Ортопедиялык жаздыктар эмне үчүн керек?

09:02, 8 Мая 2019

Туура жаздык- дени сак омуртканын негизи!

Ортопедиялык жаздыктардын популярдуулугу күндөн-күнгө өсүп жатат. Аларды тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? Бүгүн биз маанилүү маселелерди талкуулайбыз: ортопедиялык жаздык эмне үчүн керек жана ыңгайлуу уйку үчүн аны кантип тандоо керек?

Биз кадимки жаздыкта уктап жатканыбызда, омурткабыз табийгый эмес абалга келип калат. Туурасында, биздин моюн бөлүгүбүз төш бөлүгүбүздүн уландысы болуп, аны менен бир деңгээлде жайгашуусу керек.  Эгерде жаздык өтө жумшак болсо, моюн таяк-жөлөгү жок, айласыз ийилип калат, ал эми эгерде жаздык катуу болуп калса, моюн көтөрүлүп калат.

Мунун баардыгы омурткалар арасындагы дисктерине кошумча күч келишине алып келет. Бул остеохондроздун пайлда болушун тездетип, моюн тарамыштарынын тырышуусуна алып келип, баштын кан айлануусун бузат. Анын үстүнө, дем алуу оорлоп, баардык булчуңдар кычкылтекти жетиштүү өлчөмдө ала албай калат.

Ортопедиялык жаздыктар моюнду табигый туура абалда кармап, көптөгөн көйгөйлөрдөн арылууга жардам берет.

Кандай жаздык тандоо керек?

Жаздыктын көлөмүнө көңүл буруу зарыл – ал сиздин дене түзүлүшүңүздүн өзгөчөлүгүнө туура келиши абзел. Көпчүлүк адамдар үчүн бийиктиги 10-14 сантиметрлик жасалгалар туура келет. Бирок эгерде сизидин далыңыз кең болсо, анда 16 сантимертге чейин чоңураак жаздык тандоо керек. Ошол эле учур сиз катуу матраста уктасаңыз дагы колдонулат. Ал эми ал эгерде жумшак болсо, демек, дене аны басып, ылдыйлайт жана жаздык дагы ага ылайык ылдыйыраак болот. Капталынан жатып уктаганды жактыргандар үчүн жаздыктын көлөмү чалкасынан жатып уктагандардыкынан өйдө болуусу зарыл.

Өндүрүүчүлөр формасы ар кандай жаздыктарды сунушташат: тик бурчтуу, тоголок, четтери чыгып турган, толкун сымал...

Негизинен ал анча деле маанилүү эмес- ортопедиялык жаздыктын касиеттери анын формасынан эмес, жасалган материалынан көз каранды!

Эгерде материал дененин формасын «кабыл алганды» билсе, каалаган вариантты тандоого болот. Эгерде андай болбосо, жаздык кандай тигилген күндө да, аны ортопедиялык деп эсептөөгө болбойт.

Medi ортопедиялык салонунда HILBERD немис ишканасынын ортопедиялык жаздыктары көрсөтүлгөн. Жаздыктарды чыгарууда «эске сактап калуу эффекти» бар BASF жабышкак эластикалуу көбүк колдонулат- ал өтө кымбат материал, бирок кызмат өтөө мөөнөтү дагы 10 жылга чейин жетет. Дененин салмагынын басымы алдында жаздык пластилин сыяктуу анын формасына келип, баш менен мюндун булчуңдарын бир деңгээлде кармап, уктап жаткан адамга толугу менен эс алууга шарт түзөт. Жаздыктын сырттары териге жагымдуу жана жумшак, алар антибактериалдуу касиетке ээ болуп, аллергиясы бар адамдар үчүн коопсуз.

Мындай жаздыктарда чаң менен жугуучу курттар көбөйбөйт. Анан дагы жаздыктан сырты термоизолляциялоого ээ, андыктан, анын температурасы бөлмөдө аба суук болгонуна карабастан туруктуу бойдон сакталат.

Hilbert ортопедиялык жаздыктарынын артыкчылыктары:

·   Омуртканын моюн жана төш муундарынын, моюндун анатомиялык жактан туура абалын кармап турат

·   Баш, моюн жана акыректин кан айлануусун нормалдаштырат

·   Омуртканын булчуң корсетинин чыңалуу зонасын жоёт

·   Остеохондроз, эстин оошун жана эс оонун такай формасын алдын алууга жардам берет

·   Жаракаттардан кийин калыбка келүүгө же омуртканын моюн бөлүгүнүн туруксуздугун оңдоодо жардам берет.

HILBERD ортопедиялык жаздыктары дени сак уйку, ыңгайлуу эс алуу жана сүйүктүү берүүлөрдү көрүп, китептерди окуу үчүн жасалган!

Medi ортопедиялык салонунун кызматкерлери сизге туура келген жасалганы тандоого жардам берет!

Дареги:

Раззаков көчөсү 15

Телефон: 0559-98-60-90

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине