Кыргыз имамдары Татарстандан билим алышат

23:23, 4 Марта 2019

Мындай келишим 9-февралда Орусиянын Сочи шаарында өткөн президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин ортосундагы расмий эмес жоолугушууда жетишилди. Бирок бул тууралуу расмий маалыматтар эки өлкөнүн тең маалымат булактарында чыккан эмес. Бул маалымат 11-февралда Владимир Путиндин Татарстандын мурунку жана учурдагы өлкө башчылары Рустам Минниханов жана Минтемир Шаймиев менен болгон жоолугушуусунда айтылды. Анда Орусиянын өлкө башчысы Кыргызстандын диний кызматкерлерин Татарстандын  Болгар Ислам академиясынан билим алышына мүмкүнчүлүк таап, бул системаны жайгаштырууну тапшырган.

Кыргызстанда дагы  Ислам академиясынын негизделиши керектиги тууралуу ойлор айтылууда. Бул тууралуу былтыркы жылдын ноябр айында өткөн «Заманбап жана светтик өлкөдөгү Ислам» аталышындагы маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирип, анда ал өлкөдөгү диний билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгилеген. «Медресе, ислам колледжи, ислам институту, ислам университети бирдиктүү билим берүү системасынын баскычына айланышы керек. Келечекте ишмердүүлүгү мамлекет тарабынан көзөмөлдөнө турган Ислам академиясын негиздөө керек»,-деп билдирген Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчынын демилгеси коомдо кызуу талкууну жараткан, анда элдер жада калса өлкө башчы светтик мамлекеттин түзүлүшүн эске албай жатат деп айыптаган. Аталган демилге өлкөнүн мусулман эмес, светтик жашоо менен жашаган бөлүгүнө түшүнүксүз болуп калган. Мунун бирден бир себеби эксперттердин так пикирлери жоктугунда болгон.

Баардык нерсе үчүн Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы актанып, түшүндүрмө берип келет. Аталган мекеменин жетекчиси Зайырбек Эргешов мындай академия өлкөдө диний тармакта иш алып бара турган кадрлардын жетишсиздиги курч болуп жаткандыгына байланыштуу керек экенин кайталап келет. Анын айтымында, Ислам академиясы агартуу иштерин алып барып, магистранттарды жана докторанттарды даярдайт.

Диний билим берүүнүн реформаланбай калганы чет мамлекеттердин тийгизген таасирин күчөтүп жаткан учурда бул нерсе менен макул болбой коюга болбойт. Мисал издеп алыска барбай эле койсок болот. Биздин диний ишкерлер, теологдор жана изилдөөчүлөрүбүз алар кайсы чет элдик ЖОЖду аяктаганына караштуу ар башка болуп бөлүнүп калышкан.

2017-жылы Bulan Institute жүргүзгөн ийри масштабдуу изилдөөөнүн жыйынтыгы менен төмөнкү тыянакты чыгарган: «Кыргызстандагы бир дагы динге тиешелүү мекемеси, Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы, бир дагы бей өкмөттүк уюм акыркы жылдары Кыргызстандын канча жараны диний билим алууга чет мамлекеттерге кеткендигин билишпейт».

Эксперттерди «акыркы он жылда чет мамлекетке диний билим алуу үчүн көзөмөлсүз, туристтик виза аркылуу же жеке чакыруу менен макулдашуусуз эле кетип жаткан жарандардын саны көбөйдү» деген факт козголоңго салды.

Башка изилдөөдө болсо диний билим берүү системасында мүчүлүштүктөр али көп экендиги аныкталган, алардын ичинде  Улемдер кеңеши тарабынан бекитилген бирдиктүү окуу программасына дел келбегендик, медреселердин билим берүү программасында светтик сабактардын жоктугу,  окууга керектүү шарттардын жана каржы булактарынын жоктугу,  кесипкөй мугалимдик кадрлардын жоктугу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир Ислам университети, тогуз институту жана 102 медресе бар, алардын 78 иштеп келет. Бул жагдайда өлкө башчы көтөрүп чыккан демилге туура эле көрүнөт,өзгөчө акыркы жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына көз чапыра турган болсок.

Болгар ислам академиясы деген эмне?

Бул Татарстан Республикасынын руханий башкармалыгы, Орусия Федерациясынын  руханий башкармалыгы жана Орусиянын борбордук руханий башкармалыгы тарабынан демилгеленип, 2017-жылы Татарстандын Болгар шаарында ачылган окуу жай. Азыркы учурда анын негиздөөчүлөрүнүн катарына Ислам билим берүү боюнча кеңеши да кирет, аны Казан шаарындагы Орусиянын ислам университетинин ректору Рафик Мухаметшин жетектейт.

Эмне үчүн Казан эмес Болгар шаарында? Анткени дал ушул шаарда 922-жылы жергиликтүү башкаруучу Алмас-хандын демилгеси менен, аббасиддер элчиси  Аль-Муктадирдин колдоосунда жергиликтүү тургундар ислам динин кабыл алышкан. Алмас-хан өзүнө Жаффар ибн Абдуллах аттуу жаңы ысымды алган. Кавказ элдерине салыштырмалуу, учурдагы татар элинин ата-бабалары болуп эсептелген болгарлар өз ыктыяры менен ислам динин кабыл алып, үрп-адаттарын сактап кала алышкан.

Болгарлар деген кимдер?  Бул IV кылымдарда Причерноморьеден тарта Каспий жана Түндүк Кавказга чейинки жерлерде жашаган түрк тектүү уруулар. Үч кылым өткөндөн соң болгар урууларынын бир бөлүгү Дунай менен Волганын жээгине көчүшкөн. Түрк тектүү болгар уруулары бүгүнкү күндө балкарлардын, башкирлердин, болгарлардын, гагауздардын, карачайлардын, македондордун, татарлардын, ногайлардын жана чуваштардын бир бөлүгү болуп калышкан. Заманбап Болгария мамлекети аталган уруулардын ысымы менен аталган.

Болгар Ислам академиясынын түзүмүнө эмнелер кирет? Болгар улемдер кеңеши, Илимий-билим берүү борбору, Татар диний мурасын изилдөө борбору, Диндер аралык диалог борбору жана Бүткүл орусиялык ислам китепканасы.

Ислам академиясында окуу ичинен жана сыртынан жүргүзүлөт, анда магистранттар жана илимдер докторлору даярдалып чыгат. Академияда төмөнкү кафедралар иш алып барат: Ислам экономикасы жана укук, Куран, сунна жана акыйдасы, Мамлекеттик-конфессионалдык мамилелер менеджменти, Араб тили жана адабияты, Татар тили жана адабияты.

Андан сырткары, мусулман диний башкармалар үчүн жогорку башкаруу курстары каралган, алар мусулман уюмдарын башкарууда менеджменттин жаңы түрүн негиздеши керек. Окуу мөөнөтү  он күндөн бир айга чейин созулат.

Академияда билим алуу акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Болгар Ислам академиясынын негиздөөчүлөрүнүн кеңешин Казан шаарынын мурунку мэри, татар борбор калаасынынын миң жылдыгын белгилөө демилгесинин ээси Камил Исхаков жетектейт. Ал өмүр бою совет жана орус бийлик органдарында эмгектенип келет. 2008-2011-жылдары ал Орусиянын Джиддадагы Ислам конференциясынын уюмундагы такай өкүлү болгон.

Биздин бийликтин Болгар Ислам академиясына мынчалык кызыктар болгону аларда биздин өлкөдө да өз академиябызды ачуу идеясы бар экендигине байланыштуу деп айтсак болот. Анын үстүнө Болгардагы мындай долбоор бийликтин дыкат көзөмөлү алдында ишке ашырылып, Татарстандын туңгуч президенти Минтемир Шаймиев тарабынан каралат.

Алмаз Исманов

Болгар Ислам академиясынын расмий сайтынан алынган сүрөттөр.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине