Кыргызстандыктын эрдиги унутулбайт

13:34, 30 Января 2018

2014-жылы 23-январда КР чек арасынын бир бөлүгүндө каргашалуу окуя болду. Каракол шаарынын тургуну, мергенчилер жана балыкчылар коомунун жетекчиси Александр Барыкин өз жанын курмандыкка чалып, чек ара бузгандардын жоон тобун токтоткон.

Тоолуу жерде чек араны коргоонун өзгөчөлүгү бар. Аска-зоолордо көзөмөлдөнүүчү-из калуучу тилкени жасоо мүмкүн эмес, бардык эле жерде тикекенектүү зымдарды да тартып, орното албайсың. Бирок адам аз жашаган чек арага жакын тоолуу аймакта бардыгы бир-бирин жакшы тааныйт. Чоочун адамдар дароо эле байкалып калат дегендей. Ошондуктан ССРС заманынан бери чабандар менен мергенчилер чегарачылардын жакшы жардамчылары болуп келген. Чек араны бузгандарды таап, аныктап, аларды кармаганга жардам бергендиги үчүн көптөгөн чабандар, мергенчилер жана геологдор чегарачылардын баалуу сыйлыктарын алышкан. Чабандардын көбү “ССР Союзунун Мамлекеттик чек арасын кайтаруудагы күжүрмөндүгү үчүн” медалдары менен сыйланган. Андай жардамчылардын катарында Александр Васильевич Барыкин дагы бар эле. Сырттарга көп чыгып, айланага мергенчинин көзү менен көз чаптырып, өзгөчө кунт коюп карайт эле. Жергиликтүү чабандарды, алардын үй-бүлөсүн жакшы билет болчу.

Чек ара аймагында жүргөн шектүү адамдар тууралуу чек арачыларды бир нече жолу кабардар кылган. Бир нечесин өзү дагы кармаган.

Ошол каргашалуу күнү Барыкин жардамчысы менен мергенчилик кылган жерлерди текшерип жүрүп шектүү адамдардын жоон тобун байкайт. Алар чабан, мергенчи же геологдор эмес экенин дароо баамдайт. Барыкин заставага барып шектүү 11 адамды көргөнүн, алар чек араны бузгандардардан болушу мүмкүн экендигин билдирет. Андан соң ал бул топко кайра кайтып келет. Андагылар Кыргызстандын аймагына тереңдеп кирип баратканын байкап, аларды өзү токтотуп көрүүнү чечет. Мергенчини кайсы бир нерсе менен алаксытып алар ага күтүсүүздөн кол салышат. Кармашып жатып кол салгандардын экөөсүн атканга жетишет, бирок өзү да курман болот. Мекенин коргоп жатып курман болду. Жетишип калган чек арачылар калгандарын жок кылышты.

Кыргызстан өз уулунун эрдигин жогору баалады. КР Мамлекеттик чек арасын кайтарууда көрсөткөн эрдиги жана кайраты үчүн Александр Васильевич Барыкин өлгөндөн кийин III даржадагы Манас ордени менен сыйланды. Каракол чегарачылар отрядындагы музейде ага арналган стенд бар.

Аскердик күчтөрдүн жана аскердик кызматтын ардагерлер союзу “Эрдиги үчүн” орденин негиздеп, №1 орденди өлгөндөн кийин Барыкинге тапшырышты. Каракол шаардык кеңеш Баатырдын ысмын сактап калыш үчүн анын атын шаардагы көчөлөрдүн бирине берген. Эрдигинин 5 жылдыгына карата ал курман болгон жерде эстелик тургузуу пландалууда.

2018-жылдын 23-январында шаардын жетекчилери жана активдери Александр Барыкиндин ысмын бир көчөгө ыйгаруу салтанатына чогулушту. Көчө шаардын чыгыш тарабында, Алиман Жанкорозов атындагы жаңы конушта жайгашкан. Салтанатка Чегарачылар отрядынын аскерлери жана шаардын тургундары катышты. ЖМКнын жана жаштар уюмдарынын көп өкүлдөрү болду. Иш чараны акцияны уюштургандардын бири Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Ж.Сагымбаев ачты. Ошондой эле митингде Караколдун мэри Д.К.Арпачиев, шаардык кеңештин төрагасы Э.А.Айсаракунов, депутаттар Г.Р.Хурова жана С.А.Аматов, Чегарачылар отрядынын өкүлү ж.д.б. шаардык активдер чыгып сүйлөштү. Көчө тургундарынын атынан Шаршен ава сөз алды. Чыгып сүйлөгөндөрдүн бардыгы Барыкиндын адамдык мыкты сапаттарын белгилеп, анын жопкерчиликтүү жана намыскөйлүү болгондугу тууралуу айтып жатышты. Тагдыр аны тандоонун алдына койгондо, ал ойлонбостон коркунуч тарапка кадам жасаган. Түбөлүктүүлүккө кадам. Кийинки муундагылар Мекенин жакшы көрүү, ага кызмат кылуу кандай болоорун жакшы билиши үчүн мындай адамдар дайыма эскерилип турушу керектиги айтылды.

Бул салтанатка курман болгон баатырдын бир тууганы Сергей Барыкин катышты. Барыкиндин ысмын көчөгө берүү демилгечилеринин бири В.Устимов баатырга арналган ырын окуп берди.

Түп районундагы Светлый Мыс айылынан келген тургун баатыр жердешинин ысмын алардын айылда да сактап калуу керектигин айтты.

Баатырдын ысмын түбөлүккө калтыруу – бул мамлекеттин өз уулдарынын эрдиктерине болгон мамилеси.

Анвар Наншанло

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине