Эмне үчүн кыргызстандыктар жакыр?

09:37, 17 Сентября 2020

Кыргызстан эң жакыр 50 мамлекеттин катарына кирет. Былтыр жакырчылыктын деңгээли 20.1 пайызды түзгөн, бул 1 млн 400 миң кыргызстандык жакырчылыкта жашайт дегенди билдирет. Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, быйыл, COVID-19 пандемиясынан улам жана экономиканын стагнациясынын айынан дагы жарым миллиондой кыргызстандык жакырчылыкка кабылуусу күтүлүүдө. Жакырчылыктын себептери жана аны кантип жеңүү керектиги тууралуу биздин эксперттер менен болгон маегибизде.

Адам кантип кедей болуп калат?

«Бала укуктарынын коргоочуларынын лигасы» КФнун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, айыл жергесинде жашаган жана ден-соолугунан мүмкүнчүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр жакырчылыкка эң көп кабылат.

«Эгерде бала өз алдынча кыймылдай албаса, анын энеси, ошондой эле атасы көпчүлүк учурда жумушун таштоого аргасыз. Жана албетте, майыптуулугу бар балдарга дарыланууга, ден-соолугун чыңдоого, окутууга каражат көп сарпталат. Бала ушундай аярлуу кырдаалга туш болгондуктан ата-энелерде толук кандуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгү жок болот»,- дейт Турдубекова.

Анын уюму 20 жылдан ашуун убакыттан бери колунда жок үй-бүлөлөрдөн чыккан балдардын укуктарын коргоп келет. 20 жылдык тажрыйбасына таянып, ал толук ишеним менен айта алат: «Эгерде эне эрте турмуш куруп, анын жетиштүү билими же эч кандай кесиби жок болсо, ал үй-бүлөнүн материалдык жетиштиги өтө төмөн болуп, көпчүлүк учурда жакырчылыкка учурайт.  Эгерде мындай үй-бүлөдөн эркек киши кетип калса, ал эч кандай алимент төлөбөйт, жана эгерде ал жубайын балдары менен эшикке чыгарып кое турган болсо, мындай аял экономикалык жактан эч кандай колдоосу жок калат. Мындай үй-бүлөлөрдөгү балдардын документтери жок болот, жана албетте, мамлекет пособия иретинде жардам көрсөтө албай калат».

«Руки любви» коомдук бирикмесинин жетекчиси Наталья Даник көп жылдан бери күйөөлөрү тарабынан зордук-зомбулукка учураган аялдар менен иш алып барып келет. Анын оюнда, Кыргызстандагы жакырчылык- бул гендердик көйгөй.

«Көпчүлүк учурда аялдын укуктры эч кандай корголгон эмес, өзгөчө эгерде үй-бүлө ала качуу салтынын негизинде жаралса. Кызды ала качып келип, мусулмандык нике кыйып жашатып койгондо, факт жүзүндө ал жолдошу менен жарандык никеде жашап жаткан болот жана ал эч кандай укуктарга ээ эмес.  Жана кандайдыр бири күнү, алар эки же үч балалуу болгондон кийин, күйөөсү капыстан ажырашуу тууралуу чечимин кабыл алса, аял эч кандай коргоосуз калат. Анын күйөөсү жок калат, балдардын атасы жок калат жана ал мамлекеттен жардам алууга эсептей албайт, анткени мындай учурларда эч кандай пособия каралган эмес. Гендердик көйгөй дал ушул жерден пайда болот, анткени аял балдарынын айынан эч кандай жумушка орношо албайт. Аял мындай учурларда эч нерсеси жок калуучу жагдай- биздин мыйзам чыгаруунун кемчилиги»,-дейт Наталья Даник.

Кыргыз Республикасынын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов жакырчылыктын себептери көп деп эсептейт: «Бул жерде системалык коррупция, ресурстарга жалпы жонунан жетүү жолдорунун адилетсиздиги тууралуу айтууга болот. Көйгөйлөрдүн экинчи жагы – бул билим берүү деңгээли, мамлекеттин социалдык саясаты, социалдык багыттарынын алсыздыгы. Мындан сырткары, эгерде биз жакырчылык тууралуу айта турган болсок, биз аны биринчи кезекте дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан процесстер менен байланыштыруубуз керек. Бул глобалдык адилетсиз банк системасы менен каржы системасы. Тагыраак айтканда, бул адамга бутуна турууга мүмкүндүк бербеген насыялар системасы».

Эксперттердин айтымында, үй-бүлө жакыр болгон учурда ал бүгүнкү күндө өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан чакырыктарга моралдык жаткан туруштук берүүгө даяр эмес болот.

«Бул чакырыктар жыл сайын олуттуу болуп, жакыр жашаган үй-бүлөлөр үчүн жаман кесепеттерди алып келген кырдаалдарды түзүп жатышат.  Жакыр үй-бүлөлөр келечекке планы жок, бир күндүк жашоо менен гана күн көрүшөт. Алар жакынкы бир нече күндө кантип жан багуу керектигин гана ойлонушат»,-дейт НазгүлТурдубекова.

Кадыр Маликов дагы кошумчалайт: «Жокчулук көптөгөн күнөөлөрдү туудурат. Адам өз баласын окута албаса же курсагын тойгуза албаса ал күнөө кылууга барышы мүмкүн».

Жакырчылыктын башкы себеби – коррупция

Эрте жашта курулган үй-бүлөлөр, билимдин жана кесиптин жоктугу, каржылык сабатсыздык – мунун баардыгы кыргызстандыктарды жакырчылыкка алып келүүдө. Бирок жакырчылыктын эң маанилүү себептеринин бири – бул мамлекеттик башкаруудагы коррупциянын бийик деңгээли.

Жогорку Кеңештин V жана VI-чакырылыштарынын депутаты Дастан Бекешев мамлекет бажылык жана салыктык төлөмдөрдөн түшкөн каражаттарды туура колдонгонду билбейт деп эсептейт.

«Мамлекеттин салыктар жана бажылык төлөмдөр аркылуу түшкөн каражаттарды чогултканы колунан келбегендиги чоң көйгөй. Колунан келбегендиги деген эмне? Биринчиден, салыктарды чогултуу чоң ишканалардын эсебинен гана жүрүп жатат. Эгерде бюджеттин түзүмүнө көз чаптыра турган болсок, негизинен 900 ишкана бюджеттин 80 пайызын түзгөндүгүн көрө алабыз. Андай болбошу керек. Биздеги көпчүлүк анча чоң эмес ишканалар салык төлөөдөн качып келишет. Бул жерде көйгөй бажылык жана салыктык төлөмдөрдү администрациялоодо болуп жатат. Ошондуктан, көйгөйдүн тамыры дал ушунда деп ойлойм. Эгерде бажы жана салык кызматтары натыйжалуу жумуш алып барганда, мамлекет колунда жок үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрүн иш менен камсыздоо үчүчн ишканаларды ачып, аларга жардам көрсөтө алмак».

Анын кесиптеши Наталья Никитенко Кыргызстандагы адамдар алардын жакшы жашоогө мүмкүнчүлүгү уурдалып жаткандыгынан улам жакыр болуп жатат деп эсептейт.

«Паракорлошкон элиталардын бир тобу руханий, маданий, табийгый жактан бай элдин бай болуу мүмкүнчүлүгүн уурдоодо. Биз кедей өлкөбүз деген идея биздин эс-тутумубузга сиңип калган. Биз кедей өлкө эмеспиз. Биз байлыгы жана потенциалы бар, бирок ошол байлыгы тең эмес бөлүштүрүлгөн өлкөбүз. Адилетсиздиктин баардыгы ушунда»,- дейт Наталья Никитенко.

Жакырчылык менен күрөшүүнүн рецепти барбы?

Биз эгемендүүлүк алган күндөн тарта 29 жылдан бери бийликке келген ар бир ажо командасы менен бирге жакырчылыкты жеңүүнүн жолун издеп келет, бирок бул ушул күнгө чейин бир дагы президенттин колунан келген жок.

Дастан Бекешев жакырчылык менен күрөшүүнүн рецепттери көп деп эсептейт.

Биринчи кезекте санариптештирүү жөнүндө жөн гана сүйлөп кала бербестен, аны иш жүзүндө аткаруу керек. Экинчиден, жетекчилик мамлекеттик кызматтарды аркалаган аткаминерлердин көмүскө кирешелери кайдан келип чыккандыгы тууралуу маселеге көңүл бурушу зарыл. Ошол жерден биз рецепттердин бирин таба алабыз. Анткени кандайдыр бир белгилүү саясий элитанын көмүскө кирешелерге жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде ошол көмүскө агымды жаап, аны бюджетке бура алсак, жакырчылыкты бираз да болсо кыскарта алабыз»,-дейт Дастан Бекешев.

Назгүл Турдубекованын өздүк рецепти бар: «Аял жакырчылыктан чыгуусу үчүн өлкөнүн деңгээлинде, системалык негизде социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча жана жер-жерлерде балага кам көрүү үчүн күчтүү инфраструктураны түзүү өтө маанилүү. Колунда балдары бар аялдын муктаждыктарын эске алуу менен жумушчу орундар түзүлүшү керек. Аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө кам көрүү саясаты айыл өкмөттөрү, акимиаттар, мэриялардын деңгээлинде болушу зарыл. Мамлекеттик кызматкерлер алардын карамагындагы аймакта жардамга муктаж канча аял бар экендигин күн тартиптеринде карап, аларга жардам көрсөтүү үчүн кандай чаралар кабыл алынгандыгын, көмүр жана башка маанилүү социалдык төлөмдөр берилгендигин, балдар мектепке киргендигин же жоктугун көзөмөлгө алуусу абзел. Жакырчылык көйгөйлөрүн чечүү жергиликтүү деңгээлде, жер-жерлерде каралып баштап, андан кийин гана мамлекеттик деңгээлге чыгарылышы керек».

Депутат Наталья Никитенко билдирет: «Менимче, Кыргызстан кедей өлкө экендиги тууралуу идея аткаминерлердин жана элиталардын белгилүү бир бөлүгү тарабынан өнүктүрүлүп келет. Биздин аткаминерлер кымбат унааларды айдап, хан сарайларда жашап келет, алардын балдары чет жерде кымбат окуу жайларында билим алышат. Бул биз жакыр эмес өлкө экенибизден кабар берет. Жөн гана биздин байлык адамдардын кичине тобунун колунда чогулган. Болду. Ошондуктан биздин чоңдорго биз кедей өлкө экенибизди, бизде нефть, газ жана башка табийгый ресурстар жок экендигин, бизге аны Кудай бербептир деп айтуу оңой. Эмнени берсе дагы, Кудай биздин аткаминерлерге элинин алдында жоопкерчиликти бербептир. Ошондуктан рецепт мындай: биздин бай потенциалды аткаминерлерди жана алардын үй-бүлөлөрүн байытууга эмес, эл арасында бөлүштүрүү керек. Биз каражаттарды туура бөлүштүрүп, маанилүү тармактарды ороп алган коррупциянын бутактарын кесип, мамлекеттик кызматтарга дайындоодогу трайболисттик-популисттик ыкмалардан арылсак, жакырчылык менен болгон көйгөйлөрдү тез эле аралыкта чече алабыз».

Даярдаган Лейла Саралаева

Начало формы

Конец формы

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине