Жихадчылар орто кылымда эле Ошко коркунуч туудурууну пландаштырышкан

14:03, 19 Января 2015

Бишкектин жашоочулары өз кубаттарын социалдык тармактардагы Бажы союзунун  жакшы жана жаман жактары, Президент тарабынан айтылган сөздөрдү келтиришип, гей-үгүттөрдү тыюу салуу  туурасында  талаштарга коротуп жатышканда, биздин атайын кызматтар жихадчылардын террор топторун биринин артынан бирин жок кылып жатышат.

Расмий маалымат мындай,террорчулук жана диний экстремисттик менен күрөшүү боюнча Кыргызстандын УКМК кызматкерлери тарабынан террорчулук мекемелерине таандык делген 217 адамдын ишмердүүлүгү аныкталды, анын ичинде 54 адамга бөгөт коюлду. О.э. экстремисттик мекемелерге тиешеси бар 142 жарандын ишмердүүлүгүнүн бети ачылды, анын ичинен 62 сине бөгөт коюлду. Ок атуучу 15 курал, 365 даана ок дары, 7 даана жарылуучу заттар табылып, тартылып алынды. Бул фактылар боюнча 137 жазык иши козголду. 


Көрсөткүчтөр, албетте,жакшы, бирок  бул болгону сандар. Болгону чекисттердин операциялары тууралуу кенен билгенде гана террорчулардын ойлогон оюнан төбө чачың тик турат. Анан, бул пландары ишке ашпай калганы үчүн Аллага ыраазычылык айтасың. 

 Ошто чекисттердин аракеттеринен гана абал тынч бойдон сактлууда

 Бул тамаша эмес. Ош шаары жана Ош областы боюнча УКМК башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин иши таасир калтырбай койбойт. Шаардын жана областтын бардык диний мекемелери көзөмөлгө алынган, жергиликтүү динаят менен алака түзүлгөн, пландарда террорчулук жана экстремисттиктин алдын алуу боюнча жаңы ыкмаларды киргизүү иши турат. Бирок, эң башкысы, бул калк менен болгон кызматташуу, о.э. ачыктык, УМКМ жетекчилигинин областтык жетекчилиги олуттуу коопчулукту талкуулоого даяр. 

«Кыргызстанда бир нече экстремисттик жана террор топтору бар, бирок биз  «жихадчылар» менен күрөшүүгө басым коюп жатабыз, анткени бүгүнкү күнү алар Кыргызстанга да, бүт дүйнөгө да өтө зор коркунучту жаратып жатышат», - дейт Ош жана Ош областы боюнча УКМКШБ начальниги  Асылбек Кожобеков.

Жиха́д ( араб тил. «күч») — Аллахтын жолунда аракет дегенди түшүндүргөн  исламдагы  түшүнүк. Исламда жихат деп, өзүнүн руханий жана социалдык пайгамбарлары ( мисалы, калп, жалган, коомдогу терс көрүнүштөр ж.б), социалдык акыйкатсыздыкты четтетүү, исламды жайылтуу ишиндеги туруктуу аракет, агрессорлор менен күрөш жүргүзүү, кылмышкерлерди жана укук бузуучуларды жазалоо менен күрөшүү саналат.

Бүгүнкү жихадчылар бул сөздүн чыныгы түшүнүгүн тескери буруп алышты. Жихад деген атты жамынып алышып, алар тоноого, өлтүрүүгө, мамлекеттик мекемелерди жардырууга, жада калса өз мекенинде согуш баштоого даяр. Жихадчылардын курмандыгы ар ким болушу мүмкүн, жада калса алардын катарына кошулбаган кудай деген мусулман дагы. Жөнөкөй дихадчылардын көбү Сирияда 2 айдан 6 айга чейин кайрадан атайын даярдыктан өтүштү. Мекенине кайтып келгенде, алардын милдети топторго биригип, өз Сириядагы амирлеринен (жетекчилеринен) алган тапшырмаларды аткаруу болуп калат.

Маалымкат: Оштон Сирияга согушуу үчүн  кичирайондордун тургундары – «Амир-Тимурдан» - 35 адам, «Достуктан»- 15, Ош районунан  – 38, «Шейит Дөбөдөн»- 40, «Черемушкадан» - 15 жана «Турандан» - 25 адам кеткен. Сирияга согушуу үчүн кеткен такталган адамдардын саны -- 168 адам. Ош областы боюнча жихад идеяларына баш ийип берген райондор Өзгөн,  Ноокат, Араван жана  Кара-Суу райондору болуп саналат. Бул райондордон бардыгы болуп Сирияга 142 адам кеткен. Ош областынан Сирияга жихадга кеткендердин 90 пайызы – этникалык өзбектер.

Чекисттердин билдирүүсү боюнча, бул сандарда эч кандай сенсация жок. Анткени, Кыргызстандан КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу адамдар азыраак кеткен.

Чоочун согушта, чоочун жердеги согушка барып, согушкандардын, жада калса өз өмүрүн сайып койуп кеткендердин саны жыл сайын азаймак турбай, көбөйүп жаткандыгы – факт. Чекисттер, бул бир нече себептен улам болуп жатат деп эсептешет: калктын ислам маселелеринде сабатынын аздыгы, вербовканын ыкмаларынын жогорку эффективдүүлүгү, о.э. жаштардын социалдык жактан туруктуу орношпогондугу.

Бул планда эмгек мигранттары бир топ алсыздык кылышат. 50 пайыз учурда биздин жарандар Орусиядан жана Түркиядан жалданышып, Сирияга барып калышат. Анткени, алыс жерде күнүнө 12-14 сааттан иштеп жатышып, өздөрүнүн башкаларга окшобогонун сезген жаштар үмүт издеп мечитке барышат. Мына ошол жактан салафиттердин кууш жамаатына туш болушат, алардын көбү Түндүк Кавказдан чыгышкан. 

Египеттеги, Сириядагы, Сауд Аравиясындагы диний мекемелерде окуп жаткандардын арасынан биздин жарандардын 5 пайызга жакыны бөтөн согуштагы рекруттарга айланышат. Дагы 15% Кыргызстандын мечиттеринен катарга тартылат. 

Сирияга барган рекруттардын 30 пайызы «интернет-имамдар» деп аталышкан «Одноклассники», «Фейсбук»,WhatsApp, «Агент» сыяктуу социалдык агенттер тарабынан  жалдангандыны таң калычтуу  факт болуп саналат. 

Мына ушул аталышта атайын даярдыктагы адистер иштешет, алар соцтармактар аркылуу потенциалдык   «жоокерлердин» психологиялык сүрөттөрүн тартышат.  Бөтөн таасирлерге көбүрөөк оой турган талапкерлерге достук сунуш кылышат, анан баарлашуунун жүрүшүндө диний темалар менен бөлүшө башташат, Сирияда балдар менен аялдарды өлтүрүп жаткан жихаддар туурасындагы шилтемелерди беришип, ыйык согушка чакырышат. Потенциалдык курмандык жалдоочу тарабынан психологиялык чабуул ала баштайт, ал эми биздин жарандардын сабатынын аздыгы бул пайда болуп келе жаткан ишенимди саясий тегиздикке багыттоого мүмкүндүк берип коет. 

Жалдоочунун өз сайттары бар, анда даярдалган адамдар иштейт алар атайын максаттуу түрдө эртеден кечке чейин атайын үгүт материалдарын даярдоо менен алектенишет. Мисалы, алар ар бир согуштук кагылышууну тартып алышат да,  аны абдан жакшынакай кылып монтаждашып, болушунча жүрөктөн чыккан сөздөр менен комментарий жазышат да, интернетке чыгарып коюшат.  Алардын үгүтү жана  пиар-технологиясы эң жогорку деңгээлде. 

Оштогу УМКМ бөлүмүнүн кызматкерлери маалыматтарды кылдаттык менен текшерип, Кыргызстандын түштүгүндөгү мечиттердерде вербовкалоо кандай өтөөрүнүн ар бир кадамынан бери тактап чыгышты. Булардын көбү мусулмандар ыйык Рамазан айында орозо кармап жаткан мезгилде өткөн  «итикаф» маалында болот. Кайсы бир мезгилде мусулмандарга мечитке барып,  күнүмдүк жашоолордон эс алып, ойлонуп, сыйынышы керек. Мына ушул мезгилде жалдоочулар менен алакалар жүрөт.

 «Итикафтан»  кийин баарлашуу  чайканаларда өтө баштайт, ал жакта  «жаңы алынгандарды» салафиттик идеялар менен тааныштыра башташат. Андан кийин видеороликтер менен бөлүшүп, алар аркылуу соцтармактар аркылуу бөлүшүшөт. 

«Булар аң сезимге өтө катуу таасир этишет. Ал жакта асад согушундагы карапайым калкка болгон  зомбулук көрүнүштөрү көргөзүлөт. Бул исламга жаңы гана келип,жаңы гана ишенип баштагандарга багытталган. Анткени аларда азырынча терең билими жок жана кеңеше турган адамдары да жок.  Сириядагы согушту чагылдырган видеокатар  атайын тандалган хадистер жана Курандагы аяттар менен коштолот. Анан, Сириядагы саясий кырдаалды сүрөттөп жатышып, ал жакта акыйкатсыз, глобалдуу согуш жүрүп аткандай сезим калтырышат. Бул роликтер өтө чеберчилик менен жасалган  жана жаштардын  аң сезими так эсептелген, аларда жихаддын романтикасы жайылтылат», - деп түшүндүрөт бул роликтердин феноменин ислам боюнча эксперт  Кадыр Маликов.

Жалдоочулардын башкы максаты рекруттарды Сирияга алып баруу болуп саналат. Мындай схема боюнча Кара-Суу мечитинен эле 36 жаш жигит жалданып кеткен. 

Ал эми жаңы  «жоокерлерди» жөнөтүүгө келсек, атайын кызматкерлердин изилдөөсүнүн жүрүшүндө Сирияга жөнөтүүнүн 4 каналы аныкталды, жана бардык каналдарда башкы түйүн жана котоуп жөнөтүү базасы болуп Түркиянын борбору – Стамбул саналат. Жаңы жоокерлер Орусиядан, түз эле Кыргызстандан чыгышат, Бишкек-Стамбул жана Ош-Стамбул авикаттамдары менен кетишет. Анан, жарым жыл мурда эле эки жаңы багыт ишке киргизилди – Украина жана Грузия аркылуу.

Оштук чекисттер Стамбулдан Сирияга жөнөтүү менен түздөн-түз  алектенген биздин жаранды аныктай алышты, ал  21 жаштагы  Ильхом, ал Оштон келген, Стамбулда тери сатып иштечү. Ошол жактан Оштогу мурдагы кошунасына  жолугат да, анын жолуна түшөт.  Ильхом өзүнүн ижарада турган батирин Кыргызстандан жаңы тандалып келгендер үчүн берип, аларга тамак берип тоюнтуп, андан кийин чек арага чейин узатып барып, Сирияга автобуска отургузчу. Бул тармак укмуштуудай жолго коюлган, бир нече айдын ичинде эле Ильхом Сирияга жеке өзү тааныган 40 согушкерди жөнөткөн. Дагы 20 сын ал тааныбайт. Алардын бардыгы 20-50 жаштагы  эркек кишилер.

«Биз Ильхомдун өздүгүн тактай алдык, анын атасы мурдагы офицер. Биз анын атасы менен иштешип баштадык, ал Стамбулга барып, аны үйүнө алып келди. Азыр Ильхом өз ыктыяры менен тергөөгө жардам берип иштеп жатат»,- дешти чекисттер. 

Биздин соттор террорчуларды кантип актап жатышат

 

Кыргызстандын тургундары негизинен сириялык эки шаарда: Алеппо менен Идлибде согушуп жатышат. Баарынан олуттуу жамаат болуп  «Жаннат Ошиклари» саналат, ага оштук рекруттар кирет жана аны Ош шаарынын Кара-Суу районунан келген 24 жашар Сирожидин Мухтаров башкарат. Бул жигит Сирияга 2013-жылдын башында кеткен, жана азыркыга чейин согушуп жүрөт жана азыр амирликке жеткен. Мына ушул жигит өз жердештерин согуштук чеберчиликтерге жарым жыл машыктырат,андан кийин мекенине конкреттүү тапшырмалар менен жиберип  турат.

 2014 –жылы январда 10 адамдан турган жихадчылардын биринчи  тобу кармалды. Алар саясий кырдаалды кылдат байкашып, керектүү кезде өз ишин баштоо үчүн  анын курчушун күтүп жатышкан. Топтун ичинен бешөө Сириядан даярдыктан өтүп келишкен. Аларда конкреттүү максат бар болчу – Сирияда согуштан келгендерден,жана ал жакка баргысы келгендерден  бир уюм түзүү, курал-жарактарды сатып алып, Кыргызстанда жихадды баштоо үчүн буйрукту күтүү. 

«Биз мамлекеттик органдарга каршы жихадды баштайлы дегенбиз, - деп айтып берди камалгандардын бири 23 жаштагы Сардор, ал Сирияда амир Мухтаровдун кол алдында бир нече ай  согушуп келген, андан кийин Ошко кайтып келип,үйлөнгөн.  -  Сириядан  ( Сиражиди) Мухтаров мага  WhatsApp аркылуу чыкты, жана Оштогу саясий кырдаал туурасында маалымат берүүмдү сурады. Ал кезде, декабрь-январда, оппозицияны колдогон митингдер болуп жаткан, мен ага бул митингдер  туурасында айтып бердим да, биз Ошто жихадды баштай алабызбы деп сурадым. Серажидин минтип жооп берди: "Бул кыргыз саясатчылары бири-бирин кажый беришсин. Бийлик дагы кичине алсыздансын. Биздин колубуздан азырынча эч нерсе келбейт. Тажикстанда окуялар башталганда гана биз да бир нерселерди баштасак болот. Азырынча машыга берүү керек"».

Сардор жана анын эки пикирлеши, Алишер жана  Ильхом, бир автоматты гана  3,5 миң долларга сатып алууга үлгүрүштү.  Сардор жада калса кош бойлуу аялы менен кайра Сирияга учуп кетейин дегенде, аны чекисттер кармап калышты.

Жихадчылардын экинчи тобу 2014-жылы февралда кармалды. Топтун башчысы  34 жашар  Бахрам Мамасадыков, ал Кара-Суудагы Кызыл-Мехнат айылынын  "Абдурашид кори" мечитинин имамы. Ал да Сириядан окуп келген жана 8 адамдан турган топ түзүүгө жетише алган.

«Бул топтун мүчөлөрү да Сириядан даярдыктан өтүп келишкен. Ошко кайтып келе жатышканда алардын тапшырмасы – бай жарандарга кол салып, тоноо жолу менен акча каражатын топтоо жана бул акчанын жарымын өз бир туугандарына жардам иретинде Сирияга жөнөтүү, ал эми калган жарымын – Оштогу жихадды уюштурууга курал-жарак сатып алуу болгон. Алар талап-тоноо үчүн беш даректи даярдап жатышкан. Айтмакчы, бул талап тоноолого уруксатты мурдагы имам Мамасадыков берип турган, ал топтуп идеялык шыктандыруучусу болгон. Кылмышкерлерди бир ишкердин үй-бүлөсүнө кол салууга даярдарынп жаткан кезинде кармадык. Бизде диллема пайда болду– аларды тоногонго чейин кармоо керекпи же тоногондон кийинби?  Эгер тоногондон кийин кармасак, анда буюмдалилдер да болмок, күнөөсүн айыптаганга да жеңил болмок, бирок кырсык да  болуп, киши өлүп калышы мүмкүн  болчу. Бизде убакыт аз эле, аларды тоногонго чейин кармамай болдук. Биздин кызматкерлер жихадчыларды кармаганда алардын бычактары, газ менен атыла турган тапанчасы, беткаптар жана скотч бар экен», - дешет чекисттер.

Тергөө убагында топтун бардык мүчөлөрү күнөөлөрүн мойнуна алып,  болгонун болгондой айтып берип жатышты. Бирок, 2014- жылы сентябрда  Ош шаардык соту   Р. Кожомкулов тагылган айыптардын көбүнө карабай сот алдында тургандарды актап жиберди – кылмыш курамынын жетишсиздиги жана далилденбегени үчүн. «Каракчылык»  беренесин андан жумшагыраак  «турак жайга кирүү менен уурдоо» беренесине алмаштырды. УКМК Ош бөлүмүнүн кызматкерлери канчалаган күч менен кылмышкерлердин изин таап, аларды зыянсыздандырып, күнөөлөрүн далилдеп берип отурса, сот болсо аларды  «Жалдануучулук»  беренеси менен актап, шарттуу өкүм чыгарып койду.

 

Чекисттердин ою боюнча, биздин жарандардын Сириядагы жалданма жоокерлердин тапшырмасы менен даярдалган каракчылыкка карата шаардык сот тарабынан мындай гумандуу өкүмдүн чыгарылышына коррупция таасирин тийгизбей койгон жок деп эсептешет. Бирок, кандай болгон күнү да  кармалган жокпу – ууру эмес. Ошондуктан Ош областтык прокуратурасы шаардык соттун мыйзамсыз жана негизделбеген  өкүмүнө шашылыш түрдө Ош областтык сотунун апелляциялык коллегиясына өз сунуштарын беришти. Анткени соттолгондордун күнөөсү жазык ишинин бардык материалдарында аныкталып жаткан. 


«Айтмакчы, бул соттолгондорду жактаган жактоочуларды өзүнчө эл аралык уюмдар каржылайт. Бул урматтуу уюмдардын кандай ойлору бар экени мага түшүнүксүз. Биз, бул адамдар бул иштер боюнча жазык ишинен өтүп жаткандан кийин, биздин мамлекетке коркунуч келтирет деп жатабыз. Алар өтө зор кооптонууларды жаратышат – мына ушулар Кыргызстандагы кийинки олку-солку абалынын  от алдыргычы болушу мүмкүн», - деп эсептейт Ош областынын прокурору Айбек Турганбаев.


11- ноябрда Ош областтык сотунун  апелляциялык коллегиясы  (төрага - А. Шамшиев,соттор -А. Абдылдаев жана М. Токтомушев), Ош шаардык сотунун өкүмүн четке кагып, топтун бардык 8 мүчөсүн мүлкүн тартып алуу менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратты.


 Болбой калган теракттар жана каракчылыктар

Бактыга жараша, Ош атайын кызматкерлеринин аракети менен  жихадчылардын акыркы пландарын да ача алышты. Алар башында,  алардын көптөгөн жоокерлерин кармаганы үчүн чекисттерге чыныгы согуш уюштурууну планлаштырып жатышкан,  Кыргызстандагы жана кошуна Андижандагы  бир нече мамлекеттик мекемелерди жардырышып,жана албетте, бүт Фергана өрөөнүнө чыныгы кан төгүлгөн согуш ачышмак. 

Бул пландарды ишке ашыруу үчүнчү топко жүктөлдү, аларды өткөн жылы апрелде колго түшүрө алышты. Алардын максаты – жардыруучу заттарды мүмкүн болушунча көбүрөөк даярдоо үчүн болгон химиялык заттарды сатып алуу  болгон. Жасалма паспорттор менен  Ошко Өзбекстандын жарандары, үч тажрыйбалуу жардыргычтар келмек. Ал эми биздин дарандар тарабынан Түркиядан 200 литр аммиак кычкылы тапшырык кылынган – бул жардыргычтын компоненттеринин бири. Жардыруулар Өзбекстанда жана Кыргызстанда уюштурулмак. Топтун башчысы 22 жаштагы  Адахам Р., ИДУ Афган-пакистан лагерлеринде даярдыктан өткөн. Чабуул отрядында согушкан.

«Бул тапшырманы мен Ислам Жихад Биримдигинен алдым. Бул жерден, Оштон балдарды таптым, алар да Сирияда болушкан. Алар биздин жардыргычтар үчүн батир табышы керек болчу, алардын жасалма паспортторун жасатышып, жардыргычтар үчүн тиешелүү компоненттин бардыгын сатып келишмек. – дейт  Адахам кебелбеген түр менен, ал бир кап картошка сатып келчүдүй эле сүйлөп жатты, - Бирок, балдар  Ошто паспортторду жасай албай калышты, ошодуктан мен өз инимди Москвага жибердим, ал ошол жактан мага жана жардыргычтарга паспорт жасатып келди».

Бирок, паспорттордун сапаты начар болгондуктан, Түркиядан келе жаткан жардыруучуларды Кыргызстанга кое бербей коюшат. Буга байланыштуу Адахам  жардыруучу заттарды өзү жасашы керек болуп калат, муну үчүн ага электрондук почта аркылуу кандай компоненттерди жана канчалык өлчөмдө аралаштыруу керек экенин айтып турушту. Чекисттердин сөзү боюнча бири-бирине жазылган жазуулардын бардыгы алынды.

Өз көрсөтмөлөрүндө, Адахам өзү шахид болууга даяр экенин, эгер керек болсо өзүн өзү жардырып жибере турганын айткан. Бактыга жараша, чекисттер аны убагында зыянсыздандырышты, бирок Раимжанов аны аңдып жүрүшкөнүн жакшы билчү, жада калса казак чекисттеринен да качып кеткен. Бирок биздикилер, ал жаңы конушта жашап, эч ким менен байланышпай жашынганына карабай,  анын сары изине чөп салып, издеп жүрүп кармашты. 

Анын иниси,  Москвада болгону 1000 долларга 3 даана жасалма паспортторду даярдоого тапшырык берип келген 18-жаштагы Акмал, басма сөзгө берген интервьюсунда мына муну баса көргөзүүдө: «Мн али жашмын, эч нерсе түшүнгөн эмесмин». Ал Сириядан даярдыктан өтүп жатканда, болгону 16 жашта болчу. Жакынкы аралыкта кыргыз армиясында кызмат кылууну пландаштырып жаткан. Эгер мындай адам курал-жаракка уруксат алчу болсо, кийин кандай натыйжа болоорун элестетүү да кыйын. 

Топтун дагы бир мүчөсү, Бобур М., Чимкентте кармалган, ал Адахам Раимжановду коштоп жүргөн. Мойдунов жардыргычтарды кайтарышы керек болчу. Ал да Сирияда 2013-жылы согушкан. Буга чейин 2009-жылдан 2012-жылга чейин үч жыл Орусиянын аймагында талап-тоноо менен алектенип келген, анын айткандары боюнча үч сойку менен алардын сутенерун өлтүргөн.

Жаш олбурлуу жигит, биринчи караган кишиге аблан келбеттүү, өз  «эрдиктери» туурасында ачык айтып берүүдө. Бирок, анын көздөрүн караганда – бул чыныгы өлтүрүүгө жаралган машина экенин түшүнөсүң, ал жолунан чыккан ар бирин өлтүрүүгө даяр.

«Москвада мен курулушта иштедим, андан кийин сим-карта саттым, көп жумуш котордум. Абдан кыйын болду, аз төлөшүп,начар мамиле кылышчу. Мен мечитке барып, Фархад менен тааныштым. Ал Алланын жоокери экенин айтты. Мухамбет пайгамбар да каракчылык иштерин кылганын, эгер биз каапырларга карашы согуш ачсак, бул чыныгы жол экенин айтты. – дейт Бобур акырын үнү менен. – башка улут менен диндин өклдөрүн тоноого мени ошол үйрөттү, ал динге ишенбеген каапырларды тоноп, акчаны мусулмандарга беребиз дечү. Мен макул болдум. Жаш кезимде бокс жана күрөш менен машыккам. Биз күн сайын Москва менен Москванын тегерегине талап-тоноого чыкчубуз».

Ал канчасын тоноп, майып кылганы Мойдуновдун эсинде да жок. Тапкандарынын 5-бөлүгүн жихадга бергенин айтат, калгандарын өз ара бөлүшүп алышчу. Эң таң калычтуусу, Мойдунов күндүз кафеде шишкебек жасап иштечү да, өзүнө курмандыктарды издечү. 

«Бир өлтүрүү болгон. Бизге, бир даректе сойкулар иштээрин, алар кардарларды хиджаб кийип алып тейлээрин айтышты. Биз ал батирге келдик да,эскертүү бердик. Бирок алар бизди угушкан жок Ошондуктан, киийнки жолкусунда келдик да, алардын көзүн тазаладык», – дейт Бобур.

Алар кантип өлтүргөндүгү туурасындагы суроого ал кыскача мындай деди: «Баштарын алып салдык». Анан, ал сутенерду гана кармап турганын, аларды шериги мууздаганын айтат.

Мындай ачылуулардан кийин, бүткөн боюң титирейт, ал эми Бабур сөзүн улантууда: «Андан кийин Ошко келип, үйлөндүм. Мага таанышым Ибрагим кайрылып, мага жасалма паспорт жасап берүүнү суранды. Мен жардам бере алган жокмун, ал каттоого туруу үчүн үйлөндү. Мен ага адамдарды Афганистан менен Пакистанга жөнөтүүгө жардам берип турчумун. Муну үчүн мени камап, бир жылга отургузушту. Мен мөөнөтүмдү отуруп, чыктым да, Сирияга кеттим».

Кечээги каракчы башкалардай эле Сирияда 6 ай болду. Чабуул отрядында, б.а. алдыңкы катарларда согушту. Башир Асаддын жоокерлери да мусулмандар экени анын башын оорутпайт.  «Алап каапырлар, болгону 3 жолу намаз окушат, нашаа чегишет. Мен шейиттерди да өлтүргөм, алар каапырлардан да жаман. 6 ай өткөндөн кийин, мага үйгө кетишим керек экенин, барып “ансар” болоорумду айтышты. Менин милдетим Ош шаарында жардыргычтар үчүн шарт түзүп беришим керек болчу »,- дейт ал. 

Бобур М.дин айткандары боюнча, ал Москвада буга окшогон 30 каракчы топторун билчү. Алар жергиликтүү жарандарды тоношуп, акчасын Сирияга жөнөтүп турушчу. Екатеринбургда эмгек мигранттарынан турган ондой топ бар, алар күндүз курулушта иштеп, же шаурма жасашат да, түнкүсүн талап-тоноого чыгат.  Алар ислам үчүн жакшы иш кылып жатам деген ишеним менен тоношот. Айтмакчы, Бобурдун айткандары боюнча, Сирияда европа тилин билгендерге тандоо жүргүзүшөт да, аларды Европага  жиберишет, ал жактан жарандарды тоноп, жихадды уюштуруу үчүн каракчы топторун уюштуруп башташат. Сирияда жада калса даярдоо курстарын да уюштурушкан.

 

ИДУ жана ИГИЛ издери

«Террорчулукка тиешеси бар деп камалган ар бир адамды биздин атайын кызматтар ИДУ – Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөсү катары карашат, ал өтө кубаттуу, олуттуу жана террор кыймылы,ал макамы боюнча Аль-Каидадан да бийик турат. Негизги максаты – Өзбекстандагы режимди алмаштыруу. Алар  «Талибан» кыймылын колдошот. Ушул жылдын октябрь айында ИДУ ИГИЛдин курамына расмий кирди.ИДУнун өкүлдөрү Ооган-Пакистан аймагында,  Сирия, Йемен,  Кавказдын эң кызуу жерлеринде согушат. Элди массалык түрдө вербовкалоонун максаты – аларды террорчулуктун ар кайсы лагерлерине алып барып, окутуу», - деп эсептейт  Асылбек Кожобеков.

 Кингз-колледждин изилдөөчүлөрү Лондон менен  Би-би-си бүткүл дүйнөлүк кызматында эсептеп чыгышкан, анда  2014-жылы ноябрда  664 чабуулдун натыйжасында 14 мамлекетте  5042 адам өлтүрүлгөнү  анык болгон. Бул орточо эсептегенде бир күндө -  168 кишини өлтүрүү. Курмандыктардын  80%  негизинен төрт мамлекетке туш келет – Ирак, Нигерия, Сирия жана Афганистан. Үрүмчү менен Түндүк Кавказдагы теракттарды да Сириядан окуп келген жихадчылар уюштурушкан.

 

2014-жылы декабрдына ягында ош чекисттери дагы үч адамды кармашты, алар Сирияда согушуп бүтүп,жаңы эле Ошко келишиптир. Күч органдарынын пикири боюнча, мындай жалдангычтарды жоготуу керек. Азыр алар өкүнүп, алардын дүйнө таануусу туура эмес болгонун айтышууда, бирок алар баары бир өз ишенимдерине берилген бойдон калышат.

Жада калса зонада да диний экстремисттерге карата кызыктай кырдаал түзүлүүдө. Аларды кылмыш коому өзүнө жолотпойт. Аларды бүткөн адамдар деп эсептешет. Кылмыш чөйрөсү аларды бөлүп салган. Анткени аларды өз араларына кошуу мүмкүн эмес дешет.

Бул жаңы коркунуч менен коом кантип күрөшөт? Чекисттердин ою боюнча, калктан бул маселени жашырып коюуга болбойт. Бир гана ачык талкуу, УКМК кызматкерлеринин иштеринин натыйжасын ачык көргөзүү жана башка маселелерди калкка түшүндүрүү – коркунуч менен күрөшүүнүн актуалдуу ыкмасы мына ушулар. 

Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине