Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү, археологиясы жана тарыхы Uncia Uncia KG долбоорунда

11:11, 8 Сентября 2018

Кыргызстандагы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн укмуш дүйнөсүн Uncia Uncia KG жаңы долбоорунун кардарлары көрө алышат. Ким ойлоду эле Кыргызстанда фламинго бар деп? Көк чабалекейди деле көргөндөр аз болушу мүмкүн? А мына бул гүлдөрдүн ханышасы – Айгүл, ачык кызгылтым гүлдөрүн ачып, бадырайып жайнап турат, биринчи жолу гүлүн ачканга ал 7 жети жыл даярданды. Ушуга окшош Кыргызстандын флорасы жана фаунасы тууралуу кызыктуу маалыматтарды саркеч футболкалардан жана плакаттардан көрсө болот. Долбоор тууралуу кененирээк маалыматты бизге анын автору Эльмира Амир айтып берди.

- Эльмира, баары эмнеден башталды эле, долбоор кандайча жаралып калды?

- Көптү көргөн, кесиптик тажрыйбасы мол киши болгондон кийин мени эч нерсе таңгалтыра албайт деген ойдо болчумун. Бирок Бишкектен алыс эмес жерде досум сүрөткө тартып алган кичинекей көк чымчык мени катуу таң калтырды. Ал тууралуу маалыматтарды чогулта баштаарым менен өзүм үчүн көптөгөн ачылыштарды жасадым! Караса, бизде анималистикага баш оту менен берилген толтура кесипкөй да, үйрөнчүк да фотосүрөтчүлөр бар экен. Алар өтө маанилүү иш жасап жатышат – кыргызстандыктардын көбү үчүн terra incognita болгон бизди курчап турган дүйнөнүн бир катмарын сүрөткө түшүрүп жатышат. Албетте, өлкөнүн фаунасы менен флорасы дайыма изилденип келет, бирок ошол эле учурда аны изилдегендердин, сүрөткө тарткандардын жана күнүмдүк нанды табуу менен алектенип, асманга баш көтөрүп караганга чолосу жок бизге окшогондордун ортосунда чоң ажырым бар. Ушул эле нерсени тарых, археология, маданият, салттар жана тил тууралуу да айтсак болот.

Экинчи класста уулумдун мектепте окууга кызыгуусу жоголду. Мен окуу китептери, усулдары менен таанышып, баламдын өзү менен, эжейи менен сүйлөштүм – абал мышык ыйлаарлык экенин байкадым. Мектеп ата-энелеринен акчаны сыгып чыгарууга басым кылып, берилип жаткан билимдин сапатын, балдардын кызыгуусун экинчи орунга жылдыргандай. Мындай нерсе мектептердин көбүндө байкалат. Балдарды, алардын ата-энелерин таанып-билүү долбоорлоруна аралаштыра турган, өз мекенин, элин, тилин, тарыхын, айлана-чөйрөсүн таанып, урматтап сыйлаганга кызыктыра турган жерди, аянтчаны, маалымат ташыгычтарды түзүү ою келди мага.

Адамдын катуу кызыгуусу болгон учурда, окутуу процесси кызыктуу болгондо окутуу эң натыйжалуу болоору жашыруун сыр деле эмес. Ал эми балдар үчүн ойноп окуу эң туура болот. Башкача айтканда, окутуунун, таанып билүүнүн форматтары бүгүн күнүмдүк жашоого аралаштырылып, дайыма адамдын көз алдында болуп, кооз жана кызыктуу болушу керек. Силер, мисалы, футболканы тандап жатасыңар, алдыңарда болсо принт түрүндө энциклопедиялык маалыматтар жатат, силер аны барактап, маалымат алып жаткандай болосуңар. Мына бул ачык көгүш түстөгү чабакчыл чымчык, ал тууралуу кыргызча жана орусча эки-үч сап, анын латынча аталышы да берилген, а бул тоо теке, бул болсо аппак илегилек. Кыргызстандын кызыл китепке кирген жаныбарлар менен өсүмдүктөр Red Book деген кызыл жазуу менен белгиленген. Ошентип, биз окуганга мажбурлабай, биз менен өлкө боюнча саякатка чакырабыз.

Бул долбоордун мааниси кийимдердеги принттерден жана маалымат ташыгычтардан, сөзсүз, кененирээк. Европага акыркы сапарыбызда Берлиндеги зоопаркка жана океанариумга барганыбызда бизде жаңы ой пайда болду – Ысык-Көлдө океанариумду ачып, ага келгендерди бул уникалдуу биотутумдун фаунасы жана флорасы менен тааныштыруу. Аквариумдардын бирөөсүнөн адам деңизге ыргыткан бардык нерселерди көрсө болот эле: пакеттер, бөтөлкөлөр, таштандылар. Мунун баарын көзүңдүн деңгээлинде көргөндө жаман болосуң, жер үчүн кооптоно байштайсың. Ван Гогдун интерактивдүү сүрөттөрүнүн көргөзмөсүндө болгонумда Кыргызстандагы байыркы шаарлардын көрүнүшүн жана жашоосун калыбына келтирүү идеясы пайда болду. Бул күндөрү көлдүн түбүндө жаткан Чигу шаарынын 3D проекциясында болгуңар келеби? Таш-Рабаттагы иш күн менен таанышып, төөлөрдүн өкүрүгүн, кербен-башынын күлкүсүн угуп, Көкөтайдын ашы өтүп жаткан Соң-Көлдүн жээгиндеги казандарда эт бышып жатканын көргүңөр келеби?

- Бул өтө дымактуу идеалар экен. Аларды кантип ишке ашырса болот? Сиздин долбоорду колдогон эч ким жок да?

- Эң башкысы башташтыбыз керек болчу. Ойлогон ойлорубузду башыбызда гана кармап жүрө бергенден жаман чарчадым. Албетте, долбоордун айрым багыттары акча табууну талап кылат, бул маалымат ташыгычтардагы ар түрдүү принттер – бул коммерциялык багыт, ал өзүн акташы керек. Айрым ойлогондорубузду ишке ашырыш үчүн донорлордун, меценаттардын, жергиликтүү бийликтин жардамы керек болот. Бирок бирөөнөн жардам сурап, долбоордун керектигин түшүндүрүп отургубуз келбейт, ошондуктан азырынча бардыгын өзүбүз жасай беребиз. Эң башкысы, биз жасагандардын бардыгын ар бир кыргызстандык колдоно алышы керек, болбосо анын түпкү маңызы жоголот. Билим жана маалымат бардыгына жеткиликтүү болушу абзел, ошондо жыйынтык болот.

- Долбоорго ким катышат, жардам бергендер барбы?

- Башынан эле тилектештерди таап, өнөк болуп, идеяларымды иш жүзүнө ашырууга жардамдашып жаткан адамдарды тапканыма өтө сүйүнүп турам. Алар сүрөтчүлөр Иван Турковский менен Влад Ушаков, профессор Эмил Шүкүров жана Жибек Абдыкерим. Алар менен азыр “Өз Кыргызстаныңды жаса” деген оюн тиркемесинин жана өлкөнүн флорасы жана фаунасы тууралуу балдардын энциклопедиясынын үстүндө иштеп жатабыз; Уулум Даниэль башынан эле мага балдар долбоорлору боюнча кеңештерин берип турат, ал менин биринчи тирегим болуп саналат; Дизайнер Кымбат Абдужапарова, архитектор жана принтинг-студиянын ээси Айбек Сыдыков, биз алар менен санариптик басууну жана эко боёкторду колдонуу менен принттерди жасоодобуз; Тарыхчы Элери Битикчинин кеңештери биз үчүн өтө баалуу.

- Эмне үчүн Uncia Uncia? Ал эмненин түшүндүрөт? Эмне үчүн кыргыз сөзүн колдонбодуңар?

- Uncia Unciaилбирстин латынча илимий аталышы. Ушуга байланыштуу менде Эмил Жапарович менен кызыктуу сүйлөшүү болгон эле. Мен ага эмне үчүн латынча ушундай аталат деп суроо бергем, биз унция – бул салмактын өлчөмү экенине көнүп калганбыз да. Ошондо ал бир чети тамашалап, бир чети тамашасыз, uncia uncia биотутумдун абалын аныктоо бирдиги болушу керек деди. Илбирс канчалык көп болсо, биотутум ошончолук жакшы болот, демек адам бул аймакта ишти акыл калчап туура алып барат. Ошентип бул аталыш сакталып калды, ал бардык дүйнө үчүн универсалдуу болуп саналат. Анан да Иван Турковский тарткан сүрөттөгү илбирстин көз карашы мага катуу таасир этти. Ал сага ылдыйдан өйдө эмес, сага тең деңгээлден, табигат менен ымалаш жашаганды билген, сенден акылдуураак жан катары карап турат. Ал бренддин жүзү болуп калды. Кыргызстанды изилдөө менен биз дүйнөнү изилдеп жатабыз, адам баласы бизди курчап турган чөйрөнү жакшыраак билип, аны баалай баштайт деп үмүт кылабыз.

Интервью алган Аида Тастанова

© Новые лица, 2014–2025
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине