Минск: сулуулугу, тазалыгы, социалдык кепилдиги, молчулугу жана ички эркиндиги туурасында

11:19, 29 Октября 2014

Беларусияга биздин журналисттердин тобу расмий делегация менен келген. Минсктин Улуттук аэропортунан чыккан жолдо эле жакшы таасирлерди ала баштадык. «Европадагы акыркы тоталитардык мамлекет» меймандарды мыкты сапаттагы мизилдеген жол, анан кандайдыр бир табигый,  көркөм тыкандыгы жана тазалыгы менен тосуп алды. Жолдору жана аймактары саммиттер менен  расмий адамдардын иш сапарларында гана  тазаланбагандыгы байкалып турду. Ал эми тосмолор, көпүрөлөр жана жол белгилери мезгили-мезгили менен сырдалып, оңдолуп турат экен. 

Терезеден зымылдап өтүп жаткан ажайып күзгү кызыл-сары-жашыл токой,  укмуштуудай таза аба (ал Минскте Бишкектикинен да таза) жана кызматтык бусиктердин (айтмакчы, минск трассаларында жүргөн коомдук жана башка транспорттордой эле, бул да мыкты техникалык абалда) олуттуу,  үн катпай тымпыйган айдоочулары биринчи минуталардан эле таптакыр башка, параллель дүйнөдө жүргөндөй сезим калтырды.

«Бактысыз жакырланган белорустар» туурасындагы мифти шаар четиндеги кыштактар эле таш талканын чыгарды, - мындай бир жарым-эки кабат үйлөрдү биздин олигархтарыбыз  жөнөкөй жарандардан уурдап алган акчаларына гана сала алышат, аларда болсо – мамлекет айылдыктар жана колхозчулар үчүн салып берет экен.

Белорустар беймарал, шашылышпайт, жөнөкөй. Аларда чыгыштагыдай меймандостук жок, меймандарды кучак жайып тосуп алышпайт, бирок көчөдөн көргөн биринчи эле адамга берген сурооңо толук, түшүнүктүү жана жакшынакай жооп ала аласың. Бир жолу биз, болгондо да жаңы эле тиш доктурдан чыгып, сүйлөй албаган аялдан сураптырбыз. Ал бизге колу менен жаңсап, баарын жакшылап түшүндүрмөйүнчө тынчыган жок, анан, биз кайсы көчө менен барып, кандай жетээрибизди  түшүнгөндөн кийин гана эс алды. 

Минскте  тез чуркоого жашоонун жалпы жашоо ыргагы да, архитектурасы да жол бербейт. Бул жерде жай, ойлонуп, жеңил классикалык музыканын алдында гана сейилдөө керек, болбосо диссонанстан жарыласың.

Минск бир да «бирогу» жок кооз. Бул өлкөдөгү эң чоң шаар. Анын Эски борбору, энциклопедияда айтылгандай (эгер таксисттен сурасаң да. ал сага кеңири айтып берет) , Улуу Ата мекендик Согуштун убагында катуу жабыркаптыр. Ошондуктан, дээрлик Эски Минсктин баары – бул «сталиндик ампир» же кайра калыбына келтирилген тарыхый эстеликтер: Жогорку шаар, Троицкий жана Раковдун жанындагы жерлер.

Минсктин беш атактуу жерлери деп: Беларусиянын Улуттук  китепканасын, Ыйык Симеон менен Еленанын католик чиркөөсүн, КГБ имаратын, Янка Купала атындагы театрды жана Хатынь мемориалдык комплексин аташат. Бул жерлердин ар бири туурасында канча саат айтса да түгөнбөйт, алардын тарыхы бай жана ар жактуу. 

Белорусиянын тарыхы боюнча окуу китептерин карап чыгууга да  мүмкүндүк алдык. Бул өлкөдө «беларустар дөңгөлөктү ойлоп табышты» сериясындагы сочинениелер жок экен. Окуу китеби бардык жагынан шайкеш, чынчыл, жана ошол эле учурда алмашылгыс Лукашенконун пайдасына экендигин тастыктап турат. Негизги басым, Союз тараганга чейин бул өлкө дээрлик болгон эмес, ал бир Литва Княздыгынын, кийин Орусия империясынын, бирде СССРдин, ал эми андан да мурда – кубаттуу аймактык бирдиктердин гана бир бөлүгү  болуп келгендигине жасалган. Чынында, Лукашенко – көз карандысыз Белорусиянын атасы, эгер илими й көз караштан алып караганда, бул чындык. Биз Минскке кайтып келели.

Минсктин дагы бир тарыхый жери- Эркиндиктин аймагы таң калтырат. Бул жерде чарчы километри боюнча да эски эстеликтер эң көп чогулган жер: биринчиден, шаардык Ратуша, саат сайын Минскти өзүнүн тунук үнү  менен жаңыртып турат, экинчиден, бийик  чокулары менен Ыйык Мария кыздын чиркөөсү, үчүнчүдөн мамлекеттин башкы чиркөөсү – Ыйык Рухтун кафедралдык собору.


Ушул эле жерден кароо аянты менен Жогорку шаар бүтөт. Минскке келип, анын бир кезде шаар чекеси боуп жүрүп, азыр шаардын чок борборуна айланган  атактуу жерлерди көрбөй кетүү – демек,белорусиялык борборду көрбөй калуу дегендик. Согуштан кийин кайра дароо калыбына келтирилген Троицкий – бул XVIII-XIX  кылымдарда Европа үчүн типтүү болуп келген 2-3 кабат үйлөрдүн дээрлик бир кварталы. Азыр бул имараттардын көбү  «харчевня», «корчма» жана башка едальнядан бош эмес.

Тамак-аш  Минскте кымбат эмес, болжол менен Бишкектикиндей эле баалар. Кээ бир жерлерде андан да төмөнүрөөк, тагыраак айтканда, орто катмардагы  жайларда. Таптакыр шалдыраган тамактануу жайлары жок, көбүндө (дээрлик баарында) коомдук жайларда тамеки чегүүгө болот экен. 


Бийик Минск – ал да бир укмуш. Бийик тамдар кооз жана ар бири өзүнчө. Минскте эски тамдар жана башаламан жаңы конуштар таптакыр жок. Жашаган жери жок бомждор, сандалган  көчөдө калгандар, үйүр-үйүрү менен жүргөн көчө иттери да жок. Биз, азиаттар,  аларсыз өзүбүздүн жашаган жерибизди элестете да албайбыз го, ал эми бизде болгону 500 миң адам жашайт. Ал эми Минскте – 2 миллион жашоочу бар. Шаар укмуштуудай  ылдамдык менен дүркүрөп, генпланга ылайык абдан кооз курулууда. Жаңы бийик үйлөр айланадагы архитектура менен шайкештеле, кынапталып салынып жатат, эски  үйлөр (анын ичинде, 18 кылымдагы сакталып калган имараттар) камкордук менен кайра оңдолуп жатат. Бул шаардын, эң четки алыскы көчөлөрүнө чейинки тазалыгы жана кам көрүлгөндүгү  жашырылбай турган, курч кызганууну жаратат. Мындай олуттуу, көзөмөлдөнбөгөн кызгануу өз өмүрүмдө биринчи жолу ушунчалык курч болду окшойт. 

Минск көчөлөрүндөгү машиналар Бишкектикине караганда үч эсе аз. Жеке транспорт ар бир эле үй-бүлөдө жок, бул жерде ал – кандайдыр бир деңгээлде кол жеткис нерсе. Бирок, кечке зарыктырган тыгындар жок. Ага карабай, муниципалдык бийлик транспорттук агымды туура бөлүштүрүп, зарыл болгон  жерлерде көчөлөрдү кеңейтүү боюнча чараларды көрүп жатат, бул  «транспорттук темаларга» борбордук гезиттер жыш толгон.

Мен машинада, эки жагымды карап кетип баратып, «диктатор» Лукашенкону түшүрүүнү каалаган белорустар да бар да деп ойлоп бараттым. Алар, бул «тиран» менен бирге бул эсептегич машинага окшогон так, жолго коюлган, тазалыкты, кооздукту жана социалдык кепилдиктерди  камсыз кылган жашоо да жок болоорун түшүнүшкөн жок.  «Батькага» ишенген миллиондогон белорустар гана эмес (Лукашенкону жарымынан көбү чын жүрөгүнөн колдоору- чындык), маңыроо «идеялуу» оппозиционерлер да (каржы жана ашык төлөнгөн политтехнологдор туурасында айтпайм, эч айрымасы жок ) ооруканада өлүп жаткан балдарга, жакырчылыкка, кир көчөлөргө жана башка өткөөл мезгилдин «тартууларына» көнүшкөн эмес. Андан сырткары, алар муну күтүшкөн жок,  муну элестетишкен жок жана буга ишенишпейт. Мунусу бекер.  Кайсы бир оппозициядагы адамды таап, аны менен урушкум да келип кетти. Аны чын дүйнөгө алып келгим келди. Албетте, мунум акылсыздык, жөн гана узун жолдогу куру ойлор.

Айтмакчы, кепилдиктер туурасында. Белорусияда жумушсуздук дээрлик жок. Көптөгөн мамлекеттик ишканалар, колхоздор, профсоюздар жана соцтүзүмдүн көп элементтери сакталып калган. Чынында, кошумча иштөө – жакталбайт, бир адам- бир жумушчу орун. Укмуштай жакшы жашашпайт. Кенен жашоого акча иштеп табуу  өтө кыйын ( менин жашоо образымды бусиктин айдоочусуна эптеп – септеп түшүндүрүп бергенимде, ошондо да бай эмес, жада калса  бардык жактан камсыз эмес менин турмушум, анын чыныгы таң калуусун жаратты), бирок эч ким жакырчылыкта калган эмес. Жакырчылык таптакыр жоюлган.  Медицина – акысыз. Мектептен билим алуу дагы. Азык түлүк дүкөндөрүндө укмуштуудай молчулук, аны көргөндө көптү көргөн саякатчылардын да көзү чанагынан чыгып кете жаздайт. Кийимдер дүкөнүндө- сапаттуу гана кийимдер. Өндүрүүчү мамлекетине карабай, сапаты жагынан начар, бир эки кийгенде жарабай калган товарды таба да албайсың. Арзаныраак товар бар, кымбатыраагы бар.  Бирок, товарлардын бардыгы бир касиети менен айырмаланышат – аларды өз багыты боюнча гана пайдаланасың,  бизде сатылып жаткан көп нерселер туурасында минтип айта албайсың.  Чынында,  рынок экономикасынын элементтери менен чыныгы өнүккөн социализм Белорусияда, бул туурасында Союзду таратып жок кылган Михаил Горбачев абдан кыялданчу, аны болсо алмаштыргыс белорус лидери Александр Лукашенко ишке ашырды.

Бирок, бул сапардан мен таң калычтуу жыйынтык чыгардым, ал өзүм үчүн негиздүү. Мен Белорусияда жашагым келбейт. Алардын көзүнөн улам. Минсктиктердин көзүнөн... Алар боорукер, жакшы. Бирок, аларда ички эркиндик, издөө, күйүп-жануу жок... Алардын көзүндө таң калычтуу, таанылбаган... зеригүү бар.  Май баскандыктан эмес...  Аргасыз жалкоолуктан да эмес . Кандайдыр бир эшик жабылып калгансып, чыныгы жашоодо толуп ташкан кубатуулукка жол жок калгандай... Бул тазалык, кооздук, тартип – эл үчүн эмес сыяктуу. Тескерисинче. Эл – бул тартипти, кооздукту, тазалыкты сактап туруу үчүн керектей. Аларга ушуну үчүн тамак берет,  жылытат, дарылайт жана кийинтет. Бул-алардын тагдыры,  ал эми өзүн көргөзүү, ички дүйнөсү – алардын оюна да келбеген нерсе. Албетте, баары эмес, бирок, көбү. Мүмкүн, мен туура эмес ойлоп жаткандырмын, мүмкүн, бул жалган таасирдир, бирок өтө күчтүү болчу. Мен бул калкка эч кандай «өзгөртүүчү жел» каалабайм, анда миллиондор какап, миңдеген адамдар жок болушат. Жок. Бир да мүнөткө каалабайм. Бирок, өзүм ушундай, мейли абдан акыйкаттуу тутумду тейлеп, ушундай чөйрөдө жашоону  каалабайм. Ошондуктан, кош бол, Минск, бактылуу бол, кооз бол, дайыма мен сени көргөн абалда бол. 

Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине