Социалдык тармактарда диний радикалчылардын тарапташтары тарабынан кезектеги жихадчылар менен видеолор жайылтылууда. Анда экөө өзбек тилинде, алардын кийинки максаты Кыргызстан менен Өзбекстан экендигин айтышууда. Жолунан чыккандардын баардыгынын канын төгөбүз деп, ачык эле коркутуп жатышат.
Бул интернетте жихадчылардын тарапташтары тарабынан жыйылтылган биринчи эле видео эмес. Мындан мурда Тажикстандын жана Казакстандын тургундары менен тартылган видеону көргөзүшкөн жана бул ал мамлекеттерде көп чууну жараткан.
Дин маселеси боюнча эксперттер, юридика илимдеринин кандидаты Чынгыз Камбаровдун пикири боюнча, радикалдык жана экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү өз идеяларын орус тилинин жеткиликтүүлүгүнүн аркасында Кыргызстандын элине көбүрөөк жайылтуу үчүн орустардын «Одноклассники» жана «Вконтакте» социалдык тармактарын колдонуп жатышат.
«Алар интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдаланып, өздөрүнүн үгүт видеолорун жайгаштырып, форумдарда талкуу уюштуруп жатышат. Видео жана сүрөттү берүү үчүн азыркы заманбап уюлдук телефондор менен смартфондор активдүү колдонулууда. Глобалдуу тармактын жардамы менен радикалдар Орусиянын эмгек мигранттарынын арасынан активдүү азгырма жалдоолорго өттү. Өткөн жылы күч органдары тарабынан Кыргызстандын Россиядагы 60 жараны жалдангандыгы катталган, жана алар андан ары Түркия менен Сирияга жөнөтүлгөн», - дейт эксперт Камбаров.
Компетенциясына диний-экстремистттик жана террорчулук менен күрөшүү кирген КР ИИМ Онунчу Башкы башкармалыгынын кызматкерлери, көптөн бери келе жаткан сакалчан диний үгүтчү менен азгыруучулардын образы өзгөргөндүгүн белгилешет. «Радикалдык диний уюмдардын жана кыймылдардын активисттеринин сапаттуу курамы акырындап өзгөрүп келе жатат. Жада калса сырткы көрүнүшү тарабынан да алар кадимки коомдогу калыптанган көнүмүш образдан айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле «Хизб-ут Тахрир» радикалдык диний уюмунун мүчөлөрүнүн сапаттык курамы да өзгөрүүдө. Алардын арасында мамлекеттик кызматчылар, студенттер, бизнесмендер, жада калса журналисттер да бар», - деп баса белгилейт КР ИИМ Онунчу Башкы башкармалыгынын жетекчилеринин бири.
Расмий жарыяланган маалыматтарга караганда Сирияда Кыргызстандын 70тен ашык кулундары согушуп жүрөт. Мурдагы КР Акыйкатчысы Турсунбек Акун 100 адам экен деген санды атаган. Бул учурда расмий катталган учурларды гана аташат, бирок, чынында Сирияда согушуп жүргөн канча кыргызстандык жаран бар экендигин эч ким так айта албайт.
Күч курамдарынын өкүлдөрү, жашыруун калуу шартында, ММКларга билдиргендей, жалдоочулар ар бир жаңы мүчөнү жалдаганы үчүн 500 доллар алышат жана жогоруда аталган тизмеден 15 адам Чүй областынын Жайыл районунун тургундары. Бул мүчөлүккө кабылдоо географиясы абдан кеңири экендигинен кабар берет. Азыркы учурда, атайын кызматтар жалданган боевиктердин арасынан КР 5 жаранынын өлгөндүгүн тастыкташты.
Эгер мындан бир жыл мурун кыргыз күч структуралары Сириядагы гана жалданмалар туурасында айтып жатышса, бүгүнкү күнү джихадисттердин согуштук аракеттери Иракта да жайылды. Азыр Борбордук Азиядан тартылып кеткен жалданмалар бүгүн «Ислам мамлекети» деп аталган аймакта жүрүп жаткан согушта активдүү катышып жүрүшөт деп божомолдосо болот.
«Ислам мамлекет» - ИГИЛ (мурда «Ирак жана Леванттын Ислам мамлекети» деп аталчу) – бул, Сирия менен Ирактын аймагында мусулман чакырыктарынын алдында аракет кылган террорчулук уюм. Ал, телевизиондук жаңылыктардан көрүп алып, көпчүлүгү ойлоп жаткандай, кечээ эле пайда болгон жок. Бул террорчулук уюм 2006-жылы пайда болгон, ал жергиликтүү«Аль-Каида» бөлүмү башында турган Ирактагы 11 радикалдык уюмдун биригүүсүнөн пайда болгон.
«ИГИЛ үчүн кайсы бир саясий күчтүн тургандыгы шексиз. Бирок, глобалдаштыруунун бир дагы оюнчусу муну мойнуна албайт. Ар бир тараптын өз кызыкчылыгы бар», - деп эсептейт Кыргызстандын атайын кызматынын генерал-лейтенанты Токон Мамытов.
Анын сөзү боюнча, ИГИЛ, Украинадагы «Биринчи сектордой эле» жаңы типтеги аскер. «Аныкталган убакта аныкталган жерде кызуу түйүндөр түзүлөт, андан кийин исламдын жабуусу алдында маданияттардын, диндердин кагылышы жүрөт», - дейт Токон Мамытов.
2013-жылы ИГИЛ аскерлери Асад режиминин каршылаштарынын тарабында Сирияга расмий согушка киришкен жана дароо мыкаачы жалданмалар деген атка ээ болушкан. Алар ошондо эле ирактын түндүгүндө шарияттын мыйзамдары менен өзүнчө мамлекет кургандыктарын айтып чыгышкан. Багдад, Тикрит жана Ар-Рамади шаарлары кирген «суннит үч илтигинин» аймагында. Негизинен, бул жерде арабдар жашашат, исламды сунниттерче талкуулашат,ал эми «үчилтиктин» түндүк бөлүгүндө күрддөр көп, алар араб-шейиттер менен бирге “Ислам мамлекетинин” согушчандарынын башкы бутасына айланышкан. Эки жуманын аралыгында газета беттери менен теле экрандардан, исламчылар тарабынан басылып алынган, чек арага жакын Кобани ирак шаары туурасындагы жаңылык түшкөн жок.
Алардын максаты Ирак, Сирия жана Ливандын аймагында өз мамлекетин куруу, алар өз ара жалпы чек арага ээ. Орто кылымдын башында Европада Левант деген аталыш менен Жер ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүн бүт аташкан, жана ага Сирия, Ливан, Израиль, Иордания, Палестина жана Түркия менен Египеттин бөлүгү кирген. Кийинчерээк, Сирия, Палестина жана Ливанды гана белгилеп калышты. Арабдар бул жерди Аш-Шаам деп да аташат.
Бүткүл дүйнөдө бул топ туурасында үрөйдү учурган жалпы өлтүрүүлөрдөн жана эл алдына дарга тартуулардан кийин билишти. Алардын видеосу социалдык тармактарга жана YouTube га жайгаштырылды. Бирок, кийинчерээк этикалык жактан улам алынып салынды. Ушул жылы эле алар ондогон жалпы дарга асууларды жүргүзүштү. Алар өздөрүнүн ырайымсыздыгы, таш боордугу менен таң калтырат. Бул уюмдун боевиктери ушул жайда күрд-езиддер жамаатынан 500 эркек кишини өлтүрүшкөн, ушул эле жамааттан 300 дөн ашык аялды туткунга алып кетишкен. Бул үрөй учурган кылмыштын натыйжасында, Ирактын түндүгүндө жашаган миңдеген күрддөр менен түркмөндөр, чөлдөр менен тоолорго качып кутулуу максатында, качкындарга айланышты.
ТЕКСТКЕ КЫСТАРМА: БУУнун маалыматтары боюнча, 2014 –жылдын башынан бери алар басылып алынган аймактарынан 700 дөн ашык баланы өлтүрүп, мазакташкан.
Ушул эле жайда алар Ирактагы аскердик окуу жайдагы 1700 курсанттын жана 250 сирия жоокерлеринин өлүмү үчүн жоопкерчилик алышты, алар алдын ала жылаңачтап чечинтип туруп, чөлдө атып өлтүрүшкөн да, кайнаган күнгө алардын денелерин таштап кетишкен. Сентябрда боевиктер тарабынан бир миңден ашык ирак жоокерлери өлтүрүлгөн, алардын ичинен 300ү химиялык чабуулдун натыйжасында курман болушкан. Ушул эле мезгилде алар тарабынан эл алдында журналист Стивен Сотлофф (АКШнын жараны) жана гуманитардык миссиянын айдоочусу Дэвид Хэйнсты (Улуу Британиянын жараны) асып салышкан. Өздөрүнүн кылмыштарынын баарын джихадисттер видеого тартышып, анан аларды YouTube, Twitter жана «Вконтактеге» жайгаштырышкан.
2014-жылы жайында бул уюмдун боевиктери кыска мөөнөттүн аралыгында бир нече шаардын, Ирактагы эки ири мунай иштетүүчү компанияларынын үстүнөн көзөмөл алууга жетише алышкан. Топтун курамында дүйнөнүн ар кайсы мамлекетинен 11 миң аскер бар. Интернетте жайгаштырылган ачык маалыматтарга караганда, топту каржылоонун башкы булагы барымтага кишилерди алуу, банктарды басып алуу, басылып алынган мамлекеттердеги каржы мекемелерине кол салуу болуп эсептелет.
«Ислам мамлекетинин» согушчандарынын ырайымсыздыгы бардык мусулман өлкөлөрүндө кескин терс реакцияны жаратты. Араб мамлекетиндеги белгилүү дин аалымдары топтун ишмердүүлүгүнө кескин сын пикирин айтып чыгышты жана алардын ислам менен эч тиешеси жок деп билдирди.
«Биз шариаттын жаңы окулушун жана канондук укуктун одоно бузулушун көрүп жатабыз. Жада калса «Аль-Каида» жан кесерлерди пайдаланганда жана шариат сотторун милдеттүү жүргүзүүдө аныкталган бир ченемдерди кармачу. ИГИЛ болсо, шариат ченемдерин толугу менен түртүп жатат, жана каршы маанайда тикеси менен тик туруп жатышат», - деди ислам боюнча эксперт Кадыр Маликов.
Ал, ИГИЛ асимметриялык согуштун заманбап техникаларын активдүү колдонуп жаткандыгын айтты. «Уюмдун максаты –коркунуч жаратуу жана жергиликтүү калкка мүмкүн болушунча көп зыян алып келүү. Ошол эле учурда, кандай гана парадокс болбосун, бул уюмдун өкүлдөрү социалдык көйгөйлөрдү чечүү менен алектенишет, бул жактоочуларды тартууга мүмкүндүк берет. Негизги идея каршы көңүлдөнгөн жаштардын арасында кеңири жайылтылат, алар демократия түшүнүктөрүнөн көңүлдөр калган, эл аралык мамиледеги кош стандарттардын саясаты жакпайт, өкмөттүн коррупциясын, социалдык акыйкатсыздыкты көрүп турат», - деп эсептейт Кадыр Маликов.
Кыргызстан кичинекей мамлекет, бирок анда карама каршылыктар, социалдык, экономикалык, саясий көйгөйлөрү толтура. Биздин мамлекеттеги кырдаалды техника жана бир аз акча эле олку солку кылып коет. Ошондуктан, бүт коом сак болушу керек.
Алмаз Исманов Фото В. Оселедко