Кытай- Кыргызстандын улуу кошунасы жана эң чоң насыя берүүчүсү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 400дөн ашуун кытайлык ишкана иш алып барып келет. 4 млрд 170 млн доллар өлчөмүндөгү сырткы карыздын 42 пайызы, же 1 млрд 770 млн доллары Кытай алдындагы карыз. Жана карыздарды кайтаруу мезгилинин туу чокусу жакындаган сайын, эл арасыда синофобиялык маанайлар көп айтылууда.
Бир нече ай мурун You Tube социалдык тармагында «Мекен» аттуу тасмасы жайгаштылырган, анда паракор, Кыргызстандын жаратылышына жырткычтык мамиле кылган инвестордун терс образы чагылдырылган. Тасмада инвестор кайсы өлкөдөн келгендиги так айтылбагандыгы менен, ал кытай тилинде сүйлөйт. Кыргызстандыктардын бир бөлүгү аталган тасма синофобиялык, антикытайлык маанайларды козгойт деп айтып чыккан.
Белгилүү саясатчылар дагы өз сөздөрүндө антикытайлык риториканы колдонууда.
Социалдык тармактарда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жаштар алдында сүйлөп жатып, төмөнкүнү сөздөрдү айткандыгы тууралуу тасма тараган: «Ушулардан алыс жүр деп менин чоң атам айтчы эле. Алар менен бирге болсоң, колуңдай айбалтаң болсун дечи эле. Ким менен олтуруп тамак ичсең болот, бирок алар менен олтуруп ичкен тамагың арам деп айтат эле».
Кыргызстанда синофобия барбы? Бул тууралуу серепчилер менен талдайбыз.
Фобия эмнеден келип чыккан?
Тарых профессору Зайнидин Курманов билдирет: «Кыргыздар менен кытайлардын ортосундагы мамилелерге көз чаптыра турган болсок, алар башкалар менен болгон алакалаларга караганда эң эле тынч болгон. Кыргыздар менен кытайлар илгертен бери кызматташып, бири-бирине жардам көрсөтүп, душмандарына каршы чогу күрөшүп келишкен».
Kyrgyz Concept ишканасынын жетекчиси Эмил Үметалиев синофобия жок жерден эле апыртылып, элдин оюна сиңип калгандыгын айтат.
«Совет доорунда «Манас» эпосунун бир бөлүгү тоталитардык коммунисттик идеологиянын шарттарында орунсуз деп табылгандыгы үчүн цензура артында калган. Бирок эпостун сакталып калган бөлүгүндө кытайлар менен болгон алакалар синофобия менен жек көрүү сезиминде негизделген. Акыркы 100 жылдын ичинде бул синофобия кыргыздардын аң сезимине кесилген маданий коддор аркылуу сиңип, сакталып келет. «Манастын» толук версиясын билбегендигибиз, өзгөчө класстык орунсуз деп табылган жагын билбей жаткандыгыбыз бизди «Манастын» болгон руханий байлыгын толук кандуу сиңирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатат. Ал эми синофобия болсо атайлап же атайлап эмес үстөмдүк кылып келет, анткени ал учурдагы бийликке пайдалуу болгон».
Үч жыл мурун жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, кыргыз коомчулугунда Орусияга карата фобия күчтүүрөк болгон. Экинчи орунда АКШ болсо, андан кийин Кытай турган. Бул тууралуу саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирет.
«Маалыматтын таасири менен аталган көрсөткүч өзгөрүп турушу мүмкүн. Бул биринчиден. Экинчиден, синофобия деген жок. Бизде синоагностика бар. Бул Кытайды билбей туруп, ал тууралуу ар кандай уламыштарды ойлоп табуу. Бизде Кытай тууралуу эч кандай адабият, маалымат жок. Бизде жада калса Кытай эмне экендиги жана аны менен кантип кызматташуу керектиги тууралуу мамлекеттин көрүүсү жок. Бизде инвестициялар, достук менен кызматташтык чектелген. Ал эми аталган жараянга кандай элементтер кире тургандыгы жана алар кантип иштетиле тургандыгы тууралуу маалымат бизде тилекке каршы жок.
Зайнидин Курманов Кытай жана кытайлыктарга карата болгон сактыкты алардын байыркы цивилизациясына байланыштырат.
«Кытайлыктар - бул такыр башка адамзат, башка цивилизация. Кытай маданияты менен адамдары бүтүндөй дүйнөгө түшүнүксүз. Өзгөчө европалыктарга. Кытай цивилизациясы Европа, Египет цивилизациялары менен тең өнүккөн. Ал өзүнө-өзү жетиштүү болгон. Анын эң башкы өзгөчөлүгү ушунда, анткени ал башка цивилизациялардан өзүнө башка нерселерди алган эмес. Жана дал ушул белгисиздик менен сырдуулук ар кандай ушактарды туудурат. Жада калса Улуу Кытай Чебинин курулушун кытайлыктардын тажаалдуулугуна байланыштырышкан. Ал эмне үчүн куралды эле? Башкы себеп- көчмөн уруулардан коргонуу эле, анткени алар чындап эле көйгөйлөрдү жаратышкан.
Саясат таануучу Эмил Джураев синофобиянын түп тамыры айрым саясатчылардын атактуураак болуу аракетинде жатат деп эсептейт.
«Кыргызстандын ичинде белгилүү кызыкчылыктар, саясий топтор бар. Алар улутчулдук, кытайлыктар же башка улуттарга карата толерантсыздыкты үгүттөө жолу менен өз тарапташтарынын санын көбөйтүүнү көздөшөт. Тагыраак айтканда, бул алардын өз тарапташтарына дем берүү үчүн жасап жаткан популисттик аракеттери»,-дейт Джураев.
Кытайдан ким коркот?
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирет: «Негизинен, синофобия Кытайдын мурунку жарандары болгон кыргызстандыктар арасында, тагыраак айтканда кайрылмандар ичинде жайылган. Мен бул ойго Кытай элчилиги алдында уюштурулган маалымат жыйындар жана иш-чаралардын негизинде айтып жатам, алар Кытайдын мурунку жарандары тарабынан өткөрүлгөн. Анан дагы синофобия динге өтө берилген жрандардын арасында бар. Бирок бул жеке Кытайга эмес, анын башка диндерге, анын ичинде Исламга болгон мамилесинин негизинде түптөлгөн. Кытайда расмий түрдө беш дин кабыл алынган, жана анын бири Ислам. Андан сырткары, биздин коомдо Кытай тууралуу дээрлик эч нерсе билбеген, брок ага карабастан ал тууралуу негативдүү өңүттө ой билдирген жарандардын тобу бар. Албетте, сөз эркиндигин эч ким тыйган эмес, бирок ал мамлекеттик саясатка залакасын тийгизбеши керек».
Зайнидин Курманов белгилейт: «Негизинен, Кытайга карата сиинофобия Батыштан болот, жана ар дайым болуп келет. Андан сырткары, биз мурун Советтер Союзунун курамында болгонубузду, жана синофобияга болгон салымдын кандайдыр бир бөлүгүн Мао Цзедундун мезгилинде Кытай менен начар алакада болгон учурда кремлдин советтик үгүттөөчүлөрү кошкондугун унутпашыбыз керек. Ошондуктан кандайдыр бир коркунуч баары бир калган».
Эмне үчүн Кытай менен дос болгондугубуз жакшы?
Элдер жана маданияттарга каратылган башка фобиялардай эле, синофобия дагы өз ара түшүнүү мүмкүнчүлүгүн жаап, конструктивдүү кызматташтык куруу жолдорун бууп, потенциалдык түрдө кылмыштар, зомбулук жана башка терс көрүнүштөр пайда болушуна алып бара тургандыгы менен жаман,- деп эсептейт Эмил Джураев. Буга коомдун түшүнүк деңгээлинин начардыгы, кээ бир жерлерде билим дэңгээлинин төмөндүгү жана бул кырдаал башка күчтөргө пайдалуу экендигин түшүнбөй жаткандыгы менен байланыштыруу керек. Бул нерсе Кыргызстан үчүн Кытайдан реалдуу инвестицияларды тартып келүүгө же кытайлыктар менен туруктуу бизнес алып баруу мүмкүн болбой жаткандыгынын себеби болууда. Ошондой эле мындай көрүнүштөр расмий Бээжин менен Бишкектин ортосунда бекем мамиле түзүүгө жолтоо болот».
Кытай таануучу, мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, биз эгемендүүлүк алгандан бери Борбор Азия өлкөлөрү арасынан Кытай менен эң начар мамилелерде турган өлкө болдук. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу, Кыргызстанда «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында түзүлгөн бир дагы долбоор жок.
Эмил Уметалиев айтат: «Акыркы факт- бул Бажы биримдигинин түзүлүшү. Ал анын курамына кирген мамлекеттерди, анын ичинде Кыргызстанды Кытай менен толук кандуу соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Ал же паракорлошуп, көмүскө негизде жүргүзүлөт, же Кыргызстандын эмес, биримдиктин башка күчтүү мамлекеттери: Орусия, Берарусия жана Казакстандын пайдасына дискриминация аркылуу ишке ашырылат».
Сентябрь айынын башында Кыргызстандын жетекчилиги Кытай жетекчилигине карызды төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Ага бизге пайда алып келе турган расмий жооп али келе элек. Ал эми эл ичинде Кытай бул өтүнүчтү аткаруудан баш тартышы мүмкүн деген жоромолдор байма-бай айтылууда.
«Биринчи жолу бул өтүнүч апрель айтында эле айтылган, бирок жооп келбегендиктен ал сентябрь айында кайра кайталанган. Биринчи кезекте ушунча көлөмдүү сырткы карыз үчүн жооптуу биздин өкмөткө, жетекчиликке карата терс айтылат, жана сырткы карызды төлөө мөөнөтүнүн туу чокусу келе элек жатып, каражаттарды кайтарууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Албетте, мындай коллективдүү деңгээлде аталган факт Кыргызстандын калкы арасында кытайлыктарга жылуу мамиле кылууну шарттабайт. Ошондуктан, биздин Кытайга болгон суук мамилебиз Кытайдын өзүнө эмес, Кытайдын алдында болгон чоң карызыбыздын айынан калыптанууда. Биз карызды төлөй алай калуубуз мүмкүн экендигин түшүнүп жатабыз. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, Кытайга карызын төлөй албай калган өлкөлөр карыздын ордуна аэропорт же деңиз порттору сыяктуу баалуу объектилерин көптөгөн жылдарга ижарага берүүгө аргасыз болушат. Жана бул факт бизде өтө жаман нерсени күтүү сезимин туудурат».
Серепчи дүйнө жүзүндө Кытай үчүн тышкы саясатты курууда бизден алда канча маанилүү багыттар бар экендигин эскертет.
«Эгерде биз, өнөктөш мамлекет катары өзүбүздү жоопкерчиликсиз жана ишеним арттырбаган өлкө катары көрсөтө турган болсок, Кытай биз менен болгон алакаларын жеңил эле токтотуп коет. Синофобиялык сезимдери бар калктын айрым катмарлары менен саясатчыларга биз Кытай менен мамилебизди үзгөндүгүбүз пайдалуу болот албетте. Бирок биз экономикалык өсүү, жаңы рыноктор, жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу жакшылап ойлонушубуз керек. Жана биз бизден дагы алда канча өнүккөн мамлекеттер алака кура албай жаткан өлкө менен болгон мамилелерибизди сактай албай калсак, бул нерсе биз үчүн кечиримсиз болот»,-деп жыйынтыктайт саясат таануучу Джураев.
Даярдаган Лейла Саралаева
Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Жаны жуздор" жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.