттерин билишет, ал эми укуктарын унутка калтырып коюшту.
Мугалимдер элден биринчи болуп келе жаткан өзгөрүүлөрдү байкашат. Дал ошол мугалимдер өлкөдөгү азыркы көйгөйлөргө карабастан, жаңы муунда коомго болгон жакшы көз караштын пайда болуусуп, өнүгүп өсүүсүн көрө алышат.
Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясыны жетекчиси Инна Насыбулина:
-Азыркынын жаңы көрүнүшү- көптөгөн балдар жакшы окуу керек экенин түшүнүүдө. Тилекке каршы, алар анча көп эмес, бирок бул пайда болгон кичине топко биз абдан кубанычтабыз. Балдар олимпиадаларга жигердүү катышып, өз күчтөрүн республикалык мелдештерде дагы сынашууда. Алардын көбүндө мыкты окууга умтулуусу пайда болду. Дагы 5 жыл мурун балдар бардык нерсени акчага сатып алса болот деп айтышчы, азыр болсо алар тескеринче «биз окушубуз керек, бир кесиптин эсси болгубуз келет» деп айтышат.
Борбор калаадагы №62 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Гүлнура Актайлакова:
-Бүгүнкү күндө балдар ким эмне кийгенине, кимдин ата-энеси көп акча тапканына, ким кандай улутка таандык экенине кызыкпай, кимдин колунан эмне келерине кызыга башташты. Биз бул көрүнүшкө абдан кубанычтабыз, анткени биз аларды дал ушул нерсеге үйрөткөнбүз, көрсө, балдар өзүлөрү деле ушундай нерсеге умтулат экен.
Мугалим ал берген сабагынан алда канча маанилүү, жана бул кесипке болгон мамиле- коомдун руханий дүйнөсү өнүгүп-өскөндүгүнүн, улуттун акыл-эси, ой жүгүртүүсү таза экендигинен кабар берет.
Маегибизди болсо борборубуздагы №67 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Светлана Керимкулованын сөздөрү менен жыйынтыктасак:
-Билесиңерби, бактылуу балалыкты кайтарууга болбойт, бирок биз аны өзүбүздүн балдарыбызга тартуулай алабыз, жана бул нерсе- биздин педагогдорубуздун негизги максаты. Бул ата-энелер учун дагы дал ушундай болушу керек. Бакытты акчага сатып ала албайсың, азыр көпчүлүк бул нерсени унутуп койду.
“Жаңы жүздөр” порталынын редакциясы