Ош түйүнү же эмнеге баңги жолу буулбайт.
Ош географиялык өзгөчөлүгүнө жараша баңги ташуучулардын уюгу бойдон калууда. Алар миллиондогон адамдарды баңгиге тез көндүрүүдөн тартып, инсандык касиеттеринен ажыратууга чейин жеткирген коркунучтуу кумарды ташышат...
Бул коркунучтуу илдетке барыдан мурда жаштар тушуккан. Жаш кезде бардыгы оңой сезилет: «Татып көрсөм эмне болот эле. Бир жолкудан эч ким наркоман болбойт!» Ошентип татып көрүшүп, кантип көз каранды болуп калганын байкабай калышат.
Айбек теңтуштарынын бири «кумарланууну» сунуштаганга чейин достору менен түнкү клубдарда өзү айткандай «үймөктөшкөндү» жакшы көрчү.
«Бишкектен досу келгенде түнкү клубга барып, спирт ичимдигин ичишкен, бийлешкен, андан соң Руслан бир чөп салынган баштыкчаны алып чыгып, чегип кирди. Мен эмне экенин сурадым. Ал айтты: «Марихуана». Албетте, мен билчүмүн Кыргызстанда өсөөрүн, улуу балдар бул «жинди» колдоноорун да уккам. Ошондуктан мен да өзүмдү чоң киши катары көрсөтөйүн деген ой менен чектим. Бир маалдан кийин экинчи дем берилгенсип, жеңилдей түштүм...
Организмдин жаш болгон өзгөчөлүгү таасир этип, Айбек тез эле көнүп кетти. Көз ачып жумгуча биринин аркасынан бир кетти: кара куурай, андан соң гашиш, бир жыл өтүп жигит куурайдай болуп арыктады. Үйдөгү буюмдарды уурдап, аларды жарыбаган акчага өткөрүп, акчасына кезектеги кара куурай салынган кутуча сатып алчу болду.
Бүгүнкү күнү Ош облусунун наркология борборунда шаардын миңден ашуун жаштары катоодо турат. Бирок, бул ата-энелери көнүмүшкө айланган уурулуктан, милицияга түшүүсүнөн тажап, мажбур дарылоого алып келгендердин гана расмий статистикасы. Марихуана, гашишке кызыккандардын көбү психика же Кылмыш кодекси менен маселе жаралгыча баңгиликке берилгендигин жашырып коюшат.
Жаштар арасында ар убакта токтотуп коюууга болот деген жаңылыш ой бар, бирок эң жеңил деп саналган баңги да токтоно алгыс кылып өзүнө тартып алат. Жакшы болгон күндө да көнүп кеткендер турмуштан аксап, окууга, иштөөгө жана үй-бүлө курууга жөндөмсүз болуп калат. Өтүшүп кетсе, убактылуу кумар алыш үчүн өлүмгө алып барган героин сыяктуу күчтүү баңги заттарын колдоно баштайт.
Айбектин бактысына жараша туугандары өлүмдөн сактап калды. Бишкектин наркологиялык борборуна жеткиришип, дарыланууга кетчү чыгымдарды төлөп беришти. Айыгууга карай 2 айлык жолду басты, негизгиси -кайрдан баштабоо.
«Жеке тажрыйбаман жаштарды бул коркунучтуу кумардан оолак болууга чакырам, -деп сөзүн улантат Айбек. Адамдын организми баңгиликке тез көнүп, көз каранды болот жана кезектеги «өлчөмүн» албаса кыйнала баштайт».
Илимде муну абстиненция дейт, адамдын булчуңдары, муундары, башы ооруп, бир сөз менен айтканда көз каранды кишинин абалы кезектеги «өлчөмүн» алуу үчүн киши өлтүрүүгө да даяр болчу абалга жетет. Натыйжада бирөөнүн кумар алуусу үчүн жөнөкөй кишилер жапа чегет.
Көптөгөн кайгылуу окуялардын күнөөкөрлөрү -баңги заттарын мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын түштүгү аркылуу Орусияга жана Европага жөнөтүп жүргөн баңги ташуучулар. Алардын кесепетинен накротиктердин айрым бөлүгү Ошто калып шаардыктардын жана коноктордун арасында наркоколдонуучул
Милиция билдирүүлөрү кезектеги наркоташуучуну кармаган маалыматтарга бай. Өткөн айда эле Кыргызстандын түштүгүндө ири партиядагы оор наркотиктерди кармаган бир нече учур катталган.
Баткен областынын Лейлек районунун Исфана шаарында 5-июнда 49 жаштагы аял колго түшкөн. Ал аялдан түйүнчөлөргө катылган 3 килограммга! жакын героин табылган. КРнын баңги заттарга каршы күрөшүү Мамлекеттик Кызматынын билдирүүсү боюнча өлүмгө алып баруучу бул наркотик 35 миң жолу пайдаланууга жетмек. 10-июнда болсо Ошто 30-жаштагы баңгиташуучу 1 кг ооган героини менен кармалган. Мындай учурларды санай берсе ого эле көп... Республиканын ИИМнин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 5 айында эле Кыргызстандын Укук коргоо органдары тарабынан наркотикалык заттарды мыйзамсыз айлантууга байланышкан 777 кылмыш иши аныкталган. Аталган аралыкта 3 тонна 594 кг баңги заты алынган. Бул былтыркы 2013-жылга салыштырмалуу 1 тоннага көп!
Борбор-Азиянын наркосаясат борборунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, отставкадагы полковник Александр Зеличенконун билдирүүсүндө баңги заттарды колдонуу жана аймакта жайылтуу абалы оор бойдон калууда.
«Ооганстандагы Коалициялык күчтөрдүн чыгарылышы менен ал жакта калган күчтөр баш аламандыкты орнотууну улантып, наркотиктерди курал жана башка нерселерди сатып алууга колдонот, деп эсептейт ал. Буга байланыштуу апийим айдоо да көбөйөт. Ооганстан кара базарга негизги наркотик менен жабдуучу катары кала берет».
Александр Зеличенконун айтымында наркожол эки багытта кетет: Иран, Пакистан, Түркия жана Балкан аркылуу Европага жеткирилет, ал эми экинчиси Борбор Азиядан өтүп, анын ичинде Кыргызстандын түштүк областтары аркылуу Орусияга барат.
«Жалпыга маалым болгондой, наркотиктер терроризм жана уюшулган кылмыштуулук менен тыгыз байланышта. Азыр биз наркожолду кылмыш мафиясы көзөмөлдөп турганын байкап турабыз. Мен ойлойм наркокылмыштуулу
Наркотрафик Кыргызстандын кылмыштуу турмушуна гана кирип тим болбостно, саясатка да таасирин тийгизе баштады. Мисалы, 2010-жылдагы июн айындагы улуттар аралык жаңжалдын келип чыгышын да көптөгөн эксперттер наркотиктерди көзөмөлдөөгө болгон ич ара күрөш менен байланыштыршат. Бул демек, баңги заттарга каршы күрөш жүргөнү менен, наркотиктерди айлантуунун аягы тыйылбай келет дегенди билдирет.
Бакыт Ибраимов