ВИЧ-диссиденттер деген ким?

09:14, 5 Декабря 2018

Бул өтө кооптуу жана олуттуу кубулуш коомдо күндөн күнгө күч алууда. Интернеттен ВИЧ/СПИД жөнүндө бир нерсе издеп көрүңүз. Биринчи эле беттен СПИД жөн гана уламыш деген сыяктуу бир сенсациялык материал пайда болот. Андан ары, ВИЧ/СПИДди фармацевттер, саясатчылар жана башкалар жөн гана адамдардан акча өндүрүү үчүн ойлоп табышкан деген көп беттүү макалага туш болосуз.

Эгерде сиз дени сак адам болсоңуз, сизде бул жөн гана кызыгуу жаратышы мүмкүн. Балким, сиз бул нерсеге ишенип дагы аласыз. Бир сааттан кийин болсо унутуп коёсуз. Балким, бул жөнүндө досторуңуз менен отурганда айтасыз. Ошо менен бүтөт. Биринчи караганда- кезектеги куру теория. Бирок анын кесепеттери өтө чоң.

Сиз ооруулуу болуп калсаңызчы…. Бул нерсе психикага айыкпас зыян тийгизет. Дарысын өз убагында ичип, 20-30 жыл жашаса болот деген маалыматка оорулуулар чоң шек менен карашат, ишенишпейт. Ал эми «болду, курудум», «жашоом бүттү» деген стереотипке алар дароо багынып беришет. Анан ошол учурда «эч кандай оору жок» деген идея чыга калат. Алар буга акыркы мүмкүнчүлүк катары ишенип, үмүткө айландырып, ортодон чыккан алдамчыларга ишенетта, кийин өзүн дагы, тегерегиндеги адамдарды дагы, балдарын даны ооруга чалдыктырып, акырында биринин артынан бири азапта көз жумушат…

Тилекке каршы, бизде ВИЧ-диссиденттерге карата чара көргөн маалыматтык кампания жок. Алардын эч кимиси бул тууралуу жазбайт, маалымат калтырбайт. Бирок, дарыгерлердин айтымында, алдамчыларга ишенип, ВИЧтен көз жумган адамдардын ичинде дарылануудан баш тартуудан улам өлүмгө учурагандардын саны эң аз дегенде  50 адамды түзгөн. Бул «оору жок» деген калп өтө кооптуу. Төмөнкү тексттеги окуя - Орусияда болуп, Life.ru порталына жарыяланган.

“Кичинекей Матвей төрт жашта гана болгону менен өтө көп оорууган. Ал эмнеден улам каза болгонун билгенге жетишпей калган. Себеп тууралуу элдер анын апасы Софьяга көп айтышкан, бирок ал эч нерсе кылган эмес. 30 жашында Софья кош бойлуу кезинде стандарттык анализ тапшырып, ал ВИЧке чалдыкканын билген. Изилдөөлөргө ылайык, эгерде кош бойлуу ВИЧке чалдыккан эне керектүү дары-дармектерди кабыл алса, анын ичиндеги баласы дагы ооруну жуктураары жокко эсе. Бирок Софья ВИЧ-диссиденттер айткан нерселерге ишенип алган. Алар “ВИЧ- уламыш, аны фармакологдор жөнөкөй адамдардан акча табуу үчүн ойлоп табышкан” деп айткан. Ошондуктан Софья дары-дармектерди кабыл алуудан баш тарткан. Ага дарыгерлер эгерде ал дары ичпей, ВИЧке чалдыккан наристе төрөсө, аны балдар үйүнө алып кетишерин гана түшүндүрө алышкан. Анткени бул нерсе ата-энелик милдеттерди аткарбагандык болуп саналат. Андан соң кош бойлуулуктун 7- айында Софья дары-дармектерди ичип баштаган.  Наристе төрөлгөндө доктурлар ага алты жума бою профилактика максатында дарыларды беришкен. Бирок, апасы баланын бардыгы жайында деп дарылардан баш тарткан. Натыйжасында Матвей СПИДдин өтүшүп кеткен формасына чалдыккан. Андан сырткары анда ВИЧ-энцефалопатия (нерв системасынын бузулушу) болгон. Эки жашында ал баскан дагы эмес, отура да алган эмес, эптеп колу-бутун кыймылдата алган. Софья аны алдап жатышат деп ойлоп,  баланын ден соолугу ал ичип жаткан токсикалык дарылардан улам начарлаган деп тыянак чыгарган. Ал Матвей тууралуу социалдык тармактарда көп жазган. Дал ошол жазуулардын негизинде ушул окуя жазылган. Биринчиден, ал берилген ВИЧ-диссидентке айланып, өзүнүн уулунун мисалында башкаларга дагы ВИЧ жөн гана уламыш экенин далилдегиси келген. Экинчиден, ал Интернеттен баласын “дарылатуу” үчүн каражат чогулткан. Софья уулун бир нече жолу Евпаторияга жана дельфин терапиясына алып барган. Матвей 2015-жылы 4 жашка толоорго 2 ай калганда көз жумган. Ал эми 2016-жылы, ВИЧ-диссиденттердин тобундагы маалыматка караганда, анын экинчи уулу- Егор дагы чарчап калган. Наристе бир жашка дагы чыга элек болчу. Бирок экинчи уулу жөнүндө Софья анча көп жазган эмес, анткени ага карата “капыстан өлүмгө учуратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө али аяктай элек”

Үрөйөо учураткан окуя бекен? Эки баласынан айрылган эне өзүнүн ишенүүлөрүнөн баш тарткан эмес.

Мындан дагы жаман окуялар бар. Социалдык тармактарда, (негизинен ВКонтактеде)  Новосибирск шаарынын Дмитрий Мартель аттуу  тургуну, рэпер жана ВИЧ-диссидент өзүнүн үгүттөө иштерин жүргүзүп келет. Ал өзүнүн ырларында “ВИЧ жок” деп айтып келет. Ал коргонбостон көптөгөн жыныстык катнашка барганын ырдап жүрөт. Бирок, азыр эмнегедир тынчып калды, анткени ал узак мөөнөткө камалышы мүмкүн. Себеби-  13 жашар кыз менен интимдик катнашка барган.

Эмне үчүн бул жалганга ишенүү өтө чоң жана ким жана эмне үчүн бул калпты жайылтып жатат? Жооп анык эле көрүнүп турат. ВИЧ-диссиденттер такыр акылсыз адамдар эмес. Алардын деминин түп тамыры - эч кандай уятсыз коммерциялык киреше көрүү болуп саналат. А миңдеген жапа чеккен адамдарчы? Деген суроо пайда болот. Алдамчылар аларды ойлоп да коюшкан эмес.

Эмесе мына алар - интернетте Скайп аркылуу эч өзүн аябай кеңештерди берген идеологдор. Вячеслав Боровских-  “Подвижник” медициналык-социалдык реабилитация борборунун жетекчиси. Бул борбор Орусиянын Свердлов облусунда жайгашкан. Анда депрессия, алкогол жана баңгизатка байлангандар дарыланат. Ал эми “СПИД эмне үчүн жок” деген суроого 2000 рубль төлөп, скайп боюнча дүйнөнүн кайсы жеринде болсоң дагы кеңеш алса болот. Эң башкысы – акча төлөш керек. Боровских СПИД бул жөн гана сүйлөшүлгөн теория экенин жана адамдын иммунитети СПИДден улам төмөндөбөй тургандыгы жөнүндө айтып берет.

Гор Ширдел аттуу Киевде жашаган Ирандын тургуну да интернет аркылуу ден-соолукту соода кылат. Ал адам өзү ойлоп тапкан дары менен ракты, СПИДди жана Альцгеймердин дартын дарылайт. Ал дары 6 миңден 13 миң долларга чейин турат. Дарттан айыккандар жок, ал эми көз жумгандар бар. Бирок алдамчы эч жоопкерчиликке тартылбайт, анткени элдер ага өз эрки менен барышат. Эч нерсени эстетпей элеби?

Германиялык Матиас Рат- ВИЧке чалдыккан адамдардын психикасына басым кылып, киреше тапкан медицина алдамчысы. Ал “түшүп кеткен иммунитетти көтөргөн” витаминдер менен соода кылат. Бир даанасы болгону 30-60 доллар турат. Ошол эле кырдаал- көз жумгандар көп, бирок СПИДге көз жумуп коюп жүргөн тарапташтары – андан да көп.

Биздин “адистер” чет элдик “коллегаларынын” көп деле айрымаланган жок. Жалдагы Зайналиев деген “онколог” эсиңердеби? Ал дагы эми ВИЧ менен СПИДи дарылап жатыптыр.  Ал санитариясы жок “мед борборго” ВИЧке чалдыккан жарандар чуркап келгенде эмне болот? Ойлонсоң жүрөгүң түшөт. Азырынча Зайналиев өзүнүн “методу” менен интернетке чыга элек. Бирок, азыр кандай заман? Бат эле үйрөнүп кетет.

Алардын аты - легион. Бул желмогуздун аймагы дүйнө жүзү боюнча жайылган. АКШдан Африкага чейин,Орусиядан Кыргызстанга чейин, Германиядан Жапонияга чейин. ВИЧ-диссиденттер бүт жерлерде бар. Эмне үчүн элдер алдамчылардын жомокторуна мынча бат ишенип алышат?

“ВИЧ-диссиденттер кыймылынын тарапташтары ВИЧтин бар экенине ишенбейт же аны “эч зыянсыз ретровирус” деп эсептеп, анын СПИД менен эч байланышы жок деп ишенишет. Алардын илимий изилдөөлөргө  каршы келтирген аргументтери эбак эле четке кагылган. ВИЧ-диссиденттердин сүйүктүү шылтоолорунун бири – вирус бир да лабораторияда чыгарылган эмес деген сөз. Пост советтик мамлекеттерде вирус чынында эле изилдөөчү аппараттардын кымбаттыгынан улам изоляцияланган жерлерде анча көп сакталбайт. Интернетте ВИЧ лабораторияларда бөлүнүп чыгарылган деген маалымат өтө көп кездешет. Негизинен, медициналык билими жок адам ВИЧ-диссиденттердин билдирүүлөрүнө толугу менен ишениши мүмкүн. Анын үстүнө, диссиденттер өзүнүн тарапташтарын адам ВИЧтен эмес, дарылардан улам каза болот деген калпка ишендиришет. Алардын ою боюнча, фармаколгиялык компаниялар акча табуу үчүн элдерди өлүп калганга чейин дары-дармектер менен уулайт.” – дейт медиа-эксперт Елена Долженко.

“Моюнга албоо - бул ар бир оор дартка чалдыккан адамдын жашоосундагы нормалдуу көрүнүш. Бирок диссиденттерге кошулуп кеткен ВИЧ-оорулуулардын аталган “моюнга албоо убактысы” созулуп кетет. Буга оорулуу адамдарга ар кандай социалдык ярлыктардын илинүүсү жана “ВИЧке гейлер жана коммерциялык секстин кызматкерлери чалдыгат”, деген стереотиптер, ошондой эле дарт тууралуу начар маалымдалгандык дагы түрткү берет. Диссиденциянын өөрчүшүнө медицина кызматкерлеринин начар, агрессивдүү же көңүл кош мамилеси, бейтапка индивидуалдык дарылануусунун жоктугу  алып келет. Бул аркылуу оорулуулар “ВИЧ шаблон” деген нерсе менен танышат. Андан кийин адамдарда эмоцияналдык туруксуздук, психологиялык колдоонун жоктугу, “мен дагы канча жашайм?” деген нерселер пайда боло баштайт Бул факторлор оорулууларды бул дарт менен коө жылдан бери жашап жүргөн адамдар менен таанышууга алып барат. Ал жерден адам эки топтун бирине туш келиши мүмкүн: “Мен 15 жылдан бери дары-дармектер аркылуу жакшы жашап келатам” деп аны колдогон адамдарга же “Мага бул диагнозду 20 жыл мурун коюшкан, бирок мен эч кандай дарыларды ичпей эле жакшы жашап жүрөм” деген диссиденттердин арасына түшөт,” - деп кошумчалайт эксперт.

А кээ бирлер болсо калп-оорулуулар менен жоолукпай туруп эле чындыкты интернеттен таап алышат. Өзүңдүн кылып жаткан иштериң үчүн жооп берүү кыйын, бирок андан кыйыны, жашоо сага эч сенин катышын жок эле кырсык берип коюшу мүмкүн экенин түшүнүп кабыл алуу. Сен эч жамандык кылган жоксуң, бирок ооруп калдын. Сен колуңан келишинче жашадың, бирок ооруп калдың. Бул жашоодогу эң оор учур, жана аны басып өтүү - баарынан оор. Андан көрө жалганга ишенип качып кеткен оңой. Алдамчыларга ишенүү оңой. Ушундан улам көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна көзү ачыктарга барышат, ушундан улам доктурлардын  ордуна билими жок дарыегрлерге барышат жана акыркы тыйынын каржы пирамидаларына беришет. Эч кимибиз кырсыктан коргонгон эмеспиз, эч ким алдамчыларга ишенүүдөн корголгон эмес. Ошол эле жүрөктү ооруткан окуядагы Софья ВИЧ жөнүндө чындыкты көргүсү келбейт, анткени ал аны билсе ал өз балдарын кыйнап өлтүргөнүн мойнуна алууга аргасыз болот. Анын катасынын баасы ушундай. Софья чындыкты кабыл аларына ишенүү- мүмкүн эмес. Анын бул чындыкты көтөрүүгө алы жетпейт.

Эң башкысы - эгерде ВИЧ/СПИД жок деген теория бар болсо, демек бул диагнозго кабылып, бирок эч дары-дармексиз сакайып кеткен адамдар да бар болушу керек. Алар жок дегенде көп болушу керек. Бул ВИЧ-диссиденттердин темирдей бекем аргументи болчу. Бирок, кандай күндө дагы,  “Сүйлөшүп алган фармацевттерден” муну тастыктаган документтерди силер таппайсыңар.  Мындай “айыгууну” тастыктаган окуялар чындыгында жөн гана бирөөнүн оюнан чыккан жомогу экени аныкталган. Кээ бир өзүн “дени сак” деп эсептеген адамдар эбак о дүйнөгө аттанышкан. Ал адамдар менен байланышууга мүмкүн эмес. Оптимисттик жана чыныгы кездешкен учурлар жок. Ошондуктан алдамчылар ВИЧке чалдыккан бактысыз адамдарды жөн гана жалган, “фармацевттердин жана масондордун” сүйлөшүп алгандыгы жөнүндө жомоктору менен алдап келишет. Аларга мындан башка арга жок.

Даярдаган: Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине