COVID-19 дин үчүн кандай сыноо болду?

16:09, 13 Октября 2020

COVID-19 динчил кыргызстандыктардын жашоосун бир топ өзгөрттү. 17-мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өлкөдөгү мечит жана храмдарды жабуу тууралуу токтому чыккан. Ал күндөн тарта Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы мечиттерде жума намаздарды өткөрүүгө тыюу салган.

Аралыктан айтылган дубалар

Кыргызстандын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов бул шарттарды экстремалдуу деп атаган.

“Жаңы шарттар деги эле динге болгон мамилени өзгөртүүгө, жашоонун баалуулуктарын кайрадан карап чыгууга, кээ бир учурда Исламга болгон мамилени кайра карап чыгууга түрткү болду.  Карантин маалында намаздар үйдөн окулуп жатты, эл мечиттерге барууну токтотту, жана бул нерсе коммуникацияга толугу менен таасир этти”,-дейт Кадыр Маликов.

Ушундай эле кырдаалга Кыргызстандын православдык христиандары дагы туш болгон.

Кайрымдуулук эжеси Надежда Хохлова карантин учурунда православдык храмдар ээн калгандыгын айтат.

“Бул жерде баардыгы жымжырт болуп калды, диний кызматкерлер дагы ооруп башташты. Пасханы виртуалдык форматта өткөрдүк. Социалдык тармактардагы бир нече аянтчада түз эфирлер болуп, эл бири бирин пикир калтыруу аркылуу куттуктап жатты. Негизинен, иш-чаранын форматы башкача болсо дагы, анын маанайы өзгөрбөй, абдан жакшы өттү»,-деп эскерет Хохлова.

COVID-19 алдында баардыгы тең

«Эл массалык түрдө ооруга чалдыккан учурда храмдарга келүү арткы планга жылып кетти. Баардык жараяндар сырттан өткөрүлүп жатты. Жана бул чара эң татыктуу жана мүмкүнчүлүккө туура келген чара болуп жатты, жана анын жардамы менен православдыктар бул каргашалуу оорудан каза болгон тууган, жакындарын акыркы сапарга узатып жатышты»,-деп айтып берди Хохлова.

Коронавирустан улам белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов каза болду.

Кадыр Маликов айтат: «Албетте, биз үчүн бул өтө чоң жоготуу болду. Ал жөнөкөй эл үчүн лидер, насаатчы, кадыр-барктуу адам эле. Кээ бир жерден катуу айтып, туура жолго салган инсан эле. Ал адамдын көзү өткөндө, Аллах аны өзүнө чакырып алганда биздин эл руханий жактан жетимсиреп, атасынан айрылып калгандай сезим жаралды».

Православдардын чиркөөсүнүн кызматкерлери дагы ооруга чалдыгып, ооруп жатышты.

«Бизде диний кызматкерлер менен бейтаптардын ортосундагы иш алып баруу жараянына өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасалып жатты. Ооруп жатканда сооронуу гана албастан, диний катышуу дагы алуу керек. Ал үчүн диний кызматкер бейтаптын үйүнө келип, ага катышуу жүргүзүү керек.  Жана аталган ишти аткарууда молдо бир колдонууга ылайыкташкан комплектти колдонуп жатты, ага жалгыз гана комбинезон кирбестен, Евангелие менен крест дагы бар болчу. Мунун баардыгын бизге Россиянын социалдык кызмат кылуу, чиркөөлүк кайрымдуулук боюнча Синодалдык бөлүмү салып жиберген.  Бул биз үчүн өтө чоң жардам болду, анын жардамы менен биздин аталар коронавирус менен ооруп жаткан адамдарды диний жаткан дагы катыштырып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту»,- дейт кайрымдуулук эжеси Надежда.

Бардыгы жардам берип жатышты

Карантин мезгилинде кыргызстандыктардын баардыгы алардын диний көз караштарына карабастан бири-бирине жардам берип жатышты. Ондогон айылдык мечиттерде оорулуулар үчүн стационарлар ачылды. Борбордук мечиттин атынан өлкөнүн баардык медицина кызматкерлерине 582 миң сомго гуманитардык жардам таратылган.

Кайрымдуулук эжеси Надежда Хохлова эскерет: «Эл эшикке чыга албай, үйлөрүндө камалып жаткан учурда биз аларга жардам менен келип жаттык. Күн сайын таң атпай биз азык-түлүктөрдү жүктөп алып, бизге жардамга муктаж жарандар берген тизмеге ылайык даректерге барып жаттык. Биздин автоыктыярчыларыбыз болбогондо, биз бул иштин баарын жасай албайт элек. Көптөгөн жарандар өздөрү келип, азык-түлүктөрдү алып кетип, аларды муктаж адамдарга жеткирип берип жатышты.

Мисалы, биз «Дордой» жаңы конушунда болгондой ачкачылыкты эч качан көргөн эмеспиз. Ал жерде көп балалуу үй-бүлөлөр чындап эле ачка калып жатышты. Биз берип кеткен 8 килограммдык азык-түлүк баштыгын алар 2-3 жумага жеткирип жатышты. Кийин, кырдаал өзгөрүп, оору күчөгөн убакта биз дары-дармектер менен жардам берип жаттык. Өзүбүз ооруп жатсак дагы, такай байланышта болуп, мүмкүнчүлүктөрдү таап, ыктыярчыларды издеп, жеткирип берүү кызматтары аркылуу иш алып барып жаттык.  Биз бираз өзүбүзгө келген соң, биздин карамагыбыздагы жарандар керектүү жардамды алуусуна, аларды дары-дармектер менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү үчүн күндүзгү стационар ачуу керектигин түшүндүк».

COVID-19 тууралуу дин кандай көз карашта?

Ислам дагы, христиан дагы  диндеринде ооруларды сыноо катары кабыл алуу керектиги айтылган.

Кадыр Маликов түшүндүрөт: «Ислам дининде баардык оору-сыркоолор Жараткан тарабынан маңдайга жазылган сыноо катары кабыл алынат. Бирок ал сыноолорду биз татыктуу көтөрүүбүз керек. Орто кылымдарда Борбордук Азияда башталган бубон чумасы Кыргызстандын дагы аймагынан өткөн. Атактуу окумуштуу Абу Али ибн Сина алгачкылардан болуп Борбордук Азияда карантин деген түшүнүгүн киргизген, ошондо базарларга, мечиттерге барууга тыюу салынган. Беткап тагынуу милдеттендирилген, бирок ал кездерде беткап катары чалманын бир бөлүгү колдонулчу, анда адамдар аны уксуска чылап, бетке тагышкан. Мурундарына уксуска чыланган пахта салып жүрүшкөн. Мурунку тажрыйбага таянып, бул пандемияны биз жер титирөө же сел сыяктуу табийгый кырсык катары кабыл алуубуз абзел. Тагыраак айтканда, баардыгы Кудайдын колунда».

Надежда Хохлова дагы биздин башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баардыгы Кудайдын адам башына берген сыноосу деп эсептейт.

«Бул кырдаалдын баардыгы бир нерсе үчүн керек окшойт. «Кудайдын оюн эч ким билбейт» демекчи.  Бул кырдаал көп нерсени көрсөтө алды. Биринчиден, ал адамдарды бири-бирине буруп, өйдө карата алды. Чын жүрөктөн. Анткени окоптор менен ооруканаларда атеисттер болбойт. Анткени адамдын башына мүшкүл иш түшкөндө ал баары бир жардам сурап, Кудайга кайрылат.

Бул сыноону кыргыз эли татыктуу басып өттү деп ойлойм.  Анткени, биринчи кезекте адамдарга адамдар жардамга келди. Кудай адамдарга адамдар аркылуу жардам берип жатты. Бизде бекем жардам чынжырчасы түзүлдү, эл дары-дармектерди, концентраторлорду беришип,  алышып жатты. Жана ушундай оор кырдаал ушунчалык маанилүү нерселерди көрсөткөндүгү керемет”,-деп жыйынтыктайт Надежда.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине