Эки ыйык жердин (мечиттин) өлкөсү

13:47, 16 Декабря 2014

Сауд Араб Королдугу  – таң калычтуу жана табышмактуу өлкө. Бир жагынан алганда байлыгы, бул жерде мунайдын болуп көрбөгөндөй кени бар. Өлкө мунайды казып алып, экспорттоо  жагынан дүйнөдө экинчи орунда турат  (Орусиядан кийин).

Мунайды экспорттоо  экспорттун  95 % жана өлкө кирешесинин  75 % түзөт, жана мамлекеттин бардык жагынан жакшы  жашоосу үчүн мүмкүндүк берип турат. Мисал үчүн – бул жерде бир литр мунай биздин акча менен болгону 5 сом турат

Ал эми башка жагынан – жабык мусулман өлкөсү. Бул жерде шариаттын мыйзамдары башкарат. Демек, ичимдик үчүн темир тор артынан мөөнөт аласың. Баңги  зат колдонгонуң үчүн – өлүм жазасы. Өлкөдө диний полиция иштейт (муттава). Шариат гвардиясынны аскерлери ислам канондорун бузуу аракеттерин кармоо максатында, дайыма көчөлөр менен коомдук жайларды кайтарып турушат. Тартип бузуу байкалган жерде, күнөөкөр тиешелүү жаза алат  (айып төлөөдөн баштап башын алганга чейин).

Аялдар кара кийимге жашырынышкан. Аларга көчөгө жалгыз басууга жана машина айдоого тыюу салынган. Эркектер, тескерисинче, бүт ак кийинишкен. Бул жерде кино  же театр сыяктуу маданий очоктор жок, ошондуктан, башкы көңүл ачуу- автолордо жарышуу болуп саналат.  Өмүрүнө тобокел келип жатканына карабай, шаарда да саатына  150 км  менен жүрүшөт. Анткени,  шылуундукка  да бул өлкөдө тыюу салынган. 

Шаар кечкисин жанданып чыгат. Мээ кайнаткан ысыктан улам тургундар кондиционерлери бар үйлөрдөн жашырынып чыгышпайт. Кечинде гана көчөлөргө чыгышат.   

Абылай Саралаевдин фотобаян 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине